Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев:

"Көзүмө көрүнгөндүн баарын эмес,
жүрөгүмө урунгандын баарын жаздым"
- Шайлообек ага, кутман курак кут болсун! Маареке маектин башында сизге кааларыбыз - эл журтуңуз менен аман болуңуз, ден -соолугуңуз бекем, өмүрүңүз узун болсун. Мезгил учкан куш сымал дегендей, алтымыштын чыйырын алты күндө эле басып өткөндөй болуп турган чыгаарсыз. Сезимтал жүрөк акындар бала кезин элден башкача сагынат болушу керек... Эл акыны Шайлообек Дүйшеев мектепте кандай окуучу эле, тентек беле же алдыңкы беле? Алтымыш белести кайра артка бир ашып, бала кезди эстей отуруңуз...
- Мен өзүмдү атасыз, энесиз өскөн бала деп ойлодум да. Анан ошол баланы тагдыр эки айрылыш жолго апкелип ыргытыптыр. Азыр ойлосом, мен кай жол менен кетсем да талкаланып кетмек экенмин, ошондо азыркыдай заман болгондо дароо жеңил жолго, маселен, жеңил акча табуубу же башка жагына түшүп кетмек экемин. Иши кылса, кой дегенге кожо жок, өзүм өзүмө кан, бек болуп өстүм. Эжем издеп калганда кыдырып келип кимдин үйүндө болсом да батинкем турганын көрүп "ии, тирүү турбайбы, бул жакта экен" деп кайра кетип калчу экен. Мектепти деле кыйратып окуган жокмун, математикадан нөл болчумун. Аягында алгебра, тригонометрия деген татаал сабактарды таптакыр тарталбай калганда агайга ачык эле айтып, өзүм аткез бердим, "Бул сабактардан мени кыйнабаңыз, мен сүрөт тартып, чиймелеп эле жүрөйүн, менден бирдеме чыкса ошол жактан чыгат, эптеп эле үч коюп берип туруңуз" дедим. Агай көндү. Сүрөткө чын эле жакын элем, бала чакта сүрөтчү болсом деп кыялданчумун. Мектепте мугалимдердин көбүнө көргөзмө куралдарына сүрөт тартып берип жүрдүм. Менин тарткан сүрөттөрүмдүн аркасы менен заслуженный учитель деген наамга жеткен агайлар да болду. Мында менин да эмгегим бар эле. Кийин мен абдан идеальный болуп кетип, айылдагы айрым актиптердин аялдары кыздарын мага беребиз деп талашып калышкансыган даражага чейин жеттим. Ушул бала жакшы күйөө болчудай бала экен, ичпейт, чылым тартпайт, эч кимге зыяны жок дешкендерин өзүм да уга калып жүрдүм. Мындай кептерди уккан соң кадимкидей бузулдум анан. Бирок бир чети "Ушуга чыксаң жыргайсың, кийин тескеп турган кайненең болбойт" деп айтып, кыздарын "кызыктырып" деле жүрүшсө керек.
Мектепти аяктаган соң классташтарымдын бардыгы окууга кетти, мен болсо мектепке пионервожатыйлык жумушка орноштум. Анан жакшынакай иштеп атканда бирөөлөр мени азгырды, "Эй, эмдиги жылы армияга кетебиз, ошондуктан шоопурдун окуусун окуп алалы, армияда кыйналбай служить этет экенсиң, машине айдайсың, эки жыл кандай өткөнү билинбейт " дешкенинен болуптур деп мектептеги жооптуу кызматымды таштап, Нарындагы шоопурлардын курсуна кирип кеттим. Бүтөөргө бир ай калганда ал жактан качып чыктым. Машинесин айдап деле жүрдүм, бирок бул меники эмес экен да, такыр көңүлүм чаппай туруп алды. Кайра Атбашыга келип, райондук гезитке корректор болуп орноштум, армияга ошол жактан кеттим.
-Аскерде кандай кызмат өтөдүңүз, эмне деген бөлүктө болдуңуз? Орус тилинен кыйналган жоксузбу?
- Подмосковьенин Нарфоминск деген жеринде ПВО до, ракеттик бөлүктө кызмат өтөдүм. Бирок эки жыл кызмат кылып, орусча үйрөнбөй койдум. Андай нээт болгон да жок кудая тобо. Орустар менен дегеле сүйлөшчү эмесмин. Бирок буйрукту укканда эле урган бойдон кетчүмүн. Мен түшкөн бөлүктө мага чейин дегеле кыргыз болбогон экен, мен биринчи болуп түшүптүрмүн. Ошол тегерекке жакын жерде кыргыз балдар бар экенин угуп, ошолор менен сүйлөшүп турдум. Аларды тиякка- биякка алып кетип калганда казактарды таап алып сүйлөшүп жүрдүм. Казакча сүйлөп барчумун. Кыргызмын десем ишенишчү эмес. Бөлүктө китепкана боло турган, казакча китептер бар экен, ошолорду окуп жүрүп, казактын тилине көнө түшкөн окшойм, алардын тили опоңой эмеспи, ш тамгасын с кылып эле айта берсең окшошо берет. Кыскасы, армияга кандай кетсем, ошол бойдон таптаза кайра келдим. Форма кийип эле келгеним болбосо.
Бирок орустун тилин үйрөнбөсөм да жакшы жагын көрдүм. Кең пейилдигин, алакөөдөктүгүн, жиндилигин, аракечтигин көрдүм, атаңдын оозун урайын, башкасын албай ушул акыркысын алып калдык да. Армиядан кышында келдим. Ошондо Атбашыда, атаңгөрү, кырк градус деген арактын өзү тоңубаткан суук , бөтөлкөлөр чарт- чарт жарылыбаткан чагы экен. Баланча аскерден келиптир деген анда тири укмуш сөөлөт эмес беле, өң да, форма да татынакай, эртең менен такай муздак сууга жуунмай элдин баарын таң калтырып. Тышта кычыраган кыш болсо, жабыла чыга калып карашат да. Анан айылдан бирөө жарым көрүп калаар бекен деп ары бери басасың, көрөт да, ансайын тимеле ичиңен өзүңө өзүң сыймыктанасың жетиналбай. Ары бери өткөндүн баары эле ызаат көрсөтө салам беришип... Үч айга чейин жанагы форма үстүмөн түшкөн жок.
- Үч айдан кийин "бузулган" экенсиз да чарт жарылып аткан бөтөлкөлөргө ишара кылып атканыңызга караганда?
- Аскерден келгендеги кызык тараган соң баягы эски кебетеңе келесиң да кайра.Негизи а кезде арак эмес, виного көбүрөөк качырып иччүбүз да. Так дүкөндүн жанында бир теңтушубуздун үйү бар эле, ошонукуна тоңгон винону шагыратып көтөрүп келебиз. Мештин үстүндө дайыма челек болчу ысык суусу менен. Суунун ичине бөтөлкөлөрдү уруп- уруп жиберебиз, анан ой, эми качан, тигини карачы эридиби, жибидиби деп улам сурап турмай. А жибишкенче карта чабыша турабыз, акыры чыдабай кеткенде, э апкелчи, эриген чыгаар деп алып туруп, ичиндеги али эрий элек винону шалдыраган музу менен кошо иччүбүз. Менин айтайын деп атканым, таптакыр эле ичкиликке кирип кеттим дегендик эмес дечи, ошентсе да бул жагынан, жашырганда не, менде арман болгон жок. Негизи арактын колдоочусу бар дегендей, мени колдоп жүрдү. Себеби ичкен адам түз жол менен баспай, өтө опурталдуу жолдор менен басып калат экен, сөзүң менен да, кыймыл аракетиң менен да түз эле оттун ичинде жүрөт экенсиң да. Өзүңдү эр санап, кээде жөнү жок эле бирөөлөргө тийишет экенсиң, артынан түшүп алат экенсиң. Мен да ошондой оттун арасында жүрдүм. Кийин ойлосом, бул менде бир топко созулуптур, университетти ушу менен дуулдап жүрүп бүттүм. Чыгармачылыкты, чыны, ичип алып жазган жокмун, кээ бирөөлөр ичкилик илхам чакырат дейт эмеспи, менде бул илхам чыкырбаса да такай жанаша жүрдү. Өмүрдүн теңине чейин коштоп келген ушундан мен акыры кутулдум. Тамекини да таштадым, муну да токтоттум. Менин бактым бар экен, ичкилик ичип жүрүп бир чоң балээге кабылган жокмун, түрмөгө отурбадым, же бир мүчөмөн айрылган жокмун, бирок айыл апага жеңил жаманатты болдум. Ушундай оттуу жолдон мени кырсыксыз, аман -эсен алып чыгып кеткени үчүн кудай таалама ыраазымын.
Ошентип айыл арасын мен туурасында "Ичет экен, атаңгөрү, түзүк эле десек, бул бала болбой калды" деген кептердин арааны күчөгөндө чыдай албай, айылдан из суутуп, районго кире качтым. Ал жактан да баягыдай эле турмуш уланып, районго тааныла баштадым. Ал жакта да таанылган соң, кой деп областка кире качтым. Бирок Нарындын бир эле көчөсү бар экен, бат эле көзгө түшөт экенсиң, ары бассаң дарыяга кулап түшүп өлчүдөйсүң, тоо жакка качсаң мурдуң менен аска сүзүп, же чыгып кетчү болсоң башынан ылдый томолонуп бачагың чыкчудай. Ортодо болсо жалгыз чоң көчө. Ошондо буулугуп жүрүп Нарынга да такыр батпай калдым. Азыр карасам, ошол жылдар менин чыгармачылык энергиям абдан чогулуп аткан жылдар болгон экен, кийин анын баары жер астынан тирелип келип жарылган вулкан сымал атылып чыкты. Көрсө, ушунун баары мага батпай ичкиликке айланып, жан дүйнөмдү бурап жүргөн экен. Кийин анан жаза баштадым да. Межды прочум, дурус ырлардын баары тең Нарында жүргөндө жазылды.
Ошо буулугуп жүрүп, бир күнү Нуралы (Н. Капаров - ред.) досума телефон чалдым. Нарынга батпай калдым, мени Фрунзеге алып кетпесең болбойт дедим. Адегенде сага ыр жөнөтөйүнчү дедим. Жөнөттүм. "Ырларың мыкты экен, редакторго сунуштасам, окуп чыгып шак эле жактырды" деди Нуралы. Мени ошол токтотту да. Билбеген кишиге бул жөн эле бир түккө турбаган майда нерсе эмеспи. Ыр жөнөтүптүр, эмне экен, элдин баары эле гезитке ыр жөнөтүп атпайбы деп коет да. Бирок менин тагдырыма бурулуш апкелген ушул болду. Мен ойлодум, эгерде ушул ыр чыкса, а кезде "Ленинчил жаштын" кадыры укмуш эле да, аны мен канча жыл алыстап кеткен ошол шаардагы интеллигенция, чыгармачыл чөйрө окуса, анда бул жакты таштайм, шаарга кетем деген нерсе бар болчу да ичте. Ыр чыкты, анан бүттү, кетейин дедим.
- Шаар кандай тосту, буулукканыңызды бастыбы бат эле?
- Бу шаарыңда алаксый турган нерселер, андан да иче турган жерлер да көп экен көрсө. Айылда баягы бир эки эле бөтөлкөлөшүң менен өмүр бою жүрөсүң да, эртең менен турсаң да ошол экөө, түштө деле ошол, кечинде да чыга калсаң эле ошол экөө турганы иттики десе. Бул жакта болсо бир көчөдөн бурулсаң да жок дегенде жаңы ичкичке жолугасың, киши көп да. Иче турган жерлер да көп экен. Шылтоо деген андан толтура. Нарында болсо ким менен ичкениңди эртеси эле элдин баары билип алат, болгону эки үч эле киши дебатпайымбы. Бул жакта эр болсо бирөө сенин куйругуңду таап көрсүнчү, таппайт да. Келатасың, анан эле бир маалда карасаң мас болуп калган болосуң, ким менен ичтим эле деп ойлонуп отурасың кийин.
- Шаке, бир кезде акын болом деген киши гезитте деле иштебеси керек деген кеп чыкпады беле? Андай кеп эмнеликтен чыккан, ким айткан муну деги? Сиз бирок райондук, областтык партиялык гезиттерде иштедиңиз, акын болом деген сизге бул тоскоол болгон жокпу?
- Аны биз да укканбыз. Акын болом деген өзүнчө бир укмуш эле да. Мисалы, Пушкиндин доору башка болгонун түшүнбөй эле Пушкин болгуң келе берет да. Убагында биз да ушундай нерселерди ойлодук. Кез кезде неңди... биз ыр жазсак, акын болсок, бизди эмне эч ким карабайт, өкмөт деген кайда дегенге чейин ойлоп жүргөнбүз. Көрсө, турмуш дегениң өтө берет экен, сенин акын экениңди урган жери жок экен, ыр жазсаң өзүңө жаз дейт экен.
Ооба, гезитте иштедим. А кезде гезит деген чыгармачылыктан алыс, жан дүйнөң каалабаган, аргасыздын иши экен да. Анүстүнө анда азыркыдай чыгармачылык эркиндик деген кайда, гезит бүт эле өкмөт менен партияныкы. Бир нерсе жазсаң партиянын талабына туура келгидей кылып жазууга аргасызсың, караандай калпты каратып туруп урдурасың ышкыртып. Анткени чабандан баштап генсекке чейин баары эле жалган сүйлөйт. Жүзүнө жүз баланчадан козу алдым ж.б.у.с. калпты тигилер ышкыртат, сен болсо мунун баарын эң сонун билип турасың калп экенин, бирок ошону жазасың. Атасынын башыбы, жанагы айтканынын баары тең жел козу, барсаң байкуш чабан чылага малынып отурат мүшкүлү башынан ашып. Сөз менен иш такыр айкашпайт, иши кылып мунун баары ушунчалык көкөйүмө көк таштай тийди, бирок не кыласың, арга жок. Андай шартта гезитте иштеш абдан кыйын эле, бирок ошол эле учурда саясаттан тыш, чыгармачылыкка жакын мыкты басылма "Ала -Тоо" журналы бар эле, бирок ага жумушка орношконду бери кой, ырыңдын чыгышы азаптын азабы эле. Анан "Ленинчил жашта" кичине болсо да чыгармачылыктын духу бар, эркинирээк атмосфера боло турган.
- Буулугуп жүрүп шаарга келдиңиз, анан кай жерге туш болдуңуз?
- Буулугуп келген менин бактым бар экен, саясаттан алыс, накта чыгармачылыктын, өнөрдүн чордону -улуттук филармониянын адабий бөлүмүнүн башчылык кызматына келип түштүм. Түштүм да таптакыр башка ааламга туш келгендей болдум. Бул жериң укмуш экен, айланайын, артисттердин саясый, адабий билими болбогону менен булардын жүргөн турганы, кийингени, сүйлөгөнү таптакыр башка экен, баары жагы жылтылдайт, өтүгүндө ныпым чаң жок. Сахнага, элдин алдына чыгып жүргөн немелер сырткы келбетке абдан карашат тура. Буга көнбөгөн жаным, мага бир топко чейин бу кайдагы жапайы неме дегендей жаман көз менен карап жүрүштү. Мен деле артисттерди абдан жактырдым деп айталбайм дечи. Бирок жан дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылдым. Булар гезит окубаган, жаңылыкты ооздон укканды жакшы көргөн калк экен. Килтейген филармонияда жападан жалгыз Эрмек Мойдунов гана гезит окуйт, "Правдасы" болобу, "Известия", "Советтик Кыргызстанбы", бүт калтырбай окуган ошо киши. Калганы репетициянын танаписинде жабалактап курчап, андан сурап алышат, Эрмек агай болсо эки жаңылык окуса, үчүнчүсү кылып туруп өзүнүкүн кошуп айтат. Бүттү, ошо бойдон тигилер гезиттин баарын окуган, баардык нерседен кабардар болгон кишилер өңдөнүп чыга келишет. Алардын дүйнөсү башка, жиби укмуштай ичке болоорун ошондо билдим. Кылт эткенди байкап турушат, кенедей нерсеге таарынышат. Өмүрү ушу сахна менен өтүп аткандан кийин басса -турса кыялы, үмүтү- өкмөттүк концертке кирип калсам, ошол жактан чоңдордун назарына илинсем деген гана ой менен жашашат экен. Анан чоңдордон кимдир бирөө "Тиги жигитиңер же кызыңар түзүк экен" деп койсо эле бүттү, булардын карьерасы, ала турган наамдары ошо бир эле ооз сөзгө байланыштуу болот. Бирок ошондой концерттин программасына кирбей калуу деген булар үчүн акыр заман келгендей эле кеп. Өзүнчө трагедия. Мына ушул жактарын абдан байкап -билип, байкуштарды аяп жүрдүм. Түшүндүм.
Менин бул жерде иштегенден тапкан пайдам - сөздүн, ырдын күчү сахна менен элге түз жете турган жерге келдим, мага чейин башка акындар такыр көрбөгөн турмушка аралаштым. Акындардан Райкан гана мурда мыкты термелерди Эстекеге жазып берчү экен. Филармонияда дайыма залда отурган элди акырын карап, сахнада комуз чертип атабы, же башка бирдеме аткарылып атса деле такай элдин реакциясын байкап турчумун. "Кайдыгерлик" ошол филармонияда иштеп жүргөндө жазылды.
- "Кайдыгерлик" жаңыдан элге угулуп, айрыкча аны Сагынбек Момбеков гитаранын коштоосу менен чыркырап ырдап чыкканда калың кыргыз ичи бир силкинип алды окшойт, ой тобоо, бизде да ушундай жазган акын, ырдаган ырчы болот экен ээ, чучукка жетчүдөй кылып жазган бу ким, кайдан чыккан неме эле дешип, кассетадан кассетага көчүрүп, издеп уккан, карайлап таппаган адамдарды көп көрдүк. Шайлообек Дүйшеев деген ысым ошондо бир жарк этти дейсиң, муну уккан далай акындар арасында ушундай жөнөкөй эле нерсени эмне үчүн мен жазбадым, кантип муну көз жаздымда калтырдым деп ичи зилдеген күйгүлтүк өкүнүчтөр көбеле болсо керек. Көрсө районго, облуска батпай буулугуп жүргөнүңүздө кеп бар турбайбы?
- Горбачевдук кайра куруу заманында келди бул идея менин башыма. Бирок кайдыгерликти ак ыр түрүндөбү же жөн эле ыр кылып жазсамбы деп толгонуп жүрдүм. Ошентип чыкпай жүрүп, анан жанагыдай формада чыгып кетти. Менин бактым - жүрөгүм эмнени кааласа, ошону айткан ачык замандын келгени болду, заман мага эшигин өзү ачып берди, жаз ушуну дегенсиди. Мен жаздым.
Топтолуп турган бугум ушундайча чыкты, чыкканда да калкымдын көйүндө жашаган муң- зардын, үмүттүн, көңүл калуунун маанайына үндөшкөн тил менен чыкты, чыгарманын элге бат алынып, сиңип кетишинин сыры, ийгилиги ушунда десем жаңылышпайм. Анткени турмуштун чындыгын мага чейин деле айтып келгендер көбеле болсо керек, бирок алар менимче, башкаларды туурап айтса, мен өз үнүм менен, жүрөгүм менен жаным кашая чыркырап айттым. "Кайдыгерлик" өзүнчө бир ырлар цикли болуп калды. Буга чейин мен жалбырактай эле бир китеп чыгаргам. "Кайдыгерлик" менин чыгармачылыгымда бурулуш десем туура болоор. Сагынбек Момбеков муну гитарага кошуп, менин атымды таанытты, өзү да таанылды, экөөбүз бири бирибизди улап, бири бирибизди толуктадык. Бирок тилекке каршы, менин өкүнгөнүм "Кайдыгерликтеги" көйгөй азыр эмне, жок дейсиңби, андан да күчөдү. Болгону муну биринчи жолу мен айтып калдым да. Жер суунун аттары дагы эле көп жерде орусча, карылар көйгөйү андан да оор, мурда 5 -6 эле кароосуз калган кемпир болсо азыр аларга сан жетпейт, бир кезде жадагалса базарга чыгып бирдеме сатканды да намыс көргөн кыргыздын балдары азыр ошол базардын тегерегинде дүпүл мас бойдон томолонуп жатып калышчу болушту .
- Тил дегендей, чогуу окуган группалаш досуңуз, акын Н. Капаровдун Шайлообектин тили кишини мактаса балдай таттуу, сөксө уудай ачуу, мунукундай "универсалдуу"тил эч кимде жок деп айтканын уккан жайым бар. Бизде жазуучумун, акынмын деген адамдардын деле көпчүлүгү тилден өксүк экенин байкап жүрөбүз. Сиздин тилиңиздин мынчалык бай болушунун сыры эмнеде?
- Мен "Манасты" абдан көп окудум. Айылда бир эле китепкана бар эле байкуш. Бирок бирден ашык китеп берчү эмес. Окуп келип таза тапшырсаң анан экинчисин алчусуң. Кийин төрттөн китеп бере баштап, кубанганымды айтпа, акыры аяктагы адабиятты бүт окуп чыктым окшойт. Райондогу китепканага барсаң, ал жактан учётуң жок деп китеп бербейт. Менимче ушунун пайдасы абдан мага тийди окшойт. Талант -бул адамдагы бир гана пайыз нерсе, калган токсон тогуз пайызы эмгек деп бекеринен айтышпаса керек. Китеп окуган чоң эмгек экенин жазуучу болом, акын болом деген адамдар, айрыкча жаштар абдан мыкты түшүнүүгө тийиш. Мейли, дүйнөлүк адабиятты бери кой, кыргыздын оозеки чыгармачылыгы, элдик фольклору өзүнчө бир океан да, ага канчалык терең сүңгүгөн сайын ошончолук үлгү аласың, чыгармачылыгыңа сиңет. Элге мен ушундай тил менен сүйлөп бергенге аракет кылдым. Башкача айтканда, көркөм оозеки чыгармачылык менен элдик тилдин заманбап синтезин таптым десем болор.
- Шаке, акындардын калыптанышына албетте улуттук оозеки чыгармачылыктын таасири талашсыз деңизчи, бирок кудай таала пендеге ыроологон улуу сезим - махабаттын акындык менен байланышына кандай карайсыз? Айрыкча көөнө чыгыш акындарынын кимисин албаңыз, чыгармачылыгында бул негизги темалардын бири эмеспи. Сиздин кимде ким акындар сүйгөндөй сүйсө, адамдардын көбү айбан болуудан кутулмак деп айтканыңызды уктум эле. Сүйүү темасы сиздин чыгармачылыгыңызда канчалык роль ойнойт, Эл акыны Шайлообек Дүйшеев үчүн сүйүү акыркы темалардан эместир?
- Негизи сүйүүнү аз жаздым. Нуралы досум айткандай, бардык нерсеге чын ниетим менен мамиле кылган кишимин. Ичкенде да чын дилимден, эч кимге арам санабай ичтим, тамекини да жакшы көрүп, тээ чыласына дейре чыгара тартып жүрдүм. 35 жыл тартыптырмын! Сүйүүгө да, албетте, абдан берилип, жан -дилим менен мамиле кылдым. Буга мен эс тарткандан эле кабылдым. Себеби баш көтөрбөй окуганым эле адабий китептер болсо, ал жакта бүт эле сүйүү да, Олжобай менен Кишимжандын сүйүүсү, дагы башка эмне деген сүйүүлөр, тагдырлар, трагедиялар, оми-ий, мен да ошолордой болгум келип, ошолордой сүйгүм, өлүп калгым келип, не бир укмуш күндөрдө жашагам.
Бала кезде чоң балдар мага сүйүү каттарын жаздырышчу, шыпылдатып, ыр кошуп жазып берчүмүн. Кийин өзүм да сүйгөн кыздарга кат жаза баштадым, а кезде катты атайын "почточу жалдап" берип жибермей, артынан зарыгып жообун күтмөй эле да. Ал жеткирип бергенден кийин ишенбей дагы тактап сурап, кыздын жанына жолой албай сүрдөп, катты окуп мүнөзү өзгөрдүбү деп акырын байкайм. Бирок мен кат жазган кыздар такыр карабайт, кайра ого бетер жек көрүп тултуюп, тескери карашат! Туй ата, жакшы көрүп, чын дилден кат берсең, сени киши катарында көрбөгөнү кандай, кат бербей эле койбой деп ызаланып да жүргөн күндөр болду. Сезимиңди билдирсең ого бетер жек көрүүсү күчөгөнү кандай деп таң калам. Китептеги сүйүүгө меники такыр окшошпой, көрсө, кыздар адамдагы ички жакшы нерселерди көрбөй, сырткы келбетке маани беришет тура. Кудай таала мага болсо өңдөн бак айтпаптыр. Мен сүйгөн кыздар өңүмө карап көп сүйгөн жок. Ошондо жетпей калган сүйүүлөрдүн ызасын ырдан чыгардым. Сүйүү жөнүндөгү ырларымдын көбү жетпей калган сүйүүлөрдүн арманы. Өң- түсүмдүн анчейин экенине карабай ичимден кыздардын эң сулууларын сүйчүмүн. Мени сүйбөгөндүктөрү - менин арманым, сүйгөнүмдү билбей калышканы - алардын бактысы болду.
- Шаке, өмүрдө көп нерселерге кеч аралаштым деген өкүнүчүңүз жокпу? Мындан эмне утуп, эмнени уттурдуңуз?
- Мен Нуралылар менен, өзүмөн кичүү балдар менен окудум. Өзүмдүн теңтуштарым менен бала кезде гана бир басып калганым болбосо, кийин алар менен чогуу болгон жокмун. Анткени мен тияк - биякта иштеп, армияга барып келгичекти теңтуш балдарым эчак окууну аяктап, галстук байланган, салабаттуу адамдардан болушту. Алар ошол даражага жеткенде мен окуу деген бар экенин жаңыдан эстеп, ошондон кийин канатымды күүлөдүм да. Чогуу окуган группалаштар менен жуурулушуп, кадимкидей теңтуш болуп кетип, кийин өзүмдүн теңтуштарымдын тилин табалбай койдум. Алар менден бир топ алдыга узап кетиптир, сүйлөшсөң эле бир олутуу нерселерди сүйлөшөт, угуп отурсаң укмуштай бир сөздөр, "Шаке эми карыбадыкпы " дешип, кандайдыр бир финишке жеткенсип, таптап, жасалма сүйлөп калышыптыр. Муну кабыл алалбай, кошулалбай койдум, ошондуктан азыр алтымышка чыксам да жашым элүүдөгүдөй болуп жүрөм. Группалаштарым го булар да элүүгө чыгышты, менин болсо эми кошуналарым да жалаң алтымышынчы жылкы жаштар болуп калды. Ошолор менен теңтуш болуп кетпедимби. Кадимкидей аралашып, оттуу сөздөрдөн ыргытып коюп отура берем.
Поэзияга деле кеч келдим. Алакандай "Аптап" деген ыр жыйнагымды окуп, кыргыз адабиятынын классиги Сүйүнбай Эралиев батасын берди. Баарынан да 38 жашка чыгып, кыркты таяп калганча саналуу гана ырлардын автору болупмун. Чыныгы чыгармачылыгым ушул жашта башталды. Ойлосом, көп нерсеге кеч аралашканыма карабай, уттурганымдан көрө утканым көбүрөөк окшойт. Анткени Нуралы айткандай, мен турмуштун ысык -суугун көрүп, акты караны ажырата билген зирек куракка келгенде адабиятка аралаштым.
- Наам, сыйлыктарды биринин артынан бирин алыбатасыз, булар сиздин мүнөзүңүздү өзгөрттүбү? Өзүңүз айткандай, бузулган жоксузбу?
- Бир жолу айтышканы эсимде, анда мен наамым жок, актай биография менен жүргөм кезим. "Наам алсаң жыргал экен, спецбалницадан дарылайт экен, каттоодо болот экенсиң, өлсөң Ала -Арчага көмүлөт экенсиң, ушундай привелегиялары бар экен" дегенде, мен атаңгөрү, ошо да привелегия бекен, мага анын эмне кереги бар дегем. Анан эл акыны деген наам алдым. Алып коюп жүрсөм дагы айтып калышты "Спецбалницага учотко туруп койбойсуңбу, сага кереги жок болсо бала- чакаң, аялың көрүнөт" дешти. Аялым оорукчан. Кой турса турайын деп барсам, чын эле каттайт экен, атүгүл бирден врач бекитип берет экен. Чыны, наам алгандан ушул күнгө чейин ал жакка бир басып барган жокмун, бир гана жолу барып көзүмдү текшерттим. Абдан текшерип, анан кагаз жазып беришти, тигиге барасың, буга барасың дешкен, ошондон бери барбай качып жүрөм.
Бизде бир кызык нерсе бар да, элдик дегендердин баарынын аялдары мисалы, куран окуткан жерге кычырап шуба кийип барышат экен, эл көрө турган жер ошол деп эсептешет да. Мен болсо жеңеңе "Эл акынын аялы жөнөкөй эле пальто менен барат, адегенде сени эмес, үйдү шубалап алалы" деп коем. Өзүлөрүн элдикпиз дешкен акын -жазуучулардын кээ бир кылыктарына кирдеп кетем да, жылтырата суусар тебетейлерди кийип алышып, чайпалып басканда, атаңдын гана гөрү-үү дейсиң... Булар элдик акын жазуучу эмес да, ушу кантип болсун... Нуралы мени айтып атпайбы, там куруп деле, шыбакчы болуп деле кете берет деп. Анысы чын эле. Андан улам бир окуя эсиме түшөт. Атбашыдагы редакциянын короосунда эки көздүү даараткана боло турган, биринчисине редактор гана кирсе, экинчиси калгандар үчүн болчу. Бир жолу мен редактор кирчү жагына кирип кетсем, артыман аңдып тургансып ал да кирип келип атпайбы. Экөөбүз ошол даараткананын ичинен сөгүшө кеттик. Жумуштан айдайм деди, айда дедим. Жиним келип дааратканадан чыгаар замат арызымды жазып иштен бошондум да, түштөн кийин ПМКга бетончу болуп кирип кеттим. Эртеси ылай өтүгүм менен түз эле кабинетине кирип келип: "Мына, өлүп калат дедиң беле, жапжакшынакай жумушка кирип эле иштеп атам" дедим. Кийин кайра өзү чыкырып алган жумушка. Кыскасы мени наам, сыйлыктар бузган жок, дегеле манчыркоо, менменсинүү деген табиятыма жат нерсе. Атүгүл канча жыл шаарда жашасам да, өзүмдү дагы эле элеттин карапайым адамы деп эсептейм.
- Өмүрдүн ар бир дабанын ашкан сайын адампендеси артка бир кылчайып, эмнеге жеттим, эмнелерге жеталбадым деп өзүнөн өзү отчет алып, дегеле жарыкка келгендеги максат, жашоонун маани -маңызы туурасында өзүнүн бир зирек ой-бүтүмүн чыгарат болушу керек. Алтымыштын ашуусун ашкан сизден да ушуну сурагым келип туру...
- Албетте, тирүү жан болуп жарыкка жаралган соң адам баласы алдына максат койбосо, анда жашоонун маңызы жок. Үй -бүлө күтөлек бойдок кезде мен алдыма акын болом деген аруу максат койгом. Мунун канчалык ишке ашканына калың калкым күбө. Эмки максатым деле ушул - чыгармачылыкты андан ары улантып, элиме дагы да көптөгөн, ойдо жүргөн чыгармаларды тартууласам дейм. Экинчиден, бала -чакам, небелерим, уул -кыздарым бар, ошолордун амандыгын кудай тааламдан тилөө менен, аларга жакшы тарбия берип, ар бирин эл кызматына жараган адам кылсам деген максатым бар. Бул менин чыгармачылыкка койгон максаттан кем эмес бийик максатым деп ойлойм.
- Шайлообек ага, кеп соңунда бир гана салттуу собол калды, алдыдагы чыгармачылык пландарыңыз туурасында эки ооз сөз айта кетсеңиз, сизден жалпы окурмандар жакынкы убакытта кандай чыгармаларды күтөбүз?
- Ушу кезге чейин көзүмө көрүнгөндүн баарын тизмектеп эмес, жүрөгүмө урунганды жаздым, чыгармачылыгымдын башкы багыты мындан ары да ушундай болмокчу. Анан эми бу замандын кейпин көрүп турасың, мындай карасаң асман деле, жер деле өз ордунда тургансыйт, төрт мезгил баягыдай эле кезеги менен алмашып, күн батып таң атып дегендей, табийгат баягы эле калыбында тургансыйт. Бирок атаңгөрү, турмуш -жашоо калыбында болбой атпайбы, кыш чилдесинде чагылган түшкөндөй, жайдын аптабында бороон жүрүп кеткендей күтүлбөгөн алаамат окуялар болуп кетип атпайбы. Бүгүнкү күнүң эртең кандай, эртеңиң бүрсүгүнү кандай болуп кетет, эч ким айталбайт. Андыктан жакында баланча китебим чыгат, түкүндөй чыгармам жазылат деп элди алдын ала ишендиргенден, убада бергенден алысмын, бирок жүрөккө урунган, боорду толгогон маселелер көп, кудай таалам аманчылыгын берсе көрө жатаарбыз.
- Маегиңизге чоң ыракмат, бар болуңуз элдик акын Шайлообек ага!
Аңгемелешкен
Бахтияр Шаматов