Шакеге - иңглиш инисинен Бул кишинин маган кылбаганы жок... Бу кишини чыт курсак кезимде Ат-Башынын "Жеңиш жолу" гезити аркылуу билдим. Совет журналистикасы деги кызык болчу, гезиттерге авторлордун аттарын такыр койдурчу эмес, фамилиясы гана болор эле, Ш. Дүйшеев деп жазып койчу, аты Шайлообек экенин кийин гана билдим. "Дүйшеев деген кабарчы иттей жакшы жазат э-ыя?" деп өлө журналист болгубуз келген балакайлар таңдайыбызды такылдатып калчубуз. Эмне дегенде бу киши жазган чабандар, саанчылар партия съездинин же пленумунун чечимдерине шыктанбай-этпей эле, жөн эле өздөрүн жана балдарын багалы деп жүргөн карапайым адамдар боло турган. Партия көтөрмөлөп Фрунзеге же Москвага жиберсе барчу, жибербесе дооматы жок, съезддин маанисин деле анча аңдап биле бербеген кудайы пенделер эле да. Анан Дүйшеевдин жайлоону, чөп-чарды, чымчык-куштарды сүрөттөгөнү шилекейибизди чачыратчу чыны. Кийин КМУда окуганда айтылуу номур бешинчи общиттин яблочный вино, жугунду жана күйүк вермишел аралаш саңырсыган коридорунан карпа-күрпө кездеше калганда акем катары ийменип саламым берчүмүн, агезде ыйман бар эле да. Андан бери карай мен "Ленинчил жашта" иштеп турганда Шаке Нарындан Фрунзеге филармонияга өттү, гонорар же айлык алган күндөрү бизди тооруган көптүн бири болуп келип калчу, жанагы биз макала жазган сары барактар менен бетинин тери менен майын аарчып туруп, чакага ыргытып салмайы бар эле. Замответсекретарь болгондуктан, көп сары барактар жазылбай-этпей ыргып кетип жатканына ичим ооруп калса керек эсимде калганына караганда. Кийин 90-жылдары мен бир аз тың чыгып, иномарка алганда кээде чукул ишине чакырып кала турган - кыдырып бирдеме ичмейде керек болчумун да, албетте. Бир окуя эсимде калыптыр. Шаке Бишкектин чок ортосундагы 5 комнат үйүн сатты 20 бекен же 22 бекен миң долларга. Сен коммерцияда иштеп, акча санаганды билесиң, анын үстүнө машинең иномарка деп, ал ишке мени жоопту кылганы. Кайсы бир килтейген гараждын ичинен, ачык-тешик комнатадан 100 долларлык бир пачканы алдыбызга таштап койду алган жигит. Эми бул беш комната квартиранын куну эле, ичимден толкунданып турсам да, сыр билгизбей жайбаракат санамыш эттим тимеле мындай акчалардын далайын санап жүрүп, көндүм болуп калган кишиден бетерчи. Анан экөө кол алышып, Шаке экөөбүз Бишкекти аралап келатабыз. "Ай Шаке, карачы беш комнатыңыз болгону бир пачке доллар экен, эми азыр экөөбүздү бандиттер токтотуп, ушу бир пачкени тартып алышса, үйдөн да, акчадан да жок каласыз да, ыя?" - деп алып, кайра өзүм коркуп кеттим. Анан дагынкысы дагы болду. Мен Би-би-сиге өтүп, Лондонго барып келип, ушу кыргыздар боюнча мен эле жалгыз баргансып, ары басып бир айтып, бери басып бир айтып, өпкөлөнүп жүргөнүмдө Шаке маган "иңглиш иним" деген жарлыкты такканы. Иши кылса, акыры Шаке экөөбүз ушунча 50дөн ашык жаңы конуштан тапкансып, Арча-Бешиктен бир жарым көчө алыс жерден коңшу болуп калбайбызбы. Мен огородумдун бир бурчуна магазин ачып, товар ташып, аал арактын түрү жайнайт, анда кризис боло элек кез. Бара-бара Шаке кечкисин пайда боло баштады. Адегенде басып келип аткан, анан эле Бишкектин ар кайсы булуң-бурчунан машине айдатып келет, жетпегенин меникинен кулкундарына куюп туруп тарашат да анан. Өлө мактайт, мен, дейт, мына ушу дүкөндүн гана арагына ишенем, Бишкек боюнча, дейт, таптаза арак мына ушу дүкөндө гана ба-ар. Жаман оюнда инисинин соодасын жүргүзүп атам десе керек. А көрсө ээрчишип ичип жүрүп, аал Аламүдүн тараптан эстерине келгенде менин дүкөнүмө айдатат экен да жүргүлө мен силерге эң таза арак саткан дүкөнгө апарам депчи, эки иштен бир иш кылып, машине менен үйүнө да жетип алып, дайыма жетпей калчу 100-150нү да артынан басы алып дегендей... Кийин Шакени жеткирип жана коштоп келгендердин саны арта берди, бирок эми дүкөндүн эсебинен куюп берүүгө өттүк да, албетте. Шаке наглейт эте баштады да, мындайча айтканда. Шагыратып ээрчитип келет, анан кымбатынан гана куйдуртат эмеспи. Аал жеңебиз экөөлөп Шакени бу наглыйлык деген оорудан айыктырууга өтө көп күч үрөдүк. "Эй Шаке, дедим бир күнү, мындан арычы дүкөнүмдү менин эсебимден рекламалабай эле коюңузчу, бай болгур". Адегенде кулжуңдап жүрчү, кийин түшүндү иниси бир ишине чапкылап, бир базарга чапкылап, өлө жешилип жатканын көрүп боору ооруду окшойт акыры. Мына эми кыйла болду, өзү да келбейт, бирөөнү да ээрчитип келбейт. Арагын тыйды. (Анын үстүнө жетекчиси да болуп калгандан сестенип жатабы?). Шаке мурдарак саясый жактан эме эле, чийки эле. Туруп-туруп ээлигип кетчү, балитический топторду ээрчипчи. Ээй Шаке, дейбиз, сизге саясатты ким коюптур, сиз элдик акынсыз, эч кимге кошулбай, ырыңызды жазып жүрө бербейсизби. Иши кылса, акыры балтичискей баткакка бараткан жеринен да токтоттук. Азыр саясатка көзү ачылып, балитикага кийлигишпей жүрөт го... Чын эле элдик акын болгонго эмне жетсин, элдик акынга бир партия саясатчы да тең келбейт да, туурабы? Султан Жумагулов |