ПАРДОН, ШАКЕ?!..
(Шаа акын Ш.Дүйшеевдин ойлорунун
материлизацияланышы же экскурс)
Биринчи пардон: тезек...
Шакем жөнүндө жазайын деген ой көптөн бери жүргөн. Бул макала экинчи жолку аракет менен жазылып олтурат. (Биринчисинде бүтөйүн деп калган жерден "Северэлектро" жалп этип жарыкты өчүргөндө Шакем жөнүндө жазганымын баары "жалп" этип компьютеримен күйүп кетти. Шакем жазгандын гана эмес, Шакем жөнүндө жазылгандын да тагдыры оор экенине таң берип отурабыз.) Шакем өзү эч бир рамкага сыйбаган, турмуштун формуласы менен туюнтулбаган, эч бир коомдук заттар менен реакцияга кирбеген, (Мындай зат Менделеевдин таблицасында да жок чыгар.) оптимисттик да, пессимисттик да божомолго туура келбеген, акындык диаграммасы эч бир килешеге түшпөгөн кыргыз поэзиясындагы өзгөчө кубулуш, өзгөчө феномен. Айтылуу Артюр Рембону мезгил оошкон кылымдын кыйсыпырын чыгарган, катып калган сенек түшүнүктү, ойду талкалаган бүлдүргүч акын деп коюшат француздар. Бунтар акындар, адам коому ыпыр-сыпыр түшүп, жаңы бир олуялар менен көзү ачыктар, демократтар менен анчейин эмес демократтар оозунан ак көбүгүн бүркүп турганда, акылсыздар менен алжыгандарды сокурлар жетелеп, жол көрсөтүүчү, жол башчы болгондо, баягы Руми аксакал жазгандай, жашоонун кир-когу көкүрөк деген, көөдөн дегенди унуткарып, ыйман деген түшүнүктүн ишпалдасын чыгарып, ага жабыла шалп түкүрүп турган кезде, жалган пайгамбарлардын жаалы түтөп турганда, сөз менен ууланып, кир сөз менен чулганып турганда чагылгандын огундай акындар төрөлөт деген. Жаңылбасам Конфуций: "Бул ааламда баары өзгөрөт, бирок Улуу Даанышмандык жана Улуу Акмакчылык түбөлүк!" деп айткан эле. "Карынын кебин капка сал" дегендей, бул айтылганга таянсак, негедир чаң сапырган Улуу Акмакчылык бизде көпкө өз монополиясын орнотуп алдыбы, айтор, чыркыраган чындык беш миллион элдин чөнтөгүндөгү сары чакадай, көк бөрүгө түшкөн жетим улактай туш тарабынан тарткыланып, ашкере майдаланып кетти. Беш миллиондун ар бири өзүнө хан, өзүнө бий, өтүгүн каалаган жерге илип, чулгоосун каалаган жерге жайып, кыңыр дүйнөнүн "Киндиги менмин!" деген жүрөгүндө түгү барлар арбыды. Жуликтер дүйнөсүнүн жунглиясында күжүлдөгөн күрү-гүү... колунда аят, оозунда саясат. Чалы да, кемпири да, баласы да, келин кезеги да, терип койгон тезеги да, айтор баарысы саясатташып кетти. Ушундай бороондуу күндө бөк түшкөн акындын көкүрөк ырларын, мээсинин атомунун сырларын уккан жан барбы?.. Чырчынын ити чөп жеп, ырчынын үнү буулуп турганда, чылык менен былык жалгашып, Моцарттар мостоюп, Сальерилер курсак байлап калганда, саясаттын сары чылымын тартып, "чмосун" чыгарып, мурдунан сары суусу агып, чүпүрөктөй жыртылып бүткөн чындык байкуш кайда түнөп, кайда жатты экен дейсиң?.. "Чындык акындын жүрөгүндө жаралып, акындын жүрөгүндө өлөт" деп айткан улуу акын Феттин сөзүн буфеттен башы чыкпагандар кантип түшүнсүн?.. Бир буту менен кырк жыл туруп, Жаратканга күнөөлүүлөрдүн күнөөсүн кечир деп, нааразылык акциясын өткөргөн дербиштей, акын Шакем да мезгилдин коңгуроосун кагып, чучукка сайган ырлары менен квадрат мээлердин шаштысын алып жаткан учуру... Ааламдашуу процесси барган сайын "хламдашууга" айланып баратыр... Сак болгун деген Кет Бука жок, алда кандай заман болот деп көкүрөк үшкүрүгү түтөгөн Асан Кайгы жок, айтор, майрык кемпир айткандай, күлбөй өл, "клевый жашоо" жүрүп жатыры. Баары текши ыңкылап оорунун эпидемиясы менен ооруп, катынынан кагуу жеген деле, күйөөсүнөн талак алган деле, кызматтан жыдып түшкөнү, ага жетпей чүрүшкөнү деле, ооз желинин озонун ойкуштатып саясатчы сөрөйлөр деле ынтыкса эле ынкылап жасап ийем деп шүйшүнүп иймейди адатка айлантып алды. Мээде шамал, көкүрөктө боштук... Ушундай фарста кайсы түгөнгүр пейил караңгылыгы менен жүрөк жарыгын кантип жандырат?.. Апей!.. Бу Шакебиздин акындыгы менен таланты, ыры менен сыры, айтканы менен жазганы, лирикасы менен лирасы жөнүндө сөз кылабыз деп жатып эле... кайсы шамал бизди аласалдырып капкайдагыны божурап, кайсы адырды аралап, кай тезекти терип кеттик,ыя?.. (Тезек демекчи, абалкы ажобуз кыш оор түшөт, тезектен арбын камдагыла дегенде, ажонун сөзүн эки кылбаган жаныбыз эки машине үйгө тезек терип келген элек, аны кайда түгөтө албай шаштыны алган дейди оюбуз асыресе да азгырып кеткен окшобойбу!.. ) Пардон, Шаке! ( Айтмакчы, Шаке, сиз француздардын "пардон" деген сөзүн билбейт чыгарсыз, а деген бизче айтканда "кечир" деген эле кеп.)
А-уу! Акынды уккан жан барбы?..

Экинчи пардон: алма...
"Кызыл алма, кызыктым кызыгыңа" деген ыр эсибизге келди... Байыркы Адам Ата менен Обо Эненин бейиштин Эдем багынан куулуп кетишине да, ушу алма эбепке-себеп болгон дешет. Кылба дегенди кылып иймей, жасаба дегенди жасап иймей адатыбыз тээ атамзамандан эле каныбызга сиңген адат экен. Жараткан Эгебиз да бейиштин каалаган жыргалын көргүлө, кипарис менен миндалдын арасында сейилдеп, чүйгүн даам таткыла, а бирок шагынан ийилип турган алмага тийбегиле деп эскертүү берсе да, ага деле болбой алманы үзө калып, карс-карс сугунуп жибергенде, түп атабыз Адам да, түп энебиз Обо да бейиштин багынан сүрүлүп чыгарылып, ошондон тартып адамзат "чылык менен былык" оорусуна кабылган дешет. Ошондон ушу күнгө Жараткандын каргышына калып, көр албастык, кастык, душмандык, пастык, кызганчаактык, калп айтмай менен жалп айтмай азырга дейре мурасталып келатпайбы?! Байыркы гректер да "чыр-чатак алмасынын" айынан эчен-эчен апаатты баштан өткөрбөдү... Дегенибиз, бүгүнкү кеп каарманыбыз, акындын шаасы Шакем да алмадан... ошо Адам ата менен Обо энедей эле жыдып калган жайы бар. Шакебиз "Асаба" деген ээн ооз гезитте иштеп жүрүп, ушу тапта четте безип жүргөн ажо Акаевге Жунукеев деген неме эки "Камаз" алма жибергенин "балч" этип жазып жибербейби... мындай нерсеге акындын жүрөгү түтпөй кетет да!.. Кийин болсо бу окуяны жалганга чыгарып, эки "Камаз" эмес, эки даана алма апкелген эмесмин деп, үстүмөн жалаа жазылды деп Жунукеев деген неме таңаткыча эки "Камаз" алмасын өзү ашап чыгат, эртеси куу жалагандай бош "камаздарды" көрсөтөт да, сотто Шакемин шаабайын суутуп, сот жараянынан жеңип чыгат. Шакем жазган алма жок, ушинтип аяктады дүйнө пок дегендей... Азыркынын шаа акыны Шакемди СИЗОдо жаткырып, алдынан сыз өткөрүп, колундагы койкоңдогон калем сабын эки бөлүп сындырабыз деп көксөгөндөр да болду. "Уручкесин" сындырам дегендер Шакемдин бекем уркун, жан угутун сындыра алышкан жок!.. Акындын көкүрөк отун эч ким өчүрө албады... Каргалардын калдайган карааны тээ ободогу шаңшып учкан бүркүттү тээп түшүрөлү деп да көрүштү. Бирок, бүркүт бийиктик үчүн жаралганын алар баамдабай калышты...
Пардон, Шаке!.. Дагы эле баягы жайдак жолго түшүп алып кайдагы алмалар жөнүндө кеп ырбатып олтурабыз,ыя? Ш.Дүйшеевдин атуулдук көз карашы, жарандык позициясы, акындык бейкомпромисс сапаты, акындык кредосу, поэтикалык пафосу жөнүндө сөз айталы деп жатып эле... же ойдо жок, же чүйдө жок алма жөнүндө ооз толтура кеп кылдык... Алманын азгырыгына биз да түшүп кетипбиз, Шаке. Пардон дейбиз да эми...
А-уу! Акынды уккан жан барбы?..

Үчүнчү пардон: кетсин!
Бунтар акын Рембону эки кылым оошкондогу, тогошкондогу поэзиянын "Аркасы" ( аркасы эмес, басымды "р" тамгасына койгула арка, б.а. дарбаза дегендей эле кеп.) деп айтышчу экен. Акын Шакем да ошого тете акын. Анын көкүрөк тырмаган, намыс козуткан, адамдык арга чакырган ырлары эгемендиктин эрте жазында ошо доордун символуна айланып кетти... Кыргыздын көзүнө түшкөн чок болду Шаке, кыргыздын жүлүнүн сыздаткан арманы болду Шаке, кыргыздын "кыргызчылыгынын" быкыйын чукуган чындык болду Шаке!.. Кай бирөөлөр Шакемди кыргыздын "экинчи Байдылдасы" деп калышат. Шакем "Байдылданын күжүрмөн батальонун" акыркы сабына бир аз туруп калган жайы бар болсо да, Шакебизди Шакебизге эле окшоштурууга болот, Шаке башка бирөөгө окшобогон кайталангыс (эксклюзивдүү) акын, кыргыз поэзиясындагы өзгөчө көрүнүш, өзгөчө феномен. Анын поэзиясындагы салттуулук менен модерн, нукура көөнө ой менен авангарддык дух, купуялык менен лирикалуулук, мазмун менен форма мезгил тутумунун күрөө тамырын чагылдырып келет... Көкүрөк жардыланып, жан-дүйнө кирдеп, турмуш философиясы байлык менен базардык түшүнүккө ээ-жаа бербей сезимдердин империясын талкалап жатканда, бу дүйнөнүн түбөлүк эликсири - поэзия бар экендигин туйган жан барбы?!.. Каякка , кайда баратабыз деп жүрөк үнүн уккан барбы?.. Турмуш фарска айланып, коомдо форс-мажордук кырдаал жаралып, бейруханий илдет кара тумоодой каптап баратканда, ушул Улуу чаңдын, Улуу шамалдын арасынан бир үн чыгат "Ойгон, кыргыз!" деп. Саясий димидролдон бирди атып коюп, мээде жасоочу ыңкылапты көчөдө жасап, күжүлдөгөн эр кыргыз эки жолу "Паашаларын пошел!" деп, дүйнөлүк саясий сөздүккө "Кетсин!" деген саясий терминди жайылтты. Атыбыз, экономикабыз же жоон билек балбаныбыз, же түрлөнө ырдаган ырчыбыз, чапкан күлүгүбүз, жадесе сулуубуз менен даңкталбай, "Кетсин!" деген урааныбыз менен дүйнөдө ургалдуу жүрүш жасап жатабыз. Кокуйлаган коңшулар коркуп, алда жалда деп жакындар чочуп, кыргыздын "Кетсин" саясий синдрому кеңири тамыр жайып, асыресе түндүк Африканы жөө тумандай каптады... Өрнөгүбүз Мисирди, Тунисти, Ливияны, Бахрейинди жайпап келатыр... Көөдөн күүгүм...жүрөк күүгүм... сезим күүгүм... турмуш күүгүм... Ыйык Китепте акыр заман белгиси ушу Улуу күүгүмдөшкөн сезимдер менен келет деп айтылат... Ошол улуу күүгүмдө көкүрөгүн панар оттой жандырып, бир караан келет, ал акындын карааны... чыркыраган чындык карааны... а караан акын Шайлообектин карааны... Ал колуна муштумдай жүрөгүн салып бизге рухтун жарыгын, жан-дүйнөнүн жарыгын, көкүрөк жарыгын жандырып келет...
"Кетсин!" дейбиз... кетип эле баратабыз, кетип эле баратабыз...
"Токто, көз ирмем!"деп мезгилдин чарыгын токтотуп өзүбүзгө өзүбүз суроо таштайлычы: биз каякка, кайда, эмнеге баратабыз?
Бул суроонун жообун уккуңуз келеби?
Анда акындын үнүн тыңшаңыз? Адамдык жашоо мыйзамы да, Ыйык Китеп да эң оболу ЫР менен жазылган...
Султан РАЕВ