Таабалды Эгембердиев
Мен сыйлаган үч залкар

Улуттун тагдырына, келечегине байланышкан көп маселелердин тегерегинде маалымат каражаттарында эле эмес, беш кыргыздын башы бириккен жерде деле талаш-тартыш башталган заманда жашап жүрөбүз. Кээде ошондой талаш- тартышта, мен да катышып калган учурларда, өз көз карашымды бекемдеш үчүн, сөзсүз түрдө Салижан Жигитовдун авторитетин калкан кылып коргонууга аракет кылам. Ал адатымды Салижан агамдын тирүү кезинде эле жазылган менин айрым макалаларымды окугандар билишсе керек. Бирок бизде Салижанга окшоп илим-билим издеп, күнү-түнү китеп окуп, акылын асырап, түшүнүк түптөгөн кыргыздар азыраак, бирок анчалык окубай-чокубай эле, өзүлөрүн гений сезген чукул акыл патриот кыргыздар көбүрөөктөй көрүнөт…
Салижан абам менен мен, айрым бир, аш-тойлордо бирге отуруп калганыбызды эске албаганда, атайын чакырышып чай деле ичишкен жокмун. Бир жолу, Акаев заманынын акыркы жылдары болсо керек, Салижан абамдын бийликти катыра сындаган бир макаласын окуп алып, эки саяк (Өмүрбек Абдрахманов экөөбүз), аны издеп Манас университетине бардык. Адатынча каткырып тосуп алды. Адатынча тамеки барбы деди. Тамеки көп тартылды, себеби макаланы көпкө чейин мактап, бийликти боктоп, көчөнү капталдап, жин тийгендей каткырып, басып жүрдүк. Макаласын майлап берели деп ресторанга чакырсак, жумушум бар эле деп өзү да капа болду, бизди да капа кылды. Бирок капа болсок дагы, каткыра кучакташып коштоштук. Биздин антип барганыбызга ичинен таң кала ыраазы болгонун айтпаса да түшүнүп, ошентип барып койгонго акылыбыз жеткенине ыраазы болуп, чоң иш бүтүргөнсүп, кудуңдап үйүбүзгө кайттык….
Ошентип тагдыр мага өзүм өлгүчө сыйлаган руханий жан досум, ыйык адамым менен эстеп жүргүдөй, чогуу чай ичүү бактысын да ыраа көрбөптүр. Чай ичишпесек да, Салижан абамдын макалаларын окуганда, кирдеген кыр аркамды бирөө тырмап бергендей кычуум канып, кумардан чыккан жаш курагыбыздын жаркын элеси, эмгиче эстен кетпей, мени ээрчип жүрөт… Салижан минтип айтыптыр, тигинтип сүйлөптүр делген, Салижан абамдын айрым бир маанилүү чогулуштарда, элди айласыздан күлдүргөн куйкум сөздөрү ооздон-оозго өтүп, окурман эл арасына тарап кетчү. Бир сынчылардын чогулушунда: "Ой, жакшы самолет жакшы учат, жаман самолет жаман учат, жазуучулар деле ошондой" деген, мен элден уккан таамай сөзү, эмгиче эсимен кетпейт…
Салижан абамдын бир касиети - ал тубаса эркин адам болчу. Ал эми баатыр, эр жүрөк адам гана эркин болоорун, жана ал эркиндиктин баасы өтө эле кымбат экенин көп адам түшүнбөйт болсо керек. Жана ал эркиндиги үчүн Салижан аке көпчүлүк билбеген далай азапты тартканын билбесем да түшүнө баштадым. Аны дайны жок жерден кор кылган, ал эми аны сыйлаган адамдарды унутулбас ызага батырган бир окуя эмгиче эстеген сайын менин итатайымды тутултат. Салижан абам Ташкентте элчи болуп жүргөн. Дипломаттык тил башка өлкөдө эле керек деп ойлосо керек, Салижан абам адатынча "эркин обонго" салып биздин легендарлуу парламенттин дарегине сын айтып салыптыр. Өтө акылдуу кишилер апенди чалышыраак болот. Миң легендарлуу болсо да ал парламенттин орточо интеллектуалдык деңгээли Салижан абамдын айткан сын-пикирин аш кылууга алы жетпесин эске албаптыр. Анысы аз келгенсип, парламенттик трибунага туруп алып: "Менин оюм ушундай, билгенинерди кылгыла", - деген кебин жүгүнбөй, тартынбай сүйлөп салып, элчилик кызматынан ажыраган, бирок намысынан, абийринен, адамдык, айрыкча, эркектик касиетинен ажыраган эмес!!! Мен ошондо телевизор тиктеп отуруп, өзүм өтпөй калгандай ыза болгом, жер тепкилеп түкүрүнгөм. Катуу сынгам… Салижан абамдын баатырлыгыбы, же тилинин азабынан турмуштан далай ирет сокку жеп көнүп калганбы, айтор, ызасын анча билгизген эмес ошондо…
Ушу жерден, арбагы ыраазы болсун, мен Салижан абамдан кем көрбөгөн, Салижан абама окшоп, биздин парламенттен өтпөй калып ыза тарткан, мен пир туткан, кыргызда сейрек учураган дагы бир улуу адам жөнүндө айта кетким келет.
Ал адам техникалык илимдин доктору, профессор Акматбек Жаманбаев эле. Ошол адам да билим берүү министрлигине парламенттен өтпөй калып, аны тааныган-билгендердин көбү ыза болгонбуз. Доктурларга ишенсек, оорунун көбү адамдын тарткан сарсанаасына байланыштуу болот имиш. Акматбек Сагыновичтин көп өтпөй айыкпас оорудан көз жумганынын себеби да ошол окуя болсо керек деп ойлойм. А балким, сыртынан билгизбегени менен Салижан абам да ичинен сызып, оору менен күрөшчү иммунитетин кескин азайтып алып, арабыздан эрте кетип калдыбы деген ойго кетем.
Эми сөздүн ылайыгы келип калды, көпчүлүк билбесе да, билгендердин түбөлүк урматына ээ болгон Жаманбаев жөнүндө бир кесим сөз. 1969-жылы мен политехтин экинчи курсунда окуп жүргөн кезим. "Институтта кыргызча драмкружок ачылып жатат, катышуучуларды чакырабыз" деген кулактандырууну окуп алып сүйүнүп жетип бардым. Себеби театрды жакшы көрчүмүн. Мектепте драмкружокко катышчумун да. Илибой ролду катыра аткарчумун. Таанышуу чогулушу болду. Проректор Жаманбаевди ошол жерден көрдүм. Ал киши кыргыз маданияты тууралуу көп сүйлөдү. Техникалык илим адамынын улуттук маданият туурасында ушундай терең маанилүү, жеткиликтүү сүйлөгөнүнө таң калып отурдум. Себеби мен ошондо эле кыргыз тилинде басылган китептерди, журналдарды бирин калтырбай окучумун. Жаш болсом да Акматбек агайдын ошол заманда гезит беттерине басылбаган, улутчул сөздөрүнүн төркүнүнө түшүнүп, таң кала ыраазы болуп отурдум. Ал бизге С.Далбаевди жетекчи режиссерубуз катары тааныштырды. Далбаев бизге окшогон эле карапайым, чоңураак баладай ачык мүнөз киши экен. Бизге теңтуштай мамиле кылчу, а киши менен аракты чогуу ичкенибизге көтөрүлүп калчубуз. Биринчи бөтөлкөнү биз алчубуз, кийинкилерин кой десек болбой Сатыбалды агай алчу. Далай конкурстардын лауреаты болуп, көп жылдар биринчиликти эч кимге бербей жүрдүк. Мен жакшы окугандыктан институтту бүтөөр менен ошол жерде мугалим болуп иштеп калдым. Мугалим болуп каада күтүп актерлуктан баш тартсам, Далбаев болбойт тырышып. Менден кыйын артист бар деп жаңы эле окууга өткөн иним Жумадилди ордума берсем да болбой, Далбаев мени өзүнө жардамчы кылып алды. Айласыздан актерлукту таштап, режиссер болуп үч жыл иштедим. Кечке сабак берем, кечинде болсо репетиция жасамай. Жаманбаев чочугансып кээде биздин репетициябызга келип, ал-жайыбызды сурап турчу. Биз айткан кем-карчыбыз эртеси эле күнү чечилчү.
Бир дем алыш күнү институттун актовый залында репетиция өткөрүп жатканбыз. Бир убакта институттун комсомол комитетинин секретары келип алып: " Залды бошоткула, биз репетиция жасайбыз" деп калды. "Бизиңер ким?" десем, бир орусча концерттик группанын атын айтат. Мен тырышып көнбөй койдум. Катчы саясатка такап мени коркута баштады. Мен да колумдан келгенин кылып, кыргызча сөгүнө кеттим. Тигил баштаса эле мушташкым келип, бирок өзүм баштап кол салгандан чочулап турам. Кантсе да бийликтин өкүлү да… Дем алыш күндөрү Жаманбаев сары "Москвичин" айдап жумушка келмей адаты бар болчу. Чуркап барсам, кудай жалгап, кабинетинде отуруптур. Сөздүн чоо-жайын угуп, комсомолду ээрчитип кел деди. Жетелеп бардым. Жаманбаев адатынча какшык аралаштырып катчыны суракка ала баштады. Польшадан бизге маданий кызматташуу алкагында маанилүү коноктор келатканын, алар Москва, Ленинградда болушуп, эми бизге келээрин жана аларды салтанаттуу тосуш максатында концерттик программа даярдаш үчүн ЦК комсомол чечим кабыл алганын божурап, комсомол сөзү бүткүчө ишиң бүттү дегенсип мени менменсине карап коюп жатты.
- Аа, жакшы иш жасап жатыпсынар, - деп сөздү алыстан баштады Жаманбаев. Кокуй, чын эле менин ишим бүтөт турбайбы деп ойлоно баштадым.
- Ал поляктар Москва менен Ленинграддан улуу орус элинин улуу маданияты менен таанышып бүтүп, эми партиябыз башка кичинекей улуттардын улуттук маданиятын кантип көтөрүп жатканын көрөлү деп келатышса керек, туурабы? - деп тигил комсомолду жарга такады.
"Ии, эми жооп берип көрчү" дегенсип табалаган көз караш менен комсомолду "тебелей" баштадым. Ал эле эмес, өзүм жасап жүргөн иштин түпкү саясий маанисин ошол жерден түшүнүп өзүмчө сыймыктана баштадым.
- Кана айтчы, буларды кууп чыгып сен ал поляктарга кыргыздын маданиятынын кайсы түрүн көргөзөйүн деп жатасың? - деген суроо менен Жаманбаев комсомолду "жардан ары" түртө баштады. Комсомол өйдө жакты айтып каршылык көргөзө баштаганда Жаманбаевдин мен мурда угуп көрбөгөн "оор артиллериясынын" үнү чыкты. Ал үн аялдар бар жерде айтылбаган, түшүнбөгөндүн түбүн түшүргөн сөздөр менен коштолуп, тигил өйдө жакты айтып коркуткан комсомолду билген жериңе бар деп кууп чыкты. Жаманбаевдин өйдө жакты уруп ойнобогону мага да жага түштү.
Ар бир спектаклдин генералдык репетициясын да Жаманбаев менен жибектей созулган дагы бир урматтуу проректорубуз Т. Айтмурзаев экөө кабыл алчу. Бир күнү бир спектаклдин генералдык репетициясын өткөрүп жатсак, бир мастын ролун ойногон бала ролго жакшы кире албай кыйналып жатты. Жаманбаев мени кол ирмеп чакырат. Жанына барсам: " Тетиги мастын ролун ойногон бала арак ичеби?"- дейт. Ичет болуш керек дедим жымсалдап. Арак ичпеген киши да студент болмок беле. А киши да түшүндү окшойт, "Ичсе-ичпесе да эртең оюн башталаарга жарым саат калганда 100 грамм ичирип койгулачы" - деди. Эртеси тамашаны көрүп ал. Баягы балабыз мастын ролун аткарбай эле өзүнүн ролун аткарып, залды, көшөгөнүн артында турган бизди да күлдүрүп жатты. Сценарийде жазылбаган, бирок сценада өтүп жаткан окуянын табигый өнүгүшүнө туура келген сөздөр жана кыймыл-аракеттер өзүнөн-өзү пайда болуп, айрым каармандардын кечигип айтылган сөздөрүн толуктап, тээ төртүнчү даражадагы ал мастын ролу спектаклдеги эсте калаарлык орчундуу ролго айланды…
Жаманбаев да Салижан абама окшоп тилин тартчу эмес. Мугалим болуп иштей баштаганда чоң чогулуштарга катышып жүрдүм. Ал кишинин ким экенин ошондо толук түшүндүм. Ар бир чогулушта анын президиумду какатып берген суроолору, чалкан чаккандай таамай айтылган сөздөрү, ошол заманда жаңыдан пайда болуп келаткан жаш кыргыз мугалимдер катмарынын арасында ооздон-оозго өтүп, маашырлана айтылганы адатка айланган эле. Илим боюнча проректор болуп турганда далай кыргызды аспирантурага кезексиз жиберүүгө салымы чоң экенин, ошон үчүн улутчул атыкканын менин жашыма келген политехтин мугалимдери жакшы билишет. Кыскасы, ал заманда Акматбек агай кыргыз жаштарынын кумири болчу. Бирок так ошол бизге кумир болгон кыял-жоругу үчүн ал адам да Салижан абабызга окшоп, турмушунан көп сокку жеди окшойт. Мына мен деле алтымыштан өттүм, көп эле киши менен жолуктум, көп нерсеге түшүндүм, бирок ушул алтымыш жылдык жашоомдо эркинин күчтүүлүгү, сөзүнүн тактыгы, ошол замандагы патриоттук туруму, адамды өзүнө тартып да, багынтып да турган тышкы келбети жана башкаруу маселесиндеги чечкиндүүлүгү, уюштургуч жөндөмү менен мага ошол Жаманбаевдей күчтүү таасир калтырган адам кыргыз элинин ичинде жокко эсе десем да болот. Балким бардыр, бирок, мен жакындан билгендердин ичинде жок дегеним туура го. Менин жеке оюмча, ал киши ошол заманда президенттикке баарынан татыктуу болгонуна карабастан, министрлик кызматка да өтпөй калышы ал кишинин эле эмес, кыргыз элинин трагедиясы деп ойлойм…
Салижан абам жөнүндө кеп салып келатып, Акматбек агайга өтүп кеткенимдин түпкү себеби эмнеде экени түшүнүктүү болду окшойт. Түшүнбөгөндөргө айтаарым: экөө тең бирдей эркек болчу, сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө кыргыздын нукура патриоттору болчу, экөө тең пенделик күнүмдүк кызыкчылык үчүн бийлик астында да, көп нерсени түшүнбөгөн түркөй көпчүлүк астында да жүгүнбөстөн, басынбастан ой-пикирин ачык айткандан коркпогон эр-азаматтар болчу. Мындай адамдардын душманы көп болот, ичи тар, көрө албастардын бутасына айланышат. Мындай адамдар бийликке да жакпасы табигый иш. Ошон үчүн кечээ эле Салижан абамдын байбичеси берген интервьюдан Салижан абамдын Академиянын академигин мындай кой, мүчө-корреспонденттигине эки жолу өтө албай койгонун окуп алып таң калган деле жокмун. Сооп эле болуптур дедим. Салижан абама эмес, аны катарына кошпой койгон мүчөлөнгөн академиктерге. Ар кимдин өз иши. Мен деле, мисалы, мен аты-жөнүн укпаган, эмнени кыйратып академик болуп алганын билбеген далай академиктерди көгөндөп туруп жалгыз Салижан абамдын катарына кошпос элем.
Негизи менин биздин академияга килтейген өчүм бар. 1982-жылы болсо керек, философия илими боюнча кандидат болгум келип, аспирантурага мени алгыла деп академияга барбайымбы темселеп. Барсам, атактуу бир академик кабыл алып, өзүң курулушчу болсоң философиядан айланасыңбы дебесе да, ошол мааниде кеп салып, мени кабинетинен "культурно кууп" чыккан. Мен анда философиядан бир суроо бербей туруп менин философтук келечегимди керкилеп салгандыгы үчүн эле ал кишинин чыныгы академик экенине күмөн санап жолго түшкөм.
Эми Салижан абамдын академик болбой калганы, убагында Владимир Высоцкийдин жазуучулар союзуна мүчө болбой калганындай эле көнүмүш анекдот…
Кайда жүрбөсун, каткыра күлүп жүргөнүн көрүп, көп кем акыл адамдар ал кишини несерьезный адамдай кабыл алышчубу деп да ойлоп кетем. Ал кишидеги бир өзгөчөлүк - бардык нерсеге сын көз менен караган мүнөзүнө таянып, кыргыз элине тиешелүү көп кемчиликтерди тамашага аралаштыра тартынбай айтканы, жазганы үчүн куру намыстын көгөнүнөн бошоно албаган көңдөй патриоттор аны кыргыздын душманы катары күнөөлөгөн учурлары да болсо керек эле. "Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат" дегендей, Салижан абамдын так ошол көз карашы үчүн аны мен кыргыз элинин нукура патриоту катары кабыл алчумун.
Мени ал киши таанычу деле эмес. Ельцин союзду таратканда, бир жагынан сүйүнүп, бир жагынан капаланып, эми этибизди эч кимге бербей өзүбүз жеп, жерибизди эшек менен айдайбыз деп, "Майдан" гезитине кыска макала бергем. "Ой, Табылды, туптуура жазыпсың, берчи колуңду"- деп мени куттуктап, тим эле илгерки достордой болуп, ары өткөн, бери өткөн демократтардан тамеки алып тартып, бир топко чейин бир-бирибизди мактап сүйлөшүп, ошондон кийин жолукканда достордой саламдашып азилдешип жүрдүк.
"Кыргызды бириктире турган бир эле жол бар, кысталак" - деп каткырып калды бир жолу. Ал кандай жол экен деп сурап калсак, "Ой, саяктан президент шайласак эле ошону түшүрөбүз деп жүрүп түндүк-түштүк кантип бириккенин билбей калат" деди. "Эмне үчүн саяктан?" десем, "Кыргыздын отуз процентин саяктар түзөт, жери аз болгону менен эли көп саяктардын, ой, буларың жалаң тоо таянып жүрүп, далай кыргындан аман калган эл" - деп каткырып күлүп жатты. Мен да тамашага салып: "Саяктан президент чыкпайт" десем, "Эмнеге?" дейт. "Эми санжырага таянсак, саяк эли кыргыздын бакма баласы экен, ошон үчүн саяк элине президенттиктен башка жумуштар эле жетишет, президенттик кызматты "таза" кыргыздар, өзүңөргө эле буйрусун, бирок саякты президент кылбай эле, калган кыргыздар биригип, кыргыз үчүн саяк эли кылган кызматты кылсаңар эле болду, президенти жок эле оңолобуз" деп мен каткырам…
Ошентип каткырып эле жүргөн элеси азыр да тирүүдөй көрүнгөн Салижан абам арабызда жок… Жакында бир залкарды узатып Ала-Арча көрүстөнүндө болдум. Мен пир туткан залкардын көбү ошол жакка көчүп алышыптыр. "Залкар эместер деле жүрүшөт төшүн керип. Бу Салижан абам көрүнбөйт го" деп коем. Салижан абам тирүүсүндөгүдөй эле, төшүн кербей эле жөпжөнөкөй, жупуну кебетеси менен көрүстөндүн түп жагында, чоң айылдын четиндеги жалгыз жер тамдай болуп жалгыз тургандай көрүндү мага. Көрүп алып көзүмө жаш тегеренип кетти . Жанымдагы кишиден уялып, ары басып кеттим. Кайра келдим. Экөөбүз учураштык. Жазып жүрөсүңбү деп сурагандай сезилди. "Жок" дедим уялып. Байлар да жазчу беле, байлар башкаларды жалдап жаздырат деп мени какшыктаганы, жакшы жазчу элең, бекер таштадың деп өкүнгөнү эсиме түштү. Экөөбүз үчүн тең тамекини үстөккө-босток жалгыз тартып жаттым…
Мен жаза баштаган күн да келээр, мен ошондо Салижан абамдын ишин колумдан келишинче улантаармын деп төлгө кылып, Салижан абамдын арбагынан мага илхам берегөр деп жардам сурап, аны менен коштоштум.
Салижан абамды көргүңөр келсе, Ала-Арча көрүстөнүнүн борбордук жолу менен түп жагына өтсөңөр эле жолдун оң жагында жалгызсырап досторун күтүп турат… Бул жалган дүйнөдөгү жашоонун түпкү маани-маңызын ошол жерден түшүнөсүң…. "Мен өлгөндөн кийин мени менен тирүүмдө чай ичишпесе да, менин мүрзөмө келген кишинин көзүнөн жаш чыккыдай тирүүмдө маанилүү эмне иш жасадым болду экен" деген суроо туулбай койбойт.
Сөздүн ток этээр жерин айтсак, өлгөн Салижан абам, өлбөй эптеп алтымышка эми араң чыккан Шайлообек Дүйшеев досумдай эле кыргыз элинин уяты, ыйманы жана сыймыгы десем туура болот. Бул макаланы да ошол Шакемдин 60 жылдык мааракесинин эртеси жаздым. Уктабай таң атырдым. "Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" дегендей, Шакемдин чыгармачылык шамалы мени да үйлөп кетти окшойт. Аны акын кылган, бизге белгисиз оор тагдырын теледен көрүп алып Шакемдин өжөрлүгүнө, эмгекчилдигине суктандым. Мен балалыгымды оор турмушта өткөрдүм, жетимчиликтин азабын тарттым деп жүргөм, Шакемдин жашоосун угуп алып, ага караганда мен тимеле бир эмес, эки энеси бар эрке жетим болуп өскөнүмдү түшүндүм. Көрүнгөн жалтактыгынын аркасында көрүнбөгөн тайманбастык, баатырлык жатканына таң калдым.
Одурайган өңү суук кебетесинин аркасында адамдарда сейрек кездешкен жан дүйнөнүн керемет сулуулугу жатканын түшүндүм. "Сулуу болбосом да сулуу кыздарды сүйчүмүн, бирок алар мени сүйчү эмес" деп өкүнөт Шакем. Кокус Шакем сулуу болуп, сулуу кыздар артынан ээрчий баштаган күнү анын акындыгы өчмөк экенин Шакем билет болду бекен. Өлбөстүн күнү түгөнбөгөн жалгыз тамдагы жалгыз кемпир-жалгыз жетимдин жапайы жашоосу, Шакемдин жүрөгүн айыккыс кылып жаралантып салса кере. Башы оорубаган кудай менен иши жок дегендей, ошол оор турмушту башынан кечиргени үчүн, далай азапка жаш жүрөгү айыкпастай жараланып эзилгени үчүн, элдин башына келген кыйынчылык анын жаралуу жүрөгүнө бир тийгенде, Шакемди безгектей секиртип, окуганды онтоткон ырлары солк эткен тоодон кулаган шагыраган таштардай эле чыдамкай кагазга өзү эле тизилип жатса керек…
Шакем менен деле бир эле жолу чай ичиштим. 8-кичи райондо сейилдеп жүрүп ээн талаадан жолуккандай жолугуп калдым. "Оо, кайдан Шаке?" дедим. "Үйүм ушул жерде" дейт. "Мен да ушул жерде жашайм" дедим. Сурашсак кошуна кабат үйлөрдө жашайт экенбиз. "Жүр үйгө, эт жейбиз" дедим. Келсек келинчегим таарынат, "Конок келет деп койбойсузбу, ушундай атактуу кишини чакыргандан кийин" дейт мага шыбырап. "Эмне, бүгүн эт салган жоксуңбу?" дедим. "Эт эле болмок беле" дейт. "Суу берсең да пейлиң менен бер, Шакем таарынбайт" деп бакылдап койдум. Шакем да мени колдоду. Тайдын эзиле бышкан этин жеп кобурашып отурдук. Баягы эле армандуу саясат жөнүндө. Саясатты жүрөгү менен кабыл алаарын, жүрөгү менен жыйынтык чыгараарын, арманы көп экенин түшүнүп, Шакемди дагы ого бетер жакшы көрүп калдым. Шакем анча ачылып сүйлөбөгөн, жабык, момун, ашыкча маданияттуу кишидей таасир калтырган анда…
Ошондо бир иттик кылганымды азыр түшүндүм. Ичпеген жаным Шакеме арак куйбапмын. Шкафта арактын түрлөрү мени ким ичет деп толуп эле турган. Шакем кичине арак ичип алса, азыр окуп мен таң калган көп өнөрүн көргөзмөк экен атаңкөрү! Шакем эми ичпей калыптыр. Анын арак экөө кошулгандагы өнөрлөрүн Нуралыдан угуп алып, өкүнүп калдым.
Кошуна катары такай чай ичишип турмай болуп убадалаштык. Бирок экөөбүз тең оозубуз менен орок оргон нукура кыргыз экенбиз, бир да жолу чай ичишкен жокпуз. Шакем мага кеңешпей эле үйүн сатып, жер үйүнө көчүп кеткенин кийин уктум. Телефондун тезегин кургатпай сүйлөшүп, армандашып калып жүрдүк саясат сайгылай баштаган мезгилдерде.
Жарым жылча мурун, "эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт" болуп, Шакем мага шашылыш телефон чалып: "Бир элдик партия түзсөк, кошуласыңбы?" дейт. "Эмне, Шаке, партия аздык кылып жатабы, бар партиялардын эле бирөөн колдобойлубу?" десем, "Жо-ок, Табыке, биздин партия элдин гана таламын талашат, бийликке такыр умтулбайт" деп телефондон боорду эзет Шакем. "Бийлигиң жок кантип элдин таламын талашасың?" десем, "Биз жөн эле элдин мүдөөсүн бийликке жеткирип турабыз" дейт. "Шаке,- дедим, - бийликтин чын эле угаар кулагы болсо, элдин мүдөөсүн сенин ырларың жеткиргендей бир да партия жеткире албайт жана бул аңызда сен жасаган жумушту бир да партия жасай албайт, партиялар күнүмдүк, сен түбөлүксүң. Сенин ишиң - ыр жазыш, менин ишим - бизнес кылыш, ар ким өз ордун тапкан заманда гана кыргыз эли оңолот, таарынба мага, партияңды колдобойм" деп Шакемдин демин сууттум окшойт….
Шакем акыл жеткис, ойго келбес феномен экенин анын юбилейине арналган "Жаңы Кыргызстан маданиятынын" атайын чыгарылышынан түшүндүм. Мындай макоо адам болот деп ким ойлоптур? Айылда негизи такыр эле эчтекеге жарабаган жалкоолордун баспай калганы шоопурлуктун окуусун бүтүргөнгө жарайт. Шакем ага да жарабаптыр. Математикадан топтоголок нөл экен. Акча санаганды деле билбесе керек. Армия илибой келесооңо орус тилин үйрөтөт. Шакем армияда жүрүп "Дуй, Дуйшеев!" деген сөздү укканда эле буту-бутуна тийбей чуркаганда, артынан чаң эле чыгып калчу экен. Ошол өнөрү үчүн жиндилерден токмок жебей, тили бузулбай, Ат-Башыга аман-эсен келсе керек.
Телефондон орусча сүйлөшсө сөзү түгөнүп калганын окуп, түшүнбөй, ал эмнеси деп Нуралыга чалсам, "Здравствуй, как дела, хорошо, нормально" дегенден кийин эле орусча сөздөрү түгөнүп калып атпайбы"деп боорду эзди. Университетте деле староста катары бир да жолу экзамен бербептир Шакем. Кыскасы билим деле албаптыр. Тагыраак айтсак, табигый талантын бузбаптыр десек да болот. Болгон билими - "Манас", "Манас" жана "Манас", анан калган кыргыз акындары, жазуучулары жана кыргызча которулган Пушкин-сушкиндер болсо керек. Ошентип, Шакемдин башына жаш чагынан шыгырап, кат-кат болуп жалаң кыргыз сөздөрү толуп калып, калган бөтөн элдин сөздөрү шыкасаң да кирбегенин кантип түшүндүрсөк болот. Бул, түшүндүрүүгө илимдин да күчү келбеген феноменби же Шакемдин таза талантын кызганып, ага башка тилди жолотпой жүргөн Ээси барбы? Эмне болсо да Шакем миң жылдык кебетеси да, ички дүйнөсү да, мүнөзү да илгеркидей, бузулбай сакталып калган, музейде сакталчу таза кыргыз. Самородок деген алтын болот. Анын да Шакеме окшоп кебетеси суук болот. Андай самородоктор табиятта жер астында эбегейсиз чоң чыңалуу же кыргызча айтсак, кыйналуу, жанчылуу болгон жерде пайда болот деп жүрүшөт окумуштуулар. Самородок алтын сүрүлгөн сайын жалтылдагандай, Шакем да кыргыз улутунун самородогу. Ошон үчүн Шакемди турмуш кыйнаган сайын жалтылдап көркүнө келет. Шакем кыйналчу жерди кыйналбай эле таап алат биздин турмушта. Шакемдин тагдыры кыргыз элинин келечеги чоң экенинен кабар берет. Эчтеке колунан келбеген, Шакеме окшогон макоо кыргыз деле бир багытты тандап алып, ошол багытта Шакемдей өжөрлүк менен чарчабай-чаалыкпай эмгек кылса, биз бат эле гениалдуу элге айланабыз, тигил еврейлериң шоона эшпей калышат. Кеп эмгекте-ее-е, эмгекте, тууганда-а-ар.
Ошентип, урматтуу окурман, жүрөктөгү бир жакшы адам ойго түшсө, аны жалгызсыратпай калгандары кошо түшөөрү табигый көрүнүш, ошон үчүн оюм мага кандай келсе, ошол иретте чаржайыт кагазка түшүрдүм. Менде деле, Шакеме окшоп, атайын билим жок. Бирдеңке жаза баштасам эле калемим оозу катуу атка окшоп ала качып, жолдон чыгып кетмей адаты бар. Аттын чуркаганына кызыгып калемдин жүгөнүн бош койсом, анын жолу жок, кызык жерлер менен жүгүргөн жоргосу жагат мага. Оюмда Салижан абам жөнүндө эле жазмакмын, бирок беркил экөө Салижан абамдын образын жалгызсыратпай, толуктап тургандай көрүнөт мага.
Эми эмне дейин, эртелеп өтүп кеткен экөөнүн калган өмүрүн да, бүтүрбөй калган иштерин бүтүрүү милдетин да Шакеме берсин деп кудайдан тилейли. Эгер ал жүк Шакеме оордук кыла баштаса, анча-мынчасын көтөргөнгө мен деле даяр болуп бышып калдым окшойт…


Турдакун Усубалиев аксакал кызматтан түшкөндө, Т.Усубалиевдин тушунда мартабасы көтөрүлгөн, атак-даңкка жетишкен айрым акын-жазуучу, сынчылар да Т.Усубалиевден биз да далай кордук көргөнбүз дегендей кыязда жанын жеп, жаңы бийликтин ишенимине кирүү далбасасын жасап жатышкан учур эле.
Бир күнү Илимдер Академиясындагы чоң жыйында сынчы Кеңешбек Асаналиев сөз алып сүйлөп жатып: "Турдакун Усубалиев мени да нечен жыл куугунтуктап, кубалап жүрбөдүбү" деп көзүн ирмебей жалган айтып жатканын угуп олтурган Салижан Жигитовдун жаны кашайып: "Ээ, айланайын Кеңешбек Асаналиевич, сиз Турдакун Усубалиевичтен качып жүрүп, мени кууп жүрдүңүзбү?" деп суроо салган экен.
Көрсө К.Асаналиев С.Жигитовдун басма планына кирген кайсы бир китебин каралаган жабык рецензия жазып, Борбордук Комитетке жөнөтүп жиберген экен, натыйжада Салижан акенин ошол китеби жарыкка чыкпай калыптыр...



Кыргызстанда чыныгы бизнесмендер кимдер?
Салижан акеден "Кыргызстанда чыныгы бизнесмендер деп кимдерди атаар элеңиз?" деп сурашканда дайыма эки адамдын - Таабалды Эгембердиевдин жана Аскар Салымбековдун аттарын айтчу экен. "Таабалды Кыргызстанга эгемендик жаңы келген жылдары КДКнын катарында жөө - жалаңдап жүрдү, тилинен да, колунан да иш келе турган мыкты саясатчы, өткүр публицист калемгер экенин көрсөттү, демократияны түптөөдө эмгек сиңирди, эркин замандын орноп, жашап кетээрине жеке салымын аянбай кошту. Бул бир. Экинчиден, анын кантип бизнес түптөгөнүн элдин баары билет. Ал башкаларчылап мамлекеттен кредит алып, акча уурдап, бир нерсени арзан алып, кымбат сатып, ошондон бизнес улап кеткен жок, ак эмгеги, маңдай тери менен бутуна турду. Кыргыздын улуттук суусундугун даңазалап, эски "Москвичин" минип алып эки фляга максым менен Ош базардан баштаган бизнесин эл аралык деңгээлге чыгарды, цивилизациялуу өндүрүшкө айлантты, ошонун аркасы менен адал байыды. Андыктан алганы аш болсун! Аскар Салымбеков болсо завод-фабриканын баары талкаланып, караламан калк ишсиз каңкайып көчөдө калганда, базар уюштуруп, Кытайдан товар ташыттырып, биягы Өзбекстан, Казакстан, тыягы Россияга чейин товар саттырып, элге иш таап берди, оокат кылып жанын бакканга жол ачты, баарынан да карайлап алапайын таппай калган кыргызга эртеңки күнгө үмүт, жашоого ишеним берди. Бүгүнкү күндө айтылуу "Дордой" кыргыз гана эмес, бүтүндөй КМШ кыйырларында жашаган элдин баарына таанымал. Андыктан алганы аш болсун!" деп чын дилинен алкышын айтып калаар эле.