Кеңеш Жусупов
Акыл дарыгери

Нуралы Капаровдун эскерүүсүнөн...
Кез-кез ашказаны гана ноокастай калып дарыланганы болбосо, эртең мененкисин чуркап, көнүгүү жасап, качан жолукпайын Салижан аке тың, чыйрак жүргөн. "Манас" кыргыз-түрк университетине флюрография келип, студенттерди, окутуучуларды медициналык кароодон өткөрөт. Өпкөсүндө кара так бар экени ошондо билинип, бар балакеттин баарын ошондон башталат...
Адеп сырдаш, жакын кишилеринен айрымдарыбыз эле билбесек, көбү билчү эмес. Түркияга барып текшерилип келгенден кийин: "Өпкөдөгү шишик злокачественный эмес экен. Бирок көп кечиктирбей операция жасатып алдырып сал деди" деп, анча коркунучтуу эмес экенин билгенден кийин сүйүнгөнүнөн ачыкка чыгарып жиберди. Ар ким, ар кандай акыл-кеңешин айткандай болуп жүрүштү. Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агабыз: "Салижан, өпкөңдөгү шишикке бычактын мизин тийгизе көрбө, тим кой, козгобо" деп эки-үч ирет менин көзүмчө айтты. Салижан аке деле ошондой ойдо болчу. Өзү да операциядан качканын, бир жылга чукул элдик медициналык ыкма менен тымызын дарыланып, куландан соо жүргөн. Анан эле бир күнү оозуна кан келип жатат деп өзүбүздүн эле Бишкектин врачтарына операция жасатып жиберишиптир... Кийин-кийин операциядан көпкө оңоло албай жүрүп, оңолгондон кийин: "Операцияга бекер макул болуптурмун, Нуралы. Жанагы мен дарыланган элдик медициналык ыкмада оозума кан келгени шишиктин тамырлары жарылып айыга баштагандын белгиси экен. Ошол жерин байкабай калыптырмын. Кийин ал ыкманы аягына чейин кунт коюп окуп жатып, ошол жерин таап алып аябай арманда калбадымбы" деп сыр кылып айткан эле"...


Жетиктик
Эстесем, Салижанды билгениме элүү жылдын чамасы экен. Мектепти бүтүргөн соң университетке тапшырганы шаарга алгач келгенбиз. Бишкек калаасында Ж.Бөкөнбаев атындагы китепканада айылдаштар жолукчубуз. Бир жолу китепканада акындар менен жолугушуу өттү. Шаардагы мектепти жаңыдан бүтүп жаткан чепилдеген баланын талтөөндөй зирек ойлоруна, сынына, билим дареметине көңүлүм толгон. Аны кийин сурамжыласам жаш сынчы Салижан Жигитов экен.
Бир-эки жыл өткөндөн кийин Салижан менен университетте дайыма көрүшүп жүрдүк. Анын сөзүн укканга куштар болгондор көп эле. Ошо береги өзүнө тарткан өктөмдүгүн өмүр бою жоготподу.
Элүүнчү жылдары студенттер менен Ошко пахта тергени поездде баратабыз. С.Жигитов вагондон чыкпай эки-үч күн бою бир китепти тигиле окуп, кээде өзүнчө эле каткырып, жыргап баратты. Поезд токтогондо анын окуган китебине кызыктым. Франсуа Рабленин "Гаргантюа Пантагрюэль" деген орусча китеби экен. Мен андай жазуучуну билбейт элем. Француз жазуучусунун ошол чыгармасын кийин-кийин гана китепканадан таап окуп чыктым. Салижан биздин муундун ичинен дүйнөлүк адабиятты эрте окуган, интеллектуалдуу, жетик ой жүргүзгөн таланттуу курбу эле. Идиректүү таанымал сынчы болуп, университеттин адабий ийриминде, жолугушууларда талбай, таасын сүйлөп, жаш жазуучулардын китептерине басма сөздө улам сын жазып, студент курагынан кыргыз жазуучуларынын майданына дароо аралашты.
Жазуучу У.Абдукаимовдун "Майдан" романын талкуулоодо, Ч.Айтматовдун "Жамийла" повестинин конференциясында С.Жигитовдун калемдештеринен айырмаланып көптү түшүнгөнүнө, чындык үчүн күрөшкөнүнө, күлгүн курагыбыздын шыктуу өкүлү болгонуна биз чындап сыймыктанар элек.
Ошентип, кыргыз адабиятына 60-жылдары кошулган муун катары Салижан менен калемдеш, замандаш жана баардаш болуп калдык.

Аздек
Кыргыздар эзелтен сөзгө бай, аны ыйык туткан, Кыдыр даарыган эл. Байыртан калк ичинде нуска сөздү аздектеген нечен мыкты залкарлар, таланттар жашап өттү. Ошонун бири Салижан Жигитов, мүрөктөй тунук сөздүн шаанисин ачкан жубар бермет шуру түзгөн чебердин чебери эле.
Кыргыз тилине жыйырмадан ашык жаңы сөздү таптым, байкалбай эле калайык урунуп кетти дегени эсимде.
Ал тунук ойго маш, асыл идеяга бай адам болгон. Капилеттен сөз тапкан, учкул кыял эле. Ар бир сөзүндө, ой жүргүзүүсүндө жаңылык ачып сүйлөчү, аны укканда көзүңачыла түшөр эле.
С.Жигитов ырды да, макаланы да, аңгеме, повесттерин да кемелине келтирип, кыйналып-кысталбай эркин жазчу. Ал чечен, мыкты ооз еки аңгемечи болгон. Кээде али жаза элек чыгармаларын, аңгемесиби же повести болобу, окуясын төкпөй-чачпай, өзү да каткырып, башкалардын да боору катканча күлдүрүп толук айтаар эле. А эмнеге кагазга түшүрбөйсүң десек, андайлар менде толуп жатат, эң мыктысын кагазга түшүргөнгө убактым жетпей атпайбы деп кутулчу.
С.Жигитов көркөм чыгарманы сейрек жазды: анын "Элегиясы" тирүүлүктүн муңдуу арманы, кыргыз поэзиясынын үлгүсү болуп бааланып калды. Жазуучунун шакаба аңгеме, повесттерин жыргап, кыткылыктап күлүп окуйсуң. Биздин адабият менен маданияттын алкагында опур-топур көп болгон менен Салижандай сөз илебинен окурмандын жүрөгүнө шам жаккан чеберлер, устаттар сейректир. Ал кыргыз тили деп апыраңдабай эле жакшы макала, ыр, повесть жазып, улуттук тилди, намысты аздектеген күрөшкер экенин көрсөтчү.
Ал маектеринде, кайым айтыштарында учкул ойлорун, ыймандай сырын кимге болсун жалтактабай бетке айта алды. С.Жигитов - кыргыз рухий дүйнөсүнүн кардиограммасы, абийир таразасы. Кысыр сөздү жактырбаган, заманыбыздын чечени, сынчысы, шакабачысы жана тарбиячысы эле.
С.Жигитовдун сөзү уу да, дары да эле. Уусу- жаманга жалын, дарылыгы - жакшыга эм, дем эле.
Өмүр бою сөз аздектегенди эли кантип сүйбөсүн!?

Коңгуроо
Күндөрдүн бир күнүндө, Түкөбүзгө (Т.Сыдыкбеков) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наам ыйгарылган күндө, Сакем экөөбүз устатты куттуктаганы жөнөп калдык, ал түрктүн байына окшоп "шыпылдай басып" алдыда, мен белек-бечкекти көтөрүп ээрчишип баратабыз. Жолдо, "Эми Түкөнүн үйүндө эл бапырап батпай калгандыр" деп жазганган элек. Барсак, залкардын короосу, эки кабат үйү жымжырт, ээн. Бир гана юрист жээни бар экен, эки баласы, болгону ушу. Кезегинде Түкөм жетелеп жүргөн, жакшылыгын көргөн баягы адабияттын "торпоктору" да жок.
Биз залкар жазуучунун үйүнө түштө бардык эле бабырашып отуруп кеч кайттык. Жолдо далайга үн катпай келаткан Салижан бугу чыгып кеттиби, жерге түкүрүп-түкүрүп, залкар жазуучуну замандаштары баалабаганыбызга жаны ачыды. Андайда Салижан сөздү сөөккө жеткире айтар эле. Көпкө дейре басылбай, талант, устат, шакирт, салт, намыс, патриоттук жана кыргыздардын кылык-жоругун бакылдай берди.
Бул жолугушууну Сакем далай эскерер эле. Салижан Жигитов да Түкөмдөн кем калбаган күрөшкер, патриот эле.
Рухий байлыгы таза, мол С.Жигитов академиядабы, энциклопедиядабы, элчилигиндеби, илимий окуу жайдабы, кайда болсун, иштин майын чыгарар эле. Анын Кыргыз Совет энциклопедиясын жаңыдан чыгаруудагы атуулдук эмгеги баа жеткис. Окумуштуу-энциклопедист катары да ысмы түбөлүккө өчпөй калды. Окумуштуунун кеңири ой жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүн, маектерин кудум көркөм чыгармадай ынанып, суктанып шыдыр окуйсуң.
Ал чындыкты айткан, жамы элди ойготкон жана жол көрсөткөн жөнөкөй, дүнүйөкапар адам болчу: жеке өмүрүндө таза жашоону, көз карашында тунук ойчулдугун тирүүлөргө көрсөттү; абайласак, айылда туулуп-өссө да, элеттик, трайбалисттик шаан-шөкөт, күлпөт курбаган, уюшмага аралашпаган, ой жүргүзүүсү бийик, дүйнөлүк интеллектуалдардан калышпаган рухий кудурети, маданияты күчтүү аалым эле.
Кыраакы киши азыркы бейпай доордогу кыргыздардын рухий, зээн запкысынан кантип кутулуунун өзгөчө үлгүсүн, сабагын айта алды. Анын чаңырган коңгуроосун уктукпу, сездикпи биз?
Акылдан ой курган С.Жигитовду жакшы көрбөгөн кыргыз жок чыгар. Анын досу көп болчу, а душманы жок дээр элем. Эмне үчүн десең, "душман мага окшогон кыйык киши болуш керек, кыргызда андайлар табылбайт" деп шакаба чегип коер эле.

Рух асылы
Ал турган турпаты менен пенделик бийик деңгээлге, өзүнүн кара эмгегине таянып, рухий шатынын ар баскычын өжөрлөнүп, улам өөдө чыгып отуруп, акыры туу чокусуна жетти.
Доордон эрте туулган сергек, жапакечти Теңирим биздин доорго атайы жиберсе керек. Байыртан бери ар бир доорго кыргыздарга улуу инсандар жаралып турган. Аларды элибиз пир, шер, каган, акын, бакшы, чечен, олуя ж.б. аташкан. Кыргыздар андай айкөл, бакубат өмүр сүргөн шааларын учурунда баалабай, урматтабай, сөзүн таназар албай кайдыгерлик жасаганы да чындык. Акыры алардын артында артыкбаш дүнүйөсү, байкер жашоосу эмес, көөнөрбөс эмгеги, накыл сөзү гана калат тура.
С.Жигитов дээринен сезимтал, зирек өскөн, өзүн-өзү чыйрак тарбиялаган, өмүрүн куру кыялга жетектетпеген, тилек-максаттарын алыска мелжеген, чаалыкпас эмгекчил, акылгөй жана жашоого кайраткер жан болгон. Адам катары ал коркоктуктан, азгырыктардан эрте кутулган. Ага акча, наам, даңк кеп эмес эле, алардын артынан сая кууган жок.
Салижандай жашап, иштеп, ойлоп жана күрөшүп өткөнгө биздин чама-чаркыбыз, кудуретибиз жетер бекен?! Бүгүн эле Салижандай жашап, акын, жазуучу болом деп обу жок шымалангандарга ишенбейм.
Жеринен ниеттеш болбой туруп, эми эле Салижандай ойчул болуп кетем, көптү айта аламын, мен андан кем бекем?! деп озунгандарга ишенбейм.
Буга дейре кайдыгер жүрүп, эми Салижандай күрөшчүмүн, патриотмун дегендерге ишенбейм.
Анткени, Салижандай болом деген адам бир күндө, бир жылда, беш жылда боло койбойт, балагаттан тартып көз жумганга чейин, өмүр бою өзүн тарбиялаган, чаалыкпай изденген, эргип-өсүп отуруп, доорго, элине ак жүрөк, акыл кеменгери, көпчүл жана элин сүйгөн рухий дарыгер болуш керек.

Жоктоо
Ысыккөлдөн кайгылуу кабар угуп, Салижандын зыйнатына турам деп, эсилкайранды жолдо катар жоктоп келдим, өксүгүр дүнүйө.
Салижан десе, азил сөзүн эстеп алып шаттыкка маашырканып калар элек, а бүгүнкү күндө бейиши болгурду "кайраным" деп жоктоп муңканып, кабыргабыз кайышып турат.
Салижан Жигитов деген адамдын гүлү эмес беле...
...Акыркы күндөрү өмүр кыскалыгын туйганбы, дартка дабаа жоктугун сезгенби, айтор бейтап Сакем али жазыла элек эмгектерин санап, маектерин берип, үн жазгычка элеттеги эскерүүсүн калтыргысы келген.
Бу алакчы дүнүйөгө Адам болуп жаралган соң, тирүүлүктүн вазийпасы оор жүк болгон соң, Салижан Жигитов башына түшкөн түйшүктүн баарын эрдик менен жеңе алды: ачкачылыкты, жетимчиликти, жалгыздыкты, жалкоолукту, кайдыгерликти, караңгылыкты, өзүмчүлдүктү, дартты... Акыры шум өлүмдү жеңе албады. Буга Будда да, Христос да, Мукамбет да, Сократ да, Конфуций да, Салижан да алсыз экен. Жараткан Теңир улууну да, кичүүнү да, ханды да, кайырчыны да келме кезекте теңеп коюптур.
Аттиң, анын көп ою, чыгармасы, арманы али да айтылбай, өтөсүнө чыкпай, жазылбай ичте кетти.
Буга чейин батышчылар Сократ айткандай, чыгышчылар Кунфу айткандай деп ооздорунан түшүрүшпөгөн сыңары, эми биз Салижан айткандай деп какшанып калабыз.
XX-XXI кылымда кыргыз маданиятына, илимине жана рухий дүйнөсүнө адил эмгектенген далай залкарлардын бир даары көзү тирүүсүндө бийликтен сый-урмат көрбөй, татыктуу наам, илимий даража ыйгарылбай а дүйнө кетишти. Ошонун бири Салижан Жигитов. Эми ага окшогон адамдарга алтын медаль эмес, алтындан эстелик койсоңда аздык кылат. Ата, алар көзү тирүүсүндө эмгегинин үзүрүн көрсө, канчалык канимет болор эле. Наам, даража албай калган алардын кемчилиги эмес, доордун, анан калса биздин кейиш, биздин кемчилик, биздин түркөйлүгүбүз.
Не дейли. Тирүүлүк - биздин олжобуз. Бизди таштап тиги чын дүйнөгө эрксиз кеткен берендин сөздөрүн, жоругун, күлкүсүн, шакабасын эстеп жүрөрбүз. Эмгегин кайра-кайра окуйбуз. Тукулжурап турарбыз. Кыргызда келечекте кайран Салижандай талант, кунарлуу булбул чыкса экен деп тилейбиз!..

Үч келме
... Ал мени селт эттирип капыстан шак ойготуп жиберди. Караңгы жети түн экен.
Тобо, Салижандын күңүрт элесин сезип турдум.
Анан, ал мени мурда деле ойготуп жүргөн турбайбы деген ой келди.
Ал мени ойлонбой эле шатыра-шатман бейкапар жашап жүргөнүмдө деле ойготуп жүргөн турбайбы дедим дагы.
Мен аны учурунда туйбапмын да, түшүнбөпмүн да. Аттиң, ойгонгон эмес экенмин.
Ал мага: уктаба, жалкоолонбо, кекиртегиңди тый, ойлон, иште, ойгон! деп капаланчу тура.
Илгертен бери кыргыздын акыл устаттары баарыбызды ушинетип ойготкон! Салижанга ынандым да, чын эле качанга чейин уктай берем деп намысыма келип, ардандым. Ал кара башынын жыргалын ойлонгон жок. Ага капа болгон жок. Башкаларга капа болгон тура.
Ал бизди ойготкон тура.
Ал улуттун азыркы абалы, рух, духу, аны тазалоо, келечекте сактоо жөнүндө капаланган, ойлонгон тура.
Анын оюнда эч бир карасы жок эле. Ал ичине эч бир жаман сөз, бечел ой жымырып катпады. Акыл, ой дарбазасы ачык болчу.
Ал артынан зор бапыраган байлык, мүлк, аксарай, банк таштаган жок. Аны табууга акыл кудурети жетет эле.
Ал артына тунук сөздү, акылды ак кагазга таштады. Ал улуттун акыл казынасына аманат таштады.
Ал бизге акыл килемин алдыбызга жайып таштады. Биз сулуулуктун, акылдын, чакырык нускоонун үстүндө отурабыз. Аны сезип, асырап, баалай алганга шаабыз, акылыбыз жетээр бекен!
* * *
Рух, дух өлбөйт дешет. Акыл да жоголбойт, өчпөйт дешет. Кыргыздын рух, духун байыртан изилдеп, асырап, жыйнап, жаңылап , ардактагандар кыйла эле болгон. Түбөлүктүү түйүнү чечилбеген суроолор көп. А бирок, жандырмагын тапкандар бар.
ХХ кылымда кыргыз рухун көтөргөн далай дааналар чыкты. Алар бизге ыймандай сырын ачык айтып, жеке өмүрдү кантип жашап өтүү керектигин, атуул, адам кандай болуу керектигин чечмелеп жашоо формуласын таштап кетишкен. Ар биринин өзүнчө өмүр баяны, ажары, нускоосу, акылы бар.
Салижан Жигитов кыргыздын мөл тунук сөзү менен Акылдын эстелигин куруп, тургузуп кетти. Анын чыгармасын окуган эси бар кыргыз: "Мобул улуу сөз, акыл эстелигин курган, коңгуроо кагып турган Жигитов деген акыл дарыгери ушу турбайбы " деп, "Эми эмне кылуу керек?" деген суроого жооп таап берген улууга секин таазим этээр.
* * *
Өмүр - булак.
Өмүр - чагылган.
Өмүр - аккан суу.
Өмүр - осуят.
Өмүр - акыл.
Ушуну Салижан чечмелегендей, ойлонгондой, мээнеттенгендей, жашагандай башыбыздан кечире алар бекенбиз?!
Анын асыл сөздөрүн бир капка жыйнап, жонубузга көтөрүп, туу белге чыгалы. Бул Сизифтин жүгү, мээнети, сабагы эмес. Бул Салижан Жигитовдун жүгү, мээнети, сабагы. Ал кыргыздын акыл жүгү. Аны көтөрүп жүрүүдөн Кудайым, Теңирим чарчатпасын, тажатпасын, аны чечүүгө, марага жеткирүүгө кубат берсин!