Сур эчкинин каргышын унуткан жоксуңарбы?

Кыргызстанга аңчылык керекпи?
Аңчы болгуң келсе...
Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы аңчылык боюнча Мамагенттигинин начальниги Жээналы уулу Алмаз мырзанын айтымында биздин өлкөдөгү жергиликтүү аңчылар да, тыштан келип жатышкан конок аңчылар да көбүнесе жапайы текеге, кийике аңчылык кылышат. Дегеле Кыргызстанда аңчылык кылууну каалагандар алдын ала атайын уруксат берчү тартип процедураларынан өтүүгө тийиш. Аңчылык Департаментине адегенде мүчө болуу керек, бул үчүн кирээр акысы 250 сом, мындан тышкары жыл сайын 50 сомдон мүчөлүк акы төлөп туруу талап кылынат. Ушундай эле мүчөлүктү мергенчилер коомдоруна кирип алса да болот.
Аңчылык кылууну каалагандарга албетте жакшы мылтык керек. "Интер-КОРС" ЖЧКнын генералдык директору Виктор Ярцевдин айтымында мергенчилик кыла турган мылтыктын орточо баасы 18 миңден 80 миңге чейин. Кыргызстандын мергенчилеринин арасында эң популярдуу болгон мылтык -бул СКС (наркы 18 миң сом) жана "Вепрь" (28 -44 миң сом) мылтыктары.
Кыргызстанда аңчылык бизнеси менен шугулданган 94 фирма иштейт, алардын 8 гана мамлекеттик, калгандары жеке менчик фирмалар жана ар биринин аңчылык кыла турган территориялары бар.Бул фирмалардын теңи (40) Ат-Башы районун территориясында жайгашкан.


Аңчылыктын маалы
Күзүндө жана кышында. Айтылуу аркар-кулжага, тоо текеге, кашкулакка, көгүчкөнгө, уларга, жапайы каманга, фазанга болгон аңчылык мына ушул маалда күч алат. Жазында болсо аңчылыкка жалаң сууда сүзгөн куштарга гана уруксат берилет.


Кимге канча атканга уруксат?
Тоо текени аткан жергиликтүү мергенчилерге,б.а. Кыргызстандын жарандарына бир жылга 1200 башка, ал эми чет мамлекеттик мергенчилерге 450 башка уруксат берилген. Мындан бир аз жылдар мурда атылган теке үчүн казынага кыргыз мергенчилери 55 сом, чет элдиктер 100 доллар төлөшсө, азыркы учурда чет элдиктер үчүн бул 1000 долларга чейин көтөрүлөөрү күтүлүүдө. Баса, Марко Поло аркарын атканга кыргызстандык мергенчилерге уруксат жок. Азыркы учурда Кыргызстанда 11-13 миң баш аркар-кулжа,45 миң баш текенин тукуму бар дешүүдө адистер. Кыргыздардын өзүлөрү негизинен суур, теке сыяктуу жаныбарларга аңчылык кылышат.


Чет мамлекеттик аңчы мырзалар эмнеге кызыгат?
Булар негизинен Кыргызстандын Нарын,Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынын деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктиктеги аймактарында аңчылык кылышат. Алар негизинен Чехиянын, Германиянын, Мексиканын, Италиянын, Испания, Америка, Канада, Россиянын жарандары. Бул мырзаларды Кыргызстандын жапайы жаныбарлары гана эмес, таза абасы, кооз жаратылышы кызыктырат. Мамлекеттин казынасын толтуруп тургандар да ушулар. КРнын Жогорку Кеңешинин кабыл алганы турган жаңы мыйзамына ылайык мындан ары бир баш аркар-кулжа аткан чет элдиктен 7000, теке үчүн 1000, кийик үчүн 400 АКШ доллары алынат.
Туризм боюнча эксперт-аналитик, Манас университетинин окутуучусу Бакыт Турдумамбетовдун айтымында, аркар-кулжа Кыргызстандын Кызыл Китебине кийирилген жана аларга аңчылык кылууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бирок ошого карабай мамлекеттик структуралар өзүлөрү буга уруксат берип мыйзамды бузушууда.


Мамлекеттин аңчылык бизнестен тапкан пайдасы канча?
Бул боюнча чынында иреттүү бир эсеп-кысап жүргүзгөн эч ким жок. Алынган маалыматтарга таянсак, жыл сайын аркар атууга 60тан 100 гө чейин лицензия берилет. Акыркы маалыматтар боюнча бир лицензиянын баасы 15 миң АКШ долларын түзөт. Ошондо кыргыз мамлекети бир гана аркардан жылына 900 миңден 1,5 миллион долларга чейин пайда табат экен. Ал эми кийик ж.б. жаныбарларды буга кошсок, анда мамлекеттин казынасына түшкөн акчанын суммасы 2-3 миллион долларга чаап кетет.

Бирок, чынында эле ошондойбу. Аны бир Кудай билбесе, эч ким билбейт.
Ушул жерден атын атоону каалабаган бирок мергенчилик менен жан баккан бир окурманыбыздын пикирин келтире кетүүнү туура таптык:
- Бизге аркар атканга тыюу салынган, бирок мындай бакыт чет өлкөлүк мырзаларга берилген. Алар мамлекеттин казынасын толтуруп атат имиш.Бул карандай калп. Эмне үчүн? Мен түшүнүүмдүн жетишинче айта кетейин.Азыркыдай чет мамлекеттик аңчылыкты Кыргызстанда биротоло эле токтотуп койсо болот.Бул жерде уюшкан мафиянын баарын чоңдордун колдоосу менен жасап жатышат. Маселен, аймакта чет элдик мырзалар аңчылык кылып жатканда бизди экинчи сорттогу адамдардай ал жакка кийирбейт. Албетте биз чет элдиктерге караганда аз акча төлөйбүз, чет элдиктердин акчасын жалаң эле чоңдор алып туйтунуп атышат. Булар үчүн Кыргызстандын жаратылышы, айбанат дүйнөсү тыйынчалыкка турбайт. Ошондуктан чет элдиктер үчүн атайын, өзгөчө шарттарды түзүп беришкен.Бул жерде Кыргызстандын жараны катары менин укугум өз жеримде тебеленип жатат. Браконьерлер менен күрөшүп жатабыз, баланча кишини кармадык тиги бу деген жөн эле алдамчылык.Алынган акчалар чыныгы мамлекеттин же аңчылык чарбасынын ишин оңдоого кетип атса бир жөн эле. Андай болбой жатпайбы?Чоңдорго "отметка" бербеген шордууларды кармап, чоң кылымышкер катары көрсөтүп атышат, ушул кантип болсун?
Чын эле ойлоп отурсаң Кыргызстан мындай бизнестен дегеле жарып кетчү түрү жоктой.
Эксперт - аналитик Бакыт Турдумамбетов мырзанын пикиринде биздин негизги браконьерлер - чиновниктер, депутаттар үчүн аркар кулжанын эти деликатес болуп эсептелсе, чет элдик мергенчилерди эт маселеси таптакыр кызыктырбайт. Алардын Кыргызстанга аңчылык үчүн келгендеги башкы максаты -АКШда, Англияда, Германияда жабык жашыруун өтчү аңчылык трофейлердин конкурсуна катышып, байгеге жетишүү. Мындай конкурстарга жалаң байлар акчасын чачып, байге уткан аңчылардын байгеси миллиондогон долларлар болуп саналат. Көрсө чет элдик аңчы мырзалар бизге келип жарыбаган акча төлөшөт экен да анысын кийин көп эселеп кайрып алат тура. Кедей мамлекеттин бийлиги, патриотизмден куржалак чиновниктери жарыбаган акча үчүн атасын саткандан кайра тартпай турса аларың анан Кыргызстанга келбегенде кимге барат? "Башка, өзүн сыйлаган мамлекеттерде болсо мындай аңчылыкка же таптакыр тыюу салынган же баасы абдан кымбат,- дейт Бакыт Турдумамбетов мырза.


Кыргыздар эт дегенди ылгабай жеп калыштыбы?
Кыргыздар азыр, айрыкча айылдардагы жашаган калк жергиликтүү мергенчилер тарабынан атып келинген сууру, кашкулагы, кийигиби болобу, эмнеси болсо четинен эле жеп жатышат. Мунун ден-соолук үчүн зыяны жокпу деп сураган киши жок. Ушул максатта биз пикирин сурап КРнын ветеринария боюнча мамдепартаментинин жугуштуу ооруулар бөлүмүнүн начальниги Мамбетов Курман мырзага кайрылдык.
- Абдан маанилүү маселени көтөрүп атыпсыңар. Биздин айылда жашаган тургундарыбыз, аңчыларыбыз, малчыларыбыз жана аңчылыкка ышкысы бар жаштарыбыз тоого барып эле кашкулак, суур ж.б. жандыктарды атып алып үй-бүлөлөрүнө жегизип атышат. Бул абдан опурталдуу көрүнүш. Биринчиден, атылган жандыктын дени сообу деп өзүнөн сураган аңчы жок. Экинчиден, бышырганда да чала- була бышырышат, кууруп, же шишкебек кылып пайдаланышууда. Жаныбарлардан ар кандай ооруулар адамга алардын эти менен жугушу мүмкүн. Же алар үй жандыктарындай вакцинация албаса. Алардын этинде изилденбеген коркунучтуу вирустар болушу толук ыктымал.Анткени жапайы жаныбарлар деле тарп, бузулган этти жей беришет эмеспи. Кутурма, бурцеллез, котур, чума, трихиннелез ж.б. коркунучтуу оорулар жугушу мүмкүн. Жапайы жандыктардын этин апкелген күндө да аларды абдан этияттык менен бышырууга туура келет. Азыркы учурда жапайы эмес үй жаныбарларын эттерин колдонууда ооруу жугузуу фактылары көп болуп атпайбы, ошондуктан силердин гезит аркылуу адис катары дагы бир жолу кайталап кетейин, ден -соолук керекпи, сак болгула демекчимин.
Ал эми жапайы жаныбарлардын этин жегенге дин өкүлдөрүнүн пикири кандай болду экен деген суроо менен Кыргызстан мусулмандарынын диний Башкармалыгына кайрылганыбызда муфтийдин биринчи орун басары Саясат ажы Асанов төмөнкүчө түшүндүрмө берди:
Биздин масхабда чээнге кирчү, өзүн этин өзү жеген жаныбарлардын этин, мисалы, кашкулактын, суурдун ж.б. эттерин жегенге тыюу салынган.Эгерде аларды кимдир бирөө дарылык сыпатта пайдалангысы келсе (мисалы, майын шыбанса же ичсе), анда ал мунун сырларын жакшы билген мусулман дарыгерге кайрылып, ошонун уруксаты менен пайдаланса болот. Бирок тамак катары жегенге болбойт. Ошондой эле жапайы, эти арам деп эсептелген жаныбарлардын терисин гана адалдап пайдаланууга болот. Ошондо да аларды "бисмилла" деп туруп (карышкыр, түлкү, ит ж.б.) союп, адалдап, анан терисин сыйрып алып ийлеп, кургатып пайдаланса арамдан адалга айланат. Ал эми кийик, теке же эчки атса, кадимкидей адалдап, мууздап туруп, анан жакшылап бышырып туруп жегенге болот. Жапайы жандыктардын этин туш келди эле тамак катары жей бергенге биздин динибиз да, медицина да уруксат бербейт, ошондуктан мусулман боордошторго айтаарым ар кандай тамактын адалын гана пайдалангыла демекчимин.
Бахтияр ШАМАТОВ