Муктар Атаналиев азыр продюсерби?
Айтылуу бир далай ырчылар "сахнаны таштайм, ырдабайм" деп элге айтып чыгышканы менен, ал өнөрүн калтыра алышкан эмес. Иосиф Кобзон, Алла Пугачева, Филлип Киркоров коштошуу концертин берип алып, дале ырдап жүрүшөт. Биздин ырчылардан да, Бек Борбиев баш болуп бир далайы сахна менен коштоштук дешип, бирок кайра эле кайрылып келишти. Доорон Нуриев менен Муктар Атаналиев сахнадан кетебиз деп айткан боюнча эле кетип калышты.
Муктардын ырчылыкты таштаганына төрт жылдай болуптур. Кийинки кезде киносценарий жазып, продюсер боло баштады.

Сахнадагы сапар
Кетмен- Төбө өрөөнүнөн Кыргызстанга эле эмес, алыс- жакын өлкөлөргө белгилүү болгон далай таланттар, профессионал ырчылар да, профессионал эместери да, чыкканы белгилүү. Токтогулдун Бала- Чычкан айылынан чыккан Муктар Атаналиев профессионал ырчы эмес эле. Политехникалык институтта окуп, инженер-куруучу адистигине ээ болгон. Ал институтта билим алгандардын арасынан Муктардан башка Гүлнара Тойгонбаева, Бек Борбиев да ырчылык өнөрдү аркалашты. Политехте "Амистад" ансамблинде ырдап жүрдү.
Аккардеондо ойногонду, гитара черткенди Муктар өз алдынча эле үйрөнүп алыптыр.
Союз тарап жаткан кезде окууну бүттү, ошол кездери курулуш токтоп, кесиби боюнча бир аз эле иштеди. Кокусунан эле ырдап калып, ошону менен сахнада он беш жыл кармалып калды. "Жаш сулуу" өндүү далай хит ырлары, "Эл ырчысын эл тандайт" долбоорунда продюсерлеш болуу менен сыйга, атак- даңкка жетишти.
Ырчылык турмушта кыйын- кысталыш күндөр көп эле кездешти, Маевкадан спорт ордосуна же филармониядагы концертке акчаны үнөмдөп, жөө келип-кеткен күндөр, ырчылыктын күңгөй-тескей жактары акыры Муктарды сценадан кетүүгө мажбурлады.

Жаңы барактар
"Жашоодо эмне таптым, эмне жоготтум?" деген сыяктуу ойлорго жетеленип, турмуштун башкача, жаңы барактарын ачты. Жаңы жол мурункудан канчалык маани- маңыздуу, байсалдуу болоору бир гана анын өзүнө байланыштуу болот эмеспи.
- Дин тутууну турмуштагы зарыл нерсе катары кабылдап, ошол жагын таанып-биле баштадым. Ичимдик ичпей калгам, тамеки тартпай калгам, сөгүнбөйм, калп айтпайм. Мен билгенди эл билсин деген ой менен билгендеримди көркөм тасмада көрөрмандарга берүүгө аркеттенип жатам,- дейт Мухтар.
Кийинки кездерде кино өнөрүнө аралашып атат. "Аят" аттуу кинотасманын сценарийин жазып, ага продюсерлик кылды. Фильмге "Замандаш" ассоциациясынан Кадырбек Бузурманкулов демөөрчү болуп берди. Тасманын режиссеру- Санжар Абдыжапаров. Кинодо диний элементтер аралашкан жерлери да бар, динсиз киши бактысынан айрылып калган турмуш фактылары чагылдырылган.
"Аят" фильмин көргөндөр анын сценарийин жазган Муктар Атаналиевдин сюжетти тандоодогу ийгилигине ыраазы болбой койбойт. Кинодо мүчүлүштүктөр да арбын экен, айрым жаш актерлердун образды жеткире ачып бере албагандыгын, ачык көрүнгөн жасалмалуулук жактарын эске алышаар.
Жаңы пландалып жаткан экинчи фильм, Муктар Атаналиевдин өзүнүн айтуусунда улуттар, мамлекеттер арасындагы ынтымакты чыңдоо багытында, ага Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын өкүлдөрү биргелешип, долбоорду ишке киргизишкени турат. Сценарийди жактырышып, демөөрчү болуучулар да табылууда.
Дин жолуна түшкөн Муктар Атаналиев кино өнөрүндө сценарист, продюсерлик милдеттерин кандай аткара алат, аны келечек көрсөтөөр.

Айгүл Бакеева




Гүлнур Сатылганова кимдин китебин чыгарганы жатат?
Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова "бийиктикке жеттим" деп жатып албай, дагы эле чыгармачыл изденүүдө. Күндө радиодон жаңырып жаткан "Асман" аттуу ыр эки жылдык убаракерчиликке татыгандыгын, бир эле ыр эл алдына алып чыгуу оңойго турбасын айтып күлөт. Кулагыбыз чалган демөөрчүлүк иштеринен суроо салсак, канча жылдан бери чыгармачылык байланышта келаткан акын Кыялбек Урманбетовдун ыр жыйнагын чыгарып бергенин билдик. Айтмакчы, ырчы айымдын атасы да сөз тандап ыр кураган өнөрлүү инсан болгон. Кагаз беттеринде сакталып калгандарын чогултуп, терип, китепче кылып чыгарууга даярдап жаткан убагы. "Буйруса, китепче чыкса, атамдын арбагы ыраазы болуп, өзүм да жеңилдеп калат элем" дейт. Ата кызы да…

Стамгүл Турдалиева күйөө балалуу болду
Болгондо да Аксыдан куда күттү. "Буга чейин Айперинин колун Көлдөн, Нарындан сурап келгенде, алыс деп бербей койгом". Мына эмесе деп Аксыга кетип калбадыбы. Кызым жакшы жерге барды, эң башкысы балдардын бактысы деп тилеп отурам. Азыр күйөө балам-кызым Москвада. Башында кызым "көнбөй жатам, иним-сиңдимди сагындым" деп тынбай телефон чала берчү. Азыр анысы калып баратат" дейт ырчы. Чыгармачылыгын сурасак, "Элге отчет бербегениме көп жыл болуп кетиптир. Биринчиден, каражат жагынан чектелүүмүн. Экинчиден, балдарым жаш - Тилек 3тө, Жибек 2де. Апам да колумда. Алтыным апам неберелерин карап, түйшүгүмдү жеңилдетейин дейт. Иштен кайтканымда чурулдап кубанып тосуп алышат. Кудайым ушул бактымды кут кылсын. Аманчылык болсо, буйруган күнү элге тартуулаган ыр-майрамым да болот" дейт Стамгүл айым. Сакадай бою сары алтын кыздын турмуш арабасын кабак-кашым дебей, чарчадым, тажадым дебей жүргүзүп келатканына, жанбаган жаркылдаган мүнөзүна карап отуруп таң берип кетем. Ырдап, тамада боло калып тапкандарын үй-бүлөсүнө да, карыз сурагандарга да жеткирет. Анан аласасын алалбай убара тартат. Эми, билбеген окурмандар, Стамгүлдү атадан жалгыз экен деп ойлошу мүмкүн. Андай эмес, үч агасы, бир сиңдиси бар. "Атадан алтоо болсоң да, ар башта бар жалгыздык" дейт эмеспи… Бул тууралуу жарык көрөр китептен окуп каларсыз бир учурда…

"Де-факто" гезити кайрадан чыкты
Эл таламын талашканы менен эл эсинде калган "Де-факто" гезити 12-майда кайрадан жарыкка чыкты. Дал ошол күнү редакциялык жамаат тилектештик акциясын Ак үйдүн алдынан башташты. Акцияга Аликбек Жекшенкулов, Асылбек Өзүбеков, Элмара Турсуналиева, Жамбыл Камчиев, жаш ырчы Бекчоро келишти. Ак үйдөн ЖК депутаттары Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов жана Ширин Айтматова чыкты. Келгендер каалоо-тилектерин айтып, эстеликке деп сүрөткө түшүп, ак жол каалап тарашса, редакция жамааты "паровозик" менен Бишкек айланып чыкты. Жолуккан элден да жакшы ой-тилектер айтылып, паровозиктин артынан гезиттин алгачкы паровозчиги ээрчип алганына "баягы "баласы" чоңоюп, "ата" болуп калган турбайбы" деп күлгөндөр болду… Эми анысы дагы чоңойсун деген тилекти кесиптештерге биз дагы айтабыз.

Айтурган Темировадан салам
Сүйүктүү актрисабыз, ажарлуу кызыбыз Айтурган Темирова азыр чет өлкөдө экени жалпы журтка болбосо да, жарымынан азына маалым чыгар. Окурмандардан сураштырган собол түшкөн экен, интернет желеси жардамга келип, ал эжекебизден кабар алып берди. Байланыштык, кабарлаштык. Жалпы элге ысык салам айтты. Чет жакта жүрсө да, жүрөгү Кыргызстан, Кыргызстан эли деп согот. Сагынычын электрондук дарек менен таап алган мекендештери менен баарлашып жазат. Азырынча куш кабар ушул. Кененирээк маегибизди кийинки сандарыбыздан күтө бериңиздер.

Бекназаров киного тартылабы?
"Туңгуюк", "Күзгү жалбырак", "Табышмактуу тагдырлар" тасмаларынын автору, кинорежиссер Темир Маймашов "Күтүүсүздөн атылган ок" деген тасмасын тартып, уландысы менен киноэпопея жаратып жатат. Анын автору да, койгон режиссер да, башкы ролдун ээси да өзү. Чынын айтсам, Темир мырза капа болбостур, капаланып-кайгыртчудай же ойлонтчудай даражага бышып жетпептир. Албетте, иш бар жерде кемчилик бар, аны өзү деле мойнуна алат. Бирок кемчиликтер баягы эле каржалган каражаттан жаралып жатат деген пикирде. Болбосо, тасма "элге аябай жагып жатат. Бардык облуста көрсөтүлдү. Учурда Аксы районунда көрсөтүлүп жатат" дейт режиссер. "Күтүүсүздөн атылган ок" "Чындыктын өчкөн изи", андан кийинкиси "Чындыктын өчкөн изи-2" деген аталыш менен уланат экен. Ал тасмаларда күнөөсүз күнөөлүү болгон башкы каарман Бакирбайдын кийинки тагдыры менен катар укук коргоо органдарынын иш-аракеттери, мектептеги рэкетчилик, айыл турмушу, кошуналар мамилелери, деги койчу, экшн-батыштын фильмдерин элестеткидей кылайын деген далалаттарды көрүүгө болот. Андан да демөөрчү табылса, окуялар 10 серияга чейин уланышы мүмкүн. Темир мырза, кандай чыгып кетерин ким билсин, 5-сериясынан роль ойногонду токтотот. Режиссердун айтымында, кийинки каармандын образын жаратууга "БЭК" партиясынын лидерлеринин бири Руслан Бекназаров макулдугун бериптир.

Алина качан концерт берет?
КРнын эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова июнь айынын ортосунда жеке концертин бергенге бел байлап, жаңы ырларды жаздырып, аранжировкаларды жасатып, кызуу даярдык көрүүдө. Демөөрчүсү да, колдоочусу да - күйөрмандары. Борборубуз Бишкекке концерт койбогонуна жети жылдын жүзү болуптур. Апасынын жолун жолдогон уулу менен кызы да чыгармачылык менен алектенүүдө. Кызы Азель кинолорго тартылууда.

Чоң Алайга аттанган ырчылар
"Темир тордогу үмүт" аттуу телекөрсөтүүсү менен дүң болгон продюсер Назгүл Насиева 1-июнь -Балдарды коргоо күнүнө катуу даярданууда. 30-40 балага белек (жумшак оюнчук, таттуулардан) да алып коюптур. Андан тышкары, улуу муун, кийинки муун деп ырчылардын башын кошуп, Чоң Алайга алып барып, элге бекер концерт тартуулаганы турат. "Алты жылдан бери демөөрчүлүк кылып келаткан Эл аралык "Алыш" федерациясынын президенти Алманбет Анапияевге ыраазычылык билдирем. Бул жолу дагы мен көтөрүп жаткан маселелерге колдоо көрсөтүүдө. Тагыраак айтканда, мен алып бараткан ырчылардын ырдоо акысын төлөп берет. Балдарга алынган белектердин акчасын дагы ушул инсан берди" дейт Назгүл айым.

Даярдаган Назира СААЛИЕВА