Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 2
п»ї
КРнын эмгек сиңирген артисти Майрам ДҮЙШЕКЕЕВА:
"Мен жалгыз эмесмин.
Мени колдогон уулум, кыргыз элим бар"
К.Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин солисти 28-майда Т.Сатылганов атындагы филармонияда кыргыз элине 30 жылдык отчеттук концертин бергени, юбилейин белгилегени турат. Концерт алдында той ээсин баарлашууга чакырдык. "Чү" дегенде эле атынын таржымалын сурасак, 17-май деп алып, "апей, бүгүн туулган күнүм" деп чочуп алып, концертине чуркап жүрүп унутуп койгондугун айтып күлдү.


- Абасы таза, жаратылышы кооз, тоолору керемет Ат-Башы районунун Бирлик айылында май айында төрөлгөм. Ар бир күнү майрамдай шаңдуу болсун деген аруу тилек менен койгон ата-энемдин аты мага аябай жагат. Алтындай болгон ата-энем жөнүндө сөз кыла турган болсом, атам согуштун катышуучу, айыл ичинде кадыр-баркы чоң, ардактуу ардагер болгон. Нарынбай дебей, "Наке" деп сыйлап турушчу. 73 жашында каза болуп калды. Апам болсо 77 жаштагы баатыр эне. Онду төрөгөн. Беш кыз, беш бала элек, азыр алтообуз. Төртөөнүн көзү өтүп кеткен.
Апам уз аял. Бала, кыз дебей бардыгыбызга экиден шырдак, кийиз камдап койгону эсимде. Апам эмнени кармаса ошону кармашып жүрүп, көп нерсе үйрөндүк. Шырдак шырыганды, сайма сайганды, уй сааганды, ичеги артканды.
- Апаңыз сизди биринчи жолу телевизордон көргөндө кубанса керек?
- Ар бир эне баласынын жакшылыгына кубанат эмеспи. Анын катарында менин да апам бар. Ушул убакка чейин кубанып, чыгармачылыгымды колдоп келет. Эртеден-кечке мамлекеттик радиону угат. Ошону билип бир жолу радиодон музыкалык салам жолдоп койсом, угуп алып ыйлаптыр. Бу да болсо кубанычтын көз жашы.
- Кайсы музыканы угасыз?
- Кеп-кеңешин угуп, таалим-тарбиясы менен чоңойгон мурунку муундун музыкасын, ырларын угам.
- Кайсы акындар менен иштешесиз?
- Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урманбетов менен.
- Кыргыз патенттен төлөнгөн гонорардын көбүрөгүн аткаруучу алат турбайбы. Жашыруун болбосо канча гонорар аласыз?
- Жылына эки жолу - жазда, күздө алабыз. Байып кеткидей деле акча албайм. Миң сомдон эки миң сом алам.
- Жактаган акын, жазуучуңуз ким?
- Шайлообек Дүйшеев жана Көчкөн Сактанов.
- Бизнесменденчи?
- Аскар Салымбеков байкемди, жеңем Гүлмира Сулайманованы сыйлайм. Анткени алар ушундай даражага өздөрүнүн ак эмгеги менен жетти. Кайрымдуулук иштерин азыркыга чейин жүргүзүп келет. Колу ачык, берешен адамдарды алкаш керек.
- Азыр жердешчиликке бөлүнүү күч алды. Өзгөчө нарындыктар ынтымактуу болууда. Дегеле жердишчиликке көз карашыңыз кандай?
- Биз бала кезден "Мен кыргызстандыкмын" деп чоңойгонбуз. Ал эми азыркы убакта "кай жерденсиз?" деп сурамай адатка айланганы чын. Мен кыргыз элинин эрке ырчы кызымын. Андыктан бөлбөйм. "Нарындыктардын ынтымагын" сурап жатасың, ага жооп берейин. Дегеле кыргыз эли нарындыктардай болуп, ынтымакка биригишин каалар элем.
- Жердештериңиз концертиңизге колдоо көрсөтүп жатса керек?
- Ооба. Концертимдин башкы демөөрчүсү - "Ат-Башы" коому.
- Машина айдап келдиңиз. Аны да атбашылыктар алып берсе керек?
- Ооба, машина тээп жүрөм. Бирок, эч кандай атбашылыктарга тиешеси жок. Ал темир тулпар азырынча меники эмес. Бул деле табышмак бойдон калсынчы.
- Ыр жазасызбы?
- Өзүм үчүн ыр жазчумун, комуз чертчүмүн. Мыскал Өмүрканова эжекебиздин концертинде комуз чертип чыккам.
- Кайсы бир жакшылыкка барганда ырдайсызбы?
- Чөйрөгө жараша болуп калат. Кээде ырдайм, кээде ырдабайм. "Ырдап койчу" деп суранса, ырдагым келбей калган жаман адатым бар экенин жашырбайм.
- Ырчылык кесиптен тышкары ишиңиз барбы?
- Бар. Мугалиммин. Консерваторияда вокалдан сабак берем. Алдыда Алмаш жана Максат аттуу эки бүтүрүүчүм турат. Концертимде ырдайбыз деп катуу даярданып жатышат. Тушоолору кесилгени турат. Эки балама ак жол каалайм.
- Өзүңүздүн устатыңыз ким эле?
- Мени ушундай жолго салган, ушундай бактыга жеткирген, "Сенин үнүң керемет. Ырчы болушуң керек" деп менин талантыма баа берип, өнөр майданына алып чыккан кыргыз элинин сүйүктүү композитору Жумамүдүн Шералиев болгон. Андан кийинки кеп-кеңешин берип жүрүп, бу дүйнөдөн өтүп кеткен - Марлен Темирбеков.
- Музыкалык билимди сырттан алгансызбы же?
- Б.Бейшеналиева атындагы атындагы искусство институтун бүтүргөм. Ал өзүнчө бир кызык окуя. Мен аябай эле кеч окудум. Эгер Султан Мамытов жана Асанбек Асекеев агай болбосо, окубай жүрө бермек экем. Алар "миң жолу атагың чыкса да, музыкалык билим керек. Кеч болсо да окуп ал. Кийин кереги тийет. Тапшыр" дей беришип акыры тапшыртышты. Окуганга бел бууп, институтка барып калдым. Биринчи экзамен үн боюнча болуп жатыптыр. Жапжаш кыздар, балдар көзүмө "жөжөдөй" көрүнүп, ыңгайсыз абалда болуп, тартындым. Көрсө, алар менден тартыныптыр. Анда менин атагым чыгып турган кез болчу. Мени көргөндө бизден экзамен алат экен деп коркушканын кийин айтып күлүшкөн. Ошентип, үндөн да, диктанттан да ийгиликтүү өтүп, окуп калгам. 5 жыл "жөжөлөр" менен окудум. "Жөжө" деп жатканымдын жөнү бар. Алар менден 16 жаш кичүү болчу. Уулум мектеп босогосун аттаганда, мен студент болгом.
- Баарлашуубузду жеке турмушуңузга бурсак. Ашканада кандай айымсыз?
- Тамак-аштын түрүн жасайм. Кышка жакшы камданам. Варенье, салат жасап. Мурда үйдө студенттер көп болчу. Аларга карап, көп банка жапчумун. Азыр уулум экөөбүз эле. Андыктан ченелип жасалып калды.
- Кайсы тамакты жасаганды үйрөнө албай убара тартып жүрөсүз?
- (Күлүп) Блинчикти.
- Конок тосконду жакшы көрөсүзбү же баргандыбы?
- Баргандан да конок тоскондон ырахат алам. Өзүмдүн фантазиям менен тамак жасап бергенди жакшы көрөм.
- Тамак ылгайсызбы?
- Ылгайм. Жакшы көргөн тамагым - плов. Он мүнөттө тамактанам. Аны уккандар "кантип эле?" деп таңкалышат. Ал дагы өзүнчө сыр. Табышмактуу жүргөндү жакшы көрөм. Бирок, жараткандан мүнөзүм ошондой. Көп чечиле бербеген, сыр айтпаган аялмын.
- Досуңузга да айтпайсызбы?
- Досторум жаш кезекте көп болчу. Иргелип отуруп, санаалаш эки дос калды. Сырдашканым менен көп нерсе айтылбай калат. Ал эми балам менен сырдашам.
- Балаңыз канчада? Кайнене болуп калсаңыз керек?
- Уулум Рустам 24 жашта. Юридикалык Академиянын юрист, адвокат факультетин бүттү. Кесиби менен иштей элек. Андыктан келин алууну ойлоно элекпиз. Ишке орношсо, анан болоор. Жалгыз баламды үйлөнтүп алыш колдон келет. Балам деп жашап келатам да.
- Жалгыз бала эрке болуп калат эмеспи…
- Кичинекей кезинде аябай эрке болчу. Азыр деле эркелейт, бирок чеги менен. Уулумду жалгыз өзүм бутуна тургуздум. Эмгегимди билет. Мен ошого кубанам.
- Баары бир бала атага жакын болот эмеспи. Атасын сураса керек?
- Сурай электе эле тааныштырып койгом. Азыр катташып турат. Бул өзүмдүн чечимим эле. Ал жакшыбы-жаманбы атасы да.
- Ажырашууга эмне себеп болду эле?
- Түшүнбөстүк болду. Анда мен 26 жашта элем. Аты-жөнүм чыгып калган кез эле. Бат-бат гастролго кетчүмүн. "Артисттер тигиндей болот, артисттер мындай болот. Үйүнө токтобойт экен" деген бузук телефондор жакшы иштеген. Ошол акыры ажырашууга алып келди.
- Ала качып алды беле?
- Жок, сүйлөшүп жүрүп эле турмушка чыккам. Азыр ойлосом, экөөбүз тең сүйүүнүн тереңдигин билбей эле баш кошуп алыппыз. "Маңдайыңа жазганды көрөсүң" деп айткан карыларыбыздын сөзүндө калет жок экен. Маңдайыма жазганын көрдүм жана көрүп жатам.
- Өкүнбөйсүзбү?
- Мен өткөнгө өкүнбөгөн, кеткенге кейибеген адаммын. Мен бактылуу аял, бактылуу эне, бактылуу ырчымын.
- Колуңузду сурагандар болсо керек? Кайталап турмуш кургандан корктуңузбу?
- Чынын айтсам, колумду сурагандар аябай көп болгон. "Жети өлчөп, бир кес" дегендей, бир нерсе кылаарда жети өлчөп, бир кескен адаммын. Баламдын келечегин ары ойлондум, бери ойлондум. Акыры туура эмес иш экенине токтолдум. Миң жерден жакшы болсо да бала өз атасындай, ал өз баласындай көрө албастыгына көзүм жетти. Бирок, өкүнбөйм. Анткени, бул дагы болсо турмуш. Ал жолду өзүм тандадым.
- Жалгыздык жадаткан жокпу?
- Мен жалгыз эмесмин. Мени колдогон уулум, күйөрмандарым, кыргыз элим бар. Учурдан пайдаланып, элимди 28-майда өтө турган отчеттук концертиме чакырып кетем. Келип, көңүл ачып кетиңиздер.
Маектешкен
Назира СААЛИЕВА








Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 82

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 82

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 82

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргызстан маданияты"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 82

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 82

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/km/11/0518_20.htm on line 82




а ­е¦Є.НҐй«