Америкалык бизнесмен Айдан участок сатууда
Билесиңерби, 60-жылдардын этегинде Айды байыркы доорлордун биринде кыйроого учурап, "капиталдык ремонт үчүн" Жерге жакын убактылуу токтотулган зор космос кемеси деп божомол кургандар болгон. Макул, бул кеп чынга айланып, бир күнү эле Айды өз ордунан таппай калдык дейли. Же өз огунда жана Жерди айланышы бирдей болгондуктан бизге бир гана бети көрүнгөн Айдын караңгы жагында жашынгандар "кой, эми жылалы" деген чечимге келсе, жалгыз табигый жандоочусунан айрылган Жер эмне болот дейсиз?!..


Кызыгы Айсыз калгандагы абалыбызды эч бир жерден жеткиликтүү биле алган жокмун. Ай жашоочулары деле, кызуу жүргүзүп жаткан казуу-бургулоо иштерине караганда, кемени азыр айдап кетип калчудай эмес деп ойлодум. Айтмакчы, окурман, бул айткандарыбызды куру тамаша көрбөңүз. Айдагы бейтааныш "байкоочулар" - ашыкча акылдуу, өнүккөн цивилизация өкүлдөрү туурасындагы маалымат космосто болуп келгендерден жана Жерден байкоо салгандардан алынган. Албетте, алар алгач катуу жаап-жашырылган, бирок ачыкка чыгып кеткендери болгон. Маселен, 1977-жылы Англияда Ж.Леонард дегендин "Биздин Айда кимдир бирөөлөр бар" аталыштагы китеби чыккан. Ж.Леонард деген атка жамынган автор ким экени белгисиз калган. Эң башкысы - ал китепте жөн кишиге жашыруун болгон материалдар, сүрөттөр (ар биринде НАСАнын коду жазылган), адистердин түшүндүрмөлөрү, пайдаланылган адабияттардын эбегейсиз тизмеси берилген. Бул боюнча төгүндөөлөр, талкуу-пикирлер, дегеле, кандайдыр бир реакция болбогондуктан, бул маалыматтардын элге жайылуусун НАСА өзү уюштургансып калган. Бирок китеп нускасы дүкөн текчелеринде көпкө турган эмес. Кайталанып басылганы да ошондой тагдырга тушуккан. Бирин-экин сыртка алынып кеткени эле болбосо, өлкө ичиндегиси дайын-дарексиз жок кылынган. Башка китептер да (өзгөчө Фред Стеклингдин "Айдагы бөтөн базалар" эмгеги) тез эле көздөн кайым болгон. Мынчалык тызылдаган иш-чаранын себептери кийин-кийин ачыкка чыккан.

АКШ-СССР: бири Жерди, бири Айды…
Космостогу өздөштүрүү атаандаштыгы учурунда катуу жүргөн: СССР алгачкылардан болуп Жерди айланып чыкса, АКШ назарын Айга бурган. Аларды Жердеги байкоолордо катталган кубулуштар кызыктырган. Ал кызыктарды НАСА 1968-жылды чыгарган "Айдагы кубулуштар тууралуу билдирүүлөрдүн хронологиялык каталогунда" 579 деп эсептеп чыккан: кыймылдуу жаркыраган обьектилер; 6 км/с ылдамдыкта узарган түстүү траншеялар; түсүн бат-бат өзгөрткөн көлөмдүү куполдор; кийин "Мальтия крести" атын алган жаркылдаган обьекти; геометриялык фигуларалар; бир пайда болуп, кайра жоголгон кратерлер ж.б. Бирок илимий чөйрө "болушу мүмкүн эмес", "мүмкүн" деп экиге бөлүнгөн. Бири айдагы жарык анын бетиндеги аска-тоо тектерине метеориттердин урунушунан улам десе, бири "Ай жаралганда кыртышында калган газдар чыгып жатат" деген. Дагы бири Жердин магниттик чеги Айды бомбалаган заттардын кыймылын тездетип, жаркыроону жана люминесценцияны пайда кылат деп чыккан. Бирок бири дагы андай кубулуштар Айдын ар кай жеринде эмес, эмне үчүн бир канча кылым бою 90 участогунда гана катталып келгенин түшүндүрө алышкан эмес. Бул божомолдорго чекит коюуну чечкен АКШ "Аполлон" деген атайын программаны ишке киргизип, ага 60-жылдардын эсеби менен 20 млрд доллардан ашык каражатты сарптаган. Акыры Айга алты экипаж жеткирилип, анын бетин 12 адам таптап, жыйынтыгында Жерге 382 кг топурак алынып келинген. Арты-артынан дагы үч экспедицияны жөнөтүүнү пландаган НАСА 1972-жылы капилет ал оюнан кайткан. Космостук башка программа каржылоого муктаж деген шылтоо менен. Бирок, маселе төркүнү башкада болгон…

Ай Жерден конок күткөн эмес
"Аполлон-17нин" пилоту астронавт Харрисон Шмит Айды бир айланып чыкканда "Ого!" деп таңгалычтуу үн чыгарып: "Азыр эле Ай бетинен жарк эткен нерсени көрдүм" дейт. Кийинки күнү, он төртүнчү айланышта экинчи пилот Рональд Эванстын: "Ой!" Өзүм көрбөсөм ишенмек эмесмин! Эми эле жарк эткен нерсени көрдүм" дегени угулат. Алар Айдан ачылыш издеген "аполлончулардын" биринчиси же акыркысы эмес эле. Алгачкы конок "Аполлон-8" Ай жандыктарына учуп барары менен эки жолу кездешкен. Белгисиз обьекти "жер элчилерин" күчтүү жарык агымы, кулак тарсылдагын жарчудай катуу добуш менен "коноктогон". Түшүнүксүз кызыктарга "Аполлон-10" жана Айга алгачкы адамды жеткирген "Аполлон-11"да кабылган. Нил Армстронг кийин канча танса да, жүздөгөн радиоугармандын кулагы чалган айтылуу Жер менен байланыштуусу "Шайтан алгырдыкы десе, бул эмне?" деп башталып, НАСАнын "Эмне? Эмне болуп кетти?" деген суроосунан кийин "Бул жерде зор обьектилер, сэр! Эбегейсиз зор! О, Жараткан! Бул жерде башка космос кемелери турат! Алар кратердин тиги бетинде! Айда туруп алып бизге байкоо салып жатышат" деп уланган. Ал байкоочулар кимдер, эмнени күтүп жатышат?" НАСА Айга учууну капилет токтоткон 1972-жылы адистерди жыйып, жыйналган кызыктардын жаралыш себептерин кадимки тааныш эреже-формулировкага салып көргөн. Бирок бөтөн цивилизация сырын ачканга шашылган эмес…

Бөтөн цивилизация
Ошентип Айдагы жандуу кыймыл Жерден да, космостон да бир нече жолу далилденген. "Аполлон-14" кийин "супертүзүлүш-1971" атын алган механикалык түссүз зор түзүлүштү сүрөткө тартып алган. Айдан топурак челип алганга ылайык механизмдер да кездешкен (жерде аларга Т-сузгучтар деген аталыш беришкен). Жанындагы коштоочу, НАСА шарттуу "булыжник" деп атаган, обьектилерден жылганда из калары байкалган. (Из калтырып өзүнөн-өзү жылган таштар Жерде - Калифорниядагы Өлүм өрөөнүндө катталган). 50 жолку айланууда "Аполлон-16" үч башка учурда бир эле жерден тартып алган үч сүрөттүн таржымалы таңкалычтуу. Алгачкысынан кратердин ички бетиндеги Х-механизмин көрүүгө болот. Эки күндөн кийин ушул эле жерден сапырылып чыккан чаң байкалып, сүрөттө анын Х түрүндөгү зор түзүлүштөрдөн чыгып жатканы даана байкалат. Жердеги кенди ачык иштеткен кадимки тоо-кен комбинаттар иштеп жаткандай сезилет. Бирок алар Ай кыртышынан эмне издеп жатышат? Адистердин айтымында, 2,5 тонна кыртыштан кайра калыбына келтирүү процессинин негизинде бир тонна кычкылтек алууга болот (бул запас бизге 3 жылга жетет экен). 1967-жылы 11-сентябрда канадалык окумуштуулар Айдын Бейпилдик деңизи аймагынан четтери сыя көк тик бурчтуу такты байкашкан. Ал Айдын караңгы бетине жеткенде көрүнбөй калып, 13 мүнөттөн кийин жарк эткен сары жарык пайда болгон. Бир жарым жылдан кийин ушул зонага конгон "Аполлон-11" ал жайдын топурагын изилдөөгө алып келгенде, ал Күн нурунан 100 эсе күчтүү белгисиз энергия булагы менен эритилген болуп чыккан. Демек, Айда бизден жашырынган, алда канча өнүккөн цивилизация жашайт. А балким башкаларында дагы… Себеп дегенде "Жемини" (1965-1966) жана "Аполлон" (1968-1975) эле эмес, 1989-жылы Марс спутниги Фобоско жеткен советтик "Фобос-2" космостук зонду 50 м жерден лазер нуру менен спутник бетиндеги газды анализ кылмак болгондо, узундугу 25 км келген "космос сакчысынын" чабуулуна дуушар болгон. Бирок алар каалаганы, коргогону эмне экенин айтышпайт, азыр деле ошондой…

Баса…
Америкалык бизнесмен Дэнис Хоуп 1980-жылдан бери "Айдын мыйзамдуу кожоюну жана мейкиндик президенти". БУУнун космос мейкиндигин пайдалануу жана изилдөө боюнча мамлекеттердин ишмердик принциптери жооп издеген тууралуу 1967-жылдагы Келишиминин "Ай, планеталар, дегеле космос заттарын эч бир өлкө өзүнө таандык кылып ыйгарып алалбайт" деп берилген II пунктунда "жеке адам же уюм туурасында айтылбаптыр, мен менчикке өткөзүп алсам, каршы болбойсуздарбы" таризде БУУга кат жолдоп, же жок, же макул деген жооп болбогондон кийин, "унчукпагандык - макулдук белгиси" деп, космостогу бар мүлктү өзүнө жаздырып алган. Ай менен катар күн системасындагы сегиз планета да спутниктери менен ага таандык. Ал Жер жашоочуларына Ай бетинен 1,6 милларддай, Марстан 800 миллиондой, Меркурий, Венера жана Юпитер спутниги Иодон 400 миллиондой чарчы метр жерди сатканга үлгүргөн. Сатуу-алуу иштерин өздөрүн "ай консулдары" атаган агенттери аркылуу 27 өлкөдө жүргүзөт. Ар жылда тапкан кирешеси 9-10 млн долларды чапчыйт. Айтмакчы, Гагариндин космосту багындырганына быйыл жарым кылымга аяк басты. "Ал өлгөн жок, аны Ай макулуктары уурдап кеткен" деген уламыш кеп азыр деле айтылып келет. А, балким, чындыр…
Салима
ЖАКШЫЛЫК кызы