Нуралы Капаров

Бейтааныш
(Аңгеме)
(Уландысы.
Башкы өткөн санда)

Ээн жерде, ээн төрдө бул экөө бири-бирине атын айтып таанышпагандан кийин мындан ары кары кишисин Чал, жаш жигитин Жигит деп атайлы да, андан ары аңгемебизди улайлы.
Чал менен Жигит чычкан жыттанган, ным жыттанган таш үңкүргө үч күн түнөп, төртүнчү күн дегенде тескей беттеги тирелип өскөн калың карагайдын ичинен сүмбөдөй түз төрт шыргоолду (чегелдектен жоонун, карагай баралына жете элегин шыргоол деп коет), эки четин союлду кыйып келип, арбайган-тарбайган бутагынан илинчек калтырбай томолойто бутап, кабыгын "жылаңачтап" сыйрып, күңгөй асканын күн жеген, шамал жеген бетине тигинен жөлөп коюшту. Эртеси эртең менен эрте төрт шыргоол менен эки союл күн жеп, шамал жеп тоборсуй түшкөндө, беш күндөн бери жону эс алып, али көгүнөн толук ажырай элек бетегеге карды тоюп, карчыты чыгып оңоло түшкөн карагер менен кула кашка айгыр жандарына торбо байлатпай жапалак учса да, жалбырак учса да "жалт" берип үркүп, жер чапчып окуранып, кош таноосун адаттан тыш дердеңдетип сез күтүп калганын айбан карагер менен кула кашка эле эмес, Кудай-теңирин тааныбай ыргыштап көпкөн далай адамдарды чалкасынан сала чапканга жедеп көндүм болгон Чал менен Жигит эки айбан айгырдын чектен чыккан кыял-жоругун чымын чакканча да көрбөй, "дыр-р, так!" деп чылбырын жулкуп, тизгинин какпай, кадимки калыбында жетелеп келишип токулгасын токушту да, төрт шыргоолду эки айгырга эки-экиден бөлүшүп, башын теңдеп артышып, аягын чийне сыңарында жерге сүйрөлтө ташташып, демейде "алхамдулла" оозуна кирбеген бул экөө алдыда күтүлүп жаткан жүрөктү опкоолжуткан кооптуу окуялардын арасындагы түпөйүл келечектен үмүт кылгандай бир паста ырымчыл-динчил боло калышып "быссымылда!"деп үзөнгүгө бут коюшуп, көкүрөгүн күйүктүрүп-ысытып тыным бербеген өзгөчө бир каалоо-тилек менен аттанышты. Экөө эки четин союлду "бала" кылып өңөрүшүп, күңгөйү күнөс, тескейи мөңгү туу чокуну көздөй бет алышты.
- Жоо келип калбасын дешип тиги Көк-Бел тарабы дайыма казактардын кароолунда. Алар аңдабаган, күтпөгөн жагынан "кол салабыз" деп Чал кечээ кечте Жигитке эскерткен. Жигит туу чокунун ак кар, көк муз баскан казак жаккы тескей бетиндеги жер өңүтүнүн мыдырын калтырбай бир сыйра сыдыра карагандан кийин Чал алдыда боло турган иш-аракетти туура баамдап, туура ойлоштурганына ичинен ыраазы болуп, кечээ кечтен бери токтоо бербей чыңалып, удургуган көңүлү эми гана бошоң тартып тынчыгансыды.
Чал менен Жигит башын теңдеп, аягын чийне кылып сүйрөтүп чыккан шыргоолдорун жарылган асканын тектерине түшүрүшүп, итапкан өр жолдо эки айгырдын демейде алчактап баскан кыял-жоругу жоголуп, жели чыгып, кадимки карагер менен кула кашкага айланган чарчаңкы суз кебетесине кадимки көндүм көз менен карап, ээрин алып жайдакташып, канжыгаларын чечишип улаштыра байлаштырышып, токулгаларын ээри менен кошо жондоруна иле-сал көтөрүп кетме ыгына ылайык таңгактап даярдап коюшту.
- Каруу күчүбүз толук кезинде карылуу эмеспи карагерди жыгалы,- деди Чал Жигитке карап. Жигит макул дегендей башын ийкеди.
… Мойнуна бекер жеринен сыйыртмак кыл аркан түшпөгөнүнөн шек алган карагер айгырдын өрдү карай шыргоол сүйрөп үлдүрөй түшкөн көзүнө жан кирип, адатынча окуранып, таноолору дердеңдеп тынчы кете баштаганда Чалдын шадылуу колу төгүлгөн жалын салаалап, али тери толук кургай элек омуроосун аста сылап, кулак түбүн кашып киргенде күнү-түнү ажырашпас жанбирге адамынын алаканынын отунун жылуулугу бүткүл денине тарап, көңүлү тымып, кыялы жибип, анда-санда бардап ачып-жумган кирпиктери бири-бирине жабышып-илинишип, жан-дүйнөсү көлкүп-көшүлүп ээрип баратты.
Жигит аркандын узун учун аста сүйрөп карагер айгырдын көчүк тарабынан шырп алдырбай аяр айланып сүйрөп өтүп мойнундагы сыйртмакка ичинен илип өтүп, жыландай сойлогон кыл аркандын учун кыскартып өрөлөп саай баштады. Учу кыскарган кыл аркандын дал ортосу карагердин арткы оң бутунун кырк муунуна илингенде Жигит аркандын бош учун кыскарта кармап белине ороп кескин тартканда бейкапар турган карагердин көк челген намыскөй башы кежейип жерди карай, арткы оң буту жерден үзүлүп көктү карай тартылып, тарткан сайын өпкө-боору куушурулуп, башын чулгуй албай, бутун серпе албай, үч буттап араң-араң кылтылдап таканчыктап сороктоп турганында Жигит кыл арканды кыска кармап белге салып дагы бир ирет бар күчү менен булкуп тартканда асман чайпалып, жер чайпалып, дүйнө астын-үстүн түшкөндөй карагер "күп!" этип капталынан жерге кулаганда жана эле жалын тарап, омуроосун кашып мээрин салып турган Чал бир заматта кармаган жеринен кан чыгарчу каршылаш душманына айлангансып, башы "каңк!" этип жерге тийип ансыз да көзүнөн от чагылышып, мээси айланып турган карагердин тикчийген кулагынын түбүнөн туйлатып аткый кармап, башын жерге ныгыра басканда, Жигит карагердин төрт бутун кайчылаштыра бириктирип, койдун бутун буугандай ары-бери бууй салды. "Баракелде, күчү күч эмес бекен жигиттин" деп Чал бир эсе таңдангансып, бир эсе ушундай жигитке жолукканына сыймыктангансып койду ичинен.
Кула кашка айгырды карагерге караганда оңой жыгып, төрт бутун оңой бууп, аны да башын өр таянтып, капталынан жаткырып салышты. Качан гана экиден шыргоолду мөңгүнүн учуна алып келип узатасынан тыштагандан кийин адегенде карагерди, андан кийин кула кашканы куйруктан, буттан алышып, кош шыргоолдун үстүнө жаткырышып, кыл аркан менен мыктап таңышып, көчүк жагын төмөн каратышып, туу чокунун кырынан мөңгүнүн боору менен үстү уюлгуп муз болуп тоңуп калган торпуну көздөй биринен сала бирин эңиштетип төмөн карай түртүп жиберишкенде, жыгач чанадай күңүрт үн чыгарып күңгүрөп кошоктошкон шыргоолдор аска-зоонун арасын жаңыртып, эки айгырды эки кап уяң жүндүн салмагынча санабай жепжеңил алып-учуп, дуулдатып-зуулдатып, "чаң" ызгытып, кар ызгытып, муз ызгытып, буурул шамалдын арасында бирде сороктотуп, бирде серектетип алып жөнөдү. Чал менен Жигит таңылган ээр-токумдарын жондоруна бала көтөргөндөй асынышып, эки союл четинди ат мингендей алаасына такап минишип, чокудан торпуга куюлуп түшкөн мөңгүнүн үстү менен көмкөрөсүнөн түшчүдөй аңкилдек атып, карагер менен кула кашканын артынан такаат алалбай жылгаяк тээп тик ылдый зуулдап жөнөштү…
(Уландысы бар)