Дөңгөлөк
Жылдар
...Бишкектен салганга үлгүрбөгөн жүктөр ушу Чу бекетинен салынат поездге. Челноктор машине жалдашып кууп келишет. Чудан да салалбаса машинистке акча беришип, арыраактагы Бирлик - I, Бирлик - II деген майда бекеттерден ыргытышат. Машинист поюзду токтотпойт, акырындатып, жүк салгыдай ылдамдыкта кылдыратып сүйрөп кете берет. Сумке көтөрө берип бышып бүткөн темир бетон жондуу жүкчү балдар поюзга теңеле чуркап, улам сумкеден ыргытып отуруп, иши кылып салып бүтөт да, муну каптал күзгүсүнөн шыкаалап бараткан машинист анан паровозду күүлөп, поюз кадимки шарактап табына келет, эч нерсе билмексен боло чуркап андан ары кете берет.
Жарым аскерий режимде иштеген темир жолдо мындай жорук дегеле буга чейин болгон эмес, непадам болуп кетсе арты өтө жаман бүтөөрү турган кеп эле ал заманда. Эми карабайсыңбы, акча ыргытып, килейген составды ээн талаадан минтип жайлатып, жүк салып атышкандарын... Туй ата, бу капитализм дегениң кызыталак бетпак заман экен да, акча, пайда дегенде болбойт деген иштер да болуп кетет тура...
Жүк түшүп аткан вагондорго болсо поюздун ичи менен милийса чаап жетип кожоюнду коколойт. Кожоюн болсо "давай, салдыңбы отвечайт эт" деп проводникти жакалайт. Ош базарынан картөшкө соодалашкандай кызуу соода жүрөт. Проводник шашпайт атайлап, берки кызыл шапкелер болсо элең-элең этип, батыраак тайып түшүп кетсек деп турат, же өзүнүн чегине жетип өтүп да кетиши мүмкүн. Ошончүн көбүнчө бергенди айласыз алат да түшүп кете беришет. Сураганын колго кийралбаган кара мүртөздөрү болсо чыгып кетип баратып мына эмесе деп зыңкыйып катып турган сумкелердин бир экөөн чөнтөк макиси менен тилип- тилип жиберет. Анан муну кайра жыйнап ордуна тыгып көр. Бир сумке төрт сумке болот да жайнап жатып калат.
Анткени бул зылдай оор сумкелер "Дордойдо", адамдын колу менен эмес, атайын темир пресстер менен таңгакталат. "Дордой" демекчи, эгемен эл болуп шумдук өсүп өнүгүп кетебиз деген кыргызды мурдакы советтик чоңдордун азабынан кутулган өзүбүздүн жергиликтүү жүзү кара чоңдор эми чулулап биротоло жонуна минип алышты. Ооздору менен асман чапчып орок орушат да кылгандары такыр башка. Келген кредит, гранты болобу, тааныш - билиш, тууган- туушкандары менен уурдап жемейге өтүп алышты. Маңдай теринен эмес, ошол элге келген ырыскыны уурдап далайы байып да кетишти. "Дордой" болбосо такыр талаада калмак экенбиз. Анткени ушунча калкка жумуш берип, жанын бактырып, оокат кылдырып аткан ошол "Дордой" базары болуп атпайбы. Минтип поездде жүрүп биз да "Дордойдун" товарын далай ташыдык, ташып да атабыз. Карапайым челнокчу соодагер калкынын арасында "Дордой" туурасында дайыма урмат менен кеп айтылат, непадам оозуна ээ боло албаган бирди жарым бирөө жаман айтып койсо калгандары жапырт коколоп, тытып ийгенге чейин барышат. Айрыкча поюз жүгүнөн бошонуп жеңилдене Свердловскийден кайра кайткан, ичиндеги соода менен жан баккан калктын чечекейи чеч, маанайы баланттап келаткан (товарын өткөрүп акчалуу кайтышат да) учурларда поюз Карагандыдан бери карай эңкейдиби, болду, далай шише арактардын оозу ачылып, вагондор ыр менен анекдотко тунуп калат. Ошондой жалпы элдик майрам учурунда да үчтөн төрттөн боло бөлүнүп алышып, баягы сайда калган палитиканы согуп кирген ширекайф кыргыздар арасында "Дордой" базары туурасында сөссүз кеп кетет. "Дордойдо" иштеп жүрүп Дордойду Аскар Салымбековдун өзү деп эсептеген кеңкелестер бар. Бир жолу алтымышка келип калган аксакал, эки жигит, анан көздөрү көк мончоктой болгон бир орус аял төртөө кампания болуп калышыптыр. Жигиттердин бири, кыязы, менин түштүк тараптан каттаган туугандарымдан болсо керек, бакылдап сүйлөп келатып:
- Дордой аканы айтам, канкретный мужик экен эй, эч көргөн эмес эдем, өткөндө базарда жүрсөм келип калган экен, жанынан көрдүм эй! - деп жибербеспи.
- Эй келесоо, Дордой акаң болбойт, чоң атаң болот, ал деген көзү өтүп кеткен киши, эмнеле былжырап атасың, - деди бержакта отурган кызымтал аксакал.
- Э аксакал, сиз антип кишини аскарбляйт кылбаң, туура болбосо туура эмес дең, зачем сразу келесоо дейсиз? Билесизби, бул деген бизде түшүнгөн адамга жүдаа жаман сөз.
- Ыя де! Ошондойбу? Дордойдун ким экенин менден сурап албайсыңбы адегенде пазор болбой? Дордойдун товарын сатып оокат кылып атасың да, Дордой аканы жанынан көргөн имиш...Уят эмеспи? Мына бу катындан сура, кыргыз болбосо да сенден жакшы билет. Правда Наталия? - деп жанындагы аялга кайрылып калды. Тиги аял болсо:
- Чё, вы еще по рюмочку? - деп жандана түштү.
- Не падажди, он говорит, что Дордой ака видел как я сейчас тебя вижу. Чуть не поздоровался гаварит. А я гаварю нет. Казяина зовут Аскар Салымбеков. Дордой это дед Салымбекова.
- Правильно, а кто спорит то? Ну парень подумал наверное что Дардой это он, хозяин рынка. Ничего бывает, ошибся. Давайте лучше споем что нибудь...
Жигиттин ындыны өчө түштү. Дагы эле жеңилип калганын мойнуна алгысы келбегендей, жардам бербейсиңби дегенчелик кылып кайра - кайра берки дулдуюп үнсүз -сөссүз, айкелдей катып отурган досуна карайт. Ал болсо кыязы эмне кеп болуп атканын түшүнгөн да жок шекилди. Көздөрүнөн кыпындай ой жүгүртүүнүн жышааны да көрүнгөн жок, белине бекем ороп алган акчасын ордундабы дегенчелик кылып кайра - кайра сыйпалап коюп отуруп, акыры алтынчы рүмкөдөн кийин гана бираз жибишти окшойт:
- Оптум базарда алиги патинкелердин наркы саал ылдыйласа жакшы болот эле, - деп күңк этти. Бир топ кызуу болгонсуган менен жетинчи сезими таптаза бойдон калган (профессионалдык адат да, челнок байлар канча ичкен менен баарын назарда кармап турушат) жанагы аксакал беркинин унчукпай калганынан эми чечилип кепке кирди:
- Неңди урайын чоңдор бу эмнени ойлоп атышат, билбейм. Дордой болбогондо мынча элдин баарын кайда батырып, кантип бакмак булар чорт билеби. Мынабул айткандай, камыш басып жаткан саздак жерди базарга айландырып, жан киргизип атыры. Мурда ит да басып келбеген жер эле, эми минтип адамдын колу тийгенде гүлдөп баратат. Маладес деш керек. Сен, мисалы, Дордойго келип жан багып атасың үкөм, туурабы? Сендейлер, мендейлер минтип жонубузга жүк артынып, ата - бабабыздын буту тийбеген жерлерге каттап, соода сатык менен бала бакыраны багып атабыз. Так что Дордойдун ким экенин менден жакшылап билип ал бала. Өзүң кебетеңе караганда гезит - мезит деле окубайт окшойсуң, болбосо тигинтип...
- Э аксакал, гезит окубасак да Кокон базарда гарячий самсы жеп жүргөн балдарданбыз. Саал- паал касяк кетиптир энди, адеп эле айта бересизби, болду бас кылың...-деп безилдеп калды жигит.
- Ой атаңдын оозун! Карачы болдучу деп... Кокон базарда кокон тыйын таппасаң да самсы жеп жүрсөң эми Дордой базардыкын жеп атасың, жаман болуп атасыңбы? Жо, азамат экенсиң дегеним, капа этпе үкөм. Биз экөөбүз бири -бирибизди көптөн бери билет эмеспизби. Тачки тартып жүргөн бала элең, эми минтип поюз минип каммерсант болуп калдың, машинең болсо бар экен, Бишкектен тамдуу болуп алыпсың, каңырыш укпасам, дагы бир аял алып койсомбу дегендей да оюң бар окшойт. Канга салам бербесең да, айыл өкмөтү менен акимге точно салам бербей калган даражага жетип калдың, туурабы? Ушунун баарына сен Дордойдо жүрүп жеттиң да, туурабы? Же Кокон базардан иштеп таптыңбы?
- Туура, туура аныңыз аксакал... Алиги сиз айткан машинени ошо тачки тартып жүрүп алгам. Машинеси бар тачкисттер толтура Дордойдо. Кычырап кийинип машинесин айдап келишет да коюп коюп, тачки сүйрөп кирип кетишет. Реальный кеп бу, аксакал.
- Ии вот ошондой десең! Сени районуңдагы элди аким же гүбырнатыр багып атабы, же мен туулгандан бери ремонттон өтө элек атамын эски тамын ошолоруң оңдоп берип атабы? Мунун баарын ушу Дордойдон таптык ко? Президентиңдин кебетеси болсо тигил. Лепилдегени менен поктун ишин кыла элек. Илимпоз имиш. Палитехте мугалим болуп жүргөндө эле студенттерден жылма пара алып жеп көнгөн неме экен го мунуң. Маа койсо алып ыргытып, ушул Аскар Салымбековду эле шайлап алмакпыз президент кылып, ушу киши гана элди бакмак. Кудай берген, кудай деген кишилер булар. Кудайды оозанган кишиге мамлекеттин тагдырын ойлонбой туруп бериш керек. Ошо кудайдан корккон үчүн көппөй этпей бир калыпта келатат. Ордунда сен экөөбүз болсок небак асманга учуп кетмекпиз. Жүрбөйбү президентиң асманда! Анда- мында жерге түшө калып ой укмуш болуп атабыз дегенден башка кылган иши жок кысталактын.
Асакал "замзам суудан" аз аздан ууртап отуруп ичип, ансайын өзөгү өрттөнө көпкө сүйлөдү токтоналбай.

Бахтияр Шаматов.
Караганды - Чу -Саршаган, 1997 -жыл.