"Көк Асаба", 21.04.09 - 12-бет: •
  Майдан

1-класска канча окуучу келет деп тизме тактаган мугалимдей эле Асылбаш айылымдын ажарын ачып берүүчү тагдырларды, кыргыз кыйырынын тарыхына кирген окуяларды изилдөө, окуу жана тандоо кызык да, кыйын да экен. Ошондой оомал-төкмөл аракет менен жүрүп, согуш жана эмгек ардагери Асипбек Сасмановдун согуштагы аскердик тагдырын угуп, бүгүнкү кеп нугун мына ошол жакка бурдук.


Өмүрдүн эки жагы

Ышкырык жана ак күрпө
Алгач сөзүбүз менин таятам Рахмат ажыдан башталды. Себеби, 30-жылдары Кыргызстандан айдалып кеткен таятамдын туугандарын Асипбек ага согуш учурунда кезиктириптир деп уккам, ушу боюнча бир маалымат болор деген илгери үмүтүм бар эле. Бирок, Асипбек ага Украинадагы согушта жүрүп ал жактагы кыргыздар тууралуу укканын, бирок жолукпаганын айтты.
- Рахмат ажынын элге кылган жакшылыгы, нечен жутта ачарчылыктан сактаганы, мечити мектепке айланганына карабай совет бийлиги тарабынан тартылып алынганда жана ал адамдын үй-мүлкү акыркы ирет тинтилгенде мен 9 жашта элем. Бул, 1929-жыл болчу. Ошого чейинки бир окуя эсимден кетпейт.
Сасмандын ак күрпөңү-нөн жейли деген тамаша менен ардактуу ажы биздикине көп түшчү. Ошондо кошуна айылдагы Осмон деген адам өз балдарынын ышкырыгын тыя албай, Асипбек эле ызылдап ышкыра берет деп мени чычалата берчү. Ал сөзгө чын ишенгениби, же тарбия жуксун дегениби, "Кой айланайындар, кимиң болсо да ышкырбай жүргүлө, ырыскыңарга кесири тиет!" дегени дале көкүрөктө. Ал эми "ак күрпөң" деп үлбүрөгөн жупканы жаңы саалган сүткө кайнатып, анча-мынча гана сарымай кошуп ичкен мүнөз тамакты тергеп, сыйлап айтышчу…
"Азыр эми токсонго чыккан чагымда ушул эки нерсени салыштырып, өмүрүмдүн канчасы ышкырыктын кесепетине учураганын, канчасы ак күрпөң сымал өткөнүн билбей дендароомун" , - деген аксакал ушул сөзү менен делебени ого бетер делбе тап кылды.
Аксакалдын чечендигин, алтымыш беш жылдан аркы окуяларын дээрлик жаңылбай эстеп сүйлөгөнүн, "туура эмес айтсам, мына касиеттүү көктүн астында отурабыз го!" деп кай бир окуяларга тактоо киргизип элестетип баяндап бергенин накыл сөзчү, академик Кусейин Карасаевге абдан окшоштуруп отурдум.
"Сасманов, война, война!"
Асипбек Сасманов 1940-жылы советтик армиянын катарына чакырылганча эки жылдык юридика мектебин бүтүрөт. 1941-жылы Эстониядан Ленинграддагы артиллериянын кенже командирлик тогуз айлык курсуна жөнөтүлөт.
- Сасманов, война, война! Опять немцы напали, вторая мировая! - деп кыйкырган орус солдатынын үрөй учкан кебетеси алиге көз алдымда… Ат менен сүйрөтүлүүчү замбирекке 48 килолук снаряд дүрмөттөлчү. КВ-1 деген танка оор, кыймылы жай, олдоксон. Граждандык согушта колдонулган "Максим" пулеметун 3 киши тейлейт. Пехотанын башкы куралы баягы эле "Бешатар" мылтык болбосо, автомат деген анда-санда гана.
Мына ушундай жагдайда немецтик соккунун күчтүүлүгү, күтүүсүздүгү Сасманов кызмат өтөгөн дивизия гана эмес, кошуна дивизияны да заматтын ортосунда от-жалынга алып, беткелди чачыроого аргасызданткан. 30 миңдей аскердин чакчелекей түшүп, кызыл кыргынга учураганын элестетип көрүңүз. Ушундай апаатка чыдабаган айрым генералдар бири-бирин самолету менен атып түшүргөнүнө, ыза болгон жоокерлер политруктарды сабаганга чейин жеткенине карабай качуу, чегинүү башталат. Артеллерист Асипбек өзүнө тийиштүү күч менен аткылашып жатканда көп аскерлер эбак эле 5 км. артка чегинип кеткен экен… Душман соккусуна жеке такаат боло албасын сезгенде тапанчадан башкасы калбаган куралдаштары менен кетүүдөн бөлөк арга калбаган.
Ошол кыргындагы баарынан кыйыны: "Казак малай, мени кыйнабай атып кетчи!" - деп татар майордун жалдыраганы, анын жарылган курсагынан чубалып чыгып калган ичеги-карынын нес боло карап, "атсамбы-атпасамбы…" деп тапанчасын аны көздөй мээлей кармаганы менен кайра артына шарт бурула берип безип жөнөгөнү… "Атпаганың туура болгон!" деп кийин молдолор айткандан кийин гана кандайдыр жеңилдик алыптыр.
"Сталиндин бүркүттөрү"
1941-жылдын күзүндө Ригадагы миңдеген советтик туткундарга Балтика өлкөлөрүнүн көпчүлүк эли кекээрлик мамиле жасаганы (алар Союзга согуш башталардан бир жыл мурун эле кошулушкан), жакындаган кыштын сүрү "камакта өлгөнчө, качып көрөлү" деген үмүткө шыкак берген. Ошол кеч күздөгү 40 миң туткундун 10 миңи гана жаңырган жазды көргөн. Ал эми кышы бою 5-6 километрге чейин жыйылган өлүктөр өрттөлүп бир айга чейин быкшып күйүп турганы, ала-букалык кыргыздын "Түштүктөн болом, кыргызмын" деп араң сүйлөп, эки кабаттап кийип алган шинелди кымтылаганга да алы келбей, "Ай, мал болбой калдым го" деп капалана бергени, нанды жегенге да алы келбегени, кеберсиген эриндерин араң кыбырата ээк кагып көз жумганы туткун Асипбектин жүрөгүн тилди.
"Ушинтип өлүп калганча жашоо үчүн күрөшүү керек!" - деген дем кан-жанына күч-кубат бергенсиди…
Фашисттер ыргалып араң баскан туткундарды оор ишке айдап, "ии, Сталиндин бүркүттөрү, ырдагыла" деп кыйнап, келекелешчү. Ошол күндөрү капыстан эле туткундарга экзамен жүргүзүшүп, Орто Азиянын хандыктары, советтик фабрика-завод, интергельпо ж.б. тууралуу сурашат. Сабаты бар деп Сасмановду 50 киши менен поездге салып, Берлинге жөнөтүшөт. Бир ичеги болуп, тамак азабын тарткандын айынан Люккенфельд шаарындагы казармага отузу гана жетет. Ал жактан немец формасын кийишип, аскердик тамак-аш ичишип, тактикалык сабактарды окуй башташат. 1944-жылы гарнизондогу немец капитаны 2-фронт ачылганын, АКШ Берлинди бомбалай баштаганын, немецтердин күчү Европанын түштүк тарабында алсырап калганын айтты. "Совет өкмөтү эле жеңсе экен" деп турганда Югославияга, партизандарга каршы согушасыңар деп жыйырмадай кыргыз, өзбекке мени командир кылып жөнөтүшөт. Ал тараптан ар кандай окуяларды, ичибиздеги чыккынчылыкты көрүп, Белград, Будапешт, Вена менен кайра Берлинге Садыбакас молдо экөөбүз гана келдик. Ошентип, партизандарга өтсөк деген алгачкы тилегибиз ишке ашпады.
Берлиндеги бизди тейлегендер Францияга жиберишти. Аерде Түркстан легион штабы, Власов армиясынын жана грузиндердин бөлүктөрү бар экен. Бул жерден француздардын сопротивление кыймылына, партизандарга өтүү ыңгайын болжодук. 1944-жылы июль-августта Түркстандыктар АКШ аскер бөлүктөрү менен кадимкидей эле карсылдашып, согушуп жатканбыз. Легиондун немец капитаны "Капитуляция!" дегенде гана америкалыктар менен тирешкенди токтотконбуз. Сатар Алмамбетовду ошоерден көргөм. Ал киши мекенине ишенгендиктен, туткундарга: "СССРге кетели" деген чакырыкта гезит чыгарды. Көпчүлүгүбүз: "Сталин соо койбойт" деп ишенбедик.
Анан Венадагы фильтрация лагерине которулдук. Ошол жерден КГБ изилдей баштаганда "Сопротивлениеге" такыр өтө албай койгонубузга капаландык. Партизанда болдук дегендерди деле аяшкан жок. Куйбышев шаарындагы түрмөгө чектелдим. 1945-жылы сентябрда Куйбышев-ден Москва-Ташкент поездине качып түшүп, Түркстан шаарына келгенде чекисттердин колуна түштүм. Туткунга кантип түштүң эле деп сурабай туруп он жылга эркимен ажыратышты. Өзбекстандын түрмөсүндө жазамды өтөп, канал курулушунда иштеген 350 кишиге бригадир болуп жүрдүм. Коңурбай деген контр кыргыз кайдан тапканын билбейм, "Каныкейдин Тайторуну чапканын" окуганда көздөн жаш акчу…
Түрмөдөн качуу
1948-жылы түрмөдөн качып, Сыр-Дарыя жээгинде таң атканча жатып, кошуна лагерге, япон туткундарынын арасына кирип кетишет. Бою кичине япондордун арасында турса, "Сен кимсиң? А баса, түндө түрмөдөн экөө качты дешкен. Сен кан майдандан жаштык жигериң менен качкансың, эми биздин уйкучу кароолдорду сындан өткөрдүң" деп түрмө начальниги күлүмсүрөп койду. Ошентип, дагы 3 жыл кошулганы аз келгенсип, түндүктүн ит өлгөн суугунда ГУЛАГдын төрүнө айдалдым. Бир күндүк иши үч күнгө эсептелчү эң оор, зыяндуу цехте эмгектенип жүрдүм. 1953-жылы декабрда түрмөдөн чыгарылдык. Ырчы Сайра Кийизбаеванын иниси Ракымбай мени менен ошол жылы шахтада чогуу иштеп жүргөндө каза тапты. 1954-жылы октябрда "Известия" гезитине жарыяланган Хрущевдун указы менен мага окшогон бейтаалай туткундар биротоло акталып, мекендештер алдында жүзүбүз жарык экени ырасталганына каниет этик.
Уйкусуз он беш жыл
1956-жылы Кара-Балтадагы бухгалтерия мектебин бүтүргөн соң үйлөндүм. Бейпил турмушка көнгөндөй деле болгонума карабай, он беш жылга жакын тынч уктабай түшүмдөн чоочуп, 1 метрге чейин секирип кетчүмүн. Ошондо Токон апаңардын: "Абайла, тебелеп кетесиң" дегени дале кулагымда.
Айткандарын кагазга түшүрсөк тогуз том болор турмушту өткөргөн токсондогу аксакал Токон апа менен учурда Асылбаш айылынын улуу аксакалы. Бир уул, эки кыздын ата-энеси, тогуз неберенин чоң ата, чоң апасы, таята, таенеси. 53 жылдан бери бирге өмүр сүрүп келатышкан ата-апабызга бекем ден соолук, бакубат узун өмүр каалоо менен бирге, "Көк Асабанын" атынан айтылган бул тилек-куттуктообуз жалпы эле Ала-Тоо атпай журтунун саналуу гана калган согуш ардагерлерине көргөзгөн таазимибиз экенин белгилей кетели. Бар болгула, аталар!
Памирбек КАЗЫБАЕВ