"Көк Асаба", 28.04.09 - 14-бет:
  Диктатор

Пол Поттун каар заманы
- Өлтүрдү-үк! - деп жар салган, өзүмөн эки көйнөктү эрте жырткан агам жамажайы жарыла, экөөбүз жарыша чуркап жөнөгөнбүз. Алма бакты баятан акмалап жүрүп, тарткан түйшүгүбүздүн акыбети кайтып атканына агама кошулуп мен да кудуңдап сүйүнгөм, анда. Бирок, ошол кубаныч, ошол сүйүнүч көпкө созулбастан, кудум биздин колдон шейит кеткен шордуу эки чымчыктай "чырт" деп учуп, заматта көздөн кайым болгон. Качан гана аңдып жүрүп олтуруп, ажалы бизден болорун билбеген эки чымчыктын чымындай жанын чыркыратып, бейгам өмүрүнө кол салган канкор окшойбуз деген ой жүлүнүмө жебе болуп сайылып, аны жонтерим менен бир сезип, ошол эки шордуунун көздөрүн тиктей албай алкымыма келген ачуу кермек даамга мууна, ичимен түтпөй-сыздап, көздөрүмөн чолок жашым жаак ылдый тоголонгон. Эс кире элек болсо да: "Чын эле, биз адамбызбы?" деген суроо мээмди көзөп, анан кечкурун башка тамак калбай калгансып чоң апам ошол эки көгүчкөндүн этинен тамак жасап бир кудуңдаса, чоң атам агам экөөбүздүн эрдигибизге маашырлана: "Ой, булар адам болуп калган турбайбы, эр жетип" деп мактоо сөздөн агытып, оо, алдыга тамак келгенде - тамшанып ичип жатканыбызды тиктеп алып жүзүмдү үйрүп ийгем. Айтор, балалык дүйнөмө ошондо биринчи ирет дүрбөлөң түшкөн...
Анан, ошол күндөн ушул күнгө дейре ал азаптуу күндү бир эстеп, өзүмдү бир жектесем, бак-даракка конуп өзүнө бакыт издеп жүргөн көгүчкөндөрдү көрүп калганда кечирим сурай, көздөрүн тиктей албай көзүмдү ала качмай адат таап алгам...
- Эй, Жараткан! Айтчы, биз адамбызбы же кишибизби?! Менимче киши элебиз?! Киши болгон үчүн ажалды алаканга кармап алып, тирүү жанга өлүмдү айдактап жүрбөйбүзбү?! Адам болсок, антпейт элек да...

Т
арых кайталанаары турган иш. Бирок, Кудайдан тилегеним, мындай тирукмуш окуя жер үстүндө эгерим эки болбосун. Ар бир доор өзүнүн акылманын, акынын, улуу сүрөткерин жаратат. Өтө өкүнүчтүүсү, кан ичмеси кармаган канкорун да жаратат окшобойбу?! Асыресе, 20-кылым ааламга ажайып ачылыштарды алып келгени менен ага удаалаш доордун бир топ залимдерин жаратканы талашсыз. Алар кылымдан кылымга аңыз болуп айтылып жүрө олтурчу өз издерин тарыхка ушундайча калтырышты.
- Кудай өлгөн! - деп түтпөй кетиптир, замандын түрүн көрүп жандан түңүлгөн айтылуу ойчул Ницше. Ооба. Кудай ошол жылдары Камбоджа эли үчүн чындап эле өлгөн эле. Анткени, жашоонун маңызы өчүп, өлкөнү караңгылык каптап, коркунуч ээлеген.
Гүлдөйүн деген өлкөнүн күлүн көккө сапырган Пол Пот Камбоджаны өлчөөсүз зор көрүстөнгө айланткан. Жанда жок ашынган зулум Пол Пот (өз аты-жөнү Салот Сар) 1925-жылдын 19-майында Камбоджанын Капмпонгтхом провинциясында фермердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Өз тели-теңтуштарынын эскерүүсүндө болочоктогу диктатор Салот Сар бала чагында тил алчаак элпектиги, боорукерлиги менен өзгөчөлөнүп турган. Кичине кезинде буддалык монахты эки жыл ээрчип жүрүп андан диний таалим алып, чыдамкайлыкты, токтоолукту өздөштүргөн. Салот Сар мектепте начар окуган балдардын катарына кирген. Бирок, ата-энесинин фермерлик кирешесинен түшкөн каражаттын эсебинен улам 1949-жылы Францияга жөнөп, Париждеги электротехника институтунда билим ала баштаган. Бардык балекеттин бардыгы мына ошол жерден башталды. Парижде окушкан өз мекендештеринин саясый ийримдерине катыша баштаган Салот Сар коммунисттик-марксисттик идеологияга сугарыла баштайт. Басса-турса ой-кыялынан ашынган кызыл террорлордон болгон Мао Цзе Дун менен Сталиндин жасаган иштери аны өзүнө оп тартып, кызыгуусун арттырат. Кийин-соң өз өлкөсүнө кайтып барганда, алардын ишин улантуучулардан болууну самайт. 1953-жылы окуусун аяктап, мекенине кайтат. Дал ушул жылдын 9-ноябрында Камбоджа Франциянын үстөмдүгүнөн бошонуп, көз карандысыздыгын колуна алат.
1960-жылы Пномпенде элдик революция партиясынын съезди өтүп, генералдык секретарлыкка Ту Самут көрсөтүлүп, анын орун басары болуп Салот Сар шайланат. Арадан аз өтпөй ал партиянын аты "Жашыруун гвардия" деп аталып, куралдуу күчтөрү түзүлөт.
1962-жылы Пномпендеги өз үйүндө коммунисттик партиянын секретары Ту Самут киши колдуу болот. Эки тизгин бир чылбырды колго алыш максатында Салот Сар бул буйрутмалуу өлүмдү өзү уюштурган деп да айтылып жүрөт. Ошентип көктөн тилегени жерден табылып, генералдык секретарлыкты колуна алган Салот, эми өлкө бийлигин кантип алсам деп түйшөлө баштайт. Калаада тура берсе акыры жүрүп олтуруп куугунтукка учураарын сезген Салот Сар бир нече миңдеген аскерин алып, жунглиге сиңип кетет. 1965-жылы Мао Цзе Дун менен болгон жолугушуу ага чоң күч-кубат берет. Салоттун алдына койгон максаттарын кунт коюп уккан кайран Мао Камбоджа бийлигин алып бериштин жол-жобосун ойлоп, курал-жарак жана материалдык жардамдарды аянбастан көрсөтүп турат.
Ал ортодо арадан он жыл өтөт. Албетте, өзүлөрүн "кырмызы кхмерчилер" деп жар салышкан (Салот Сар дал ушул учурдан тартып Пол Пот деген ат менен бийлигин жүргүзө баштайт) Пол Потчулардын миң-сандаган аскерлеринин балтыр эти катып, тишине дейре куралданышып калганы түшүнүктүү. 1975-жылдын 17-апрелинде борбор калаасын басып кирген кара кийим, кызыл шапкечен отуз миңге чукул аскерлерди бу жолу өлкө башчысы Лон Ноланын катаал мүнөзүнөн запкы тартып келишкен камбоджалыктар кучак жайып тосуп, жүздөрүнөн нур тамылжып тосуп жатышты. Көрсө, "көргөнүңөн көрөлегиң, укканыңан угалегиң көп" дегендей, шордуу элдин шору аябай арбын экенин кайдан билсин караламан калың журт?!
Пол Поттун аскерлери калааны каптап кирээри менен Пномпендеги улуттук банкынын имаратын орду-түбү менен тыптыйпыл кылып, андагы акчаларды өрттөп киришет. Аң-таң болгон калаа элине: жаңы бийлик өлкөдө эч кандай акчаны колдонбосун жарыя салып, ал эми шамал сапырып ары-бери аккан акчаларды алайын деген адамдарды "кырмызы кхмерчилер" ит аткандай атып киришет. Өлкө мындан ары Орто кылымдардагыдай агрардык өлкөгө айланаарын, шаарлар жоюлуп коммуналар түзүлө тургандыгы жөнүндө указ чыгарышат.
Бийликти алган ошол сааттан баштап, интеллигенция өкүлдөрүн турган жеринде атып өлтүрүп киришет. Ошол окуяга он сегиз жашында күбө болгон Пномпень калаасынын тургуну Сар Сам: "Аскерлер баш ийбегендерди туш келди пулемёт менен аткылап, кечке жуук Пномпень жети-сегиз сааттын ичинде өлүккө толуп чыкты. Көчөдө көп өтпөй киши жегич иттер пайда болду" деп эскерет. Пол Поттун аскерлеринин дээрлик жүз пайызы аёо сезиминен ажырагандар эле. Анткени өз аскерлерин 12-15 жашар курагынан тартып мерездикке, таш боордукка, киши өлтүрүүгө үйрөтүп, пальма ширесинен жасалган ичимдикке адам канын кошуп ичишке мажбурлашкан. Колдоруна курал-жарак кармашкан ал өспүрүмдөр жалгыз гана "ангка үчүн" ("ангка" - организация деген мааниде) деген ураан астында биригишкен.
Үч миллион тургуну бар Пномпенде аёосуз эвакуация жүрүп жатты. Балдарды ата-энелеринен, аялдарды күчкө салып күйөөлөрүнөн айрып, баш ийбегендерин ошол замат өлтүрүштү. Бир апта ичинде Пномпень шаары адам аттуудан кабары жок аңгырап, кулак-мурун кескендей жымжырттыкка оролду. Калаа тургундарын коммуна кылып бөлүп, атайын лагерлерге камашып, күнүнө он сегиз сааттык иш убактысын коюп, бир гана маал тамак бердиртти. Өлкө чындап өлүү жандардын өлкөсүнө айланып жатты. Адамдардын сөөгү тоодой үйүлүп, ал эми ошол эле убакта Камбоджада болуп жаткан төрт жылдык алаамат менен дүйнө эли эч кандай кабардар болушкан жок. Себеби, эч бир өлкө менен Пол Пот кызматташпай, Камбоджадан эч ким сыртка чыга да албай, кире да албай калышкан.
Оорукчал, майып адамдар бизге "ашка-жүк, башка жүк" болот дешип, аларды крокодилдер жайнаган көлмөлөргө жем кылып тирүүлөй түртүп арылышты. Ок-дарыларды үнөмдөштүн амалдарын ойлоп табышкан "кырмызы кхмерчилер" кишилерди тирүүлөй тырмактарын кычкач менен жулушуп, кыйноонун кытай ыкмасы катары жерге бекем кагышып, башынан ылдый суу тамчылатып, ал эми наристелерди эки бутунан бекем кармашып, алаасынан экиге айрып өлтүрүшкөн.
Ыйык нерсе деген болбош керек деп, храмдардын, чиркөөлөрдүн, мечиттердин, окуу жайлардын, университеттердин, музейлердин ичинде чочколорду, мал жандыктарын бактыртышты. Телевидение, гезит, китеп дегендер орду-түбү менен жоюлду. Монахтарды, диний кызматкерлерди, врачтарды, мугалимдерди кармашкан жеринде "улут душманы" деп аташып, моюнуна дейре жерге тирүүлөй көмүшүп, мээ кайнаткан ысык аптапка калтырып, андан соң алардын баштарын кесип алып бийик жайгашкан учтуу жыгач саптарга кадап туруп: "Мен улуттун душманымын" деген жазууларды илип коюшту. Кары-картаң, аял-эркек, наристе дебей тирүүлөй куйкалап өлтүрүлдү. Ислам динин тутунушкан адамдарга чочко этин жедиртип, азапка салышты. Эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө жашап, аял күйөөсүнө бир айда бир жолукканга гана укук ала алчу. Эс алуу күндөрү алынып салынды. Баарынан да кызыгы, элүү миңге чукул аскердин ичинен эч кимисинин адамдык сапаты ойгонуп, аёо сезими жашабагандыгында. "Кайрымдуулук, боорукерлик дегендин өзү - чоң кылмыш!" деп эсептешчү. Тирукмуш мындай окуя Камбоджада төрт жыл бою уланды. Алдан тайган Мао Цзе Дун Пол Поттун иш-аракетин көргөнү атайын иш-сапары менен келип, коммуналарда адамдар аёосуз эзилип жатканын көрүп туруп: "Силердин улут социализмге карай бир эле кадам менен өтө тез арыштап киргенине кубанам. Бүткүл Кампучия дыйкандардыкы, караңызчы, мынакей биздин келечек!" - деп маңдайы жарыла сүйүнүп, толкунданганын жашыра алган эмес. Пол Пот эки гана өлкө менен алака күткөн. Бири Кытай болсо, экинчиси 1977-жылы "Пол Пот - улуттук Баатыр" деп сыйлык ыйгарган Түндүк Корея.
"Эмне үчүн наристелерди өлтүртүп жатасыз?" - деген журналисттин соболуна Пол Пот: "Анткени алар чоңойгондо, абдан коркунучтуу адамдарга айланышат да!" - деп жооп берген. Ким билет, мындай көрүнүш канчага уланаар эле, коңшулаш жайгашкан Тайланд менен чектешкен жердеги тай улутунан 100 миң адамды, коммунисттик өлкө катары достук-кызматташтыкта бололу деген вьетнамдык 20 миңдеген адамды кырып ийбегенде. 1979-жылы 7-январда 100 миңдеген вьетнамдык аскерлер Пол Поттун бийлигин кулатып, демократиялуу Камбоджа аталуу менен бирге, такка Хун Сенди олтургузушат. Азыркы күндө Хун Сендин колунда бийлик болгону менен жунглилерге качып киришкен "кырмызы кхмерчилердин" аягы үзүлбөй, анда-санда калаа ичинде от чыгарган окуяларына Пномпень тургундары дале күбө боло калышат.
Айрым маалыматтарга караганда, Пол Поттун бийлиги тушунда өлкө 90 пайызга чукул врачтарынан ажырап, 11миң студенттен 400ү гана аман калган. Өз улутуна кыргын салган бул эргул өлкөнү башкарган төрт жыл ичинде, тагыраак айтканда 1975-жылдан 1979-жылга чейин үч миллионго чукул адамды жок кылып ийген. Пол Пот Батыштын массалык-маалымат каражаттарына берген маегинде: "Карагылачы мени, мен эмне таш боор адамга окшошуп турамбы? Менин абийирим таптаза!" - деп жооп берген.
Дүйнөлүк Сот тарабынан өлүм жазасына өкүм чыгарылганы менен ал иш аягына чыгарылбай, "кырмызы кхмерчилерди" баштаган 72 жаштагы Пол Пот жунгли ичинде өз жашоосун улантып, 1998-жылдын 15-апрелинде жүрөк оорусунан көз жумган. Биринчи аялы Кхиеу Полнари Пол Поттун өлкөдө жасап жаткан иштерине чыдай албай акылынан айнып өлгөн. Ал эми экинчи аялы Миа Сем кызы Сет Сет менен аскерлер жашаган жунгли ичинде күн өткөрүп келишкен. "Кхмерчилер" ал өлгөн соң анын сөөгүнө от коюп, өрттөп ийишкен. Өлөр алдындагы Батыш журналисттеринин бирине берген маегинде "Эч кандай, эч нерсеге өкүнбөйм!" - деп жооп берген.
1970-жылдардын башында Лон Ноланын режимине туруштук бералбай Кытайга качкан камбоджалык ханзаада Нородом Сианук:
- Биз анын тажаал экенин, жырткыч экенин жакшы билебиз! Бирок, сиз аны менен жолугушуп кала турган болсоңуз, ал абдан жагымдуу адам катары таасир калтырат. Ал сүйкүмдүү жылмайып, жумшак жооп бергени менен Гитлердин экинчи кешпирин кийген экен деп эч ойлобойсуз. Арга жок, унчуга албайсың, ал айланасындагыларга жагымдуу жагдайды тартуулай алчу касиетке ээ! - деп эскерген.
Даярдаган
Данияр Исанов