"Көк Асаба", 05.05.09 - 10-бет: •
  Манас - кыргыз руху

Ашым Жакыпбеков
Теңири Манас
(Башы өткөн санда)
"Кайран кыргыз эл кайда, ордолуу Талас жер кайда?.." - деп күңгүрөнүп, сакалы ылдый койнуна кубанычтын жашы куюлуп, Акбалта шайтандай жүргөн Көкчологун теминип, Алтай тоону бөксөлөп Шабырлууга бет алды. Эртегиси эске түшүп, кайрандарды ойлосо кайгыга мууну бошоп, кайра бу тилеп алган баланын туулганына кубанып жүрөгү алып-учуп, келечек үмүтү кең жайылып, маңдай сергиткен абаны кере-кере жутат, аптыгып.
Эзелтен берки Ата-Теги эсине түштү Акбалта Бабанын. Ал доорлордо Күн чыгыш тарабы Эренге чейин, Түн тарабы Энесай, Күн батышы Орол, Күн чыгышы Тебитти чапчып Ата конуш болуп, Кыргыз Тегинен берки Мекени болуп, Жетеден Жотого мурас өтүп, бул кең жайкын аймак бирде учу-кыйыры узарып, бирде ширидей тарып куурулуп тарып, Ажолор басып келген кастар менен алпурушуп, Бабалар айыгышып күрөшүп, Аталар кан төгүшүп кармашып, Балага мурас болуп өткөн болуучу…
Балдардын тукуму көбөйүп, кыргыздар бирде дүркүрөп өнүп-жайнап, Көк Теңирдин Көк Туусун күн астында ай-ааламга булгалап, бел-белесте беш удургуп, Теңирин тааныбай ай чапчып, анда Теңир терс толгонсо кумга сиңген суудай сиңип, таруудай чачылып, ошондо да Кыргыз аты көгөн мисалы мөңгү сүзүп жоголбой, камгак болуп доордун кара шамалына кетпей, кескелдирик болуп куйругун кесип салып, жанын кум астына катпай, ата-бабаларынан мурас калган Улуу Тоо Алтаг менен Алтагды (Алтай менен Ала-Тоону) таянып, эгизинин түгөйү Энесайда ыйлап жүз чайса, түгөйү Ыйык-Көлдө жүз чайып ыйлап сагынышып, Баба жайын, Ата конушун көздөп-мелжеп келген тура…
Бул эртеги эсине түшө келгенде арылдаган ат үстүндө бараткан Акбалта Жакыпка тезирээк жетүүнүн камында болсо да ташбака сымал жыбылжып калган көрүнөт, ою онго, санаасы санга бөлүнөт…
Орозду баатырдан он бала туулуп, улуусу Жакып али ат жалын тартып минер жашка жете элек, андан кичүүлөрү Жамгырчы, Улаккан, Текечи, Үсөн, Шыгайлар жерден боорун көтөрө элек жаш болуп, Орозду менен теңтууган Бай карып болуп, балдарын канатына калкалай албай Орозду баатырдан ажырап кала беришпедиби. Ала-Тоону бүт ээлеп келаткан кытай, манжу, калмактар Алоокеси баш болуп, Молто ханы күч болуп, Таластагы акыбалды билди да, Ордону талкалады. Карып менен жетимдердин башына каран түн түштү. Жардамга келер жан жок, Ордо үстүндө көкөлөгөн Көк Туу жыгылды. Айла табар Акбалта нойгут тайпасы менен Анжыян тарапта, калка болуп каруу берер кан Кошой катаган тайпасы менен Ат-Башыда алыс болуп, Таласка кыргын-бүлгүн түштү да калды…
Акбалта ушуларды ойлоп, кабыргасы сөгүлүп бара жатыры. "Эми Теңирим берген ушул баладан үмүт кылалы" деп кайра кайраттанып бара жатыры…
Баштатан басташып келген Алооке менен Молто хан Самаркан менен Анжыянды чаап, анан Орозду баатыр өлүптүр дегенди угар замат Таласты чаап, баш көтөрөр эр калтырбай кырды. Эңшейген чал калды, эмгектеген бала калды, сулуу кыз-келин олжого кетти, малдан-жандан ажырап карып калды, мискен* калды. "Олда, Орозду атабыз өлбөй кал, биз көргөн кордукту көрбөй кал!" деп боздогон үн калды, кара түтүн каптаган каран түн калды. Он бештеги Жакып, он үчтөгү Жамгырчы, ондогу Улаккан, андан кийинки чөжүрөгөн жетимдер каяша кылар алы жок, бак-бак этчү Бай карып, баш көтөрөр эри жок, кырылганы кырылып, соо калганы бытырап качып, колдоп алар эли жок, өз жеринде жери жок, гүлдөп турган Ордо төрткүл болуп талкаланып жатыры. Кароол чокуда Көк Теңир менен оболош болуп жалпылдап туруучу Көк Туу тытылып өрткө кетти, түркүгү түбүнөн суурулуп, бырын-чырын сынып отко кетти. Ата Баба жыйган казына канталамайга кетти. Талас кан жыттанып, сапырылган күл жыттанып, көк менен жердин ортосу бозала чаң тоз болду. Он жетим төрткүлдү тегерене чуркап, жетелеш "атакелеп" чуркурап, алдан тайганда, арып-ачканда Талас суунун боюн кучуп* жатып калды. Анысы да аздык кылды басташкан жоого. "Билимдүү эл дүйнөдө бир гана биздин эл болот" деп, кытай кечилдери Ордонун казынасын талаганда андагы бичик жазмаларды өрткө салды: "Кыргыздын башына түшкөн каран түн мээсине да түшсүн, эгерим экинчи жазуу билбесин" деген бүтүм болду. Тоо боорлорундагы бетинде жазуусу бар байыркы таштарды өгүздөргө сүйрөтүп түшүп, дайранын ирим жерлерине чөктүрдү…
Алооке ошентип чапты Таласты…
Ошондо Нойгуттардын мыктысы Акбалта да элин-жерин жоого чаптырып, кирип кетер көр таппай, корголоорго жер таппай айласы куруду. Өлүү болсок бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу деп, төрөнүн уулу Орозду авамын Жакыбына барайын деп, өлгөндөн калган журтун жыйып, чачылгандан калган мүлкүн жыйнап, Таласка келди. Жакыптан элебирээк, он жетини карап калган Акбалта он жетимди чогултуп, карып болгон Байды баш көтөртүп, кою короолош, ашы жоролош конду. Бирине бир арманын айтса түгөнбөйт. Озондоп отура бергенде болбос деп, азганактай журтту көчүрүп, Ордонун төрткүлүн бир тегерене боздошуп, Талас менен кош айтышып, өтөктөп Күркүрөө багыт алса, ал жак Алоокенин астында, өр таяна жүрсө кайберен өтчү Өтмөк бар деп, ошону бет алып, тоо таяна көчтү. Үйрүлмөнүн сазына өргүп конуп, бир күнү Бай менен Акбалта, Жакып кеңеш курду.
Жамгырчы айтты:
- Ата-бабама кул болгон калмак, манжуга кантип сурак беребиз? А көрө кырылыша жаталы, ажал жетсе өлөлү!..
Улаккан айтты:
- Кырылышар ал кана? Басып турган калың жоого алышсак алдырабыз, чабышсак чалдырабыз…
Жакып айтты:
- Каяша кылсак эле корбуз, а көрө дегенине көнөлү, сурганын берели…
Акбалта айтты:
- Эл-жеримди алдырып, үркөрдөй журтум менен силерди караан тутуп келдим мен. Бириндесек өлөбүз, бириксек кулжуңдашып көрөбүз. Кор болуп минтип жүргүчө өлүм артык эмеспи!
Андай Бай айтты:
- Эл башкарар башыбыз жок, ээлик кылар жерибиз жок. Алактабай акыл токтотолу. Алдыртан кокту-колотторду аралай качкан эл калдыгын жыйнайлы. Чамабызды бейлейли*. Ашыкканда бүгүн жаш, эртең баш көтөрөр балдарыбыз жашында жер кучуп жайрап калбасын. Эселек балдар эр болгуча, көңүл тынчып күч толгуча мындай салттуу иш кылалы: көк туу жыгылды, кызыл жалынга кетти. Муну бир дегиле. Каныбыз төгүлдү өз жерибизде - муну эки дегиле. Шоңшогой төбө аккалпактын төбө орою оюлду - муну үч дегиле. Кегибиз ичте болсун, ага дейре багынгандыктын белги жосунун кылалык: кыздар кундуз тебетейлеринин төбөсүн кызыл каптасын, бой тумарларына кызыл жалгын байласын. Катындар элечегине кара-кызыл кыргак байлансын. Кызылы - төгүлгөн каныбыздын күйүт белгиси, карасы - аза зыйнат белгиси. Эр азамат уулдарынан ажыраган энелер каштарына кызыл жошо боесун. Ак байбичелер Көк Теңирден үмүт үзбөй, Таластагы Ордо үстүндө желбирген Көк Тууну эскертип тургудай элечектерине шаңкай көк жалгын байлансын. Кары-жаш эркек бүлө аккалпактарынын шоңшогой төбөлөрүнүн ороюн баса кийинсин, кырын кырдантпай шалпайтып төмөн түшүрсүн. Мындан башка айла жок. Ушинете турсак кас душман бизди чындап моюн сунган экен дээр. Алыбыз келсе акыры чабыш салалы. Ага алыбыз жетпесе алигиндей жосун менен азганакай көч болуп жүрүп отурсак, барар жердин дареги дайынсыз болгон соң, жолду катар жолуккан элдин нарктуусу аңдайт, кор кылбайт. Канчалык намыстанган менен биз азыр кул эмес корбуз, кордун түбү зор деген, зордун түбү кор деген, кулдукка жетпейли, денекул болуп кетпейли. Теңир жалгасын! Теңир колдосун! - деп Бай чамгаракка эки алаканын көтөрө жайып, Теңирге тайынды. Отургандар жапырт Теңирге тайынды.
Байдын акылы акыл болду. Бирок алдыртан койгон тыңчыдан Алооке менен Молто канга кабар жетти: өлгөндөн калган кыргыздар кайрадан көтөрүлгөнү жатыры, деп…
Алооке менен Молто хан белен турган жайсаңдарын аттантып, бозала желек, кызыл туу менен, найзанын башы чабышып, колдун башы кагышып, кернейлер бапылдап, жезнайлары чыркырап, жолду катар жолуккан айылдарды кызыл уук кылып, кол көтөргөнүн көмөлөтө чаап, качканын кууп сайып, катындардын баарысын кара элечек тул кылып, жетимдерди бүт жыйнап, эл сагынбас денекул кылып, беш көкүл сулуу кыздарды, келеңкор чачпак, кең соору төрөй элек шөкүлөчөн келиндерди олжо кылып, дагы басып келди. Айласы кетти кыргыздын, кең дүйнөсү тар болуп, кире качайын десе жер катуу, өлө калайын десе жан таттуу, кызыл-ала кан болуп, баш калкалаар жай таппай аска-зоого асылды, калың чер житип жашынды. Алооке бу баш ийбеген бурутту биротоло тукум курут кылмакка өрүшүнө мал калтырбай айдап алды.
Бай, Акбалта баш болуп, аз калган кыргыздардан бата алып, аттан тандап минишип, жоо жарагын байланып, Ала-Тоо күңгөйүн этектеп, ой беките конмой болушту, касташкан жоо менен өлгүчө басташа турмай болушту.
Ошондо кыргызды тоноп, казынасын "канталамай" кылган Алооке олжо дүнүйөнү: алтын, күмүшүн баш кылып, аягын жакут, көөхар таш кылып, жүз токсон төөгө жүктөтүп, узун кербен куруп, сексен себилдүү балбан коштотуп, Бээжинге жөнөтүп калган чагы экен. Акбалта менен Жакып ата казынабызды алдырабызбы деп намыстанып, алтымыш жигит курап, курал-жарагын шай кылып, аттарын кайра такалап, таң супа садык* салганда тоо түнөргөн урчуктан өңүп барып, кербенчилер жаңы ойгонуп, жүктөрүн артып бүтө элек, өздөрү саамал ичелек маалда капилеттен кол салды. Сексен балбанды союп, жоо олжологон өз дүйнөсүн кайра тартып алышты. Кызыл куйрук кара нарларга артып, калкына кайра кайтып келишти. Эл өзүнүкүн өзү алсын деп, түтүнмө түтүн калтырбай муштумдайдан алтын бөлүштү. Ошо кербен кайтарган балбандарды кырып жаткан кезде жөө желдең бир балбан кутулуп качып кеткен экен. Алоокеге жетип барып, суук кабар угузду:
- Таксыр, Эсенканга тартуулаган дүйнөнү жолдо каракчылар тоноп кетти. Балбандардын баарын союп кетти. Өз көзүм менен көрдүм, каракчылар буруттардын өзү экен.
Муну укканда Алоокенин каны дүргүп чыкты башына. Доолбас кактырып, жууктагы жайсаңдарын чогултту. Мунарга от жактырып, мунардан мунар белги берип, алыстагы жайсаңдарын чакыртты. Алтымыш бурку илим карманган аярларын топтоп, бал ачтырды, далы карматты, рам-даңзасын окутту. Аярлары айтты:
- Ханым, качып келген балбаның чын сүйлөйт, дүнүйөңдү Ороздунун уулдары алыптыр!…
Алоокенин кан ичмеси кармады. Буруттарды тукум курут кылып, тыптыйпыл кырууга чамынды. Жер жайнаган кол менен өрөөн-кокту калтырбай түрө тинттирип, кыргызга кызыл кыргын салып келатты. Ошондо Бай: "Бу жоо тирүү жанды соо койбойт, кыргызды түгөл кырып, түбүбүзгө жеткиче жаным курман!"деп жандан кечти, Алоокенин алдына өзү барып, жалтанбай сүйлөп турду:
- Баатыр, кандык наркың чын болсо ээлериңе жер мына, көз каранды кармоого калың кыргыз эл мына, бейкүнөө калкты кырбагын, курмандыгына мен мына!.. Элиме жансоога!..