"Көк Асаба", 05.05.09 - 2-бет: • Майда маектен
маңыз издеп...
Камчыбек ТАШИЕВ,
өзгөчө кырдаалдар министри:
"Депутат кезде убакыт бар болчу"
- Депутат кезиңиз менен азыркы кызматыңызды салыштырып алсак, кайсы тармакта көбүрөөк коом үчүн иш жасалды деп эсептейсиз?
- Депутаттын да, министрдин да өзүнүн конститутциялык милдеттери бар. Бул тармакта көбүрөөк иштедим деп айталбаймын. Депутат кезимде мыйзам менен алектенсем, азыр бүтүндөй өлкө боюнча иш алып барып жатам.
- Бизде чет мамлекеттердегидей жогорку деңгээлдеги техникалар жок, сиздерде эң оор кыйынчылыктар кандай кырсыктарда сезилет?
- Азыркы учурда биздин техникалар жакшырып жатат. Мына бүгүн да 5 эксковатор келип түштү. Өлкөдөгү жер титирөөлөр, көчкүлөрдүн жүрүшү бир топ түйшүктү жаратат. Ошентсе да, колдон келген баардык күчтү жумшап иштеп жатабыз.
- Акыркы жолу качан театрга бардыңыз эле?
- (Күлүп) Качан барганым, кайсы спектаклди көргөнүм эсимде жок. Депутат кезимде убакытым бар болчу, ошол учурларда жубайым менен көп эле барчумун. Азыр болсо ага такыр убакыт жок.





Амангелди МУРАЛИЕВ,
коомдук ишмер:
"Президенттен жооп жок"
- "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун мүчөсү экенсиз. Ал коом кандай иштерди аткарып атат, максаты эмне?
- Коомдун максаты - элди биримдикке чакыруу. Жарандын укугун биринчи планга алып чыккан, тең укуктуулук өкүм сүргөн демократиялык жолго түшкөндө гана биз бириге алабыз. "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун "Даанышман" тобу аркылуу өлкөдө болуп жаткан окуяларга коомчулуктун көңүлүн буруп, тигил же бул окуяга өз карашыбызды, экономиканы көтөрүү, бийлик структурасын өзгөртүү боюнча сунуштарыбызды айтабыз. Биз коалициялык өкмөт түзүү боюнча президентке кайрылуу жөнөткөнбүз, азырынча жооп жок.
- Келерки президенттен эмнени күтөсүз?
- Чыныгы укуктук мамлекеттин түзүлүшүн күтөм. Туура жолду таап, экономиканы көтөрүп, жарандын укугун көңүл чордонуна алып чыгышыбыз керек. Ал эми буга, мамлекет колдоо көрсөтүүсү зарыл.
- Сиз поэзияга кызыгасыз, ырлар жыйнагыңыз бар. Ыр дүйнөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Поэзия - мен үчүн сырдашуу. Ой-толгоомду, жан дүйнөмдүн сырын, философиямды мен ушул ырларым аркылуу берем. Сүйүнбай Эралиев, Байдылда Сарногоев, Омор Султанов, Алыкул Осмоновдун чыгармаларын өзгөчө баалап келем. Анан албетте, А.Пушкин, К.Симонов, Б.Пастернак, М.Цветаева жана А.Ахматованын ырларын баса белгилээр элем.
- Канча жашыңыздан баштап ыр жаза баштадыңыз?
- 20 жашыман. Ага чейин заводдордо иштеп жүрүп, буга анчейин деле көңүл бурган эмесмин.

Турусбек МАМАШЕВ,
туризм агенттигинин жетекчиси:
"Кыргызда жаман адат бар…"
- Бул кызматка келгениңизден бери кандай жылыштар болду деп эсептейсиз?
- Аны эл баалайт, колумдан келген бүт аракетимди, күчүмдү жумшап, элим үчүн ак кызмат өтөөгө арекет кылып келем. Чынын айтыш керек, мен келгенден бери туризм тармагындагы кирешелер эки эселеп өсүүдө. Чын дилимден бизнесимди токтотуп коюп иштеп жатам. Жыйынтык, кудайга шүгүр, жакшы.
- Сиздин Санта Клаус боюнча иштегениңиз элге жеткиликтүү, түшүнүктүү болбоду, бир топ адамдар сындап чыкты, буга оюңуз кандай?
- Кандай гана иш баштабагын, аны түшүнүп колдогондор да, түшүнбөстүк кылып жолтоо болгондор да болот эмеспи, бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Массалык маалымат каражаттарынан түшүндүрүү иретинде бир канча иштерди жасадык. Кыргызда ушундай жаман адат бар, бир жакшы ишти жасайын десең эле сындап чыгат. Ошол адамдар кайра жардам бербейби. Биз Санта Клаус аркылуу өзүбүздүн жакшы жактарыбызды дүйнөгө рекламалап жатабыз. Чындыгында дүйнөлүк реклама аябай кымбат. Быйыл Санта Клаустар өздөрү эле келбей, журналисттер менен кошо келди. Алсак, ОРТнын журналисти Крылов 15 мүнөттүк көрсөтүү жасап, биздин өлкөнү бүтүндөй КМШ, Европа мамлекеттерине тартуулады. Биз өнүккөн мамлекеттерди жандашыбыз керек, ошондо гана өнүгө алабыз. Санта Клаустар экономикасы жогору мамлекеттерде жашап жатпайбы. "Атың чыкпаса жер өрттө" деген кыргыздын сөзүндө кандай гана философия жатат. Ошол сыңары, кыргыз жеринин жакшы жактарын ушундай жолдор менен дүйнөгө таанытышыбыз керек.
- Кыргыз деген сөз сиз үчүн эмне?
- Кыргыз болуп туулуп калганыма сыймыктанам. Өзүбүздүн эч нерсеге алмаштыргыс бай тарыхыбыз, маданиятыбыз, Манасыбыз сыяктуу өзгөчөлүгүбүз бар. Баа жеткис баалуулуктарыбыз толтура.


Бакыт БЕШИМОВ,
Жогорку Кеңештин депутаты:
"Айлык кээде жетпей калат"
- Президенттикке эмнеге койгон жоксуз, себеби ушундай сөздөр чыгып кетпедиби?
- Бул жерде президент болуш эмес, өлкөнү өнүктүрүш системаны өзгөртүү боюнча сөз болууга тийиш. Мен эч убакта жеке кызыкчылыгымды колдонгум келбейт. Алгач айткам, Бириккен элдик кыймылдан (БЭК) бир талапкер чыгыш керек деп. Өзүмдүн амбициямды бийик койбой, биз бириктик. Шайлоого ошол талапкер менен гана барабыз.
- Көр оокатта акча таппай калган күндөр болду беле?
- Ачык айтып коюш керек, менин мурдагы кызматымдын маянасы депутаттын айлыгынан бир топ жогору болчу. Айлык кээде жетпей калат, буга деле өкүнбөймүн. Мындай учурлар ар бир адамда болот болуш керек.
- Искусствонун кайсы түрүн баалайсыз?
- Көп эле түрүн. Мисалы, музыка уккан мага жагат. Рыспай Абдыкадыровдун, Түгөлбай Казак-овдун ырларын баалайм. Биздеги эстраданын баардыгы фонограмма, ошон үчүн буларга табитим жок. Андан сырткары, джаз, классикалык музыка жагат. Өзүм музыкага кызыкканымдан, чет өлкөгө чыкканда ырларды жыйнап жүрөм.
- Кыргыз кыздарынын денесин көрсөтүп кийингенине кандай көз караштасыз?
- Түз көз караштамын. Биз кыргыздар сырткы келбетине көңүл бөлбөшүбүз керек. Жамынып, чүмкөнүп деле ыплас иштерди жасагандар бар. Эгер ошол кыздын ыйманы таза, акылы тунук, интеллекти жогору болсо, эмнеси жаман. Ал эми ошол кызды көрүп делебеси козголгонду айбан деп койсо болот. Өзүнө ыңгайлуу кийиниш ар кимдин укугу, ага эч убакта чек койбош керек.

Собол салгандар
Канышай Бешбаева,
Алмаз Чербеков