"Көк Асаба", 05.05.09 - 8-бет: • Дастан САРЫГУЛОВ, "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү:
"Бүгүнкү ыплас доордо жакшылар жакырланды…"
(Башы 7-бетте)


Үчүнчү. Илиададан 40, Махабхаратадан 2,5 эсе көлөмдүү, дүйнө жүзүндө теңдешсиз Манас дастанын жалгыз кыргыз гана жарата алган. Бул улуулук эмей эмне? Манасты казак, өзбек, түрк ж.б. элдердин бири да айта албайт. Бул касиет кыргызга гана берилген. Муну улуу деп айтсак эмне үчүн болбосун?

Төртүнчү. Кыргыз 72 муунду ажыратып, ар бирин өз аты менен таанып, жети атадан бери кыз бербей, кыз албай, канын таза сактаган. Ар бир муун 25 жылда келсе, 72 муунду билип, сүрүштүрүп айтуу 1800 жыл тарыхын таанууну билдирет.
Көп элдердин өкүлдөрү жети атасын айтпай эле коелук, араң эки-үч атасын билишет. Жети атасын билбегенди кыргыз кул деп, кызын берген эмес. Бул улуулук эмей эмне?

Бешинчи. Кыргыздын комузу, ак калпагы, ордо оюну, кемер куру, бозо, эжигей тамактары, белдемчиси, Тогол күнүн билип, алдын ала бир жылдын аба ырайын айткан билими дүйнө элдеринин биринде да жок. Бул улуу эмей эмне?

Алтынчы. "Жерге, сууга кесир мамиле кылсаң Жараткан кырсыктап коет" деп, кыргыз табиятты жандуу деп таанып, кабыл алган. Бүгүн дүйнө элдеринин көбү (Америка, Европа ж.б.) табиятка ачык эле согуш жарыялап, жырткычтык мамиле менен аны бузуп, талкалап жатпайбы! Кыргыздын бул улуулугу эмей эмне?!

Жетинчи. Кыргыз малды тепкен эмес, кумурсканы аттап өткөн (убалына калбайын деп), адамдын көңүлүн калтырган эмес, шагын сындырбайын деп, аяр мамиле кылган, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүп жашаган. "Пулуң болсо кулуңмун" деген бүгүнкү заманга салыштырып айтсак, бул улуу адамкерчилик эмей эмне?!

Сегизинчи. "Намыс өлүмдөн өйдө", "Кан бийлигинен нарк күчтүү", "Дүнүйө оопа болбойт" деп, кыргыз эгерим өлүк дүнүйөнүн же мансаптын кулу болгон эмес, дайыма рухий дүйнөнү баарынан бийик коюп жашаган. "Курсактын кулу, кекиртектин малайы" болгон бүгүнкү заманда бул сапат улуу болгону жалганбы?

Тогузунчу. Миң жылдар бою кыргыз рухий, чарбалык жана саясый эркиндикте жашап келген. Жаратканга эч бир далдалчысы жок эле кыргыз өзү түз кайрылган. Ыйык китеби, пайгамбары жок, кыргыз рухий эркиндикте жашаган. Жер ортодо, мал ортодо болуп, кыргыз чарбалык эркиндикте жашаган, ушуну менен эл ичинде социалдык теңдикке пайдубал түзүлгөн. "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деп, кыргыз дайыма саясый эркиндикте болгон. Бул улуулук эмей эмне?

Онунчу. Кыргыз кулчулдук, феодалдык ыплас доорлордон өткөн эмес. Бай, кедей болуп бөлүнгөн эмес. "Теңирим теңдикти жалгайт", "Эл байлыгы - Адилет, таянычы - Калыстык, келечеги - Акыйкат" деп, кыргыз элинде жетим, жесир, таштанды балдар, багаар-караары жок кемпир, чалдар болгон эмес. Мындай артыкчылык дагы кайсы элде бар? Бул да улуулук эмей эмне?

Он биринчи. "Эркек - сел, аял - көл", "Эркектин билеги, аялдын тилеги күчтүү", "Кыздын кырк чачы улуу" деп, кыргыз эгерим аялды басынтып, кемсинткен эмес. Сауд Арабияда аялдарга шайлоо укугу араң эле 2006-жылы берилгенин эске алсак, бу дагы улуу артыкчылык эмей эмне?

Он экинчи. "Иттин ээси болсо, бөрүнүн теңири бар" деп, Жараткан адамга кандай таандык болсо, жаныбарларга да ошондой таандык деп, кыргыз Адилеттүүлүктүн эң бийик деңгээлине көтөрүлгөн. Кайсы эл мындай улуулукка жетти эле?

Он үчүнчү. Кыргыз-дын коом түзүү жана башкаруусу жалаң сый-урматка негизделген, күчкө, зомбулук, зордукка эмес. "Мыйзам көбөйгөн сайын турмуш бузулат" деп, кыргыз адатка айланган нарк, салт менен жашаган. Мыйзам адамды боорукер, ыймандуу, мээримдүү, намыстуу кыла албайт. Ал болгону гана адамдын ачкөздүгүнө чек коет. Кыргыз муну жакшы билген. Бул даанышмандык эмей эмне?

Он төртүнчү. Кыр-гыз өзүн "Атабыз - нур, энебиз - жер, каныбыз - суу, жаныбыз - аба" деп тааныган (топурактан жаралган дебей). Аялды эркектин кабыргасынан жаралган деп кыргыз эгерим айткан эмес да, түшүнгөн эмес. "Аял - үйдүн куту", "Аял - үйдүн шам чырагы, тилеги, эркек - үйдүн күч-кубаты, тиреги" деп, кыргыз өз улуулугун белгилеген.

Он бешинчи. Кыр-гыз жоокер, баатыр эл болгон. Жарадар болуп, акыркы деми чыгаар алдында сурачу экен: "Артымдан жарадар болбоптурмунбу" деп. Себеби, ким артынан жаралуу болсо, аны баласы да "адам" деп эсептөөчү эмес экен. Түрк, перс элдери эң чебер жоокерлерине "кыргыз" деген ат берчү экен. Бул улуулук эмей эмне?

Он алтынчы. Дүйнө элдеринен айырмаланып, кыргыз миң жылдар бою коргон, дубал, чеп, темир эшик артында бекинип, жашынып өмүрүн өткөргөн жок. Бул улуттун кулк-мүнөзүнүн өзгөчө калыптанышына алып келген. Өмүр бою коркуп, бекинип, жашынып жүргөн адам менен ачык, эркин, эч кимден коркпой, бекинбей жашаган адамды салыштырып көрсөк, бул артыкчылык түшүнүктүү болор.

Он жетинчи. Эң олуттуу белги, улуулуктун накта көрсөткүчү. Кыргыздын коом түзүлүшү, башкаруусу, адам ортосунда мамилелери мезолит, неолит - таш доорунда калыптанып, салтка айланып калган.
Таш курал менен байлык топтоп, дүнүйө чогултуу мүмкүн эмес эле. Ар адам иштеп, иштебей, бөлөк адамдын эмгеги менен жашоо мүмкүн эмес эле. Демек, бийлик жүргүзгөн кишилер да болгон эмес. Бийлик элдин өзүндө болгон.
Бардык пайгамбарлардан да таасирдүү, коло доорунан баштап бүгүнкү күнгө чейин адамзатты ыйман жолунан адаштырган ДҮНҮЙӨ-МАНСАП деген эки "шайтан" кыргыздын калыптанышына эч кандай таасирин бере алган эмес.
Ошон үчүн Кыргыз АРУУ, жандүйнөсү таза, касиеттүү эл болгон. Дүнүйөкор, өзүмчүл, ачкөз, мыкаачы, ташбоор, мерез, мансапкор, дене кумары толук багынтып, кулга айлантып алган далай элдердин арасында кыргыз дубана өңдүү, накта пайгамбарлык бийиктикте болгону улуулук эмей эмне? Библияда бекер жазылбаптыр: "Адамзатты акыр замандан Манас элинин урпактары сактап калат" деп.
- Чын эле кыргыз улуу эл болсо, эмне үчүн жакыр, тентип, тарап жатат?
- Адамзат бүгүн бузулуунун чегине жетти. Батышта эркек эркекке үйлөнүп, үйбүлө болуп жашаганга мыйзам жол ачып берди. Азыркы дүйнөлүк кризис ошол бузулуу, дарактын бир эле жалбырагы. Дарактын тамыры чирип бүттү.
Бул кризистен чыгуу жана дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүү жолун бир дагы дүйнөлүк дин, илимий борбор, падыша, президент, Нобель сыйлыгына ээ болгондордун баары биригип айта алалбай жатат. Булардын бири да айта албайт. Себеби, баары адам бузула баштаган коло доорунан кийинкини гана билишет, коло доорунан баштап жаралган элдер. Мыйзам менен башкарып жашаган доор бүтүп калды. Мыйзамдын күчү жок болуп баратат. Мыйзам ар өлкөнүн ичинде гана иштейт. А бирок, дүйнөлөшүү доорунда чарбалык, каржы байланыштар адамзатты бир "чоң кыштактын" элине бириктирип салды. Жарга такалып, жол таппай калган адамзат мындай абалдан кыргыздын улуу мурасы, наркы, дүйнө таанымы менен гана чыга алат. Ал кандай нарк?

Биринчи. Табиятты жандуу деп таанып, адам өзүн анын ажыратылгыс бир тамчысы катары кабыл алышы зарыл, кыргызды ээрчип.
Экинчи. Кудайды адам "менчиктештирип", өзүнө гана таандык кылгандан баш тартып, ал адамга кандай таандык болсо, мал-жаныбарлардын баарына бирдей таандык деген ишенимге өтүүсү керек, кыргызды ээрчип.
Ү
чүнчү. Адам мамилелери, коом турмушу мыйзамга эмес, демек, күч менен зордуктоого эмес, сый-урмат, ызаатка гана негизделиши абзел. Миң жылдар бою кыргыз ушул жол менен жашап келген. "Эл байлыгы - Адилет, таянычы - Калыстык, келечеги - Акыйкат" деген кыргыздын акылын алганда адамзат бүгүнкү туюктан чыгып кете алат.
Ал эми кыргыз жакыр, тентип жатканынын бир себеби: уурдап, тоноп, алдап, ыйман, абийирин сатып, өзүмчүл, эки жүздүүлөрдүн доорунда таза, намыстуу, уяты бар жакшылар аргасыздан кедей болду… Алар намысын, абийирин жогото албайт, арам ишке барбайт. Ошон үчүн кыргыз болуу өтө кыйын, бөлөк эл болуу оңой. Бөлөк элдердин саны ошон үчүн көп. Алдап, сатып, сатылып накта кыргыз жашай албайт. Бирок, бул ыплас доордун өмүрү узун болбойт. Себеби, ал Жараткандын талабына каршы келет. "Теңирим теңдикти жалгайт" деп терең ишенип, кыргыз алты миң жыл бою жоголуп кетпей, сакталып келбедиби. Дагы кандай далил керек?
- Жакында Түркиянын ТРТ аттуу, 30 миллиондон ашык көрөрманы бар мамлекеттик телеканалы сиз кыргыздын тарыхын айтып бергениңизди тартып алып, бере баштады. Бул эмнеге байланыштуу болду?
- Түрк эли азыр жашаган жерин "Эне Ватан" дешет. ТРТ каналында "Ата Журт" деген долбоор иштеп баштаптыр. Ошол долбоорго керек эле деп келишип, суранып, эки жарым саат тасмага тартып кетишти, кыргыздын тарыхын айтып бергенимди. Үч миллион кыргыздан отуз миллион түрк эли эртерээк кыргыздын байыркы тарыхынан кабар болуп калды. Бул берүү спутник аркылуу азербайжан, казак, өзбек, түркмөн ж.б. 27 өлкөгө кетет экен.
- Маек куруп бергениңизге ыракмат.
Салтанат Кыдырмаева