Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Улут жана учур

Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"
Чүрөктөй кыздарыбыздын, билегинде каруусу, жүрөгүндө оту бар жигиттердин чет өлкөлөргө кул катары сатылып кетип, айрымдарынын кайра кайтып мекенине келе албай калышы зээнди кейитет.

Ал эми аракеч, наркоман адамдардан төрөлгөн балдардын айрымдарынын ден соолуктары жайында эмес, кем акыл, чабал, майып, дагы башка кемчилиги бар. Ошентип, элибиздин укум-тукумуна доо кетип, келечекке балта чабылып, орду толгус, улуттук чоң трагедияга айланууда.
Айрым кыздарга төгөрөгү төп келген кыргыздын колдон суурулган азамат жигиттери купулуна толбой, ата-эненин, эл-журттун, мамлекеттин мээнетин актабай, байлыктын кулу болуп, акыл-эстен ажырап, азгырыкка алданып, чет өлкөлүк жарандардын этегине илээшип, ата-бабасы көрбөгөн өлкөлөргө кетип жатышы жакшы жорук эмес. Албетте ким кандай жүрөт, кандай күлөт, ал өзүнүн укугу. Бирок, элибизде "Кызга кырк үйдөн тыюу" деген алтынга тете сөз бар эмеспи. Буга да маани берип койгонубуз ашык болбостур.
Баарынан да чүрөктөй кыздарыбыздын, билегинде каруусу, жүрөгүндө оту бар жигиттердин чет өлкөлөргө кул катары сатылып кетип, айрымдарынын кайра кайтып мекенине келе албай калышы зээнди кейитет. Алардын иштөөсүнө, жашоосуна мамлекет тарабынан тийешелүү шарт түзүлүп берилсе, өз өлкөсүндө кол кармашып, үй-бүлө күтүп, оокат-тиричилик өткөрсө, балканактай балдар төрөлүп, кыргыздын каны оңолуп, сапаты жакшырып, саны өспөйт беле! Бул маселеге тиешелүү мамлекеттик уюмдардын, кызмат адамдарынын, коомчулуктун, кыргыздын ар бир атуулунун натыйжалуу иш-аракети өзгөчө керек болуп турган учуру.
Ал эми тарбия-таалим бере турган, өзүнүн жүрүм-туруму менен үлгү боло турган улуу муундар бул жооптуу иштен качыңкы тартып калды. Кыз-келиндерге үлгү боло турган айрым апаларыбыз, чоң энелерибиз көйнөк кийсе чалынып жыгылып кала тургансып, шым кийип жатышса, өсүп келе жаткан жаштардын жүрүм-турумун кантип тескейбиз. Кыргыздын каада-салтын сактап, улуттук кийимдерди урматтай турган айрым мырзалар, чоң аталар деле көркүнөн, бар байлыгынан, такты-таажысынан ажырап кала тургансып, жоктон тапкансып баштарына бирдемелерди илип алышчу болду.
Айрым улуттун өкүлдөрү чоң жыйындарда, ак сарайларда, коомдук жайларда улуттук баш кийимдерин баштарынан түшүрбөй, сыймыктанып кийип жүрүшөт. Алар муну алсыздыгынан, акылсыздыгынан, айласыздан, жокчулуктан же маданиятсыздыктан жасап жаткан жери жок го?!
Учурда ата-бабалардын кылымдардан кылымдарга мурас болуп келе жаткан маданиятын, адабиятын, үрп-адатын, каада-салтын бузуп, талкалап, келечек муундарга жеткизбей, куржалак калтыруу максатында Батыштан, андан ары океандын ары жагынан ар түрдүү жол, түркүн ыкма менен, ачык да, тымызын да аракеттер күндөн күнгө күч алууда.
Ал эми ар кандай ыплас жол менен капилеттен бийликке келип калган ой-чабыты начар, элдин келечегине кайдыгер караган, ичи көңдөй, элдин байлыгын жеп-ичкенди, алдым-жуттумдун жол-жобосун "мыкты өздөштүргөн" айрым чоң-кичине жетекчилер көргөзгөн сыйына, ит жеминдей берген бир аз оокатына кызыгып, алданып, алардын максатынын, арам ойлорунун ашышына шарт түзүүдө.
Чындыгында жашоо кыйындап, калайык калк кыйын-кысталыш мезгилди баштан өткөрүп, айрымдардын айласы кетип жарга такалып турган мезгилде, эптеп-септеп, таман акы, маңдай тер менен табылган бир аз оокатты аш-тойго, ичип-жегенге, күндөлүк оюн-күлкүгө, шапар тээп, сайран курууга кетирбей, кыргыздын укум-тукумун өстүрүүгө, балдарды, келечек муундарды бабалардан мураска калган жерибизди сактоого, элибизди коргоого, татыктуу тарбиялоого, ыңгайы келсе чет өлкөлөрдөн алган кредиттерден кутулууга жумшасак, жогоруда айткан кооптонуудан алысыраак болоор белек!
Дагы бир айта кете турган нерсе, кыргыздын боз үйү, ээр токуму, ат-жабдыктары, ак калпагы, көздүн жоосун алган элечек, шөкүлө баш болгон кыз-келиндердин, апалардын кийим-кечектери, туш кийиз, шырдактары, беш бармак, чучук баш болгон түркүн-дүйүм тамактары, асмандагы кушту, канаттуулардын төрөсү бүркүттү кармап алып үйрөтүп саятчылык кылышы, куштай сызган аттарды таптаган саяпкерлик касиети, үч кыл комузду тилге келтирген баа жеткис өзгөчө өнөрү, боз үйүбүз, ат жабдыктары азыркы доорго чейин сакталып келгендиги, ушу бүгүнкү күндө дагы жашоо-турмушубузда сын-сыпатын жоготпой пайдаланылып турушу өзгөчө сыймыктуу.
Бирок көбүрөөк ойлоно турган маселе, биздин бабалардын мурастары кийинки учурларда канатташ жашаган боордош элдер тарабынан телевизордон көбүрөөк берилип, бүткүл калайык-калкка жарыя болуп келе жатат. Дагы бир топ мезгил өтүп, замандар өзгөрүлсө, баа жеткис мурастарыбыз талашка түшүп, кол жууп, жер муштап отуруп калабызбы деген санаркоо пайда болууда.
Азыркы муундар ушул жогоруда айтылгандарды сактап, улам кийинки муундарга жеткирсек, келечек урпактар ыраазы болуп, бөлөк элдердин, улуттардын арасында өздөрүн жогору сезип, кыргыз болуп төрөлүп калганына сыймыктанбайт беле!
Бир топ жылдар мурда, ар кандай себептер менен Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан Өзбек республикасына айрым жерлер берилип кеткен экен. "Бир акылсыздын кетирген катасын, миң акылман оңдой албаптыр" дегендей, бүгүнкү күндө өзүбүздүн берген жерге өзүбүз ээ боло албай, өз кылганыбыз өз башыбызга тийип, бутубузду кое албай, ары-бери жолоочу жүргөндө көрбөгөнүбүз көр болуп, азапты аябай тартып жүргөнүбүздү кантип жашырабыз.
Ал эми Ысык-Көлдүн жээгиндеги башка республикаларга берилген санаторийлерге барып эс алуу мындай турсун, ичине киргенди айтпай эле коелу, кароолчулары жанына жакын жолотпойт. Талас облусунун тургундары Бишкекке келип-кетүүдөгү кыйынчылыктарды айтып отурса зээн кейибей койбойт. Мамлекеттер арасындагы чек араларды тактоо создуктурулуп жаткандыгына байланыштуу элге бир катар түйшүктөрдү алып келүүдө.
Бир адам, болгондо да сырттан келген адам жүздөгөн гектар жерге ээ болуп жатса, ата-бабасы ушул жерде төрөлүп, сөөгү ушул жерге коюлган адамдын урпактары бүгүнкү күндө 4 сотый жерге ээ болбой, үстүнө калканч болор эки бөлмө там сала албай, чычкандай болгон балдарын чырылдатып ээрчитип, ар кайсы келгиндердин батиринде баш калкалап, өз мекенинде түрткүнчүк болуп, таалайсыз тагдырына нааразы болуп жүргөндөрдү көрүп-билип туруп, кантип унчукпай коебуз.
Ондогон кылымдык тарыхы бар, эгемендүү эл болуп туруп, бирөөлөргө жем болуп, бөйпөңдөп бирөөлөргө кор болууну азыркы жаштар дагы, келечек муундар дагы каалабайт. Мындай жагымсыз иш кудайга да жакпайт, урпактар да кечирбейт.
Айрым шылуундар "чет өлкөдөн инвестиция алып келем, жер иштетем, алтын-күмүшүн казып алып, элди байытам" деген курулай ой менен буту үзүлгөнчө, шайы оогончо чуркап, касиеттүү жерибизди чет элдик өзүнө окшош, табакташ, танапташ шылуундарга берүүгө аракетин жасап, табиятыбыздын тазалыгын,тең салмактуулугун жоготуп, экологияны бузуп, орду толгус жоготууларга учуратып, жерибиздин кутун качырып, элибиздин алтындан кымбат ден соолугуна эбегейсиз чоң зыян келтиришүүдө.
Бардык байлыктын ээси, адамдардын жашоосуна шарт түзүп берип жаткан - касиеттүү жер эне. Ал эми жердин ээси - эл болуп эсептелинет. Ата-бабаларыбыз кан төгүп, кылымдар бою сактап келген керемет жерибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүүгө салым кошуу ар бир атуулдун ыйык парзы.
Ошондуктан жаңы Конституциянын 4-статьясынын 2-3-пункттары төмөндөгүдөй жазылышы жалпы калайык калктын мүдөөсүнө туура келет деген ойдобуз.
4-статья. 2-пункт.
"Кыргыз Республикасында жаратылыштын бардык байлыктары: жер, анын кен байлыктары, суу, аба мейкиндиги, токой, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү мамлекеттин менчиги".
4-статья, 3-пункт.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган шартта, өлчөмдө жер тилкелери граждандарга же алардын бирикмелерине пайдаланууга берилиши мүмкүн. Жерди сатууга жана сатып алууга жол берилбейт".
Айрым маалыматтарга караганда, жашоонун жагдайына байланыштуу 700 миңден ашык мекендештерибиз Орусияда жана Казакстанда иштеп, жашап, Кыргызстанга жыл сайын миллиондогон долларды жиберип турат экен деп кубанып жүрөбүз. Ылайым ошондой болуп, өлкөбүзгө киреше кирип турганы жакшы го. Бирок, алтындан да, доллардан да кымбат, эч нерсеге алмашкыс, эч нерсе менен өлчөгүс, баа жеткис байлыгыбыз - Ата мекенибиздин келечеги жөнүндө ойлонуп иш кылганыбыз да туура болоор.
Ал эми кош граждандуулук алган аткаминерлер кыргыздын кылымдардан бери чогулткан байлыгын жеп-жутуп, ар кандай кылмыштарды жасап, баштарына иш түшүп, эртең алда кандай күн болсо, куйругун түйүп, башка өлкөлөргө баса бербесине ким кепил боло алат?!
Ошондуктан, кош граждандуулукка жол бербешибиз керек. Анткени адамдын бир энеси, бир жүрөгү, бир гана Мекени бар.

Сөөгү ушул жерге коюлган адамдын урпактары бүгүнкү күндө 4 сотый жерге ээ болбой, үстүнө калканч болор эки бөлмө там сала албай, ар кайсы келгиндердин батиринде баш калкалап, өз мекенинде түрткүнчүк болуп жүрөт.






кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
13-май, 2009-ж.:
1-бет
АҢ-СЕЗИМДИ КУЛ КЫЛГАН САЯСАТ
2-бет
Маянаң аз болсо, жакыр пенсионер болосуң
3-бет
Ток этерин айтканда…
4-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

5-бет
Жигер
6-бет
Манас - кыргыз руху
7-бет
"Манас" - рух гүлазыгы
8-бет
Кыргыз тагдырын татаалданткан тарыхый адашуулар
9-бет
Азык берген өнөр кече
10-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

11-бет
"Өлүп көр. Анан сени жазам" депмин!
12-бет
Салтанаттуу сурнайлар
13-бет
Сен да өттүң дүйнөдөн…
14-бет
Бурул КАЛЧАБАЕВА
СЕЗИМ НЕГЕ, СЕРПИЛДИҢ СЕН

15-бет
Берметсап










??.??