"Көк Асаба", 13.05.09 - 11-бет:
  Эссе

"Өлүп көр. Анан сени жазам" депмин!
Анда мен "өлүм", "жашоо", "турмуш" деген нерсенин өзүн айра тааный албаган аңкоо бала элем. Энемдин кашында эркелеп, өмүрдүн маңызы эмне экенинен кабары жок кезимде, жетилген курак кучагын жая тосуп алды.
Алигүнчө көз алдымда. Ошол жылы алгач ирет жансыз адамдын сөөгүн көрүп, денем үрккөнү эч эстен кетпейт. Сексенден өтүп чоң атам акка моюн суна, а дүйнө жайга сапар алды.
???
Жеңил машинеде зуулдай айылга жөнөп калдык. Атамдын туулуп-өскөн үйүнө жакындап токтогондо, апам оор улутуна мага кайрылды:
- Азыр үйгө өкүрүп киресиң. Муса агаңдын алдына барып кайрат айт! -деди.
- Кантип? - дедим жаным кашайып, тартынчаак жаным.
- Акылың ордундабы? Ай, короого ыйлап кирип, агаңды кучактап туруп көңүл айтып кой!
- Кантип ыйлайм? Ыйлагым келбесе эле ыйлай беремби!?
- Кудай аткыр! Мына, эки жакка чыкпай үй күчүк болуп олтуруп, таза жапайы болгон тура. Эми эмне кылабыз? - деди апамдын айласы куруй.
Унчукпай машинеден түшүп, короо жакка бет алдым. Короодо котологон эл аңкайып мени карап калышканынан оозумдан келмем түшүп, дабдырап туруп калдым. Арыта боз үйдөн кошок кошкон аялдардын муңдуу үндөрү абаны жарып, азат бойду титиретет. Муса агам мени көрө сала өңгүрөп кучактап калды. Мен унчукпадым. Балапан кезимден чоң атам мага санжыра-жомоктон кеп козгой, адабиятка болгон ышкымды ойготкону менен, мындай каада-салттан эч кабардар эмес элем. Анын өлүмүнө жаным күйүп-түтөп турса да, эмнегедир дендароо кишиден бетер элейип тура бердим. Шайтан баскан шаарың менен шамыран кал!
Ооба. Анда мен колун кайчылаштыра суналып табытта жансыз жаткан чоң атамдын өңүн карап, үрөйүм уча, ар кыл ойлорго кеткем. Бул дүйнөң түккө да татыбайт тура деген таризде, бардыгыбыз бири-бирибиз менен кош айтышчу убакыт-саат келээрин ойлоп, ичим эңшерилди эле. Ошондо өзүмдүн эр жетип чоңойгонумду сездим. Арадан эки жыл аяк баспай арман дүйнө, асмандан айым кулап, теңдешсиз таянаар тоом урап, апамдан айрылдым. Көзү өтөөрдөн аз мурда жанын кыйнаган кеселден жарыктык энем, алоолонуп от-жалын болгон алсыз манжалары менен менин маңдайымдан сылай:
- Уулум, ар нерсеге даяр бол. Турмуш сен күткөндөй жомок эмес! - деди кеберсиген эрди менен жүзүмдөн өөп. Ошол саам мен энемди соңку ирет көрүп жатканымды, эми мындан ары мени күндөй ысык мээрими менен эч качан эркелетпесин, мен үчүн күйүп-бышып санаага батпасын билген жокмун.
Турмуш жомок эмес экенин, жашоо опурталдуу экенин энемден айрылганда бир сезсем, кийин чогуу басып чогуу жүргөн жакын курбумдан айрылганда бир түшүндүм.
???
Жумушта олтургам. Эмнегедир сол көзүм тартат. Туптуура мындан он жыл илгери апамдан айрылаарда дал ушинтип сол көзүм тартканынан жүрөгүм шуу дей түштү.
"Кашайгыр, Калмурат өлүп алган жокпу?" деген суроо мээме мык болуп кадалат. Өзүмөн-өзүм кайсалактап, жанымды коерго жай таппай жаттым.
Баса, кечээ күнкү анын кейпи, кеби бир башкача көрүнгөн: бир маалда олтурган ордунан шап туруп, кайгыга чөккөн каректери менен тигиле тиктеп:
- Мени узатып койчу! - деп кайрылып калды.
- Үйдө эле калып, чай ичип кетпейсиңби?! - деп канчалык жалбарганыма карабастан, табиятынан бүткөн көктүгүнө салып, моюн толгоп каршы туруп алды.
Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө жамгыр жашын тынбай төгүп турду. Кол чатырды кармаган Калмурат жолдо баратып ачуу үшкүрүнө:
- Данияр, асынып өлүп алсам окшойт. Чыдамым түгөнүп бүттү! - деди.
- Акылыңдан айныба! Сенин алдыгындай обондоруң качандыр бир кезде сени багып алаарына ишен! -дедим. Менин кебим кулагынын сыртынан өттү. Маани да берип койгон жок. Кайра, "э, койчу" дегендей кайдыгер колун шилтеп койду.
- Эй, ушундай жашоодо куурап обон чыгарып, жашабай эле койдум. Тойдум!
Жолду катар жарым саат аркы-беркиден кеп уруп, тамаша кептен сүйлөй, маанайын көтөрүүгө аракет кылдым. Бир аз көңүлү ачыла түштү окшойт, бир маалда:
- Мен жөнүндө бир нерсе жазсаң боло?! - деди. Бири-бирибизди катуу тамашалашкан жаным, ойлонбой туруп:
- А сен биринчи өлүп көр. Анан сени жазам! - депмин го кашайып.
- Ок, атаңдын оозун урайын! - деп арсалаңдады.
- Тамаша кеп! Сен биринчи элүүгө чык. Элге эмгегиң сиңсин. Жазуу качпайт! - десем ыраазы боло түштү көрүнөт, кудуңдап калды.
???
Жарма досторуң, биз, үн-сөзсүз жер тиктей өзөгүбүз өрттөнүп, сенин корооңдо оозубузга кеп келбей жабалактап турдук. Сенин мынчалык шашылып эрте кетишиңе өзүң күнөөлүсүңбү же акыл-эс, көрөңгө, өнөр дегенден куру-жалак калып бараткан заман өзү күнөөлүбү?!
Эзелтен өнөрпоздорго бай Ак-Талаа жергесине мындан үч эле күн илгери Жаныбектин жакшылыгына келип кеткенимди, эми минтип жамандык менен жакын адамыбызды жерге жашырганы баратканыбызды эстегенде, аттиң, дүйнө. . .
???
1992-жыл. 18-август. Таңкы саат сегизде жабалактаган студенттер айыл-чарба жумушуна камынып, университеттин алдында турдук. Аз өтпөй автобус келип, жабыла чуркап жөнөдүк. Ак көйнөк кийген кара тору бала сары чемоданын көтөрүнүп, биз менен катар ашыга автобуска чуркап жөнөдү. Капыстан чемоданынын оозу ачылып кетип, ичиндеги дүйнөсүнүн бардыгы чачылып эле жатып калды. Автобустун оозунда тыгылышып кире албай турган ат-башылык Айбек Орозакунов деген бала экөөбүзгө күлкү табылбай араң турган жаныбыз, ыкшып күлүп калдык. Кийин ойлосом, ошол чачылган дүйнөсүн жыйнап жаткан бала Калмурат экен...
???
Андан кийин эки айлык эстен кеткис күндөрү менен айыл-чарба жумушунан тараган соң Калмурат, Айбек болуп бир бөлмөдө чогуу туруп калдык. Бара-бара Калмурат экөөбүз жакындан сырдашкан курбуларга айландык. Бир күнү комузунун толгоосун бурап:
- Мен бир обон жараттым, угасыңбы?! - деп калды. Азыр ойлосом, ошол саам анын алгачкы обонуна анчейин деле маани бербептирмин. Бир билгеним, жаштыктын деми менен ашыктык отуна алоолонгон Калмурат ак жуумал бир кызга ашык болуп обон жаратканы, ал кызды өмүрүнүн соңку күндөрүндө да сезиминде терең аздектей тургандыгын өз оозунан эки-үч курдай эшитип калдым.
Калмураттын тагдыры татаал экен. Турмуштан алган катуу соккусуна кошул-ташыл болуп, ошол жылдары энесинен да айрылды. Турмуш аны бирде өргө түртсө, бирде орго салып, каалашынча калчай берди.
???
Анын бир мыкты сапаты - поэзияны терең түшүнө билип, салмактуу обондорду чыгаргандыгында. Али күнгө дейре, татаал вариациялардан турган обондорду комуздун коштоосунда Калмураттай кубулжутуп черткен кишини көрө элекмин.
???
Ак-Талаанын боз чаптуу адырын этектей, чакан айылдын калың мүрзөсү жайгашкан. Калың эл Калмураттты акыркы жайына узатышып жерди үнсүз тиктей тунжурашат. Бир ууч топурак алаканга толгон соң, шаардагы досторуңдун атынан атап топурак салдык.
Качан сени кара жерге жашырып бүтүшкөндө, агаң каргылданган үнү менен калың элге кайрыла:
- Эл-журт! Менин иним Калмурат кандай адам эле? - деп калды.
- Жакшы эле! - дедик жапырт жабыла.
- Эл-журт! Калмураттын кимде карызы бар эле? - деди.
Ошол жерден бардыгыбыз куураган курсактын айынан карызга белчесинен баткан Калмураттын татаал тагдырын көздөн сыдырып, "карызы жок эле!" дедик калп айтып.
Мындан бир нече ай илгери калаага концерт койчумун деп таманы тешилип, бир нече ирет чиновниктердин эшигин түрткүлөгөндө, эмнеге анын чүкөсү айкүр түшкөн жок?! Ары-бери урунуп жүгүрүп жүрүп өткөргөн ошол концерти, анын алгачкы жана акыркы концерти болуп кала берди.
???
Ичке толгон күйүт менен шаарга кайтып келаттык. Көзүм илинип кетиптир. Оң капталымдан бирөө түрткүлөгөнүнөн, ойгонуп кеттим. Калаага жакындап калыптырбыз. Рыспай мени элейип көпкө тиктеп туруп:
- Калмураттын ыры! - деди. Радиодо сенин соңку жараткан "Болоюн сенин Боогачың" деген ырың жаңырып жатыптыр. Каңырыгыбыз түтөп кетти. Айланадагылар сенин сыбызгыган обонуңдун сыйкырына магдырап, кулак төшөшөт. Бизге мурас калтырып кеткен чыгармаларыңа каниет кыла, "өлбөй кал, досум!" - деп жибердим.
???
Өткөндө агасы Гүлмуратка жолугуп коеюн деп үйүнө кире калсам, жүк үстүндө ээсиз калган сары чемодандын чалдыбары чыгып, эчаккы өткөн окуяны эске салды. Атасынан эс кире элек кезинде ажырап, жетимдиктин запкысын тарткан бала, мындан бир канча жыл илгери шаарга жалгыз чемоданын көтөрүнүп окууга киргенин элестеттим.
Анын чемоданынан башка карманган байлыгы - акылы жана угармандарын сыйкырлай алчу өнөрү эле!

Данияр Исанов