Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сен да өттүң дүйнөдөн…

Кыргыз тарыхчылары, медицина аалымдары румындар жөнүндө да изилдөө жүргүзсө болчудай экен деген ойго келдим. Атаңгөрү, алардын ДНКсын изилдеп чыгышса, сөзсүз бир ачылышка ээ болушаары ажеп эмес. Анткени өлкө башкаруу жагына келгенде, алар бизге өтө жакындашып кетет тура. Айла жок. Эл башкарган айрым эрендер дале болсо өткөн тарыхтан өрнөк албай, Николае Чаушескунун чапкан арыгы менен кетип атышканына зээниң кейийт.

Елена жана Николае Чаушескунун билим деңгээлдери башталгыч класстын окуучуларындай эле.

Эл колунан өлгөн президент

Үстүндө үйрүп алаар кийими, короосунда үрүп чыгаар ити жок болсо да, Андруце аттуу карапайым дыйкан "ар биринин өз напсиси" бар деп ишенип, оголе көп балалуу болгон. Кычыраган кыш чилденин бир күнүндө, 1918-жылдын 26-январында дагы бир уулдуу болду. Кийин ошол уулу румын элинин тагдырын чейрек кылым ары-бери калчаарын анда кайдан билди дейсиң...
Кедей жашашкандыктан, Николае бар болгону башталгыч мектепке барганга гана үлгүрдү. Балтыр эти катып, балакатка жеткен кезде Николае күн көрүштүн айла-амалын издегени "кайдасың, Бухарест?" деп шаарга жөнөйт. Шаарда өтүкчүлүк жумуш менен алектенип жүрүп, "коммунизм" деген керемет нерсе бар экенин эшиткен неме жаны жай албай, акыры Бухаресттеги Коммунисттик жаштар союзуна байма-бай каттап атып, ага мүчө болуп тынды. Анан биз тарыхтан окуп-жаттап жүргөн көрүнүктүү Ленин, Сталин сыяктуу ишмерлердин тагдыр жолундай эле Николае да куугунтукталып, түрмөлөрдөн башы чыкпай, турмуштун ачуу кермек даамын татып көрдү.
Өзгөчө алгачкы румын коммунисти Георгиу-Дежа Николаеге катуу таасир этип, бүтүндөй өмүрүн коммунисттик идеяларга арнаганы шымаланып киришти. Ошол учурда Румыниянын бийлик башында турган Антонескунун режимин кулатышып, оомат коммунисттерге оогон. 1944-жылдын 23-августунан тартып Николае Чаушескунун чүкөсү айкүр түшүп, Коммунисттик жаштар союзунун секретары болуп шайланат. Көп узабай, Коргоо министри, генерал деген наамдарга жетет. Мурда фашисттик Германияга кол кабыш эткен Румыния эми Советтер Союзу менен бирдикте Германиянын өзүнө каршы ок чыгарып, фашизмди жок кылууга өз салымдарын кошушту. 1947-жылдын 30-декабрында өлкө социализмди куруучу Румын элдик республикасы деп таанылды.
Аскердик саясый органдарда иштеп жүргөн Николаенин мүнөзүнөн "бөрк ал десе башты алган" зөөкүрлүк сапаттар орун алып, ага тапшырылган буйруктарды кыңк этпей аткарып атты. Алтургай Дымбовица уездиндеги бир кыштактын элин коллективдештирүүгө каршы чыгышкандыгы үчүн, карапайым дыйкандарга ок атууга буйрук берген.
Советтер Союзунун куралдуу күчтөрү 1958-жылы өлкөдөн чыгарылып, Румыния өз алдынча артта калган агрардык мамлекеттен индустриалдык-агрардык республикага айланып баратты. Ушул учурдан пайдаланып, Чаушеску менен Маурер бийликти колго алыш максатында, өзүлөрү бир кезде туу тутуп жүрүшкөн Георгиу-Дежаны кантип тактыдан кулатыштын амалдарын ойлоно башташат. Анын үстүнө Георгиу-Дежанын ден соолугу кескин начарлап, мамлекеттик иштерге анчалык маани деле берилбей калган. Акыры тилектери орундалып, 1965-жылдын 22-мартындагы Румын Коммунисттик Партиясынын 9-съездинде Николае Чаушескуну БКнын биринчи секретары кылып шайлашат.
"Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат" дегендей, "быссымылда" деп ээрге бекем отурган Николае саясатын өлкөдөгү кадрдык өзгөрүүлөрдөн баштады. Мамлекеттик чиновниктердин ар биринин аркасынан аңдуу коюлуп, өзүнчө маалыматтар топтолуп турду. Өз режиминин өкүм сүрүшү үчүн өлкөдө массалык куугунтуктоолор болуп атты. Сөз эркиндиги чектелип, эркин ой жүгүртүүгө тыюу салынды. "Секуритате" (бизче айтканда - Улуттук коопсуздук кызматы) жалгыз Чаушеску үчүн кызмат кылып, диктаттык бийлигине колуна кол, бутуна бут болуп берди. Жана Секуритатенин мүчөлөрү жыл санап өсүп, жашыруун баканооздору көбөйдү. Ар бир мекемелерде телефон тыңшоолор күч алып, почталарда ар бир каттар тыкыр текшерилип турду. Бийликке карата тескери ойдо жүргөндөрдүн дээрлик бардыгы абактарга айдалып, айрымдары үй түрмөгө алынды. Секуритате дегенде калың журттун жүрөктөрү ооздоруна кептелип, жети баштуу желмогузду көргөндөй эле коркушчу болду.
"Хе-рестреу" көлүнүн жээгинде жайгашкан Николаенин өзүнө арнап салдырылган "Жаз сарайы" деп аталган үйү атом бомбасына да каршы туруштук берип, анын жертөлөлөрү аркылуу аэродромго жана Борбордук Комитетке дейре жолдор салынды. Андагы кампаларда миң сандаган курал-жарактар да сакталчу. Жеке адамдын керт башына сыйынуучулук күч алды. 1974-жылы конституцияны реформалашып, Н.Чаушеску Румын өлкөсүнүн президенти деп жар салынды. Бардык тармакты кучагына алган президент тууган-туушкан, тели-теңтуш дегендерге аябай күйүмдүү чыкты. Майлуу-сүттүү орундарга, Ички иштер министрлигине, Госпланга, профсоюздарга, жаштар саясатына өзүнүн биртуугандарын коё баштады. Николае башкарган чейрек кылымда кыркка чукул министрлердин, акимдердин фамилиясы Чаушеску болуп кеткен деп эскеришет эл.
Саясатка аялы Елена Чаушеску да өтө активдүү аралашчу. Өзүн өйдө санаган Елена Борбордук химия изилдөө институтун жетектеп, академик болду. Андан соң премьер-министрдин биринчи орун басары, Улуттук Кеңештин илим жана билим боюнча төрайымы кызматын ээледи. Институттун илимий кызматкерлери тарабынан жазылган эмгектерге калем кармабай туруп автор катары ээлик кылды жана бир катар чет өлкөлөрдө китептери басылып чыгып атты. Академик Илие Мургулеску: "Елена Чаушеску эң бир жөнөкөй химиялык формулаларды окуганды да билчү эмес. Эгер кат жаза турган болсо, анда көптөгөн грамматикалык каталарды таап чыгаар элек. Анын билим деңгээли башталгыч класстын окуучуларындай эле болчу!" деп эскерет.
Николае менен Еленанын уулдарынын кичүүсү Никуну өлкөгө мураскер катары таанытышты. Нику эң начар окуган, арактан башы чыкпаган, таалим-тарбия дегенден куру жалак калган куурагыр эле. Мына ошол Никусу Румын Коммунисттик жаштар союзунун биринчи секретарлык кызматына секирди. Николаенин балдарынын улуусу Валентин саясаттан алыс туруп, илимге чындап кызыккан физиктерден болуп, ата-энеси, бир туугандарынын жүрүш-туруштары үчүн эчен ирет алар менен уруша кетчү. Ал эми кызы Зоя шайкелеңдиги жана жеңил-желпи жел тамандыгы менен көзгө көрүнүп, күбүр-шыбыр кеп тарап, атасынын баркын кетире баштады. Николае ар дайым: "Жалпы элдик мүлккө кол салбагыла!" деп өңгөчү үзүлгүчө кыйкырып туруп, өзү көздүн жоосун алган 21 хан сарай, баш-аягы уезддерде 41 резиденция күтүп, 20 дача курдурткан. Нептун, Оленешть, Ковасна өңдүү курортторго эс алуу үчүн заңгыраган имараттарга ээлик кылган.
Чаушеску өзүнө карата айтылган сындарды кызаңдай-чычалап, эч качан көтөрө алчу эмес. Өзүн акылман санаган президент тиши өтпөгөн мамлекеттик деңгээлдеги ар кыл экономикалык маселелерге дейре акылы жетпесе да акыл үйрөтүп башкарчу. Бильярд жана шахмат ойногонду жакшы көргөн. Бирок, утулганды жининдей жек көрчү. Ошонүчүн аны менен ойногон орун басарлары ар дайым атайы утулуп беришкенди катуу өздөштүрүшкөн. Кокус жаза тайып аны утуп алчу болсо, чычалап кетип колундагы кий менен баштан ары бир салчу экен, кайран эргул.
Ар нерсенин өз убактысы бар эмеспи. 1980-жылдардын баш чендеринен тартып өлкөдө нааразычылык күч алып, кымбатчылык каптады. Ар кайсы шаарларда анда-санда Чаушескуга акаарат айткан баракчалар таратыла баштады. 1987-жылы Брашов шаарында "нан козголоңу" болуп, бирок, катаал режимдин аскерлерине туруштук бералбай тез эле тарап кетишти. Өлкө экономикасы итке мине баштады. Бүтүндөй мамлекет боюнча электр энергиясын жана газды үнөмдөйбүз деп жарыкты улам-улам өчүрүп, караламан калктын жанын кашайтты. Ошол эле учурда Чаушескунун эчендеген хан сарайларындагы жарык түнү-күнү өчпөй, элдин көзүн кызартып турду.
Караламан калкты бу сапар эч ким алдай алмак эмес. Ишеним эчак өлгөн эле. Румын Комунисттик партиясынын борбордук комитети 1989-жылдын 17-декабрында Тимишоару шаарындагы куралсыз козголоңчуларга каршы миңдеген аскерлерди, танктарды жөнөтүп, атууга буйруду. Елена Чаушеску: "Аткыла! Жарадарларды кайра чыгып кетпеш үчүн жертөлөлөргө каткыла!" деп, ай-асмандан түйүлүп, ач айкырыкты салды. Николае Коргоо министрин, Ички иштер министрин, Секуритатенин төрагасын иштен алып, алардын бардыгына өзү көзөмөл кылаарын жарыя салды.
Анан, 21-декабрь күнү Бухарестте чоң митинг өтүп жаткан. Өлкөнүн башкы аянтында түшкө жуук калың элге кайрылып, Чаушеску сүйлөп кирди. Бир аз убакыт өтпөй манифестанттардын чок ортосунда жарылуу болуп, эл чуру-чуу түшө баштайт. Көрсө, кимдир бирөө колундагы петардасын жардырып ийиптир. Сөз сүйлөп жаткан Н.Чаушеску аң-таң болуп оозун ачкан тейде колун көтөрүп, саамга ката түшөт. Алаңгыча ачууга алдырган көпчүлүктөн: "Жоголсун диктатор!", "Жоголсун коммунизм!" деген кыйкырык-сүрөөн туш-тараптан чыгып, Николаенин жана Еленанын портреттерин тебелеп-тепсешип киришет. Болуп жаткан окуяга Николае балкондон көз салып турду.
Кечке жуук аянтта танктар пайда болуп, ок атуулар боло баштайт. Бирок, массалык толкундоолорду куралдуу күчтөр тыйганга шайы келбей калат. Эл деген сел да.
Эртеси БКнын чатырына диктатордун менчик вертолету пайда болуп, ага өзү жана үй-бүлөсү отуруп, кайдадыр белгисиз багытты көздөй сапар алып жөнөштү. Ак үйүн көздөй агылган эл БКнын ичине кирип келишти. Көпчүлүк генерал Василе Милянын өзүн өзү атып өлтүргөндүгүнө күбө болушту. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү толугу менен эл тарапка өтө баштады.
Чаушеску үй-бүлөсү менен Тырговиш-те шаарына качып кеткен. Ошол эле күнү кечке жетпей уезддик комиссариат аларды колго түшүрүп, кайрадан Бухарестке жеткирди. 25-декабрь күнү шашылыш чакырылган сот диктаторго жана аялына сот ишин баштады. Болуп жаткан окуя бүткүл дүйнөгө телевидение аркылуу көрсөтүлүп турду. Сот өкүм чыгаргандан кийин эрди-катынды имараттын дубалына алып келишти. Күтүүсүздөн Николае Чаушеску "Интернационалды" ырдап баштап, аздан соң "чыккынчылар жоголсун!" деп айтып оозду жыйгыча автоматтардан октор жаап, дароо мүрт кетти. Аялы Елена жерге кулап түшүп, бир нече ирмемге жандалбастап, акыры ал да Жаратканга сурак бергени акыретке жөнөдү.
Даярдаган Данияр Исанов





кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
13-май, 2009-ж.:
1-бет
АҢ-СЕЗИМДИ КУЛ КЫЛГАН САЯСАТ
2-бет
Маянаң аз болсо, жакыр пенсионер болосуң
3-бет
Ток этерин айтканда…
4-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

5-бет
Жигер
6-бет
Манас - кыргыз руху
7-бет
"Манас" - рух гүлазыгы
8-бет
Кыргыз тагдырын татаалданткан тарыхый адашуулар
9-бет
Азык берген өнөр кече
10-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

11-бет
"Өлүп көр. Анан сени жазам" депмин!
12-бет
Салтанаттуу сурнайлар
13-бет
Сен да өттүң дүйнөдөн…
14-бет
Бурул КАЛЧАБАЕВА
СЕЗИМ НЕГЕ, СЕРПИЛДИҢ СЕН

15-бет
Берметсап










??.??