Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Берметсап

Мидин Алыбаев
Айтчы жаным
Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?
Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн.
Кайырчыдай каранамын жалдырап,
Алтын, айтчы, качан сенден түңүлөм?..

Бүт ээледиң жүрөгүмдү бийледиң,
Тамтаңдаттың такыр колго тийбедиң.
Анда-санда жылмайгансып коесуң,
Же шылдыңың, же чындыгың билбедим…

Түш жоруу
Тиш
Түштөгү үстүңкү тиштер - уулдарды, астыңкы тиштер - кыздарды билдирет. Оң жак тиштери атага, ата жактагы туугандарга, ал эми сол тараптагы тиштер энеге жана таяке-таежелерге белги.
Тиштин түшкөнү жакшы эмес.

Чака
Түшүндө чакага суу толтуруп алса, ага түйшүксүз мал-дүйнө келет. Суу төгүлсө - мал-дүйнөдөн кол жууйт. Эгер түшүндө бирөө чоң чака берсе, андан көп жакшылыктарды көрөт.

  Икая

Хан жана акылман
Бир күнү хан адамзаттын бүтүндөй тарыхын билмек болуп, акылман кеңешчисине ал тууралуу жазып келүүгө буйрук берет. Бир нече күндөн кийин кеңешчи 500 томдон турган китеп алып келет. Мамлекеттин иши менен алпурушуп колу бошобогон хан китепти кыскартууну, маанилүү жерлерин гана жазып келүүнү өтүнөт.
Жыйырма жылдан соң кеңешчи болгону 50 томдон турган китеп апкелсе, алдан тайып, арып-карыган хан мынча көлөмдү окуй албасын айтып, кеңешчисин китепти мындан да кыскартып келүүгө жумшайт.
Арадан дагы жыйырма жыл өтөт. Чачы куудай болуп, бир китепти колтугуна кыстарып, хан сарайга араң басып келген кеңешчи башкаруучунун өлүм алдында жатканын көрөт.
Муну да окуй албасына көзү жеткен акылман кеңешчи адамзат тарыхын бир сапка сыйдырып, хан кулагына: "Адам туулат, азап тартат, өлөт" деп айткан экен.

Табитиңиз ачылсын!
"Жаз" салаты
Эки чоң картошканы кабыгы менен сууга бышырып алып, тазалагандан кийин төрт бурчтук кылып, майда туурайсыз. Ага пияз, орточо көлөмдөгү эки бадыраңды тилке кылып туурап, жашыл буурчак жана өзгөчө даам бериш үчүн майда тууралган бир алманы кошосуз. Андан соң туз-калемпирин салып, майонез же каймак менен аралаштырып коесуз.
Даярдалган салатты идишке салууда салат жалбырактарын пайдаланып, үстүнө көк пияз себелеп коюну унутпаңыз.

саламатта бол!
Жөтөлдөн арылуу үчүн 0,5 л пивого бир чеснок кошуп, калай идишке 10 мүнөттөй ысытып, ооз күйбөгүдөй температурада ичүү пайдалуу. Бул, көкүрөктүн кычышуусун басаңдатып, какырыкты алып чыгат. Кошулган чеснок сасык тумоонун алдын алып, вирустарды жок кылат.
???
Тамак сиңирүү органдарынын начар иштеши, ашказан микрофлора балансынын бузулушу ичтин катышына апкелет. Буга пияз дабагер болалат. 1 пиязды туурагычтан (терка) өткөрүп, аны күнүнө тамак алдында 1 аш кашыктан 3 маал жесе, ич жумшарат. Пияздын мындан тышкары уйкусуздук менен күрөшүүдө пайдасы чоң - ал бекем, таттуу уйкуну шарттайт.

Айымдарга айа-аа-ай кеңеш
???
Канчалык чарчап-чаалык-саңыз да уктаардын алдында макияжыңызды сөзсүз сүртүп жатыңыз. Болбосо, тери бузулат да, узак убакыт бою бул көйгөй менен алпурушууга туура келет. Андыктан, түнкүсүн бетиңизди жөн суу менен эмес, атайы тазалоочу каражат менен жууш керектигин эстен чыгарбаңыз.
???
Күнүгө сегиз стакан суу ичүү бет теринин өңүн жакшыртууга өбөлгө болот. Себеби, айлана-чөйрөнүн жана табигый каруу процессинин таасири астында адамдын терисиндеги суунун көлөмү жылдан-жылга азая баштайт. Аталган көлөмдөгү суу ичүү теринин суу балансын тең салмактап, гидротация процессин жакшыртат. Бул өз кезегинде бырыштардын алдын алууга жардам берет.
???
Сиркеңиз суу көтөрбөй, бир нерсеге жиниңиз келип, кыжаалат болуп турсаңыз, кычкыл даамдуу азык жеп, "салкындап алууга" болот. Мындан башка, ушул сыяктуу учурларда туздалган капуста, буудай, ар кыл мөмө-жемиш, карагат, айран, быштак сыяктуу сүт азыктарын жеп, атургай, буудай пивосун ичүү сунушталат.


Кыйырдан берки...
Кыргыз батасы
Сөзүң аталуу,
Дасторконуң баталуу,
Атың жотолуу болсун.
Бээң кулундуу,
Козуң туумдуу
Төөң ботолуу болсун.
Келиниң аягы,
Койчуң таягы менен жаксын.
Көңүлүң дилдүү,
Башың сыйлуу болсун.
Кызың ыйбалуу
Келиниң ыймандуу
Уулуң уяттуу болсун.
Оомийин...

Ой каймагы
Дооматтуу кызмат - ооматсыз түйшүк.
???
Пайдасыз билим - байыган уй,
Пайдасыз байлык - кунарсыз үй.
???
Акылдуудан акыл, акылсыздан кесир жугат.
???
Чындык өзүңдө жок болсо, башкадан издебе.
???
Жүрөгүңдү ыйман уяласа, жашооңду бакыт уялайт.
???
Акчанын баркын карыз сураганда, акылдуунун баркын кеңеш сураганда билесиң.
???
Акылдуунун акылын укпасаң, акмактын кеңешине зар болосуң.


Нурдан КОЖОГУЛОВ, Каракол шаары
"КЫЗГА СЕП"
Урматтуу ата-энелер! Жакында эле ушул аталыштагы кыздарга сеп даярдоочу ишкана ачылды. Эгерде кыргыздын кереметтүү төшөк, жууркан, көшөгө, шырдактарын ж.б. жасаткыңыз келсе, "Кызга сеп" сиз каалагандай өңүттө, көлөмдө даярдап берет.
Биздин дарек:
Шабдан баатыр көчөсү, 27/1
Тел.: 0543 02-95-66; 0772 34-63-34

Даярдаган Канышай БешбаЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
13-май, 2009-ж.:
1-бет
АҢ-СЕЗИМДИ КУЛ КЫЛГАН САЯСАТ
2-бет
Маянаң аз болсо, жакыр пенсионер болосуң
3-бет
Ток этерин айтканда…
4-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

5-бет
Жигер
6-бет
Манас - кыргыз руху
7-бет
"Манас" - рух гүлазыгы
8-бет
Кыргыз тагдырын татаалданткан тарыхый адашуулар
9-бет
Азык берген өнөр кече
10-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

11-бет
"Өлүп көр. Анан сени жазам" депмин!
12-бет
Салтанаттуу сурнайлар
13-бет
Сен да өттүң дүйнөдөн…
14-бет
Бурул КАЛЧАБАЕВА
СЕЗИМ НЕГЕ, СЕРПИЛДИҢ СЕН

15-бет
Берметсап










??.??