"Көк Асаба", 13.05.09 - 2-бет:
  Күнбүгүн

Маянаң аз болсо, жакыр пенсионер болосуң

Элдин турмушун жакшыртып, жакырчылыкты жоюу боюнча көп сөз болгону менен, бул абал дагы эле оор бойдон калууда. Расмий маалымат боюнча 1 млн 829 миң киши кедейчиликтин чегинде жашаса, анын 345 миңи өтө эле кембагал. 100 миңден ашуун үйбүлө турак-жайга муктаж болуп батирлеп жүрөт.

Квартал сайын өкмөттүн пенсия көбөйтүп жатканы аз болсо да колдоого аларлык. Анын дагы 15 пайызга кошуларын өкмөт жар салды. Бирок, азык-түлүктүн басы кымбаттагандан кымбаттап, бир айлык пенсиянын жетпей жатканына наалыгандар көп. Бүгүн пенсиянын өлчөмү 1000 сомдон 3000 сомго чейин. Негизинен көпчүлүк пенсионерлер 1000 сомдон 1700 сомго чейин алышат. Аскер менен ИИМ ардагерлериин пенсиясы 2500-3500 сомдун тегерегинде. Ал эми аскер адамдары майыптыгы боюнча пенсияны 700 сомдон 1100 сомго чейин алышат.
Бүгүн бир ай жашайсың деп 1000 сом берүү эптеп өлбөстүн күнүн көр дегенге барабар. Анткени, 1000 сом эмес, 5000 сомду да азыркы кымбатчылыкта жалгыз кишиге жеткире албайсың. Эттин килосу 180-230 сом, пияз менен картошка 30-45 сом, кумшекер 40 сом, нан 10-12 сом. Киши мындан тышкары май, макарон, күрүч ж.б. азыктарды жейт. Ал эми макарондун килосу 30-50 сом, күрүчтүкү 80 сомдун тегерегинде. Өкмөт 1700 сомго чейин пенсия алгандарга электр энергиясы үчүн компенсация иретинде болгону 40 сом бөлөт. Азыр күндөлүк керектөөнүн аз өлчөмү жөнүндө бирдиктүү сан жок, 1700-2000 сомдун тегерегинде айтылып жүрөт. Бирок бул акча бардык нерсени граммдап тартып алганда гана жетиши мүмкүн. Бирок кишинин тамактан башка да керектөөсү бар эмеспи. Иши кылып өкмөт колунан келишинче аракет кылып пенсияны көбөйткөнү менен, анын өлчөмү өтө эле аз. Анан калса пенсияга чыгарууда илгертеден калыстык сакталган эмес. Себеби, көп түйшүк тарткан мугалимдер менен врачтардын пенсиясы өтө эле аз. Пенсия чегергенде иштеген маянасына жараша бөлөт экен. Ал эми бизде ар качан врачтар менен мугалимдердин маянасы аз. Демек, ошого жараша акча бөлүшөт. Андыктан, жакырлардын катарына саламаттык сактоо менен билим ветерандары да толук курамда кирет. Ушунун өзү эле жогорку кесипти аркаласаң, жакыр пенсионер болосуң деген кеп.




  Коштошуу

Кыргыз эл артисти
Койсун Карасартова дүйнөдөн кайтты
10-майда, Бишкек шаарында, 87 жаш курагына келген Койсун Карасартова узакка созулган оорудан кайтыш болду. Жубайы Сейитказы Андабеков экөө дайыма эл алдында болуп, кыргыздын кыйырын кыдырып, жашынан карысына чейин өз өнөрлөрү менен сүймөнчүккө айланып, көрүүчүлөр тараптан жылуу кабыл алынып, сахнанын көркүн ачып, элдин көөдөнүн тоюндуруп кызмат кылышкан.
Койсун Карасартова менен коштошуу зыйнаты Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы драма театрында, кечээ 12-май күнү өттү.




Илик-илик
Президент Курман-бек Бакиев 11-майда Нурманбет Токтоматовду президенттин кеңеш-чиси кылып дайындоо тууралуу указга кол койгондугун өлкө башчысынын пресс-кызматы билдирди. Ал эми Тышкы иштер министрлигине статс-секретарь болуп Асеин Исаев дайындалды.

Депутат Алтынбек Сулайманов Улуу Жеңиштин 64 жылдыгынын урматына алыскы Ала-Бука, Чаткал райондорунда балбандардын сынагын өткөрдү. Ага коңшу Тажикстан, Өзбекстандын спортчулары катышкан. Турнирге кеткен чыгымды Алтынбек мырза өзү көтөргөн.

КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева өткөн жумада алыскы Индия өлкөсүндө болуп кайтты. Бу сапар туурасында Дамира айымдан комментарий алалы десек, а кишинин чөнтөк телефону өчүк экен.

Кыргызстандын атуу боюнча спортсмени Руслан Исмаилов Кытайда өткөн дүйнө кубогунун этабында 592 упай топтоп, 2012-жылы Улуу Британияда өтүүчү Олимпиадага катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерация башчысы Тахир Исмаилов билдирди.

Кечээ күнү, 11-майда "Акжолчу" Нургазы Айда-ров Африкадан келген меймандарды тосуп алды. Алар 4 күн Алай районун кыдырып чыгышат. Андан кийин Бишкек шаар башчысы Н.Түлеев, Билим берүү министри Абдылда Мусаев жана эл өкүлү Нургазы Айдаровдун Африкага сапары качан жана кандай форматта өтөрүн талкуулашмакчы.

Учурда Маданият министри англис тилин үйрөнүп аткан чагы. Министр мырза англис тилиндеги чыгармаларды окуп, англис тилинде чыгарма жазам деп максат коюптур.

Бетти даярдаган Айбек КАРАЕВ