Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ток этерин айтканда…

"Хизб-ут Тахрир"
Акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстандагы "Хизб-ут тахрирчилер" 3 эсеге көбөйүп, 15 миң адамга жетти. Мындай маалыматты АКШнын мамлекеттик департаменти өзүнүн 30-апрелде жарыяланган жылдык отчетунда берген.

9-май
9-май күнү Жеңиш аянтында кандай майрам шааниси өтүп жатканын көпчүлүк биле алган жок. Ал жакка кетчү жолду автоунаалар үчүн гана буубастан, жөө жүргөн карапайым адамдар үчүн да бууп, кыркалекей тизилген милиция кызматкерлери эч кимди ал тарапка өткөрбөй турушту. Ал эми "Ала Тоо" аянтында түштөн баштап түнгө чейин эл массасы азайбай, алар не митингге, не майрамга чогулушканы белгисиз болуп турду.

Оппозиция
11-майда БЭКтин штаб-башчысы Азимбек Бекназаров "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен жолугушкандан кийин анын президенттикке өз алдынча аттанганына карабастан, оппозициянын бирдиктүү аракети сактала берерин маалымдады.

Уулануу
6-майда Бишкек шаардык ооруканага козу карындан ууланган 6 адам түшүп, алардын арасындагы 10 жаштагы бала каза болгон. Ал эми 9-майда Аламүдүн базарынан козу карын салатын сатып жеген дагы бир үйбүлө ууланып, үчөөсү оор абалда ооруканага жеткирилген. Мындан улам, учурда адистер базарларда козу карын сатууга тыюу салышты.

Конференция
Кеээ Бишкекте балдарды коргоо тармагын реформалоо маселесин талкууга алган Эларалык конференция өтөт. ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргыз өкмөтү тарабынан уюштурулган бул конференцияга Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттеринен өкмөттүк делегация катышат.

Интернет
Кыргызстанда ушу тапта 1 миң 421 интернет-сайт бар. Бул туурасында "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" фонду маалымдады. Фонддун билдирүүсүндө, интернет пайдалануучулардын 77%ы бишкектиктер, 10%ы - Ош тургундары, ал эми 8%ын жалал-абаддыктар менен чүйлүктөр түзөт.

Жеңиш
Кыргызстандык альпинист Семен Дворниченко Эльбрус тоосуна чыгуу боюнча жарышта биринчиликти ээледи. 100дөй спортсмендин 5,5 километрлик жөө жүрүшү 4 миң метр бийиктикте жайгашкан "Гарабаши" станциясынан башталган. Дворниченко бул аралыкты 2 саат 43 мүнөттө басып өтүп, экинчи жылы катары менен жеңүүчү аталууда.

Кырсык
Кыргызстан УКМКсынын "Альфа" атайы операциялар башкармалыгынын кызматкери ооруканадан каза болуп, дагы эки офицер оор абалда реанимацияда жатат. Окуяны изилдөөгө алган ИИМ жана КРнын Башпрокуратурасы менен биргеликте түзүлгөн тергөө тобу буга чейинки кырсык атайы тапшырма аткарып жатканда болгон деген маалыматты четке какты. Учурда аталган окуя 10-майда эртең мененки саат 5-6да, Бишкектин чет жакасындагы эс алуучу жайларда өткөнү белгилүү болду.




  Чар тарап

Укук
Украина президенти Виктор Ющенко премьер-министр Юлия Тимошенкону аткаруу бийлигин башкаруу укугунан ажыратып салды. Өлкө башчы мындай кадамын Конституциялык нормага туура келбестиги менен түшүндүрдү.

Жардыруу
Индиянын Дхамтари районунда экстремисттердин чабуулунан 13 адамдын өмүрү кыйылып, 7 адам жарадар болгон. Алынган маалыматтар боюнча мао группировкасынын согушкерлери аскер полициясынын машинесин жардырып ийишкен.

Шайлоо
Иран өлкөсүнүн президенттигине талапкер катары алдын ала каттоодон 475 адам өттү. 12-июнга белгиленген шайлоодо башкы талапкерлер катары өлкөнүн учурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад жана парламенттин экс-спикери Махди Карруби аталууда.

Өкмөт
Палестина Улуттук администрациясынын башчысы Махмуд Аббас 48 сааттын ичинде премьер-министр Салям Файяд башында турган жаңы өкмөт түзөрүн билдирди. Мындан тышкары, өлкө башчы өзү жетектеген ФАТХ кыймылы Каирде өтүп жаткан Палестина боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта берерин белгиледи.

Отставка
Япониянын Демократиялык партиясынын лидери Итиро Одзава партиянын тегерегиндеги коррупциялык чуулгандан улам отставкага кетти.

Теннис бийкечи Мария
10 айдан бери ийин жараатынан улам ар кыл даражадагы теннис турнирлеринен баш тартууга аргасыз болгон Мария Шарапова 18-майда Польшанын борбору Варшавада өтө турган мелдешке катышары белгилүү болду. Команданын капитаны Шамиль Тарпищевдин айтымында, бул турнир Франция өлкөсүндө 24-майда башталуучу "Ири шлем" оюнунун бири болгон Roland Garros турнирине даярдык болуп калмакчы.

Иш сапар
Рим Папасы Бенедикт ХVI зыяратчылык алкагында беш күндүк расмий иш сапар менен Израилге келди. Бул убакыт аралыгында Папа ыйык жерлерде болуп, дин өкүлдөрү менен жолугушат.

Дагестандагы жаңжал
Дагестандын Каякент шаарында эркин күрөш боюнча өткөн турнирдин жыйынтыгына нааразы болгон катышуучулар, аларды колдоого келген Герга жана Утамыш-Каякент айылдарынын тургундары мушташа кетишкен. Массалык жаңжалга катышкан 1,5 миң киши аларды тынчтандырууга келген полицияга да ээ-жаа бербей, кайра ок чыгарып, каршылык көрсөтүшкөн. Окуя жүрүшүндө райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Баймураз Темирханов жарадар болгон. Бул боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Саакашвилинин сунуш-саламы
Кечээ Грузия президенти Михаил Саакашвили оппозиция өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин, тең салмактуу конституциялык моделди иштеп чыгуучу бийлик менен оппозициянын биргелешкен комиссиясын түзүүгө болорун билдирди. Президенттин айтымында, аталган комиссия күчтүү президент жана күчтүү парламент менен биргеликте көз карандысыз сот бийлигин түзүүчү моделди иштеп чыгуусу кажет. Ушуну менен бирге Саакашвили бул комиссияны оппозиция өкүлү жетектөөсүнө каршы эмес экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, президент коомдук телевидениенин көзөмөлдөөчү кеңешинде оппозициянын болушуна, митингчилерге козголгон кылмыш иштерин токтотууга даяр экенин билдирди. Ал эми оппозиция жолугушуу алардын үмүтүн актабаганын, митинг мындан ары да улана берерин маалымдады.

Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
13-май, 2009-ж.:
1-бет
АҢ-СЕЗИМДИ КУЛ КЫЛГАН САЯСАТ
2-бет
Маянаң аз болсо, жакыр пенсионер болосуң
3-бет
Ток этерин айтканда…
4-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

5-бет
Жигер
6-бет
Манас - кыргыз руху
7-бет
"Манас" - рух гүлазыгы
8-бет
Кыргыз тагдырын татаалданткан тарыхый адашуулар
9-бет
Азык берген өнөр кече
10-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

11-бет
"Өлүп көр. Анан сени жазам" депмин!
12-бет
Салтанаттуу сурнайлар
13-бет
Сен да өттүң дүйнөдөн…
14-бет
Бурул КАЛЧАБАЕВА
СЕЗИМ НЕГЕ, СЕРПИЛДИҢ СЕН

15-бет
Берметсап










??.??