"Көк Асаба", 13.05.09 - 4-бет: "Теңир ордо" фондунун негиздөөчүсү Дастан САРЫГУЛОВ менен бу жолу кыргыздын өз жолу, анын адашуусу, кайрадан оңолуусу боюнча маек курдук.
Кыргыз тагдырын татаалданткан тарыхый адашуулар
- Өткөн саныбыздагы маекте кыргыздын улуулугу жөнүндө сөз болду. Кыйналган элибиздин бүгүнкү абалына кайрылып, сөз улантсак. Бул абалдан кыргызды кайсы саясатчы, партия, лидер, деги эле ким алып чыга алат?
- Кыргыздын абалы өтө оор. Мекендин ыйыктыгы, улуттун улуулугу унутулду... Ал ишке ашмак түгүл, сөз жүзүндө да айтылбай калды... Өзүмчүлдүк, алдап, уурдап, тономой, баарына жырткычтык мамиле кылуу жашоо шартка айланды. Уялбай келечек муундардын эсебинен, алардын моюнуна карыз акча илип жашап жатабыз. Бийлик элге кам көрбөй, элди бакпай, эл бийликти багып калды...
Элдүүлүк жоготулду... Эл шайлоочулардын үнсүз, укуксуз калың тургундар тобуна айланды. Кыргыздын көбү тегин, тарыхын, санжырасын билбей, эне тилин сыйлабай, кыргыздын өзүн кемсинтип, басынткан жаман көрүнүш кеңири жайылды.
Улуттук намыс өлдү. Жапон, кытай, орус, немис, француз, араб өлкөлөрүндө жапон, кытай, орус, немис, француз, араб тилин билбеген адам өкмөт башына дайындалышы мүмкүнбү? Же болбосо, кытай, араб, орус, жапон элине 70-100 түтүн качкындар барып, аларга кордук көрсөтүп, зордоп, сабаганын элестетүү мүмкүнбү? Албетте, жок.
Мына, Петровка айылында, жакында эле тентип келген күрддөр кыргызды, орусту кордоп, зордоп, күн көрсөтпөй жатса, акчага сатылган чиновниктер күрддөрдү колдоп, кыргыз жигиттерин камакка алышты... Кана, кыргыз бириккени? Мекени кертилип, өзү тентип, кышы бою свети жок олтурса да кыргыз былк этпеген балык болду го...
Бир сөз менен айтканда, кыргыздын бүгүнкү абалын бир дагы саясатчы, партия оңой албай калды. Оңосо - кыргыз өзү гана оңой алат. Ал үчүн кыргызга кредит, акча, жабдык, партия, демократия ж.б. кереги жок. Эң алды - кыргыз жоготуп алган улуттук эс тутумун калыбына келтирип, ордуна коюп, улуттук намысына келип, өзүнүн аң-сезимин, жан дүйнөсүн өзгөртүшү керек. Кыргыз өзү өзгөрүлмөйүнчө - кыргыздын турмушу эгерим өзгөрүлбөйт, оңолбойт, аны эч ким оңой албайт.
- Заманга жараша кыргыз деле бөлөк элдердин катарында турмуш менен күрөшүп, алышып келатат. Өзү кантип өзгөрүлүшү керек?
- Эң алды - кыргыз өзү ким экенин таанып, билиши зарыл. Ал үчүн өз тарыхын, салтын, наркын, дилин билүү керек. Бул билим эне тилин билүүдөн башталат. Экинчиден, КПСС 70 жыл бою кыргыздын өз жолун бузуп, талкалап, кыргызга жукпаган, жакпаган, зыяндуу "интернационалисттердин", улутсуздардын жолуна бирде күч, зордук менен кыйнап камап атып, бирде "токоч" (сыйлык, наам, даража ж.б.) менен "айдап", "алдап" киргизген. Ушул бузулган жолдон чыгыш үчүн кыргыз далай адашуулардан кутулуп, аң-сезимин, көз-карашын "тазалап" алышы зарыл.
- Ал кандай адашуулар?
(Уландысы 8-бет)




Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"
1. ТИЛ ЖӨНҮНДӨ
Көгүш тоону кыян жууп,
Көрк бузулат, сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат, сак болгун.
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат, сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат, сак болгун.
Кет Бука (10-13-кылым)
Тил аркылуу элдер бири-биринен айырмаланып, улут-улутка бөлүнүп, бирин-бири түшүнүп, күндөлүк жашоосун өткөрүп турушсун, тукумдарын улашсын деп Алла Таала жер үстүндөгү бардык жан-жаныбарга, ошол жан-жаныбардан өзгөчөлөнтүп адамга өзгөчө, тил берген тура.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында транспортто, коомдук жайларда, министрликтерде, ишкана, уюмдарда айрым өз элин чанып, өз тилин жеригендер кыргызча сүйлөшкөндү намыс көрүшөт. Кыргыз менен кыргыз тил табышып сүйлөшө албай, оюңдагыңды жеткире түшүндүрө албай, мурда жалкып, өтө көңүлүң калган адамдай тартынып, кыйналып, бушайман болосуң.
Ал эми айрым министрлер менен мамлекеттик жогорку кызматта иштегендер, кээ бир депутаттар өмүр бою эле ушул кызматтарда, ушул даражасында жүрө тургансып, тилибизди жерип, кыргыз тилинин өнүп-өсүшүнө өлүп-тирилип бут тосушууда. Алар кыргыз элинин тарыхын, адабиятын, маданиятын, каада-салттарын жетиштүү билишпейт. Айрымдарынын ой-сезими, акыл чабыты, билим деңгээли, ишке жөндөмү начар. Элибиздин бүгүнкү кыйынчылык турмуштан чыгып кетишине, мамлекетибиздин өнүп-өсүшүнө күйүп-бышмак мындай турсун, салкын көз менен кайдыгер мамиле кылышат. Айрымдары эртеңки күнү эл-жерди тыштап, кыйын-кысталыш учурда курсагы тойгон мамлекеттерге кетип калууга да даяр, ошондойлордун кесепетинен бүгүнкү күндө кыргыз элинин адабияты, маданияты, экономикасы ойдогудай өнүгө албай аксап турат.
Кыргыз тили болгон үчүн биз кыргыз болуп олтурабыз. Биз кыргыз болгонубуз үчүн, ата-бабалардан калган өз жерибизде, өз мекенибизде жашап турган үчүн мамлекетибиздин аты "КЫРГЫЗ Республикасы" деп аталганына төбөбүз көккө жетип, сыймыктанып жүрбөйбүзбү!
Ал эми нечен кылымдар бою ата бабасы сүйлөп келген эне тилин чанган адамдын адегенде дили бузуларын, андан соң динин сатаарын, акыры келип улутун чанаарын, андай адамдардан кыргызга зыяндан башка тырмактын агындай да пайда келбесин көрүп, билип жүрөбүз.
Кыргыздын атактуу акыны Байдылда Сарногоев:
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.
Эне тилин билбеген,
Эссиздигин аныктайт.
- деп, күйгөнүнөн ушул белгилүү ырын чыгарса керек.
Англис, немис, орус, түрк, кытай ж. б. тилдерди билип алганга не жетсин. Аларды үйрөнгөнгө азыркы жаштар аракеттенүүсү керек, жалпыбыз менен колдоого ала турган иш. Андан кыргыз эли утушка гана ээ болот.
Бирок, айрым эси жоктордой баарыбыз эне тилибизди чанып, орусча, англисче же башка тилде сүйлөп кетсек, эртеңки күнү кыргыз тили эмне болот?! Эмне болоорун айтууга да ооз батпайт. Эгер андай болсо, кыргыз улуту кандай аталып калат? Кыргыз Республикасычы?!
2. УЛУТ ЖӨНҮНДӨ
Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тили калп минип,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун.
Кет Бука
Кудайга миң мертебе тобо келтирели, 5,10, 20, 30 миллион же андан да көп калкы бар айрым улуттар бирөөнүн босогосун сагаалап, ары сүрүлүп, бери сүрүлүп, бөлөк улутка түрткүнчүк болуп, өзүнчө түтүн булатып, мамлекет болгонго эки көзү төрт болуп турганын угуп, көрүп жүрөбүз.
Ал эми аз сандагы айрым улуттар тилине, дилине улутуна күйгөн адамдары жок болсо, өздөрүн өздөрү коргоп, сактап калбаса, өзгөчө азыркыдай опурталдуу кырдаалда тез эле катардан чыгып калышы турулуу нерсе. Бүгүнкү күндө айрым өлкөлөрдүн калкы 50-60 миллиондон ашып, айрымдары миллиардды чапчып, күчтүү державага айланып турган өзгөчө кыйын мезгилде, калкыбыздын саны араң 5 миллиондон жаңы ашып, эгемендүү мамлекет болгонубузга 15 эле жыл болгон жаш мамлекетибиздин келечеги ар кимибизди кооптондурбай койбойт.
Нечен кылымдар мурда жашап өткөн Кет Бука бабабыз да учурунда кыргыз элинин келечегинен санааркап, өзүнүн асыл ойлорду камтыган ырларын чыгарган экен. Нечен замандар өтүп, нечен мамлекеттер орду-түбү менен жоголуп, айрымдары жаңы пайда болуп, доорлордон доорлорду басып өтүп, ал ырлар маани-маңызын бузбай, күнү бүгүнкүдөй сакталып, бизге жетип отурат.
Өлкөдө элдин өсүш темпи өтө начар. Он миңдеген төрөй турган курактагы кыз-келиндер убагында турмушка чыкпай, көптөгөн жигиттер отуздан ашканча үйлөнбөй жүрүшөт. Ал эми үйлөнгөндөр жашоонун кыйынчылыгын шылтоо кылып, айрымдары бала күткүсү келишпейт. Кээ бирөөлөрү 1-2 бала менен гана чектелип калууда. Элибизде "Алла Таала жашоого бир улак жаратса, жанына бир шыбак өстүрөт" деген кеп бар экенин да эстей жүргөнүбүз дурус болор.
(Уландысы 10-бет)