Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Манас - кыргыз руху

Ашым Жакыпбеков
Теңири Манас
Жанындагы Молто хан Алоокеге муну айтты:
- Алооке! Күл чыгарар күң керек, мал кайтарар кул керек. Салык салып, алым алып турууга көз каранды журт керек!..
Анда Алооке муну айтат:
- Буруттун үйүрүн чачып, төгөрөктүн төрт бурчуна төрт бөлүп таратпасам акыры бизге тынчтык жок. Коноруна конуш бербей, барагына мал бербей, эки колун аркасына байлап, ичтонуна сийгизип, беттерине аза Кызыл чүпүрөк байлап, мындан аркы тукумуң туусу ушул деп, өңдөрүн бозортуп, көк теңирин кызартып, аалам кездирип тентители! Ала-Тоодой бейиш жери эстеринен чыккыдай болсун, алыс-алыс айдайлы! Ала-Тоо конушун Таңшаң деп атап алалы! Мындай касиеттүү жерди элинен, өз касиетинен жоготуп, касым кыргыз түгүл досума бергис кыламын!..
Ошентип, Ороздунун он уулун он тарапка бөлүп куумай болду Алооке. Текечи менен Шыгайды бир ууч журту менен Оогандан нары ашыра Эренге кууду. Алар ошоякта кумга сиңген суудай болуп дайынсыз кетти. Жамгырчыны бир ууч журту менен Анжыяндан ары Самаркан багыттагы бөөсүнөн да чөөсү көп чөлгө кууду. Үсөн менен Кызылбекти Каңгайдан ары ашыра, түп Бээжиндин түндүгүнө кууду. Ороздунун иниси Байды Кашкарга сүрдү… Кырк уруу кыргыз ошентип бөлүндү болуп куулду. Акбалта менен Жакыпты айрыкча өчөгүштүк менен шоңшогой ак калпактарынын төбө оройлорун ое бастырып, эгерим эрегиштик кылсаңар эки көзүңөрдөн кызыл кан агызам деп, мындан ары силердин тутунар тууңар ушул Кызыл кандуу чүпүрөк деп, беттерине Кызыл чүпүрөк байлап, көк теңириңирге арыз-арманыңарды айта-көрө баргыла деп эки көз тушун ойдуруп, Кызыл шири кийгизгендей кылды да, кырк үйлүү журту менен, жүк артарына алты өгүз, төрт качыр берип, жаш балдардын сүтүнө алты эчки, үч уй кошуп, айдоочу жайсаң желдеттерине катуу тапшырды: Ала-Тоосунан алыстаганча эки күнү кондурба, агын сууга жуунтпа, боз адырмак жон менен, кайрылып изин тапкыс какыраган сай менен, карга-кузгун учуп барса канаты күйгүдөй эрме чөл менен жөө жалаңдап айдап жүрүп отургула!
Бул жезит буйрук калпысы жок аткарылып баратты. Балдар баспай чыркырап, чокойлору жыртылып, согончок менен башы чыккан бармактарынан кан сызылып жарылып, ата менен эненин сайсөөгү зыркырап, Акбалта менен Жакып беттеринен куюлган терге Кызыл туу чүпүрөктөрү жабышып, бирин-бири көралбай, көгүлжүм тарткан көккө гана көздөрүн кадап акыйып, айласы куруп ары теңселип, бери теңселип, айдалган журт арып-ачты. Колдору аркага байлануу, сарыккан сары сийдик багалектерине куюлуп каңырсыйт, беттерине байланган Кызыл туу чүпүрөктөрү тер менен көз жаштан, анан калса темир тикендүү боз адырдын чаңынан каракызыл болуп, накта азалуу кейипке келди журт. Ала-Тоонун карааны көрүнбөй көздөн учканда гана колдору чечилди. Аңыр каңкылдап жээктеген, бетин сары каймак кир баскан бир чөл көлчүктүн жээгине кондурду… Бул али жол ортосу болуучу. Дагы жүрөр жол, барар жер канча күнчүлүк, канча айчылык, аны айдап бараткан желдеттер айтпайт. Алты эчкиден сүт чыкпай, кургак шыбак жалмалап калган соң, аларды союп жешти. Үч саан уйдун экөө жолдо шарптан өлүп, куужыгач эттерин баягы күнү эле жеп-жалмап коюшкан. Кайырмакка илер эти жок, омуртка сөөгү оркойгон, кабырга сөөгү каркайган бир сарала уй тиги саздын сары суусун жыттагылап иче албай турат. Анын деле алы чамалуу. Каткан нандарын качырата чайнап, белге түйгөн куруттарын ташка чагып жалмалап отурду кыргыздар…
Кайда айдалып баратабыз, кандай элге кез болобуз, кандай күнгө туш болобуз деп, арып-ачкан кырк үй кыргыз журту сары саналуу…
Булардын баарын эстеген сайын сайсөөгү сыздап барат Акбалта. Алтын-Көлдү жакалап өттү Акбалта. Кырк үйлүү кыргыз Теңирине тайынып-тилеп алган жанагы баланы киринтмекке деп, атайы изевилдеп жүрүп таап, колчаначка куюп кеткен Мүрөк-Башаттын төрүнөн өттү Акбалта. Алтын-Көлдүн чок ортосунда арал бар, аралда жемиш бактуу бадал бар. Аралдын айлана-тегереги мелтиреген көл, алтын аталып калышы - таң атканда жапжашыл, күн чактүштө көкмөк, күн батарда алтын саргыч түстөнүп турат Алтын-Көл. Түндүк жээгинде борчук асканын түбүнөн кайнап чыгып турган Мүрөк-Башат бар, мөлтүрөп чыгат да, жыбылжып барып кайра арча түбүнө сиңип кетет. Башат түбү алтын кен, аны бөтөн жанга билгизбей казып жүргөн энесайлык кыргыздар. Ал өзүнчө узун сабак сөз… Көктөн айда-жылда бир түшөр курч ушул Башат башына түшөт, Мүрөк-Башатты издеп түшөт. Бул өзүнчө узун сабак сөз…
Ырааты мындай.
Бул сырды жалгыз Ногой баба билчү экен. Уул Орозду эресеге жеткенде мурас кылып айтып кетиптир. Орозду баатыр Энесай, Миңсуу менен Ала-Тоо, Таластын ортосун мекендеп, жоо жолотпой, дос коротпой кыйырын бейкут-бейпилде марытып өткөн. Уулу Жакып тогузга жеткенде, Таласты Ордо тутуп турганда ушул Мүрөк-Башаттын сырын, анан дагы Энесайда жашаган кыргыздардын Түпкү-Ханы Чыйыр бий менен бел куда болуп койгонун, Жакып эр жеткенде ошол Чыйыр бийдин жаңы туулган кызын алуусун керээз кылып айтып кеткен. Жаш Жакып бу кеңирсиген кең дүйнө, боорго батпаган мал, жээкке батпаган эл ушинтип түбөлүккө бузулбай жашай берчүдөй көргөн. Алооке Таластан сүргөндө, жолдо сандалып көрбөгөн кордукту көрүп келатканда атасынын керээзин бир эстеп, Акбалтага айткан болучу…
Артына колу байланып, карып болуп айдалып, жол тартты кыргыздар. Күндүзүндө тынч албай, түнкүсүндө уйку албай, арык болуп жол тартты кыргыздар. Как эткен каргасы жок, кук эткен кузгуну жок ээн талаа, эрме чөлдө саанга деген уй өлүп, унаа деген качыр өлүп, алдан тайган кары өлүп, ачкалыктан бала өлүп, томпойгон боз топурак бейиттери кайра көргүс жерде калып, кырк үйлүү кыргыз түгөнгөндөн түгөнүп барат. Былкылдак куурай бышып, мыйзам учуп, күз келди. Ала-Тоодон айдалганга чыпчаң алты ай толду. Ызылдаган мунарык закым чөлдү басты кыргыз, адыр-будур бел ашты кыргыз, киргил аккан суу кечти кыргыз, Эчки-Өлбөстөн эңкейип түштү кыргыз. Кордой менен Маңканды ашты кыргыз. Иленин башы Үч-Аралга жетти кыргыз. Ал жерге да токтотподу жайсаңдар. Амалсыз кейип ары жүрүп, Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу, Кичи-Жылдыз, Чоң-Жылдыз деген жерлерди басты кыргыз. Чыпчаң алты ай толгондо Алтайдын Ак-Талаа деген жерине жетип конду кыргыз. Эти калган көк жашык, каны калган бир кашык сүргүн эл кара буурул түндө жетип, "Ак-Талаа" деген гана атын угуп, теребелин көрө албай, көрөргө чама калбай, токтогон жерге кулап калды кыргыз, бут серппей, тырп этпей сулап калды кыргыз. Таң дүмпүйүп супасадык салганда, төбөдө жылдыз бириндеп, таңкы муздак желге дене-бой үшүп зирилдеп, көзүн жыртты карылар.
Таң кашкайганда айлана-тегерек көрүндү. Карылар менен кошо турган Акбалта ары басты жер чалып, бери басты жер чалып. Кең төр экен Ак-Талаа. Адыр-будур чыбыр жер, бөөтчөлүк саздак жер, желге башы чыркыраган камыштуу жер, каркылдап ойгонгон өрдөк-каздуу жер экен Ак-Талаа. Боор түбүнөн аккан булакка барып жүз чайып, Көккө алакан жайып тооп кылып, Акбалта айдап келген жайсаңдардан сурады:
- Ушерби турагыбыз?
- Ушер, - деди бири.
- Тегеректе эл барбы?
- Бар, - деди бири.
- Тили буруубу?
- Буруу, - деди бири.
- Ким деген эл?
- Калмак, жөржөн!.. - деди бири.
Аа… - деди Акбалта.
Алты ай бою арттан айдап, сүйлөшпөй келгенге дудук болуп калган немелерден андан ары сураган жок. Өзүнчө боор этектей басып, жаңы конуш менен таанышып жүрдү, эми кандай жашоо кылууну ойлоп жүрдү. Ак-Талаанын этеги Алтай болор, Алтай тоону ашып, түндүк-чыгыш багыт алып жүргөн киши Саянды бөксөлөп Энесай, Миңсууга жетер эле, андагы тургун кыргыздарды табар эле… деп ойлоп койду Акбалта. "Теңир жол берсе аны да көрө жатарбыз" деп, алыстаган сайын карааны калдайып көрүнгөн дөө Балта жер чалып басып бара берди. Боору тулаң, этеги шибер, кымыздык, ышкын өсөт экен. Балдарга сүт ордуна жараар күнүмдүк, деп койду өзүнчө Акбалта. Жалтыргандуу шыбагы боор талашат. Мал күтсөк жайыт жакшы экен деп койду Балта. Саздын бою түнт камыш, андан күнүмдүк алачык курса болбойбу, деп койду Балта. Булак сары сууларын бойлой тоо тал, замби тал чер экен, уук, кереге матап, үй курса болбойбу, деп койду Балта. Жакын жерде эли жок элкин экен Ак-Талаа… Адырмактан артылып өтө бергенде буурул токой чер экен. Кайберени көп экен. Маралдар жүрөт маңкайып, бугулар жүрөт бөкүрүп, бөрсө деген бир жандык, курсагынан бөрсөйүп чыгып жүрөт баласы. Кишикийик бар дешти, төөкийик да бар дешти. Бөксөсүндө эли көп, этегинде жайнаган тыргоот, калмак, жөржүндүн калың малы жапайы болуп жайылып жатат. "Атаңгөрү, эптеп тирденип алсак, малга да, жанга да жайлуу жер экен" деп койду Акбалта.
Кыдырып жүрүп Акбалта калмактарга жолукту. Сурай-сурай сүйлөшүп, чала-була түшүнүшүп, жашынан карысына, карыдан аксакал дөөлөттүүсүнө жетти Акбалта. Эптеп тил табышып, алы-жайды айтышып, кепке келишти, эпке көнүштү. Кан агызган жан кара пейил болуп калат дегендей, тыякта Ала-Тоону басып алган Алооке ошондой неме окшобойбу. Мындагы тыргоот жайдарым жакшы эл экен. Түгөнүп кетер азганактай журту ушерге туш болгонуна ичинен шүгүрчүлүк кылды Акбалта.
???
Жакып баш болуп жаңы журтта жаткан кыргыздар чоң шашкеде өзөрүп ойгонду. Балдардын өзөгү талып калганбы, кыбыроого алы жок, кайырмакка илер эти жок. Көйнөгүнүн этегин үзө баскан энелери таш кемеге куруп, сактап жүргөн куурма чайдан кайнатып, эптеп өзөк жалгашты. Балдар боор талашып ышкын, кымыздык издеп кетти. Чоңдор Акбалта ойлогон акылды алар дагы ойлошуп, саз жээгинен камыш кыркып, чөп алачык тигип жатты. Үч-төрт эркек агындуу кара суу бойлоп, жегделерин чечип, жака-жеңдерин бууп, өрүп жүргөн балыктан челек-челек кармап жиберди. Журттун баары бир казанды тегеректеп, балык бышырып, кадыресе тайдын этин жегендей каниет алып калышты.
Түш оой Акбалта келди. Келгенде жөн келбеди. Алдына салып айдаган жүз чамалуу кой, астында мингени, жана коштогону болуп эки аты бар, үч саан уй бар, анан дагы ээрчиткен үч калмак бар. Тим эле жоо чаап, мал тийип келаткандай жаркылдаган түрү бар.
- Арыба, кыргыз, арыба! - деп көңүлү көтөрүңкү заңкылдап келди Акбалта. - Малыңарды багып ал, уюңарды саап ал. Мейман келди, кабыл ал! Тиги Ала-Тоодон бери жүк артып келген көк буканы жаңы конушка деп чалгыла!
Балта минтип айткан соң жигиттер карап турабы. Шапа-шуп ишке киришти. Көрсө, Акбалта тыргооттун аксакал-көксакалдары менен мамилеге кирип, Таластан бери белине түйүп жүргөн алтын-күмүшүнө мобу айдап, минип келген малды сатып алыптыр. Анан дагы - ушу ит-кушка бир тоер жем болбос мал түбөлүк мүлккө жарабас, ага чейин киренди кирип, жан багууга тыргоот менен макулдашып, саанчы кирип сүт ичишке, жылкы жайып күч минишке, кой кайтарып, акы алышка, ошентип азырынча эптеп жан багышка жарагандар чыгар деп, чыккандарды алып кетишке тиги үч калмакты ээрчите келген тура.

(Уландысы кийинки санда)






кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
13-май, 2009-ж.:
1-бет
АҢ-СЕЗИМДИ КУЛ КЫЛГАН САЯСАТ
2-бет
Маянаң аз болсо, жакыр пенсионер болосуң
3-бет
Ток этерин айтканда…
4-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

5-бет
Жигер
6-бет
Манас - кыргыз руху
7-бет
"Манас" - рух гүлазыгы
8-бет
Кыргыз тагдырын татаалданткан тарыхый адашуулар
9-бет
Азык берген өнөр кече
10-бет
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы:
"Өз мекенибизде түрткүнчүк болбойлу!"

11-бет
"Өлүп көр. Анан сени жазам" депмин!
12-бет
Салтанаттуу сурнайлар
13-бет
Сен да өттүң дүйнөдөн…
14-бет
Бурул КАЛЧАБАЕВА
СЕЗИМ НЕГЕ, СЕРПИЛДИҢ СЕН

15-бет
Берметсап










??.??