"Көк Асаба", 13.05.09 - 7-бет:
  Көрөңгө

"Манас" - рух гүлазыгы
Промграфик-дизайнер Майрамкул Мусабай уулу сүрөт өнөрүндө кыргыз элинин рух дөөлөтүн, эс тутумун, касиетин чагылдырып келатканы боюнча гезитибиздин биринчи санында жазып, маек курганбыз. Анын
2008-жылы жарык көргөн "Манас - рух гүлазыгы" китебиндеги төрөн тамгалар менен окурмандарды тааныштырууну көздөп, аларга текст жазган Мамат Болоттун ушул китептеги санжыргалуу ыр саптарын кошо жарыялайбыз.

Теңир, Жараткан, Эге
Улуу күндүн урпагы,
Көөнө кыргыз журтунун -
Колдогону Күн Теңир,
Жөлөгөнү Ай Теңир,
Баардыгынын башаты,
Айааламдын атасы -
Жараткан Эгем бир Теңир!

Күн Теңири
Күйүп-жанган ааламда
Күн Теңири ушу экен.
Адам уулу чече алгыс
Чын Теңири ушу экен.
Аламдыкты өрттөгөн
Нур Теңири ушу экен.
Теңир атам чырагы
Сүр Теңири ушу экен.

Үч башат
Атам-энем, тууган жер, эне тилим -
Үч башаттан гүлазык алат дилим.
Асыл шамын ачканга МАНАС дүйнө -
Аян берип ааламдын сүйлөйт тилин.

Ай Теңири
Аалам күзгү уштаган
Ай Теңири даанышман.
Жер энени күзөтүп,
Чоор тарткан алыстан
Күн күйгүзүп иет деп,
Наар берген өмүргө.
Ай мүрөгүн тамызып,
Аар берген өмүргө.

Үркөр ата
Улуктаган бүт кыргыз
Үркөр ата топ жылдыз.
Бүт ааламга чачылган
Теңир көзү - сан жылдыз
Ар жылдызга байланган
Ар адамдын жан жылдыз,
Уч-кыйры жок чексизде
Түбөлүккө бар жылдыз!

Жер Эне
Жаралгандан жандарга
Койнун ачкан Жер Эне.
Адам, айбан дебестен,
Мээрин чачкан Жер Эне.
Сыноосуна Теңирдин
Солк этпеген Жер Эне.
Тозогуна пенденин
Селт этпеген Жер Эне.
Баарын чыдап көтөргөн
Сенден башка ким, Эне?!

Тастар Ата
Калдаңдабай бек тур деп,
Казык кылып ар жерге
Кагып койгон зоолорду.
Тепкич кыл деп Теңирге
Тоолукка берген тоолорду!

(Уландысы бар)