"Көк Асаба", 13.05.09 - 9-бет:
  Рух дүйнө

Азык берген өнөр кече
Кечээ жакында 9-май Жеңиш күнү КРнын мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында Бишкек адам таануу алымканасы - БАТА борбору менен тарых музейи биргеликте "Рухдүйнө" кыргыз таануу өнөр кечесин өткөрүштү. Согуш алааматы болбосун, ар дайым кыргыз элин оомат-дөөлөт, жеңиш коштоп жүрсүн деген тилекте майрам аралаш уюштурулгандыгын айтышты демилгечилер.

Көптөн бери жакшы ачыла албаган күн да ал күнү тегиз мээримин жерге чачып турду. Сыртта, Ала-Тоо аянтында эл да демейкиден көп болду.
Сааттын жебеси түшкү экиден оой бергенде, кеченин алып баруучусу, жаш манасчы, акын Жылдызбек Турсунбаев өнөр сересине көтөрүлүп, кеченин маани-мазмунуна, максатына токтолду. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө саясый, экономикалык, экологиялык, руханий кризис жүрүп жаткан ушул тапта жан дүйнө байлыгы, руханий азык маселеси өзгөчө мааниге көтөрүлгөндүгүн ыр менен да, сөз менен да белгилеп өттү.
Аты айтып тургандай, кече кыргыз таануу багытында жүрүп, күндүн өзөктүү темасы катары Манас феномени тандалып алынган экен.
"Баарын коюп, Манасты айт" дегендей, улуу сөздүн башаты Манастан башталды. Жаш манасчы Рысбай Исаков ак калпагын койкойтуп, саймалуу чепкенин коомай кымтынып, каалгый басып келип отурду да, паровоз ордунан жылып бараткандай жай баштап, улам кызый-кызый Семетейдин аялы Айчүрөк менен бирге учуп жүргөндөй, баарын көрүп тургандай ак жаан кылып төктү. Манас үчилтигинин кайсы жеринен укпайлы, окуя кууган сөз күчү, айбаттуу кыраат коштогон үн, көркөм-философиялык мазмун, касиетке чулганган мистикалык энергетика бат эле угуп отурган адамды арбап алат эмеспи. Убакыттын тардыгы ай. Болбосо манасчынын оозуна отуз мүнөттө ободон сөз келет, алтымыш мүнөттө ачылат, эки саатта эргийт, эки күндөп айтканда анан чындап чер жазылат, кулак уккандай болот, жүрөк тыңшагандай болот. Азыркы ааламдашуу учурунда ага кайдан убакыт?..
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, Манасты көп жылдардан бери изилдеп, пропагандалап келаткан агабыз Бексултан Жакиевдин Кыргыз таануудагы Манастын мааниси багытындагы сөзү көпчүлүктү моютту. Ал "Кыргыз материалдык байлык чогултпастан, Манас баштаган улуу-кенже эпосторду, көргөн-билгенин жандуудай төккөн төкмөлүк өнөрдү, ыр-күүлөрдү, мазмуну терең макал-лакаптарды, жомокторду, керемет кол өнөрчүлүктү, боз үйдү, ж.б. толгон-токой өнөрлөрдү, руханий-маданий байлыктарды камтыгандыгын" таамай-таасирдүү баяндап өттү. Улутчул-мекенчил, таланттуу жазуучусун эл кол чабуулар менен коштоду.
Дүйнөнү комузу менен багынткан көп кырдуу талант Нурак Абдыракмановдун шакирттери менен өнөр сересине көтөрүлүшүнүн өзү эле көзгө сүйкүм аземдей көрүндү. Эң жашы бала бакчага барган жеткинчек болсо, улуусу алтымыш ашкан Нурак ава. Көз жоосун алган кооз улуттук кийимчен комузчулар тобу кол ойнотуп, бир канча күүлөрдү катары менен чертип беришти.
Программага ылайык, Манас үчилтигинин ичинен атайын суроолор (викторина) даярдалган эле. Ар бир музыкалык номердин ортосунда суроолор берилип, жообун тапкандар сыйлыктарын алып жатышты. Сыйлыктарга Манас китеби, О.Айтымбетовдун 6 томдук "Кара кыргызы", Д.Садыркуловдун, Н.Абдыракмановдун, Ч.Абыкеев-дин, Баяс Туралдын, К.Кошалиевдин, С.Абдыракмановдун китептери берилди.
Эл ичиндеги ырчы, комузчу, кыякчы Т.Асаналиев, Ф.Өмүрзакова, Б.Өмүрзаков, А.Каленов, А.Стамку-лова, Б.Чытырбаев сыяктуу өнөр ээлери көпчүлүккө көңүл эргиткен ыр-күүлөрүн арнашты. Программанын "тушоо кесүү" деген рубрикасына ылайык, жаш акын Эркинбек Шейшенбаевдин "Башат" аттуу жарык көргөн алгачкы китебинен ырлар окулуп, автордун акындык тушоосу кесилди.
Кеченин соңунда уюштуруучулардын атынан сөз алган БАТА руханий-изилдөө борборунун директору К.Кошалиев бул иш-чаранын мааниси, учурдагы руханий-идеологиялык кризистин алдын алып, жан дүйнө азыгын гана тартуулабастан, болочокко туура жол табууда жарык нур катары кызмат өтөп берерине ишенерин айтты. Максаты, жолу туура келген чакан топ бул жөрөлгөнү токтотпой дагы улантып, жер-жерлерди, айыл-шаарларды, жайкысын жайлоолорду кыдырып, эл менен жандуу байланыш бекемдешери жөнүндө сөз кылышты.
Айбек СЕЙИТБЕКОВ,
Сүрөттөр автордуку