"Көк Асаба", 20.05.09 - 15-бет:
  Чачыла

Икая
Өзүңөр үчүн Жарык болгула!
Будда өлүм алдында жатты. 40 жыл бою миңдеген адамдар анын артынан ээрчип жүрүшкөн эле. Эми өлүм алдында жатты. Ал:
- Бул менен акыркы күнүм. Сурарыңар болсо сурап калгыла. Ар ким өз жолу менен кете турган учур келди, - деди.
Тегеректеп отурган Будданын окуучулары үн-сөз жок түнөрүп калышты. Ошондо анын эң сүйүктүү окуучусу Ананда жаш баладай ыйлап, өзүн башка-көзгө койгулап жиберет.
- Ананда, сага эмне болду? - деп сурайт Будда.
- Эми биз эмне кылабыз? - дейт окуучусу. - Биз сенин жарыгың менен жетегиңде жүрдүк эле. Жаныбыз тынч болуп, баарынан бейкапар элек. Сенин аркаң менен биз бул дүйнөдө караңгылык да бар экенин унутуппуз. Сен эми кетип атасың. Биздин күнүбүз эмне болот?!
Ушул сөзүнөн соң Ананданын өзөгү өрттөнүп, өрөпкүп ыйлап кирет.
- Бери карачы, - дейт Будда. - Сен 40 жыл бою менин жарыгымда жүрүп, өзүңдү аңдап билалбай калдың. Эгер мен дагы 40 жыл өмүр сүрсөм, сен өз жарыгыңа жетер белең? Канчалык бирөөнү көп туурап, анын жарыгында көп жүрсөң, ошончолук көп жоготууга учурайсың, - деп, Анандага айткан акыл-кеңешин бүтүрөт.
Акыркы сапарга узап бараткан Будданын оозунан чыккан акыркы сөз мындай эле: "Ар кимиңер өзүңөр үчүн жарык болгула!"




Кыйырдан берки...
Кыргыз батасы
Жүзүң нурлуу болсун,
Жүрөгүң сырлуу болсун,
Тилиң ырлуу болсун.
Жигиттин сырттаны атанып,
Өнөрүң сегиз кырлуу болсун.
Бир үйдүн баласы болбо,
Миң үйдүн санаасы бол!
Бир элдин атасы болбо,
Миң элдин даанасы бол!
Бир тонго жака болбо,
Көп колдун агасы бол!
Акты ак деп баала,
Караны кара деп сана.
Өзөгүң талса, өзөн боюн жагала,
Башыңа иш түшсө, көпчүлүктү сагала.
Белге таңуу кемер бол,
Өзүңө өзүң кемел бол.
Досуңа эдил бол,
Элиңе адил бол!




Берметсап
Зайырбек Ажыматов
Келчи жаным, жүрбөй калдым жашоодо,
Каралбаган шордуу аттай каржалып.
Өзүң болуп, күч-кубатым кошорго,
Маңдайымда жылдыз болуп тур жанып.
Тентип келем жалгыздыктын чөлүндө,
Сиңип жерге, сен деп төккөн муң, ыйым.
Бул жашоонун баары чыккан төгүнгө,
Жалгыз сенсиң менин тапкан чындыгым.




А сен билесиңби?..
Алгачкы тарелкалар менен кагаз кол аарчылар 600 жыл мурун пайда болгон. Эң биринчи тарелкалар төрт бурч формасында болуп, аларды пайдаланууга жаңылык кылып француздар киргизсе, алгачкы алебастрдан жасалган кол аарчыларды байыркы римдиктер колдонуп келишкен. Тамак жегенден кийин аларды жуубастан, отко салып турушкан.
Дүйнөдөгү күмүштөн жасалган эң ири ашкана сервизинин салмагы 2 тонна болгон. Анын ээси Екатерина II сервизди өзүнүн жакшы көргөн адамы Григорий Орловго тартуу кылган.




  Макал-лакаптар

Мага да, сага да маанилүү
Бай болбогон бай болсо - отоого чөп койбойт,
Бий болбогон бий болсо - сүйлөөгө сөз койбойт.
???
Жабыгып жүрсө жигитти жакырсың деп кордобо,
Ташыркаган бууданды баса албайт деп болжобо.
???
Жакшы болуучу азамат жатып алып бий болот,
Жаман болуучу азамат качып жүрүп ий болот.
???
Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
Бир кишинин азгыны, миң кишиге уу берет.
???
Өскөн айыл ичинде кемпир менен чал бар,
Өскөн төөнүн ичинде инген менен нар бар




  Табитиңиз ачылсын!

"Бейпил түн" торту
Камыры: 1,5 стакан ун, 250 г. каймак, 1 ст. кумшекер, 3 жумуртка
Жумурткага кумшекер аралаштырып, каймак кошуп, ун чалып камыр жууруйсуз. Орточо табага майланган пергамент кагазын төшөп, камырдын жарымын салып, жарымына какао кошуп, экинчи табага саласыз. Аларды 200-220 градуска чейин ысыган духовкага 35-40 мүнөт бышырасыз. Даяр болгон соң духовканы 10-15 мүнөт кое туруп ачууңуз керек. Муздаган каламалардын ар бирин экиге кесип, ортолоруна крем сүйкөп, ак-кара кылып тизесиз. Капталдарын крем менен түздөп, үстүнө глазурь сүйкөп коесуз.
Крем: 200 г. каймак майга 8 аш кашык кумшекер жана 2 жумуртка кошуп, жакшылап аралаштырасыз.
Глазурь: 2 жумуртканын агына 1 ст. кумшекер кошуп, аралаштыруу керек.




"КЫЗГА СЕП"
Урматтуу ата-энелер! Жакында эле ушул аталыштагы кыздарга сеп даярдоочу ишкана ачылды. Эгерде кыргыздын кереметтүү төшөк, жууркан, көшөгө, шырдактарын ж.б. жасаткыңыз келсе, "Кызга сеп" сиз каалагандай өңүттө, көлөмдө даярдап берет.
Биздин дарек: Шабдан баатыр көчөсү, 27/1
Тел.: 0543 02-95-66; 0772 34-63-34




Айымдарга айа-аа-ай кеңеш
???
Бадыраң маскасы терини сергитип, мыкты тазалоочу каражат болуп саналат. Андыктан бул масканы койгондон кийин жуунуунун кажети жок.
???
Көздүн алдындагы шишикти кетирүү үчүн аарчылбай бышырылган картошка жардам берет. Жылуу бойдон кесип, 30 мүнөткө көзгө коюу керек.
???
Күнүгө вазелин менен кирпиктерди майлап туруу анын өсүшүнө өбөлгө болот. Ал эми тушь конъюктивит оорусунун себепчиси болушу мүмкүн. Андыктан, аны үч айда бир алмаштырып туруу зарыл.
???
Тырмак боечу лак муздаткычта сакталса, көп убакытка чейин кургабайт.
???
Колдун терисин жашартып, жылмакайлыгын калыбына келтирүү үчүн аарчылган алма менен бир нече мүнөт сүртүү керек.
???
Чачты жуугандан кийин аны пиво менен чайкоо какачтан арылтып, жылтылдатып, чачтын түшүүсүн азайтат.
???
Майлуу териге эзилген банандын 30 мүнөттүк маскасы абдан пайдалуу.