"Көк Асаба", 20.05.09 - 2-бет: Жаңы президент
17-майда Литвада өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн финансы министри, Еврокомиссиянын бюджет жана финансылык пландаштыруу боюнча комисаары Даля Грибаускайте президент болуп шайланды. Грибаускайте 69,05% добушка ээ болуп, шайлоонун бир эле тур менен өтүшүн шарттады.

Макулдашылган көзөмөл
Палестиналык ФАТХ жана ХАМАС кыймылдары Газ аймагында кырдаалды биргелешип көзөмөлдөөт. Мындай маалыматты ФАТХтын өкүлү Набиль Шаат билдирип, бул боюнча принципиалдуу макулдашуу түзүлгөнүн кошумчалады.

Ющенконун чакырыгы
Украина президенти Виктор Ющенко өлкө аймагындагы бардык коммунисттик режимдин эстеликтерин жок кылууга чакырык таштады. Мындай билдирүүнү президент саясый репрессия курмандыктарын эскерүүгө арналган митингде жасаган.

Грузиндер тирешүүсү
ЕСтин Грузиядагы позиция менен бийликтин тирешүүсүн сүйлөшүү жолу менен чечүү сунушуна Нино Бурджанадзе "Саакашвили менен оппозициянын сүйлөшүүсүнөн эч майнап чыкпайт" деп жооп берди.

Рахмонго рахмот айт!
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өлкө көчөлөрүндө, чиновниктердин кабинетинде илинип турган өзүнүн портреттерин алып салууга буйрук берди.

Египеттеги жарылуу
Египеттин Исмаилия шаарында Абу-Султан базасындагы курал-жарак склады жарылган. Учурда андан жабыр тарткандар туурасында так маалымат жок.

Аскердик операция
Шри-Ланкада "Тамил-Иламды бошотуу арстандары" тайпасынын сепаратисттерин жок кылууга багытталган аскердик операция толугу менен аягына чыкты.




"Евровидение-2009"
Москвада өткөн бул конкурста 42 өлкөнүн ичинен норвегиялык Александр Рыбак 387 упай менен жеңүүчү аталды. Мындай көрүнүш - конкурс тарыхындагы рекорддуу көрсөткүч. Былтыркыга салыштырмалуу бир нече эсеге көп акча жумшалган бул таймашка 2,5 миңге чукул журналист аккредитациядан өтсө, "Евровидениенин" финалын көрүүгө 21 миң киши келип, ал эми дүйнө боюнча телекөрүүчүлөрдүн саны 100 миллиндон ашты.





Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Kyrgyztoday.kg" интернет-телевидениесинин директору:
"Дүйнөдөгү бардык кыргыздар "өлкөдөгү окуялардан кабар алат"
Кыргызстанда интернет мейкиндигиндеги маалымат каражаттары улам өнүгүп жатат. Жакында Кыргызстанда алгачкы жолу "Kyrgyztoday.kg" Интернет-телевидениеси өз ишин баштады. Бизге жаңылык болуп кирген жаңы форматтагы маалымат каражаты жөнүндө сурап, анын директору Мирлан Дүйшөнбаевге кайрылдык.


- Мирлан, силер ачкан жаңы маалымат каражаты жөнүндө кеп салсаң...
- "Kyrgyztoday.kg" интернет-телевидениеси Кыргызстанда алгачкы жолу ачылып олтурат. Албетте, интернет мейкиндигиндеги маалымат каражаттары жок эмес. Жетишерлик. Бирок, биздин маалымат каражатынын айырмачылыгы, телевидение сыяктуу эле телепродукцияларды көрөрмандарга сунуш кылабыз. Тагыраагы, телеканалдардан эмнени көрсөк ошолордун баарын биздин интернет-телевидениеден көрүүгө болот. Саясат, экономика, маданият, шоу-бизнес, айтор, өлкөдө болуп жаткан актуалдуу окуя, фактылардын баарын. Шоу-дүйнөсүнө тереңден үңүлүп, ырчы, чоорчулардын сахнадагы эле эмес, сахна артындагы турмуштарынан кабардар кылып турабыз. Атайын репортаждар, кызыктуу, күлкүлүү тасмалар сунуш кылынат. Эгерде салттуу телевидениеден жарандар өздүк тасмаларын элге тартуулай албаса, бизден ага мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле саясатчы, коомдук ишмерлер биздин серверден акы төлөө аркылуу өздөрүнүн блогдорун ачып, ага видеокүндөлүктөрүн жайгаштыра алышат. Кыскача айтканда, калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын эске алабыз. Биздин интернет-телевидениеге баш баккандар кайдыгер калышпайт деп ойлойм.
- Интернет-мейкиндиктеги башка маалымат каражаттарынан айырмачылыгы эмнеде?
- Эгерде көрөрмандардын телеканалдардан маалыматтарды бир жолу гана көрүп, кайра көрүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, биздеги маалыматтар менен үч-төрт ирет кайталап тааныша алышат. Каалаган убакта, дүйнөнүн бардык жеринде туруп таанышса болот. Мындан сырткары, тигил же бул маалыматтарды өздөрүнө көчүрүп, маалымат, репортаждарга комментарий берүү аркылуу өз ой-пикирлерин айта алышат.
- Маалыматтарды өзүңөрдүн чыгармачыл жамаат даярдайбы?
- Негизинен ошондой. Бирок, өз ишибизде өлкөдөгү башка телеканалдар, телепродукцияларды даярдаган студиялар менен да кызматташабыз. Продукцияларын кеңири аудиторияга таркалуусун каалагандар менен иштешебиз.
- Адатта шайлоо алдында маалымат каражатынын пайда болуусу ар кандай ойлорду пайда кылат...
- Андай ойлордун болушу мыйзамченемдүү нерсе. Бизге да ошондой карап жаткандар жок эмес. Бирок, алдыдагы шайлоого эч кандай тиешебиз жок экендигин баса белгилеп кетейин. Ага биздин маалыматтар менен таанышкан көрөрмандар өздөрү ынанышат. Эркин маалымат каражаты катары акты ак, караны кара деп беребиз. Журналисттик ишибизде бейтараптуулукту, чындыкты, калыстыкты принцип катары кармайбыз.
- Эмне үчүн "Kyrgyztodaу.kg" деп атадыңар?
- Биздин аталышыбыз - "Кыргызстан бүгүн" дегенди билдирет. Максатыбыз, Кыргызстандын бүгүнкү турмушун чагылдыруу. Мекенчилдик маанай да себепчи болду. Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгына басым жасайбыз. Чет элде жашаган кыргыздар биздин интернет-телевидениеге баш бакканда кыргыздын ырларын, музыкаларын угуп турсун дедик.
- Кандай иш болбосун каржысыз алыска баруу кыйын. Силер эмненин эсебинен жашайсыңар?
- Албетте, бардык иште финансы маселеси чечүүчү нерсе. Азыр эркин маалымат каражаттары жарнамалардын эсебинен жашашса, өкмөттүк маалымат каражаттары реклама аркылуу финансылык абалдарын бекемдешет. Биз да жарнаманын эсебинен, башка кызмат көрсөтүүлөр аркылуу жашайбыз. Ал эми интернет-мейкиндигиндеги жарнама акыркы убакта өнүгүп жатат.
- Кыргызстанда интернет-телевидениенин келечегин кандай көрөсүң?
- Мындай маалымат каражатынын иш баштап жатышы кубанарлык көрүнүш. Бул саамалыкты кубаттап, колдош гана керек. "Kyrgyztoday.kg" - келечектин телевидениеси!" деп бекер айткан жокпуз. Дүйнөлүк компьютер дүйнөсүнүн билерманы, атактуу Билл Гейтс келечектеги телевидениени ушундай көрөрүн айткан. Анын келечекке көзү ачыктык кылуусу дайыма туура болот. Ал "21-кылым интернеттин кылымы болот" деп 80-жылдары эле айткан. Азыр дал ошондой болуп жатпайбы. Учурда, элинин интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү жогору, өнүккөн өлкөлөрдө, маалыматтардын басымдуусун интернет мейкиндиктеги маалымат булактарынан алышат. Мындай тенденция Кыргызстанда да тереңдеп жатат. Же азыр жарандарды мындай коелу, гезит, радио, телеканалдардын бардыгы өз иштеринде интернеттик мейкиндиктеги маалымат каражаттарын колдонуп калышты. Интернетти колдонуучулардын саны болсо жылдан жылга арбып барат. Акыркы эсеп боюнча, республикабызда 1 миллионго жакын адам потенциалдуу интернет колдонуучу болуп эсептелет экен. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн 2020-жылга чейин Кыргызстандын бардык жерине интернет түйүнүн жеткирүү боюнча программасы бар. Демек, бул жагдай Кыргызстанда интернет мейкиндигиндеги маалымат булактарынын, анын ичинде интернет-телевидениенин келечеги зор экендигинен кабар берет. Биз алгачкы болуп ачылсак, келечекте интернет-телевидениелер жетишерлик пайда болоруна бөркүбүздөй ишенсек болот.
- Маалыматыңарга рахмат. Жаңы иш башатыңарга жаңы ийгиликтерди каалайбыз!
Канышай БЕШБАЕВА