Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Манас - кыргыз руху

Ашым Жакыпбеков
Теңири Манас
(Башы өткөн санда)
Жерден түгөнгүс кенч тапкан миңсуулук кыргыздардын өнөрү күч. Алтын жууп, асыл буюмдарды жасап, темир эритип, болот узанып, кылыч жасап, найза менен жебеге тил куюшат, күмүш эритип, ат жабдыктарын кооздошот, калай эритип, калкан жасап, соодага жүргөнүн манжуу, кытайдын төрүнө чейин сатышат, керектүүсүн мүлк кылып, сандыктарга катат. Кыздарынын сөйкөлөрү алтындан, өтүк өкчөлөрү, тумарлары күмүштөн, жигиттердин киселери менен өтүк өкчөлөрүнө, минген аттарынын ээр каштарына, жүгөн, куюшканына, көмөлдүрүк, чап олоңуна күмүш чабылган, келиндеринин чачпак, күбөктөрү күмүштөн, кемпирлери элечектерине алтындан кыргак тартынып, аксакалдары күмүш кемер курчанат. Урунган идиштери да алтын менен күмүш. Бакканы - мал, аңы - суусар, сүлөөсүн, киш. Орозду баатыр Энесай менен Миңсуу кыргыздарын тууган тутуп, кол үзбөй тутумдаш турганы да ушундан. Бул элдин байлыгына ар качандан бир качан кытай, манжуу кыйындары көз артып келет. Алы жеткен чактарда басып алып, талап, тоноп кетет, бирок, көбүнесе бу кыргыздар ар балээге алдын ала камынган, жоо десе жолборстон бетер чамынган жигери күч бадыректер.
Акбалта жандоочтору менен Миңсууда, Жоодур бийдин сыйлуу коногу болуп, бир айдан ашуун туруп калды. Жоодур бий жобураган сөзмөр, көптү билген көсөм, эртегини* эсине жат күткөн санжырачы, жапалдаш бой, кең далы, келбети уютуп койгон темирдей чымыр, буурул сакал болуп алтымышты чамалап калган кези экен. Сурап кулагы канбады, сүйлөп сөзү түгөнбөдү. Билбегени жок, укпаганы жок, көрбөгөнү аз, барбаганы аз экен. Пейили менен Балтаны да ыраазы кылды, Ала-Тоодон кабар алганына өзү да кемчили толгондой кеңирсип калды. Кейиш ишке кейиди, кас ишине каршыкты, бирок азыр кайтарып кек алар чактысы жоктугун айтып, аргасыз эки санын мыкчыды. Миңсууда ар кошкон уруу бар экен: тейити да, найманы да, дөөлөсү да…анан дагы нойгуттар да бар экен. Акбалта кайтар болгондо өнөрү көпкө көрүнгөндөн, колунан көөрү төгүлгөндөн, тууганы келгенге кубангандан, барам деп сурангандан жыйырма үй нойгутту малы, дүрдүнүйөсү менен сандыргалуу турна канат көч кылып, Акбалтаны коштотту. Акбалтанын өзүнө деп, токсон аргымак, Ороздунун жетимине деп токсон аргымак айдатты. Жолборс талпактары баш болуп, сүлөөсүн, суусар үп терилер, алтын-күмүш белектери жети бугуга жүк болду. Акбалтанын астына алкынган тулпар тартып, үстүнө алтын кыюланган көк кементай жаап, белине күмүш кемер курчап, курчтан чабылып, ууга сугарылган кылыч байлады. Ала-Тоодон арып келген Акбалта ыраазы болбогондо ким ыраазы болот? Карчыты кампайып, көңүлү толуп, жүзү жаркып, түгөнгөн эли кайра толгонуна Теңирге миң мертебе тайынып, Жоодур бий менен айкалыша кучакташып, жакшылашып коштошту…
Түндүктүн эрте аяктачу күзү байып, эрте түшчү кышы ак бурганак борошо менен кирип келген соң, ашуу жабылып, жол бекиген соң Акбалта Чыйыр бийдин кыштоосунда кыштап кала берди. Чыйыр бий Акбалтага Миңсуудан көчүрө келген туугандары менен бирге өзүнчө кыштоо жай берди. Кыштын кыска күн, узун түндөрүндө аңчылар менен аң уулады, кенчилер менен жер астына түштү, түкүргөн түкүрүк жерге жетпей тоңуп турган аязда маңдайынан тери куюлган темирчилердин узанган өнөрүнө сабак алды, алтын менен күмүш кармаган зергерлердин көөр төгүлгөн кол өнөрүн көз талыта тиктеп отуруп, шыпшынып шилекей жутту, ыраазы боло шүйшүндү. Баскынчыдан кордук көргөн жанга жайкын мекенин жайлап, бейкут жаткан тууган арасы жыргал эмеспи. Акбалтанын жарпы жазылып, дүйнө кыйыры кеңейди. Ошондо да жанын биротоло жай алдырбаган, жүрөгүнүн түбүн сүлүктөй соруп сыздаткан кейиш - тыякта калган куугундуу журту кандай күндө болду экен, кышка камы бүттү бекен, кастыккан жоо дагы келип, жаңы тирдик журтту дагы кыйратып кетпеди бекен?.. Жазга жарасак экен… деген сарсанаа кээ бир узун түндөрдө кирпик кактырбай таң атырат.
Кеч келчү жаз адатын жазбай кеч келип, Ала-Тоо жай толукшуп калчу маал болсо да, бу тоолордогу ашуу жаңы ачылган маалда Акбалта жолго чыкты. Энесайлык кыргыздардан дагы он үйлүү нойгут, ногой кошулду. Чыйыр бий карылыгын айтып, алыс жол жүрө албастыгын айтып, сүрүлүп келген күйөө баласы Жакып менен кызы Шаканга деп санабай мал айдатты, үптөлгөн көч жетелетти.
- Эл ичи басылып, жол ачылса, мен жер үстүндө тура турсам балдарым келип кетер. Эли-журту менен аман болсун! - деп Чыйыр бий Акбалта менен айкалыша кучакташып, жакшылашып коштошту...
Акбалта отуз үйлүү журту менен, чубаган көчү менен, артта жайылта айдалып, жай келаткан малы менен өзүнчө эле бир калың эл жер ооп бараткандай кара караан. Жолду катар манжуу менен тыргооттун жеринен өткөн сайын, суусун кечкен сайын акысына мал төлөп, уурдалганы уурдалып, кармалганы кармалып, дагы бир тобу шылтоосу жок барымтага кетип, Ак-Талаага жеткенде Энесайдан айдап чыккан малынын жарымы келди. Ошого да ыраазы, мында калган журтунун аманчылыгын көргөнүнө ыраазы болду.
Жакыптар тың эле кыштаптыр: бул жердин кышы суук болот деп, азганакей малына боордон үңкүр оюп камаптыр; журту кыш суугуна чыдабас деп, боз үйлөрүнүн сыртынан дагы бир кабат кылып карагай устундарын кынап, чум үй куруптур. Бул өнөрдү буердеги тургундар үйрөтүптүр. Өткөн жайы, күзүндө алдуу-күчтүү жигит-келиндер калмактарга саанчы кирип ак ичип, жылкысын кайтарып, күч минип, аягында анча-мынча мал таап кайтыптыр. Иши кылып, өлбөгөн кулга жаз келет болуп, кыштан кадыресе тың чыгыптыр.
Чыйырды-Шакан ата-энесинин кабарын угуп, бир кубанат, бир сүйүнөт, куду өзү барып келгендей. Жакып жыл айланбай Бай атыгып калыптыр, дагы байлык кошулганга төбөсү көккө жетип, корстон. Кырк үйлүү кыргыз жетимиш үйгө жетип, эми Жакыптын ногой тайпасы бир бөлүнүп, Акбалтанын нойгут тайпасы бир бөлүнүп, Ак-Талаанын эки коктусун жайлап конушту. Жазды кейитпей, өрүшүнө мал жайып, өрөөндүн семиз дыңын жыртып бузушту, аштык айдашты. Кенчилер Ак-Талаанын төрүнөн кен таап, тоо түбүн кобулдап киришти. Көмүрүнө кайың менен кара талдар кыйылып, көмүр өчүрүшүп, устакана-дүкөн курушуп, кенчилер тапкан алтын, күмүш, темирди эритип, өнөрлүүлөр узанды…
Акбалта бөксө жолдо Көкчологун кой жоргосуна термелип баратып, ушуларды эстейт, бирде сыздап кейийт, бирде Теңирге тобо кылып жакасын карманат. Баладан көзү каткан Жакып сүйүнчүлөйм дегендер издеп таап алсын деп, ири алдыда Акбалта жетип келерин билип, агылгалап аткулактуу Шабырды өрдөгөндүр деп болжойт. Акбалта Көкчолоктун башын өрдөшкө бурду. Шайтандай жүргөн жаныбар алкынып тырпата жоргосун салды. Үстүндөгү Акбалта жорго жүрүш ыргагына термелип, ою он талаа, санаасы сан талаа…
Чыйырдынын толгоосуна жети күн болгондо эми толду деп, Бердикенин катыны беленденип, Чаргындын катыны Чыйырдынын ичин оңдоп, Акбалтанын катыны бала алышка азыр болуп, эркектерди үйдөн алыс кубалап, күймөлөшүп калганда баладан көзү каткан Жакыптын мууну бошоду:
- Теңир өзү колдосун. Айылда туруп нетейин, адырга чыгып алысыраак кетейин. Антпесем, "эркек" деп бирөө жүгүрсө жарылып кетер жүрөгүм. Жыгылсам да, талысам да ээн жакка барайын, - деп Жакып сүйүнчүгө кырк кара бозду кермеге байлатты. Аты жок жөөлөр сүйүнчүлөп жетпей калбасын деп, жети күр атты дагы байлатты. Кыз туулса унчукпастан үйдө калсын. Сүйүнчү кабар болбосун, күтүп-күтүп түңүлөйүн. Эркек болсо буйдалбай чапсын! Адырда жылкым алты сан, түгөл айдап беремин!..
Ушуну айтып Бай Жакып жылкысына кетти. Адыр аралай бергенде алдынан бир үйүр жылкы жолукту. Арасында кара жалдуу кула бээ тубарына жакындап, кайкалактап калыптыр. Жакып үйүр жылкыны кайра түрүп, аткулактуу Шабырга айдады. Кула бээ кайра отко кирди. Жакып аккаңкыны жазданып, тердик көрпөчөсүн төшөнүп, кементайын жамынып, Теңирге тынбай жалынып, жатып калды. Таң кашкайып атканда түшүнө кырк чилтен кириптир. Кыркы кырк жолборс жетелеп, кула бээ ичинде жүргөн Кызыл айгырдын үйүрүн кырк имерип алыптыр… Жакыптын умачтай көзү ачылды. Караса, үйүрү аткулактуу Шабырда жай эле оттоп туруптур. Кызыл айгыр мойнун дүгдүйтүп, тегерене чуркап, жер чапчып, азынап коюп жүрөт. Бул эмнеси десе, Кула бээ тууп коюптур. Жаңы эле такынчыктаар кулун оюн салып алыптыр, энесинин үстүнөн ары түйүлүп аттайт, бери түйүлүп аттайт. Куйругу бар, жалы бар, сымбаты сулуу жаныбар. Торучаар экен түсү. "Буйруса бул Торучаар тулпар болчудай" деп кымылдап, Бай Жакып алиги көргөн түшүн да, бу жаңы туулган кулунду да жакшылыкка жоруду. Эт-жүрөгү болкулдап, байбичем кантти экен деп, санаасы сан, ою он.
"Орозду атамдын Ордосун талкалаган Алоокеден кек алар, касиети качкан жерди табар, тымтыракайы чыккан элди табар уул бере көр, Көк Теңир!" деп, күн чыга электе шаңкайган Көк Теңирге тайынып, күн чыкканда Күн Теңирге тайынып, ушул кула бээнин Торучаар кулуну тулпар чыгар жолуна үйүр ээси Кызыл айгырды Камбарбоз деп, үйүрүн Камбарбоздун үйүрү деп, өнтөлөп жүрмөй болду.
Кисесин мойнуна салып Бай Жакып көк булактын көзүндө Теңирге тайынып турган кезинде келди Акбалта.
Көкчолокту теминип, эки өңүрүн жалпылдатып, алыстан эле айкырып келди Акбалта:
- Сүйүнчү, Жакып, сүйүнчү! Душманга болсун күйүнчү! Кордук көргөн элиңе байбичең баатыр төрөдү. Куубаш атанган Байына байбичең туяк төрөдү!..
Жамырата сүйүнчүлөп жанына келсе, көктү тиктеп отурган Жакып чалкасынан жатыры. Чоочуп кетти Акбалта. Атынан ыргып түшүп үңүлө караса, Жакыптын өлүү-тирүүсү дайынсыз. "Куураган байкуш кубанганынан жан берип жибердиби?…" деп Акбалта калдаңдай басып агын сууга барып, калпагына суу сузуп келип, бетине чачты, көөдөнүнө бүрктү. Суудан чоочуган Жакып ошондо көзүн ачып, башын көтөрдү. Эки жакты алаңдай карап, ошондо да талып калган неменин көзү көрүнбөйт.
- Ой, Балта, сенсиңби? Көзүм көрбөйт, кулагыма үнүң сүйкүм угулат. Айтчы дагы, ал эмне? - деди Жакып эки чыканакка таяна энтигип. - Менин катыным тууду дедиңби? Чынбы, ыя? Эркек тууду дедиңби, ыя? Өзүң көрүп келдиңби же катындардан каңырыш уктуңбу?
- Оо, кургурум, чын айтам. Таңга маал үрүлдө сыртка чыксам бет боордон жылаңач баланын сүйүнчүсүн угуп, өз көзүм менен көрдүм. Бул Теңирдин аяны, бул Теңирдин бергени! Анан түз эле сенин үйүңө чаптым. Баланы өзүм алып көрдүм. Бакырганы тай чабым жерге угулат. Чиренгени он бештеги уландай. Келиндер кебин бүтө албайт, катындар сөзүн түгөтө албайт. Курсагын катуу тепкенде карайлаган байбичең кылгырып көзүн сүздү дейт, эки колун толтура кан чеңгелдеп түштү дейт…
Бай Жакып бир кубанат, бир таңданат, кайра коркот.
- Сүйүнчүң болсун, Акбалта! Деги адамга окшойбу? Журтума чуу салчу өткүрбү, же элине ээ болчу жеткирби? Эр өлтүрүп кункор болчу немеби, же касташканын жайлаган канкор болчу немеби? Байбичемди өлтүрчү ажалбы, же баш бербеген дүйнөгө тажаалбы? Деги байбичем өзү аманбы?..
Анда Акбалта баркылдады:
- Сенин сүйүнгөнүң да курусун, бай, күйүнгөнүң да курусун, бай! Сен эми мал туягын санаган сасык бай эмес, баркыңды көкөлөтөр Ата-Бай болдуң!.. Кечке сүйлөтө бербей сүйүнчүмдү бер, Жакып Бай!
Жакып Бай арсаңдап күлдү:
- Сүйүнчүңө кулдугум бар! Жанчыгыма катып жүргөн мобу алтынды ал бир калта. Камбарбоздун үйүрүнөн бир тогузду ал! Төрт түлүктөн төрт тогуз болсун сүйүнчүң!
Ошентип эки тууган, ары курдаш кубанычтары коюндарына батпай, аттанып айылга жөнөштү.

*эртеги - илгерки

(Уландысы кийинки санда)






Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_10.htm on line 50

Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_10.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '0526' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_10.htm on line 50










??.??