Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Ден соолук системасы

Кацудзо Ниши
Өркүндөөгө өрүш жолдун 10 кадамы
Япон окумуштуусу Кацудзо Ниши бала чагынан ден соолугу начар окуучулар арасында зиректиги менен айырмаланса да, саламаттыгы көп учурда аны артка тартып коер эле. "Уулуңар 20 жашка жетпей өлөт" деген врачтардын тыянагы ата-энесин да, өзүн да аңтар-теңтер кылды. Ошентсе да, Ниши жүрөгү менен бир керемет бурулушка ишенип турду. Жашоосундагы айыгууга болгон далалаттын кадамын өзү баштап, ооруну жеңди. Ал өзүн гана айыктырып тим болбостон, өмүр бою ушул жаатты изилдеп жүрүп, миң-миңдеген адамдарды өлүмдөн сактады. Азыркы учурда Токиодо Нишинин методу менен иштеген бүтүндөй институт бар.


Бүгүн биз Кацудзо Нишинин адам өз турмушун кандайча жакшылыкка, ийгиликке бөлөп, бардарчылыктан, кубанычтан кем болбой жашоосу керектиги боюнча жазган 10 кадамын окурмандарга сунуштап, сандан санга жарыялай баштайбыз.
Киришүү
Адамдар байыртадан эле өз жашоосун гүлдөтүүгө, өркүндөтүүгө умтулуп келген. Канчалаган теориялар, окуулар, ыкмалар пайда болду. Алардын айрымдарын түшүнүү оор болсо, айрымдарына көп каражат, күч, убакыт талап кылынат. Көп учурда өркүндөөнүн эффективдүү ыкмалары жашыруун сыр бойдон калып, ал атадан балага же устаттан шакиртке гана өтүп келген.
Мен бала кезимен эле эмне үчүн адамдар бири-биринен айырмаланган жашоодо жашайт, бирөөсү кара жанын карч урбаса да жетиштүү турмушта, ал эми кээси таңдан кечке тынбаса да өп-чап турмушту кечирет деп ойлончу элем. Аларга көз салып, эмнеге мындай айырмачылык бар экенин түшүнүүгө аракет кылчумун.
Иши алдыга жылган адамдар менен жакындашып, алар бардар турмушка кантип жетишкенин билүүгө далалаттандым. Ага өзүмдүн да анча-мынча билимимди кошкондон кийин кантип өсүп-өнүгүүгө болорун түшүнүп, башкысы - ага өзүмдүн да кудуретим жетерин билдим. Менин бардык табылгаларым жеке тажрыйбамдын жана жетиштүү жашаган адамдардын турмуш тажрыйбасынын негизинде жаралды. Жыргал жашоого жетүү биз элестеткенден кыйла жеңил экенин, ага жетүү үчүн өздүк каалоо гана керектигин, көнүмүш болгон өп-чап турмушка байланбай, алдыга умтулуу үчүн муктаждык жаралышы керектигин аңдап билүүгө жардам берген адамдарга чоң ыраазычылыгымды билдирем.
Биз өркүндөө дегенди жашоонун бардык чөйрөсүндөгү толук жетишкендик деп түшүнөбүз: бул - айлана-чөйрө менен гармонияда болуу, бекем ден соолук, жогорку деңгээлдеги рухий өнүгүү, каражаттын молдугу. Бирок, көбүнесе мунун баарына дароо эле ээ боло калуу чындыкка коошпогондой туюлат. Качандыр бир кезде мен дагы муну ишке ашпай турган кыял катары кабылдаар элем. Ошентсе да, бара-бара толук гармонияга жетүүнүн, өркүндөөнүн системасын иштеп чыктым.
Адамдын өркүндөөгө жана ийгиликке карай бараткан жолун мен жайдын чак түштөгү жаркын күнүнө салыштырар элем. Ал жолдо бараткан адамды алдыда өзү тилеген үйү, үйүндө сүйүктүү үйбүлөсү, дүйүм тамактуу дасторкону күтүп турат. Ал эми жолдун эки тарабында көздү гана эмес, көөдөндү да кубанткан кооз гүлдөр, бак-дарактар отургузулган.
Сиздерге арналган ден соолук Системасы жана өркүндөөнүн Программасы жашооңуздун ар кыл чөйрөсүндө ийгиликтерди гана алып келбестен, бул үчүн чын ыкластан, кубанычтан ажырабай туруп кантип аракеттенүү керектигин үйрөтөт. Башкача айтканда, жыргал жашоо үчүн жаныңызды карч уруп кыйналгандын ордуна, күн сайын мындан рахат алуунун сырларын үйрөтөт. Аталган системаны пайдаланууну көздөп, ден соолукка, ийгиликке, өсүп-өнүгүүгө умтулган адам болгону бир канча кадам жасоосу керек. Сиздерге ал кадамдардын ар бири туурасында айтып бергенден кийин, алардын сиздин жашооңузду жакшы жакка өзгөртүүгө жөндөмдүү экенине ынанасыз. Болгону, көбүнчө өзүбүз ойлоп таап алган кыйынчылыктардан кооптонбой баштап алышыбыз гана керек. Ал эми сапар аягында сизди чоң жеңиш гана күтөт.
Мен сиздерге чын дилимден бактылуу жашоо, өсүп-өнүгүү, өрүкндөө каалайм!
1-кадам
Өркүндөп өсүүнүн эрежелери
Мен төрөлүп-өскөн үйдөн анча алыс эмес жерде ажайып жемиш багы бар эле. Аны отургузган адамдар ар убак бак-дарактарга көңүл буруп, аяр кам көрүшчү. Бала кезде ал бактарга суктануудан чарчачу эмесмин. Анын керемети өзгөчө жазында, бактар гүлдөгөн маалда жана мөмө-жемиши бышып жетилген жайдын соңку күндөрүндө укмуш эле. Кийин, үйбүлөбүз менен башка шаарга көчүп кетип, көп убакытка чейин балалыгым өткөн ал жерге барбай калдым. Тагдырдын буйругу менен кийинчерээк барып калганымда, дароо эле жемиш бакка алпарчу тааныш жолго түштүм. Тилекке каршы, мен баягы көз жоосун алган жемиш багына эмес, отоо чөп баскан, бутактары кургап-соолуган бакка кез болдум. Жайдын аягы экенине карабастан, көзүмө анда-мында гана мөмө байлаган аянычтуу бактар чалдыкты. Маанайым чөгүп, ажайып бак кандайча ушул абалга жеткенин билүүгө ашыктым. Бак ээси бир нече жыл мурун үйүн, ага кошуп ушул бакты сатып башка жакка көчүп кеткенин ал жердин тургундары айтышты. Ал эми бактын жаңы ээлери ага көз салбаган соң, жемиш багы байкуш кейпине келген. Качандыр бир кездеги көргөндү тамшандырган сулуулук ушинтип бат эле жок болуп калганына ичим ачышты.
Ушул сыяктуу эле, төрөлгөндөн ыроолонуп берилген жашоосун аздектей албай, турмушун талкалап алган адамдарды көргөндө да ичиң ачышат. Жогоруда айтылган жемиш багы сымал, ал адамдын жашоосу алгач сулуулугун жоготуп, андан соң таптакыр ырахат бербей калат.
Тагдыр-турмушуң ар убак көңүл чордонунда туруш керек. Бүгүн бүтүрө турган ишти, бүгүн айта турган ойду эч убакта кийинкиге, эртеңкиге калтырба. Анткени, өз маалында жасалбай, "кийин, эртең" деп атып аткарылган иштин маани-маңызы, сулуулугу, улуулугу мурдагыдай болбой калышы мүмкүн. Жашооңузду чөйрөңүздөгү кереметтер менен толуктаңыз, сулуулукка бөлөңүз, өзүңүздөн күмөнсүнүүнү түп тамырынан бери жулуп ыргытып, жалкоолук, көз артуучулук, кайдыгерлик сыяктуу зыянкеч сапаттар менен аеосуз күрөшүңүз. Ошондо жашооңуздун багы мөмөлөп, кооздугу менен айланадагыларды да кубандырып турат.
Тагдырыңыздын жана жашооңуздун дарагы куурап калбашы үчүн, өркүндөөнүн эрежелерин пайдаланууну сунуш этем.
(Уландысы кийинки санда)




Ошо
Кембагал атасы акчасы жогуна карабай, уулунун билим алуусуна умтулуп, чоң карызга батсам да окуп алсын деген. Уулу да окугусу келген, бирок, атасы айткан врачтын, инженердин окуусун каалаган эмес. Жогорку окуу жайына тапшырар куракка келгенде Ошо атасына кайрылып:
- Бир чындыкты айтып коеюн, мен жер кезген санньясин болом, - дейт.
- Эмне? Селсаяк болгуң келеби?! - деп жиберет атасы.
- Ооба, университеттин философия жагын окуп бүтүп, анан жер кезип кетким келет, - деп жооп берет келечектеги атактуу ойчул, философ Ошо.
Ал 1931-жылы, 11-декабрда Индиянын Кушвадында туулган. Анын жүздөгөн томдон турган эмгектерин жүз миңдеген окурмандар окуп келет. Ал өзүнүн окууларын жүргүзгөн маалда миллиондогондордун жүрөгү зыркырап, ага арбалып турчу. Төмөндөгү сүйүү тууралуу айткандары, анын эмгектеринен алынган тамчынын тамчысы гана. Ошо тууралуу кенен маалыматтарды, анын эмгектерин биздин гезиттен күтүңүз, окурман!

Сүйүү - Жандүйнөнүн азыгы
Сүйүү - жандүйнөнүн азыгы. Жандүйнөңдү сүйүү менен азыктандырганың - денеңди азыктандырганың. Азыксыз дене - алсыз болот. Ал эми сүйүүсүз - жандүйнө алсыз болот. Бир дагы мамлекет, бир дагы чиркөө, кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн бир дагы уюм адамдардын жандүйнөсү күчтүү болушун каалабайт. Анткени, рухий күч-кубаты бар адам төңкөрүшчүл болот. Сенин бийик учушуң үчүн - сүйүү сага канат байлатат. Табигый көрүнүштөрдү түшүнүнүүдө - сүйүү сенин көзүңдү ачат. Мына ошондо эч ким сени алдай албайт, басынтууга, башкарууга күчү жетпейт.
???
Адамдар бири-бирине: "Сен мага жагасың" дешет. Эмне үчүн "Мен сени сүйөм" дешпейт. Анткени, сүйүү деген - өзүңдү арнап салуу, жоопкерчилик, тобокелдик. Жакшы көрүү - көз ирмемчелик көрүнүш, бүгүн жакшы көрүп, эртең жактырбай каласың. Мунун эч кандай тобокелчилиги жок. Ал эми "Мен сени сүйөм" деп айтканыңда, сен тобокелчиликке барасың. "Мен сени сүйөм: сени сүйө берем, эртең да сүйөм. Мага ишеним арта берсең болот, бул менин убадам" деп өзүңө чоң жоопкерчилик жүктөйсүң.
Сүйүү - бул убада. Жөн эле жактыруунун убада менен эч кандай жалпы түшүнүгү жок. "Сен мага жагасың" дегенде, сен ал адам жөнүндө эмес, өзүң жөнүндө бир нерсе билдирип жаткандай болосуң. Ал эми "Мен сени сүйөм" дегенде, өзүң эмес, тигил адам тууралуу сөз кыласың, жүрөк жаасын ага багыттайсың. Ушуну менен убада кылып жаткан болосуң. Ошондуктан, башка адамга убада бергенден абайла.
???
Сүйүүдөн качпа. Сен андан кача баштаган көз ирмемде - сенин баардык чыгармачылыгың өлө баштайт, баардык сезим органдарың сезүүсүн жоготууга учурайт, сени калың чаң каптайт. Сен - тирүү өлүккө айланасың.
???
Эсиңе түй, сүйүү чекти билбейт. Кызганыч, бирөөнү ээлик кылуу - сүйүүгө мүнөздүү эмес. Эгер бирөөгө ээмин деп ойлосоң - демек, сен кимдир-бирөөнү өлтүрүп, аны жеке менчикке айлантып алдым дей бер. Буюмга гана ээлик кылса болот. Сүйүү эркиндикти тартуулайт, сүйүүнүн өзү - эркиндик.
???
Жашоону маңызсыз деген адамдар - сүйүүнү тааныбагандар. Мунусу менен алар өз турмушунда сүйүүгө зар болуп келишкендиктерин билдирип коюшат. Жашоонун маңыздуу экенин баарынан биринчи сүйүү далилдейт. Сүйө билген адамдар - жашоонун маңызын аңдагандар.
???
Сүйүү - бул купуя сыр. Ал көкүрөгүңдө барда, баардыгы ыйыктай сезилет. Андан ажырап калганыңда - баардыгы күңүрт, бүдөмүк, керексиз болуп калат. Сен бул аялсыз жашай албайм дечү элең, эми аны менен бирге жашай албайм дейсиң. Бул эки нерсе тең - боло жүрчү көрүнүш.

Бетти даярдаган Кымбат Жолдошева








Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_11.htm on line 65

Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_11.htm on line 65

Warning: include(): Failed opening '0526' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_11.htm on line 65










??.??