Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Тарых

Бактыбек Максүтов
Эл-журтту башкарып, уюткулуу улутубуздун камын жеп, элге кызмат кылган адамдар көп болгон. Ошолордун бири - быйыл 170 жылдык мааракеси белгилене турган Шабдан баатыр. Бирок, тилекке каршы кийинки муундар Шабдан баатыр жөнүндө жетиштүү деңгээлде биле беришпейт. Ошондуктан баатырдын эмгегин кийинки муундар билип калсын, ал кишинин жакшы сапаттарынан үлгү алып калсын деген максат менен санжырачылардын, тарыхчылардын, ал жөнүндө билген адамдардын, укум-тукумдарынын эскерүүлөрүнүн негизинде ушул макаланы жазууну туура көрдүк.

Шабдан баатыр
Келгиндердин саясаты Шабдан баатырды кейишке түшүргөн

Ата-теги
Шабдан баатырдын ата-бабасы эл башкарып, журттун камын жеген адамдар болгон. Шабдандын чоң атасы Карабек жаш кезинде чет душмандар менен болгон кандуу кармашта каза болуп калган. Ал эми Карабектин атасы кыргыз-казактын чегинен чыгып, Орусия бийлигине чейин белгилүү болгон атактуу Тынай бий уулу Атаке баатыр. Ал киши 1784-1786-ж.ж. ошол кездеги күч-кубаттуу орус мамлекети менен алыш-бериш мамиле түзүү максатында Абдырахман жана Шергазы деген адамдарды элчи кылып, алар аркылуу Екатерина IIге илбирстин жана беш сүлөөсүндүн терисин жана башка баалуу белектерди тартуулап берип жиберген. Атаке баатыр кыргыз жерин чет душмандардан сактоодо, кыргыздын дагы бир мыкты уулу Бердике баатыр менен көптөгөн кандуу кармаштарга катышып, эрдиктерди көрсөткөн.
Шабдандын энеси Баалы байбиче жумгалдык саяк Келдибектин кызы болгон, ал киши уулу Шабдандын жаш кезинде эле көз жумган экен. Шабдан баатыр өзүнүн калыстыгы, берешендиги, жоомарттыгы айкөлдүгү менен элге жаккан. Атасы Жантай хан өлгөндөн кийин бийлик Шабданга өткөн. Шабдан баатыр1839-жылы касиеттүү Кемин өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген.
Баатырдын кайрымдуулугу дубананы да сүрдөткөн
1904-жылы жанында кошо барган жыйырмага жакын адамдын чыгымын өзү көтөрүп Мекеге барган экен. Кыргыздын идиреги бар, тың балдарын Верныйдагы (Алмата) гимназияга, Бишкектеги бакчачылык окуу жайына жиберип турган. Адамдарды улутуна бөлбөй, бардыгына бирдей карап, кедей-кембагалдарга, жарды-жармачтарга, жетим-жесирлерге колунан келген жардамын аябаптыр. Жардам сурап келген бечараларга минген атынан түшүп берген учурлары да болгон экен. Баатырдын берешендигине, колунун ачыктыгына, адамкерчилигине, боорукерлигине күбө болгон Осмонаалы Сыдык уулунун эскерүүсүнө көңүл бөлсөк: "... Өзүнүн казалында айтылгандай , күнүгө нече миң сом колуна келсе, он тыйыны калбастан ошол замат калкка таратып берип турар эле жана ошончолук көп мал күнүгө күтүрөп ордуна толуп да турар эле, кетип да турар эле. Канча адам мал алууга келсе, ошончо адам малын берүүгө даяр турчу. Агер бүгүн бир ат берсе, эртеге ага эки-үч ат келчү. Баатыр ажыга бир тыйын менен миң сомдун кадыры бирдей болчу. Канчалык мартабалуу болсо да, жакшы адаты ошончо мол эле,текеберликтин жугу да жок адам эле..." (Ала Тоо, № 6, 1991-ж.)
Шабдан баатыр улгайып калган мезгилинде үйүнө бир дубана келген экен.Анын жүдөө кебетесин, жамаачыланган эски кийимин, жайдын мээ кайнаткан ысыгында кийген жыртык чокоюн көрүп, элинин жакырдыгына зээни кейип, жетелетип жиберейин десе ылайыктуу малы жок, кармата коёюн десе, даяр акча-пулу жок, бир аз ыңгайсыз абалда калат. Ошондо баатыр Шааке байбичесине кийип жүргөн сый чепкенин алдырып, анын төшүнө катары менен тагылган эки чоң алтын медалдын бирөөн чыгарып, дубанага карматат. Өмүрү кымбат баалуу мүлктү кармап көрбөгөн, мындай мээримдүү мамилени күтпөгөн дубана сүрдөп, медалды албай кетенчиктейт.
- Тартынбаңыз, муну алып, пулдап, оокатыңызды түзүктөп кылыңыз, - деп бир топ кеңешин, акыл-насаатын айтып дубананы жөнөтүп жиберген экен.
"Кыргыз өлбөстүн күнүн көрсүн" дегендер
1868-жылы Нарын тарапка барып, ал жакты кантип башкаруунун жол-жобосун иликтеп, чалгынга барган Токмок оезунун начальниги майор Загряжскийдин бир нече солдатын Тайлак баатырдын уулу Осмон туткундап калганда Шабдан баатыр өзүнүн кадыр-баркы, кеменгерлиги менен куткарып калган экен.
1878-жылы Кытай чек арасында болгон кагылышуудагы кызматы үчүн Баатырга Анна лентасына тагылган чоң алтын медаль берилген. 1883-жылы Александр 111 такка отурганда, Жети-Суудагы кыргыз-казактын атынан анын шаан-шөкөттөрүнө катышкан. Ошол жолу ага войсковой старшина-подполковник чени ыйгарылган. Пишпек уездинин начальнигине жардамчы болуп дайындалган. 4-даражадагы аскер ордени, Станислав лентасына тагылган чоң алтын медаль жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.
1887-жылы пенсияга чыгарылып, 300 сом өлчөмүндөгү пенсия чектелген. Мына ошондон баштап, замандын өзгөрүүсү менен мурдагы бийлиги, даражасы уламдан улам билинбей кемий берген. Шабдан туугандары менен пайдаланып жүргөн Чоң-Кеминде келгиндердин кыштагы Новороссийка түптөлө баштайт. Кичи-Кеминде Самсоновка деген айыл пайда болгон. Көп жерлерин балчелекчилер пайдаланып, хуторлорго бөлүнөт.
Кыргыздын эртеңки келечегин көз алдына келтирип, алардын нечен кылымдардан бери кармап келген дининен кол жууп, дили бузулуп, дининен ажырап, билимсиз калып, кечээ эле келген келгиндердин кызматын кылып, оту менен кирип, күлү менен чыгып калуу коркунучун алдын ала баамдаган. Дагы бир аз жылдардан кийин, ата-бабалары канын төгүп, жанын берип сактап, атам замандан бери ээлеп келген жеринен ажырап, тоо-ташка сүрүлүп, ак кар, көк муз баскан аска-зоону паанек кылып, жашоо-турмушун түзүктөп өткөрө албай, жалмалоого бир үзүм нан таппай, тишинин кирин соруп, кесээрип отуруп кала турган мотурайган наристелерди ойлоп, катуу кейишке түшкөн.
1905-жылдын 30-июнунда Ошол кездеги Орусия Министрлер Комитетинин төрагасына арнап, атайы Петиция даярлайт. Бул Петицияны даярдоого Ак падышанын 1904-жылдын 12-декабрындагы, 1905-жылдын 18-февралындагы жана ушул эле жылдын 17-апрелиндеги жарыяланган Жогорку Указдары негиз болгон.
Петицияда кыргыздарга мусулмандардын бир Духовный Собраниеси (Диний мажилис) бөлүнүп берилүүсүн, мечиттерди курууга, мектептерди, медреселерди, жалпы билим берүүчү жана кесипчилик мектептерди ачууга укук берүү жагын, кыргыз жана казактардын эл тарабынан шайланган өкүлдөрүн кандайдыр бир закон чыгарууда жана аны алдын ала талкуулоодо аралаштыруу керектигин жана Орусиянын карамагындагы мусулмандар тарабынан, Империянын бардык аймагындагы кыргыз, татар жана башка чыгыш мусулмандарынын тилинде газета-журнал жана китептерди басып чыгаруу, аларды империянын ичинде эркин сатуу талабы коюлган, мүлктөргө ээлик кылууда жана эркин кесиптин ээси болууда теңчилик болушун өтүнгөн. Мындан сырткары, 11-пунктта ошол кездеги кыргыз элинин жашоо-турмушундагы эң негизги ролду ойногон жер жөнүндөгү муктаждыктар айтылат.
Албетте, Шабдан баатыр даярдаган Петиция Жети-суу облусунун башкармасынан ары өткөн эмес болуш керек. Петроградга жеткен күндө да мунун оң чечилишине эч ким кепилдик бере алмак эмес. Ал турмак бул окуядан кийин бийликтегилердин Шабдан баатырга болгон көз карашы бузулуп, ага этиеттик менен мамиле жасашып, ыңгайына жараша кысым да көрсөтө башташкан.
Бишкек жана Пржевальск уездиндеги кыргыздардын жери келгиндерге зордук менен тартылып берилип жаткандыгы жөнүндө Шабдан баатыр өзүнүн эски таанышы, Жети-Суу облусунун губернатору генерал-лейтенант Ионов мырзага бир нече жолу кайрылууга аргасыз болгон. Ал дагы өз убагында бул маселе боюнча жардам берүүгө аракеттерди жасаган. Бирок анын бул аракети 1906-жылдын 15-декабрында Түркстан генерал-губернаторлугуна келген Н.И. Гродековго жакпайт. Анын кийлигишүүсү менен 1907-жылдын 7-июлунда Ионов кызматынан бошотулуп, анын ордуна жергиликтүүлөргө катаал, келгиндерди жерге орноштуруу маселесине келгенде борбордогу бийликтин көрсөтмөсүн жан-дили менен берилип, ойдогудай аткарган башка адам келет.
1907-1908-ж.ж. Жети-Суу областындагы жергиликтүү элдердин жерин массалык тартып алуу боюнча өкмөттүк программа иштелип чыгылган. Ушуга байланыштуу 1907-жылдын 15-майында Чоң-Кеминге жер ченегичтер, топографтар жиберилет. Булардын келиши жергиликтүү элдерди жана алардын башчысы Шабдан баатырды нааразы кылып, аларды күч менен кууп жиберишет. Ага болбой 5-июлда аларды тынчытуу үчүн Пишпек уездинин начальнигинин жардамчысы жасоолдору менен келет. Мында да Шабдандын уулу Мөкүш баштаган жүздөн ашык жигит аларды каршы тосуп чыгат. Бирок жер ченегичтер бийликтин күчүнө таянып өздөрүнүн ишин уланта беришет. Натыйжада, кечээ жакынкы күндөргө чейин аты аталып келген Новороссийка кыштагы пайда болот.
1910-жылы мурдагы кадыр-баркын эске алышып, генерал Ионовдун сунушу жана генерал Самсоновдун кийлигишүүсү менен Ак бекеттен 400 теше жер Шабдан баатырдын өмүрү өткөнчө пайдаланууга бөлүнүп берилген. Бирок Келгиндер Ведомствосу тарабынан Баатырдын көзү өткөндөн кийин ага бөлүнгөн жерди кайтарып алууга токтоосуз аракеттер башталган.
Шабдан баатыр кыргыздардын отурукташып, там салуусуна, жерди өздөштүрүп, дыйканчылык кылуусуна көп аракет жасаган. Бирок жогору жактагы бийликтер тарабынан көз-көрүнөө бут тосуулар болгон. Алар кыргыздардын тоо-ташта көчүп-конуп жүрүүсүн, келгиндерге тоскоол болуп, жер талашпай, эптеп жан багып, өлбөстүн күнүн көрүп, жашоо өткөрүүсүн каалашкан.
Хан тукумунан чыгып, ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүндө кем-карчтан алыс тарбыяланып, кыргыздын мыктыларын көрүп, кийин эс тартып, ат жалын тартып мингенден тартып датка, бек, бийлер менен табакташ болуп, кан төгүлгөн кармаштардын далайына күбө болуп, бүтүндөй бир улуттун тагдырын чечкен айрым бир талуу маселелерди чечүүгө катышып, катышып эле тим болбой ага баш-көз болуп, ошондой эле элдин муң-кайгысын өз көзү менен көрүп, эл-журттун жамандыгына, жакшылыгына аралашып, ыңгайына жараша колдоо көрсөтүп, жардам берип келген Баатыр, улгайып калган кезинде, каруу-күчтөн тайып, бийликтен алыстап бараткан мезгилде калкына караан, арка-бел болуп, кенедей болсо жардам бере албаганына катуу нааразы болуп жүргөн.
Элинин илимдүү-билимдүү боло албай, тегерек четтеги улуу калктарга, согуштук курал-жарактары жагынан өнүккөн күчтүү мамлекеттерге тең ата боло албай, өз укугун талашып, ата-бабалары кан төгүп сактап келген жерлерине ээ боло албай, өз жеринде, өз мекенинде мусапыр болуп калуу коркунучун алдын ала сезип, убайым тарткан.
Баатырдын ашына 40 миң адам келген
Баатыр 1912-жылдын 4-апрелинде Чоң-Кеминде каза болуп, сөөгү Кожокмат деген жылганын оозундагы көрүстөнгө коюлган. Ал киши дүнүйөдөн көчкөндө туугандары, балдары манасчыларды, акындарды, кошокчуларды, керней-сурнайчыларды алып келип, атайы бийик мунар көтөрүп, эл алдында анын ата-теги, жоомарттыгы, берешендиги, айкөлдүгү жөнүндө даңаза ырларын айттырган. Алардын арасында белгилүү манасчы Сагымбай да болгон жана ал кернейдин коштоосунда кошок айткан.
Осмонаалы Сыдык уулу "Кыргыз, Шабдан тарыхы" деген чыгармасында минтип жазган экен: "...Кабырына салганда көп насыйкат айтылып, асманга мылтык атылды. Эми Баатырга келген адамдар отуз эки болуштан келди. Орто эсеп менен он беш миң чамалуу болуп, келген элге үч жүз жылкы, он беш түлкү ичик баштаган жүз чапан өлүмтүк илинди. Баатыр балдары дооран үчүн бир миң жети жүз сом, күмүш ээр токумдуу тогуз ат, үч жуп ат чеккен бир повозке араба коюшту..."
???
1912-жылдын 10-14-октябрында баатырга арналган аш Кичи-Кеминде өткөрүлүп, Пишпек жана Пржевальск оездорунан келген коноктор кара таандай жайнап, эл эң эле көп катышкан. Ал эле эмес Жети-Суу облусунун Верный ж.б. оёздорунан, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата оёзунан жана ары жагы Кокон, Анжыян, Наманган шаарларынан баатыр менен алыш-бериш мамилеси бар, алыс болсо да сыйлашып, урматташып келишкен сый коноктор көп келишкен. Верный ж.б. шаарлардан орустун чиновниктери, көпөстөрү, Кемин өрөөнүндөгү кыштактарда жашаган орустар түп көтөрө келишкен. Келгендердин саны 40 миңге жакын адам болгон. 2000ден ашык жумурткадай аппак боз үйлөр тигилип, келген коноктор жайгаштырылган. Аларга шыпылдаган жаш жигиттер, шыңга бойлуу, ай чырайлуу жаш келиндер кызмат кылууга чегерилген.
Кыргыздын төрт тарабынан уруу башчылары чакыртылып, алар менен акыл-кеңеш жасалып, ашты башкаруу осуйпасы ошолорго табышталган. Албетте орус армиясынын офицери болгон баатырдын ашын башкарууга Пишпек оёзунун башчысы баш болгон бийликтин өкүлдөрү катышып, тийешелүү салымдарын кошушкан. Верныйдан келген солдаттар текши мылтык атып, салют беришкен. Ырчы Кенжекара кыяк тартып жар чакырган. Верный уездинин Узун-Агач болушунан келген казак Өмүрзак ырчы сурнай тартып, баатырды даңазалап ырдаган.
Аштын эң кызыктуу бөлүгү ат чабыш болгон. Ашка келген күлүктөр ылайыгына жараша үч топко бөлүнгөн. Эң чоң ат чабыш 14-октябрь күнгө белгиленип, саяпкерлер нечен күнү күндүз тынчын, түнкүсүн уйкусун бөлүп таптаган, 13-14 жаштардагы чабендес балдар (арасында кыздары бар) минген, көздөрү оттой жанып, биринен бири өткөн сын-сымбаты келишкен, жебедей сызып, аткан октой уччудай болуп, жер чапчып, ооздук бербей элирип турган, ар кайсы дубандан келген 172 ат байгеге кошулган. Алардын арасында Верный, Ташкент жана Самарканд шаарларындагы ат чабыштарда баш байгелерди алып жүргөн Бычковдун англис-түркмөн-кыргыз тукумундагы Жучек, Альметьевдин таза кандуу англис тукумундагы Жакериясы да бар эле. Күлүктөр 38 чакырымга (45,6 км) чабылып, 25 атка байге сайылган. Баш байге - 5000 сом, экинчи байге -1000 сом, үчүнчү байге - 500 сом, ошентип отуруп 10-25-орунду ээлеген 16 атка 50 сомдон байге коюлган. Ал кездеги баа боюнча бир сомго бир кой келчү экен.
Ат чабыштын тартиптери кылдат такталып, ат айдоочулардын ичине Пишпек оезунун начальнигинин жардамчысы Лутин мырза да кошулган. Алардын сааттары менен маарада калгандардын сааттары салыштырылып, бирдей убакытка келтирилген. 25 даекчиден сырткары калыстар тобуна оёздун чоңдору, орус чиновниктеринин өкүлдөрү кошулушкан. Ар кандай кокустуктардан сактоо максатында, мурда мындайды көрбөгөн жергиликтүү элдерди таң калтырып, Сибирдик казак орус аскерлеринен ар кайсы жерлерге кароол коюлган. Алар элди сүрдүү карашып, мылтыктарын мыкчый кармашып, зыңкыйыша туруп турушкан.
Ал жерде турган чиновниктер, көпөстөр, аскер адамдары сый тамак менен берилген ичкиликке бир аз кызып алышып, жергиликтүүлөрдү теңине албай, сөөлөттөнө басып-турушуп, баш байгени орустар байгеге кошкон таза кандуу күлүктөр алат деп дуулдап турушкан. Бирок, Токмоктун үстү жагындагы Толубай-Коргондон коё берилген ат Боролдойго, 38 чакырым (45,6 км) аралыкты бир жарым саатта басып, Пишпек уездинин Талканчы болушундагы Борончу Өтөгөн уулунун күлүгү маарага биринчи болуп келген. Андан 3 минут 40 секунттан кийин 8 ат маарага жеткен. Борончунун күлүгүнөн кийин төрт жарым минут өткөндөн кийин, онунчу болуп Альметьевдин Жакериясы келип, 50 сом байгеге араң илинген. Ал эми Бычковдун Жучка деген күлүгү маарага жетпей, шайы кетип, чабыштан чыгып, ат чабыш тарагандан кийин келген.
Ал эми биринчи, экинчи күнү өткөрүлгөн ат чабышка түшкөн таза кандуу англис тукумундагы Заза, Лира жана Жан сыяктуу атактуу күлүктөр да байгеге жетпей, кыргыздардын күлүктөрү ээлеп кеткен эле. Баягы менменсиген төрөлөрдүн маанайы басылып, мурдагы, кечээки күндөрдөгү көргөн ызасы аз келгенсип, бүгүнкү чечүүчү күндөгү намысты алдырып жибергендиктерине ичи ачышып, бирин-бири сүйүнкүрөбөй, өңдөрүн бузушуп, конок үй тарапка бет алышкан.
Ошентип бийик тоолуу жерлерде туулуп, жайлоонун дүйүм түркүн чөбүн жеп, кылымдар бою жаткан аппак мөңгүдөн агып чыгып, таштан ташка урунуп-бышылып, шаркырап аккан тунук суусунан ичип чоңойгон кыргыз тукумундагы аттар, таасын саяпкерлердин колунан табына келип, өздөрүнүн чыдамдуулугун, карылуулугун, арыштуулугун дагы бир жолу далилдеп, келгиндерге намысты бербей сактап калган.
Аштагы эр сайыш келгендердин, өзгөчө башка жактан келген орус төрөлөрүнүн эсинен кеткис болгон. Аксакал менен Жусуп найзаларын бири-бирине мээлеп, аттарына камчы үстүнө камчы уруп, жебедей сызып, качырып келе жатканда айрымдарынын чыдамы кетип, көздөрүн жуумп жибергендер да болуптур. Европада орто кылымдагы рыцарлардын ат үстүндөгү мелдешин угуп жүргөндөр, бул жерде өтүп жаткан эр сайыштын өзгөчөлүгүнө таң калышкан. Эрдин эри, баатырдын баатыры, жүрөктүүнүн жүрөктүүсү, айлакердин айлакери чыгып, бери дегенде найзакердин биринин, айрым учурда экөөнүн тең өлүмү менен бүткөн мындай эр сайышты мындан ары өткөрбөй эле коюшса деген ойдо калышкан.
Баатырдын 4 зайыбы, куугунтукталган тукумдары
Кыргыздын манаптары укум -тукумунун келечегин ойлоп, алардын жакшы чыгышы үчүн кам көрүшүп, орундуу, белдүү жерге куда түшүп, балдарына тектүү жерден кыз алып берүүгө аракет жасашкан. Бул аракеттер уруулар менен уруулардын карым-катышын улап, ынтымагын оңдоп, биримдигин бекемдеп, улуттун генофондун жакшырткан.
Кийин улгайып калганда тели-теңтуштары Баатырга суроо салган экен:
- Баатыр, сиз бу биздин кыргыз-казакка эле таанымал адам эмессиз. Сиздин атагыңыз тыягы Орусияга, быягы Кытайга, тыягы Түркияга чейин кеткен. Бардык жерде сизди урматтап, сыйлап турушат. Мунун сыры эмнеде?
Баатыр аларга мындай деп жооп берген экен: "Мен эч кимдин көңүлүн калтырган жокмун, экинчиден, мен адамдарды кечире билчүмүн". Андан соң Баатыр көпкө ойлонуп туруп: "Эң негизгиси, мен өзүмдүн ак никелүү аялдарымдын астында ала жипти аттаган жокмун", - деп жооп берген экен.
- Манаптык мени менен жок болот, андан көрө жер айдап, дыйкан болгула, бир кесипке ээ болуп, үй-бүлөңөрдү адал эмгек менен баккыла,- деп улуу уулу Мөкүшкө асыл тукум жылкы өстүргөндү, Самүдүнгө бак-дарак, алма, өрүк отургузганды үйрөтүп, дыйканчылыкка, Никольск деген балчы орусту алып келип, Кемелди бал челек кармаганга үйрөттүрүп, Аманды булгаары иштеткенге багыт берип, ага булгаары завод салып берип, ишкерликке көндүргөн экен. Улуу уулу Солтонбай өз оокатына тың, бирөөлөрдүн жашоосуна кийлигишпеген, момун адам болуптур.
Шабдан баатыр төрт аял алыптыр. Биринчи аялы Бак солто Жангарач бийдин кызы болгон. Андан Солтонбай, Солтонбайдан Майлыш. Экинчи аялы таластык Качыке бийдин кызы Шааке байбиче, ал киши Мекеге барып келиптир. Ошого байланыштуу эл анын атынан айтпай, "Ажы байбиче" деп сый-урмат менен мамиле кылышчу экен. Шааке энеден Мөкүш, Кемел. Мөкүш 1875-жылы төрөлгөн. Ал жети уул көргөн. Атасы улгайып калгандан кийин бийлик Мөкүшкө өтүп, Сарыбагыш болуштугуна болуш болуп шайланган.1939-жылы түрмөдө каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун жанындагы бейитке коюлган. Иниси Кемел орусча билим алып, Верный шаарындагы гимназияда окуган. Үркүндүн астында Сарыбагыш болуштугунда болуш болгон. 1948-жылы каза болгон. Шабдан баатырдын үчүнчү зайыбы кочкорлук сарыбагыштардын кызы Султан байбичеден Самүдүн. Ал 1876-жылы төрөлгөн. Ал деле бир туугандары көргөн күндү көрүп, бийликтин запкысын тарткан. Түрмөдөгү кыйноо-кыстоодон ден соолугунан ажырап, оорусуна байланыштуу 1939-жылы түрмөдөн бошонуп келип, 1942-жылы каза болот. Төртүнчү зайыбынан 1883-жылы Аман төрөлүп, 1942-жылы каза болгон. Ал жөнүндө маалымат жокко эсе. Ал деле агалары көргөн жашоонун ыракатын көрүп, азап-тозогун бирге тартышкан.
1911-жылы Токмокто бир соодагер адам киши колдуу болуп өлгөн экен. Ошого байланыштуу жалаа менен Мөкүштү убактылуу түрмөгө отургузушат.Болуш болуп жүргөн иниси Кемел болуштуктан четтетилет. Сотто жалаалар далилденбегендиктен, Мөкүш акталып чыгат. Бирок анын укуктары толугу менен калыбына келген эмес, инисине кызматы кайтарылып берилбей, анын ордуна Верныйдан келген Алпысбаев болуш болгондон кийин Шабдандын көрсөткөн сый-урматын четке кагып, ага жана анын балдарына тескери мамиле кыла баштайт. Алардын үстүнөн "буларда курал-жарак катылуу" деген, ж.б. ушу сыяктуу ушактарды таратып, жогору жактарга билдирип, сурак үстүнө сурак болуп, айылдын, үй-бүлөнүн тынчы кетет. Жаңы болуштун жердиги түз эмес, жүрүм-туруму шойкомдуу болсо керек, согуш губернаторунун буйругу менен бат эле кызматынан четтетилип, өзү бир жылга түрмөгө отургузулат. Мына ушулардын баары Шабдандын мурдагы эмгектери эске алынбай, калк алдында кадыр-баркынын түшө башташы, Шабдандын жана анын балдарынын падышачылык бийликке болгон нааразычылыгын күчөтүп, ичтеринде жек көрүү сезимдери пайда болот.
Шабдандын төрт баласы тең 1916-жылдагы Улуу көтөрүлүшкө (Үркүнгө) активдүү катышышкан. Улуусу Мөкүш көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири болгон.
Кеңеш өкмөтүнүн убагында баатырдын тукумдарына тынчтык болбой, куугунтукталып, сүрүлүп жүрүшөт. 1926-1927-жылдары Оролго үй-бүлөлөрү менен сүргүнгө айдалып, 1932-1933-жылдары кайтышат. Мөкүштүн 1905-жылы туулган Ажыйман деген уулу Алма-Атадан педтехникумду бүтүп келип, илимий кызматкер болуп иштеп жүргөн. 1933-жылы Социал-Туран партиясынын ишине байланыштуу 23 адам камакка алынат. Ажыйманга 1934-жылдын 28-февралында СТПнын активисттеринин бири деп, ОГПУнун коллегиясы Ажыйманды атууга өкүм кылат. Өкүм токтоосуз аткарылат. Ал эми СТПга байланыштуу камалган нечен кыргыздын мыкты уулдары ар кандай мөөнөттөргө кесилишет. Алардын арасында беш жылга кесилген Кемел Шабданов да болгон.
Сөз соңу
Шабдан баатыр жөнүндө нечен аңыз сөздөр айтылып, ооздон оозго өтүп, санжырачылар санжырага айландырышкан. Замандашы Калмурза Баатыр Мекеге баратканда минтип ырдаган экен:
"Ак боз бээни сойсо да,
Атын Шабдан койсо да,
Асили туулбас сендей эр,
Аман барып, аман кел!"
Бирок тилекке каршы айрым окумуштуулар тарабынан Шабдан баатырдын дарегине ылайыксыз дооматтарды айтып, газета беттерине жарыялай коюп да жүрүшөт. Көбүнчө Баатырдын Орусия бийликтери менен болгон мамилесин айтышат.Албетте, өзүңдүн жеке кызыкчылыгың үчүн, элиңди сатып, бөлөк улут, бөлөк мамлекетке кызмат кылсаң, албетте кечиримсиз иш. Бирок өз элиңдин кызыкчылыгы, келечеги үчүн, аргасыздан бөтөн элге, бөлөк өлкөгө кызмат кылыш башка нерсе. Күн батышта Кокон бийлигин жүргүзүп, элди эзип турганда, күн чыгышта Кытай оңтойлуу учурду күтүп, көз кырын салып турганда, түндүктөн Орусия сыяктуу чоң империя кыргыз жерине баскынчылык кылып, басып кирип келе жатканда элдин кызыкчылыгы үчүн, эч кандай кан төгүүсүз, бир пайдалуу чечимге келүү, улутту аман сактап калуу өзгөчө керек эле. Шабдан баатыр устаранын мизиндей болуп турган курч кырдаалды көрөгөчтүк, өзгөчө сезимталдык менен баалап, ушул жолго барууга мажбур болгон чыгар.
70 жыл бою (ага чейин деле) келгиндердин бийлигинде болуп, ыңгайына жараша кылычын чаап, кызматын кылып, кыргыздан чыккан улуу инсандардын эмгегин баалабай, аларды ар кандай жол менен каралап, жамандап келсек, бүгүнкү күндө айрым түшүнүгү тар, карөзгөй адамдар мурунку басыгынан жазбай, азыр деле ошол каны-жанына сиңип калган жаман адатын таштабай келе жатышат. Ошол өткөн заманда бийлик тарабынан сынга алынып, айрымдары запкы көрүп келген манаптар менен уруу башчылары, улуу инсандар кандай болгон күндө да кыргыз үчүн кызмат кылып, жакшы-жаманын тең көрүшүп, азап-тозогун тең бөлүшүп, кыргыз элинин келечегине, эл болуп, улут болуп сакталып калышына азбы-көппү өз салымдарын кошуп келишкен эмеспи.
"Өткөнгө тапанча мээлесең, келечек сени замбирек менен атат" деген учкул сөздү эстеп, ичти кенен салып (мүмкүн пендечилик кылып, мезгилдин агымына жараша азбы-көппү кемчиликтерди кетиришкен чыгар) кылымдан кылымга өтүп келген айкөлдүктү көрсөтүп, мурунку өткөн ата-бабаларга акаарат келтиргенден алыс болсок. Элибизден чыккан улуу инсандардын элибизге кылган ак кызматын кийинки муундарга жеткирүү үчүн, алардын тарбия-таалим алып калышы үчүн, албарс кылычтын мизиндей ойкуп-кайкып турган азыркыдай опурталдуу заманда адилеттик, акыйкаттык, калыстык менен түзүн айтып, даңазалай жүргөнүбүз жөндүү.








Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_12_13.htm on line 77

Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_12_13.htm on line 77

Warning: include(): Failed opening '0526' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_12_13.htm on line 77










??.??