"Көк Асаба", 26.05.09 - 14-бет:
  Кылычбек ИСАЕВ

Кызгалдактуу талаадагы күйүт
Мага бир гана түш кирет: учу-кыйыры билинбеген жалаң кызгалдак гүлү өскөн ажайып кооз талаада бир нерсе жоготкон сыңары издеп таппай келем. Капыстан, ат чабым алыстыктан аппак көйнөкчөн сулуу кыздын элеси көрүнүп, мен алымдын келишинче ал тарапка чуркап жөнөйм. Сулуум мен тарапка карап жылмайып коет да, токтобой узап кетет. Артынан канчалык чуркасам да, жетпейм. Ал болсо гүлдүү талаанын четинен бир бурулуп мени карап, жок болуп кетет. Ушинтип ар убак түшүмө кирип, ар убак артынан чуркап жетпей калган кыз - менин алгачкы жана акыркы сүйүүм АИДА эле. Мен аны унуталбай, жүрөктөн сызылган саптарыма салып отурам.
???
Креслосунда отурган калыбында көзү илинип кетиптир. Саатын караса, иш убактысы аяктап калган экен. Жаз мезгилинин абасы уруп турган ачык терезесин жаап, үйүнө кетүүгө кам урду. Аңгыча эшик ачылып, кабылдамасындагы жардамчы кызы уруксат сурап кирип, бир топ кагаздарды таштап чыгып кетти. Бир мүнөздүү, оор басырыктуу кожоюуну менен эки жылдан бери иштеп жатса да, ушул убакка чейин каткыра күлгөнүн, же обу жок өтө ачууланганын көргөн жок. Орто бойлуу, жашы 44-45тер чамасындагы, чачын бир аз ак аралаган Эркиндин көздөрүндө чын эле чоң сыр катылуу болчу.
Ал иш столундагы кагаздарын эртеңки күнгө калтырып, компьютерин өчүрдү да, сыртка бет алды. Эшигин ачып-ача электе кабылдамадан бери көздөй жаш жигит кирип келди. Эркин бир азга өзүн жогото калды да:
- Мен сенин келишиңди күтүп жүргөм, уулум! - деп маңдайында турган, жашы жыйырмалардагы, көзү-кашы өзүнө түспөлдөш жигитке күнөөлүдөй карады.
Жаштыктын деми сыртына тээп турган жигит кабинетти сыдыра карады да, башын чайкап, жылмая мындай деди:
- Сиз мага атамын деп толук ишенесизби?!
Мындай сөз Эркинге соккудай тийди. Үшкүрүгүн ичине катып, тамекисин күйгүздү да:
- Билесиңби, Дастан, мен сени түшүнүп турам. Жаныңда кичине кезиңде боло алган жокмун. Таенеңдин колунда чоңойдуң. Барып алып кеткенге акым жок болуп калды.
- Мени сенин эмнеге акылуусуң, эмнеге акылуу эмессиң кызыктырбайт. Мен жыйырма жаштамын, өз оокатымды өзүм кылам, сенден эч нерсе сурабайм. Бул жерге келгенимдин башка жүйөсү бар. Былтыр таенем каза болордо айтты эле "атаңды тап, апаңдын мүрзөсүн жалгыз эле ал билет, барып куран окутуп кой" деп. Сен мени сөзсүз апамдын мүрзөсүнө алып барасың. Мени апамдан түбөлүккө ажыратканың менен, ага болгон сүйүүмдү ажырата албайсың, туурабы?
Буларды уккандан кийин "Аттиң, эртедир-кечтир ушинтип айтмак, бирок мен Баардыгын түшүндүрүп берчү убакыт келди" деп, жүрөгү аңтарыла калды.
- Болуптур, Дастан, эртең саат ондо ушул жерден жолугалы. Апаңдын мүрзөсүнө сөзсүз барабыз, - деди.
- Дал 10до күтүп турам! - деп жигит шар айтты да, сыртка чыгып кетти.
Эркиндин көз алдынан мурунку күндөрүнүн оор окуялары тартылып, чогуу иштешкендери түшүнө бербеген табышмактуу, түнт мүнөзүндөгү себептер көздөрүнөн кайгыны чагылдырды. Андан бери көп жыл өттү. Мына ошол кезде көргөн ымыркайы минтип жигит болуп, алдына келип отурат.
Азыр болсо экинчи жубайы Асель, төрт жашар кызы Аймира менен жашайт. Менчик "Автоборбор" ачып алган. Кол алдындагылар ар кайсы чет мамлекеттерден жеңил унааларды жөнөтүп, өзү аларды кайрадан сатып, иши учурда улам алдыга жылып келатат.
Эркин үйүнө баргандан кийин түн бир оокумга чейин уктай алган жок. Аялына Дастандын келгенин айтып берди. Асел буга чейин Эркиндин Аидага болгон сүйүүсүн билчү. Күйөөсү кээде кызып келгенде атын атап чакырып, же түшүндө ыйлап кыйналып атканда Асел ойготчу. Бирок, жолдошунун мүнөзүн, өткөнүн жакшы түшүнгөн ал эч качан кызганып, теңелип чатак чыгарган жок. Анын үстүнө Эркинсиз өзүнүн жашоосун да элестете албайт.
Эртең мененки тогуздарда Аймира кичинекей колдору менен атасын жулкулдатып, көмкөрөсүнөн уктап жаткан Эркиндин үстүнө олтуруп алып:
- Папа, папа, турбайсыңбы, гүлдүү талаага барабыз деп кечинде айтпадың беле? Балык кармайбызбы? - деп ойготту.
- Уктап кеткен турбаймынбы, кызым, сөзсүз барабыз. Андан көрө апаң биздин оокаттарыбызды даярдады бекен… - деп Эркин кызынын бетинен өөп, шаша-буша кийинип, жуунганы жөнөдү.
Дасторкон үстүндө алгач сөздү Асель баштады.
- Уулуң өзүңө окшош бекен?
- Абдан окшош. Көрсөң чын эле таңгаласың.
- Ушунча жылдан берки бугуңду уулуңа айтып жеңилдеп албасаң болбойт, чачыңдын агарып кеткенин карачы. Эгер ал биздикине келип турам десе, мен каршы болбойм.
- Түшүнгөнүңө рахмат… - Эркин тамак ичкен калыбында башын көтөрбөй жооп берип, жубайынын колдоосуна чын ниетинен жылмайса да, анысын жүзүндөгү санаркоо билгизбей кетти.
Болжошкон убакытта Дастан менен жолугушушту. Алгач машинеден Эркин чыгып, андан соң Асел менен Аймира да Дастанга учурашышты.
- Менин жубайым Асель, бул болсо эрке кызым Аймира , - деди ал.
- Дастан, - деди салкын жооп берип, жигит "жөнөбөйлүбү" кыязында карап койду.
Анан алар машинеге олтуруп, Бишкектен алыс узап баратышты. Атасы ойгончуга апасы Аймирага Дастан жөнүндө айткан эле. Жолду ката секелек кыз ар кыл суроолор менен Дастандын айласын алты кетирип, атасынын "кызым, болду" дегенине карабай, кайра эле "эмне үчүн сен менин байкем болсоң бизге келген эмессиң, эмне үчүн папамды папа дебей жатасың, мамамды мама дебейсиңби?" деп кайталап жатты. Машине гүлдүү талааны жээктей баштаганда гана сыртка алаксып калгандай болду.
Жаздын май айы башталып, так кызгалдактар гүлдөп турган учур эле. Эркиндин зуулдаган ак "аргымагы" кызыл кызгалдактуу талааны бойлоп, машинедегилердин эч кимиси унчукпай, ал кереметтүү көрүнүшкө арбалып калышкандай. Ошентип, гүлдүү талаанын төрүнө, анча чоң эмес көлмөсү бар, жээгинде дүпүйгөн дарактар өскөн жерге келип токтошуп, Эркин менен Дастан жүктөрдү түшүрүштү.
- Силер кызың экөөң балык уулап алаксый тургула, биз тигиндейирээк жактан шашлык бышырып келели, - деп, Эркин Дастанды ээрчитип, өйдөрөөк басып кетишти. Экөө чоң чынар теректин түбүнө асынма баштыктарын таштап, талаа гүлүн аралай басышты.
- Мен бул жерге жылына беш-алты жолу келип кетем. Кийинки жумада келейин деп камынып аткам, ырас сен дагы келип калганың жакшы болду, - деп сүйлөп баратты.
Дастан унчуккан жок. Айланадагы жаратылышка суктанып, апам ажайып жерде жаткан турбайбы деп, ичиндеги ага болгон кусасы күчөп чыкты. Алыс эмес аралыкты өткөндөн кийин, бийиктиги бир жарым метр келген, көк таштан куюлуп жасалган эстеликтин жанына келишти. Апасынын сүрөтүнө карай салган Дастандын жүрөгү катуу согуп, тамагы мууна түштү. Таштын боорундагы супсулуу, жүзүн нур чайган апасы Дастанды тирүү көздөрү менен тигиле карап тургандай, анын келишин ушунча жыл күтүп, эми тирүү көздөрү менен учурашып аткандай сезилди. Дастан апасынын сулуу болгонун билчү, үйдөгү сүрөттөрдөн далай көргөн. Бирок мындай сүрөтүн, мындай сулуулугун көрбөптүр. Апасы "акыры сени көрдүм ээ, чоң жигит болгон турбайсыңбы, Дастаным"? деп айтып жаткандай туюлуп, көздөрүнөн тоголок жаштар куюлуп кетти. Уулунун эрки бошоп кеткенин байкаган Эркин сыр бербей:
- Мен мындан үч ай мурда келгенде чөп басып бараткан экен, тегерегин тазалап кеткем, - деп, анча-мынча чөптөрүн жулумуш болду эле, Дастан атасы тарапты жектеген көздөрү бир карап алды. Эркин өйдө болуп: - Дастан, сага өтө оор болуп турганын түшүнөм, апаңдын жер алдында жатышын мен да эч качан каалаган эмесмин, сен биздин башыбыздан өткөн жашообузду угуп, окуяларыбызды түшүнүшүң керек. Сага баарын айтып берем, бирок, сен менин айтып бергендериме олуттуу карап, калп эч нерсе айтпаганыма ишен. Өткөндүн өкүтү мени да жай алдырбай жашап жатканымды түшүн. Сүйлөштүкпү? - деди. Канчалык Дастан боор тартпай турса да, Эркиндин ичи бой жеткен уулуна элжиреп турду.