"Көк Асаба", 26.05.09 - 2-бет:
  Күнбүгүн

Анкета-сурак
1. Аты-жөнүңүз - Бешимов Бакыт Жолчубекович.
2. Туулган жылыңыз - 1954-ж.
3. Жерлигиңиз - Кыргыз.
4. Кызматыңыз - ЖК депутаты.
5. Кыргыздын тарыхындагы сизди күйүндүргөн нерсе - Көз карандылыгы жана майдалануучулугу.
6. Саясатты таштап салгыңыз келген учур болду беле? - Түшкөн жолуман кайтпайм.
7. Саясаттын сизди иренжиткен көрүнүшү - Ыпластык, эки жүздүүлүк, принципсиздик.
8. Кыргыз элинин баалуугу эмнеде? - Кең пейилдигинде.
9. Өзүңүздөгү оң сапаттардын бири - Ачыктык.
10. Башкаларга акыл-насаат үйрөткөндү жактырасызбы? - Өсөйүн деген жаштарга үйрөтүүдөн качпайм.
11. А укканды жактырасызбы? - Сөзсүз.
12. Журналисттердин сиздин кыжырыңызга тийген сапаты - Сабатсыздык, билимсиздик.
13. Алгачкы айлыкты кандайча тапкансыз, эмнеге коротконсуз? - Чийнечи болуп чөп ташыгам. Акчамды апама алпарып бергем.
14. Мектеп кезиңизде кайсы атактуу адам же чыгарма менен оорудуңуз эле? - Мен бир адам менен эч качан ооруган эмесмин. Жалпы адабиятка кызыгуу артчумун.
15. Жактырган тарыхый инсаныңыз - Курманжан датка, Исхак Раззаков, Махатма Ганди.
16. Хоббиңиз - Көчмөн-дөрдүн аскерий ыкмаларын изилдөө.
17. Дүйнөңүз кыйналганда бугуңузду кимге төгөсүз? - Ички бугумду эч кимге төкпөйм. Алсыздыкка алдырбай, өзүмдү өзүм жеңем.
18. Элиңизге жасаган кайсы иш үчүн өзүңүзгө ыраазысыз? - Жакшы ойлорду таратканыма.
19. Кыргыз кыз-келиндерине кандай сыпаттама бересиз? - Жумшак, адамгерчиликтүү, меймандос.
20. Үй тиричилигинде мык-балка кармаба-ганыңызга канча болду? - Кармап эле жүрөм.
21. Баарынан эсте калган туулган күнүңүз кайсы? - Ар бир туулган күн мен үчүн өзгөчө.
22. Балдарды тарбиялоодогу негизги принцибиңиз - Адамдын эркин терең урматтоо. Эркин ойлонгондугун кубаттап, эмгекке үйрөтүү.
23. Жактырган афоризмиңиз - "Тагдыр эр жүрөктөрдү жактырат".
24. Бардык көйгөйлөрдөн чарчаганда, жандүйнө эс алуусун эңсегенде эмне кыласыз? - Үйбүлөм менен убакыт өткөрөм.
"Суракка алган"
Алмаз Чербеков





Бүгүн Кыргызстанга эки күндүк расмий сапары менен Түркиянын президенти Абдуллах Гүл келет. Сапардын жыйынтыгында эки мамлекеттин ортосунда
илимий-техникалык жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы бир катар макулдашууларга кол коюлат.
Накен Касиев, коомдук ишмер:
"Сүйлөөшүүлөр дайыма "кыргыз тилинде өтүшү керек"
Ушул расмий жолугушуудан улам, биз тил боюнча бир-эки сурообузду коомдук ишмер Накен Касиевге узаттык.
- Эки президенттин жолугушуусу жалаң кыргыз тилинде өтүп, орусча бир да сөз аралашпайт дешүүдө. Бул иш-чарага сиздин оюңуз кандай?
- Биз түрк атанын балдарыбыз, баарыбыздын түпкү тегибиз бир. Түркия президентинин биздин өлкөгө келгени абдан жакшы нерсе, маданият, илим жагынан алардан ала турган, үйрөнө турган нерселер бар. "Манас" эпосун жазып алууда, дүйнөгө таанытууда алардын кошкон салымы чоң. Түркия эли менен биздин элдин мамилеси солгундап баратты эле. Эми бул жолугушуудан жашкы нерсени, эки элдин ынтымагын күтөлү. Тургут Озал президент болуп турганда эки мамлекет ортосундагы карым-катыш тынымсыз болчу. Анда мен министр элем.
- Кыргыз тили дипломатиялык деңгээлге өсөрүнө ишенесизби?
- Кыргыз болгондон кийин сүйлөөшүүлөр дайыма кыргыз тилинде өтүшү керек. Ал эми сүйлөшүүнүн, болгондо да жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүнүн башынан аягына чейин кыргыз тилинде өтүшү - биз үчүн чоң жаңылык катары кабылданат.
Ар бир кыргыз кыргызча сүйлөсө эле кыргыз тили өлбөйт, өчпөйт. Ата-бабадан калган салтты, тилди биз урпактарга ошо боюнча өткөрүп беришибиз керек.




Түлеев жана жаштар
Шаар мэри Нариман Түлеев жакында "Ак шумкар кут" жаштар уюмунун мүчөлөрү менен "Ой борбор жаштар" клубунда жолугушуу өткөрдү. Анда шаар ичиндеги тазалык, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жаштар арасында колго алуу, жер-жерлерде тазалык боюнча чогулуштарды өткөрүү маселелери талкууга алынды. 2 сааттык жолугушуу учурунда саясат тууралуу сөз козголбосо да, мэрдин жаштарды өзүнө тартуусунда алдыдагы шайлоо оюуну жокпу деген күмөнсүү туулбай койбойт.




Аянттын айкелдерин студенттер даярдашууда
Көркөм сүрөт академиясынын студенттери борбордогу "Ала-Тоо" аянтына коюлуучу Манас эпосунун 18 каарманынын эстеликтерин даярдашууда. Айкелдерди орнотуу эртеңкиге, 27-майга белгиленген. Бул ишке көркөм сүрөт академиясынын I курстан V курска чейинки таланттуу скульпторлору жана аспиранттары эмгектенип жатат. Ал эми бул айкелдерге кеткен чыгымды аталган академия көтөргөн. "Ала-Тоо" аянтындагы курулуш жана жашылдандыруу иштери 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата бүткөрүүгө аракет жүрүүдө.

Айбек Сейитбеков