Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кармаш
Грузиянын экс-спикери Нино Бурджанадзе президент Михаил Саакашвилинин оппозиция менен жолугушуу учурундагы "Бурджанадзе Россия тарабынан каржыланган саясый лидер" деген сөзү үчүн сотко кайрыларын билдирди. Эгер сот акыйкаттыктан тайса, саясатчы айым Страсбург сотуна кайрылууга даяр.
Сыноо
Кечээ Түндүк Корея расмий түрдө жер алдындагы ядро сыноосун ийгиликтүү өткөргөнүн, бул сыноо өлкөнүн ядролук коргонуу кубатын чыңдоо үчүн жасалып, мурункуга караганда бир кыйла күчтүү болгонун маалымдады. Буга карата Түштүк Корея улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү. Ал эми Япония Түндүк Кореянын сыноосу боюнча БУУнун коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылышы мүмкүн экендигин билдирди.
Демократтар
Монголиядагы оппозициялык маанайдагы демократиялык партия жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо өзүнүн талапкери Цахиагийн Элбэгдорж жеңишке жетишкенин маалымдады.
Кырсык
Австриянын борбору Вена шаарында индус храмдарынын бириндеги ок атышуунун натыйжасында жалпысынан 30 адам жарадар болгон. Анын ичинде оор абалдагы 9 адамды ооруканага жеткирүү үчүн 3 вертолет жалданган. Полициянын айтымында, ок атышуу сикх динин туткан эки үйбүлөнүн ортосунда жүргөн. Себеби азырынча тактала элек.
Үлпөт соңундагы өлүм
Тайванда 35 жаштагы адам үйлөнүү үлпөтүнүн эртеси ашыкча ичилген пиво менен винодон ууланып көз жумган. Жабырлануучуну жакындары качан гана анын бети-башы карарып кеткенден кийин ооруканага жеткиришкен. Тилекке каршы, адистер да анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Сунуш
АКШ Кубага миграция маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууну сунуш этти. Бир катар республикачы конгрессмендер Барак Обаманын бул демилгесин "диктатордук режимге ийигүү" деп аташса, айрымдары Куба менен Американын мамилесин жакшыртууга далалат катары кабылдашууда. Эскерте кетчү нерсе, АКШ Куба менен дипломатиялык мамилеси жок Батыштагы жалгыз мамлекет.
Дарт
Чилиде A/H1N1 вирусу менен ооруган адамдардын саны акыркы жуманын аралыгында 11 кишиге көбөйүп, оорулуулардын жалпы саны 55ке жетти. Алардын көбү мектеп жашындагы балдар. Дартка чалдыккандардын саны боюнча Латын Америка өлкөлөрүнүн ичинен Чили биринчи орунга чыкты.
Жан кыюунун жардамчысы Лай
Кытайдын Гуанчжоу шаарында 66 жаштагы пенсионер Лай Цзяньшэн жанын кыюу үчүн көпүрөдөн секирмекке даярданып жаткан адамды түртүп жиберген. Цзяньшэндин айтымында, ал адам жөн эле элди дүрбөлөңгө салып, коомдук тартипти бузуп жаткан. Көпүрөдөн өтчү жол буулуп, машинелер 5 саат бою тыгында калышкан. Күбөлөрдүн айтымында, Лай тиги кишиге келип, колун кысып туруп, түртүп ийген.
Дүйнөлүк шым
37 жаштагы тунистик кийим дизайнери Ларби Букамхе 50 метрлик дүйнөдөгү эң узун шым тигип, көрүүчүлөрдүн сынына алып чыкты. Бул шымды тигүү үчүн Ларби эки айдын аралыгында 1600 метр кездеме жана 16,5 миң евро короткон. Букамхенин шымы борбордук стадионго жайылып, ага келген Гиннес китебинин өкүлү Лабрини каттоодон өткөрүп, анын "эрктүүлүгүн жана өжөрлүгүн" белгилеген. Ал эми Грецияда Серрес шаарынын ашпозчулары төрт сааттын ичинде 312,5 кг уй этинен миңдеген бифштекс жасап, рекордчулардын тизмесин толукташты.




Абактагы ачкачылык
Кечээ Бишкектин №31 жаза өтөө мекемесинде ачкачылык жарыяланганы маалым болду. Бейрасмий маалыматтар боюнча Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчилиги абактагылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
73 миң бүтүрүүчү мектептен учту
Кечээ мектепти аяктап жаткан 73 миң окуучу үчүн акыркы коңгуроо аземи болуп өттү. Билим берүү министрлигинин билдирүүсү боюнча, 2-июнда мектептерде бүтүрүү экзамендери башталып, эки жумадан кийин, 26-июнь күнү бүтүрүү кечеси болот. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн 3 миң 704ү артыкчылык аттестатын алышат.
БЭК курултайы
31-майда Түп районунда БЭКтин IV курултайы өтөт. БЭК штабынын тараткан маалыматы боюнча, иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бийликтен уруксат алынып, анда негизинен алдыда боло турган президенттик шайлоонун айланасындагы маселелер талкууланат.
Кырсыкка учураган кыргызстандыктар
Түркиянын Анталия-Алания автожолунан 24 жүргүнчүлүү автобус кырсыкка учураган. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын үч жараны - Яковлевдердин үйбүлөсү бар экенин ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Акыркы алынган маалыматтарга караганда, Анталия шаарынын мамлекеттик ооруканасынын реанимация бөлүмүндө Вадим Яковлевдин абалы оор.
Жекшенкуловду бошотуу акциясы
ИИМдин басма сөз кызматы 8-марттан бери УККнын камагында отурган экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасына өткөрүлгөн баллистикалык экспертиза мыйзам бузуулар менен өттү деген адвокаттардын маалыматын четке какты. Укук коргоочулардын айтымында, экспертиза Жекшенкуловдун эки адвокаты - Асел Аргымбаева менен Нина Зотованын катышуусунда өтүп, мыйзам бузуу катталган эмес. Ал эми бүгүн БЭКтин мүчөлөрү Биринчи Май райондук сотунун алдында Жекшенкуловду камактан бошотуу талабын билдирген акция өткөрөт.
Каракчылар кармалды
Оштун Кадамжай, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда май куюучу жайлардын операторлоруна бир нече ирет кол салып, акчасын тартып алып турган топ кармалды. Анын ичиндеги 7 баланын төртөө Өзгөндөн, экөө Токтогулдан, бирөө Сокулуктан болуп чыкты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Суу көлөмү азаюуда
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө 6 млрд. 740 млн метр кубду түзөт. "Электр станциялары" ААКнын билдирүүсүнө караганда, бул көрсөткүч былтыркы ушу маалга салыштырмалуу 421 млн. метр кубга аз.







Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_3.htm on line 54

Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_3.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '0526' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_3.htm on line 54










??.??