"Көк Асаба", 26.05.09 - 4-бет:
  Кытай кыргыздары

Кытай кыргызы, окумуштуу, илимпоз Макелек Өмүрбай:
"Адам турмушун доллар менен ченеп калдык"
Макелек Өмүрбай жүрөгү менен кыргыздын бүтүндөй тарыхын, маданиятын, асыл наркын баалап-багып, эгер кыргыздар "Манасты" окуп-билип, андагы кыргыздын турмушун, жашоосун, каада-салтын түшүнүп алышса, өз жолун таап, алдыга кандай кадам таштоо керек экендигин ачык түшүнүшөөр эле деп келет.


- Кыргызстанга куш келипсиз. Сөзүбүздү сиздин бул жакка эң алгач келген күнүңүздү эскерүүдөн баштасак…
- Биринчи жолу Кыргызстанга 1989-жылы келдим. Самолет Кыргызстандын чегине кирди дегенде оюма эмнелер гана келбеди. Манас атанын атынын дүбүртү, кыргыздын байыркы жашоосунун баары көз алдыма тартылды. Экинчиден, кыргыздын адабиятын окуп, Касымалы Жантөштүн "Каныбек", Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк асаба" романдарын жана Ч.Айтматовдун кийинки аалам таануу чыгармалары менен таанышып, аябай сүрдөп келгем. Сүйлөсөм кандай болуп калат, түшүнүшөбүзбү деп тил маселеси жагынан санааркагам. Ал жактан чыгармаларды окуп, бул жакка келип, кыргызстандык кыргыздар менен жолугушуп сүйлөшүү абдан кыйын болгон мага.
- Ошол мезгилдеги Кыргызстан менен азыркы Кыргызстандын айырмасын байкадыңызбы?
- Ал кезде кыргыздар он сөз сүйлөсө, анын төрт-бешөө орусча эле. Таза кыргызча сүйлөгөндөр аз эле. Азыр орусча кошуп сүйлөгөндөр азайып, кыргыз тили дээрлик толук кандуу сүйлөнүп калыптыр. Биринчи келгенде мен таксисттер менен өз алдымча сүйлөшө алчу эмесмин, азыр кадимкидей баарлашып калдым. 20 жылдын аралыгында кыргызча сүйлөгөндөр кыйла көбөйүптүр.
- Кытай кыргыздарынын тил илимине кошкон салымыңыз аябай чоң. Учурдагы кытайлык кыргыздардын адабияты менен биздин адабияттын айырмасы барбы?
- Кыргызстандык кыргыздардын чыгармаларынын тил которулушу, тилинин көркөмдүгү, албетте, күчтүү. Азыр баяндоо жагынан жогорулап бараткандайбыз. Албетте, жазма адабий чыгармалардын тили, ою - поэзияда. Кыргызстанда күчтүү, залкар адамдар көп. Ч.Айтматовду эле алалы, бул адам прозада чоң бийиктикке жетишти. Түгөлбай аксакал менен мен көрүшкөм, кыргыз тилине кошкон салымына таңгалгам ошондо. "Башка тилди киргизбей, "Көк асаба" романын кыргыздын нукура таза тили менен жаздым. Байыркы сөздөр киргендир, бирок башка бөтөн тил кошулган жок" деп айтканы азыркыга чейин эсимде. Кыргыз тилинин баяндоо күчүнө өз салымдарын кошуп аткан адамдарды атоого болот. Бизде да адабиятты ушундай деңгээлге жеткирүүгө аракет жумшап жаткандар бар. Мен кыргыз тилинде сүйлөшүм керек. Биз алардын шакирттерибиз.
- Кытайлык туугандарыбыз кайсы динди тутунушат?
- Кытайлык кыргыздарда бир эле дин бар, ал - мусулман дини. Буга эл кадимкидей эле ишенет, сыйынат, коркот, намазын окушат. Мен Курани Каримдин кыргызчасын чыгардым кыргыз жазуусу менен. Ошол Үсөйүн ажы деген киши куранды арабчадан которгон. Дунганчасы деп коебуз, мен ошонусуна салып басмадан чыгардым. Себеби арабча билген кишилер мечитке жакын болушат экен. Анан кийин биздин азыркы адабий тилибиздин нормасына келтирип чыгардык. Ал эми курман айт майрамдарында кадимкидей өз каадабызды жасайбыз. Дин ишеними ошол эле боюнча, ислам динине гана ишенебиз.
- Кытайды Ханзуу деп атайбыз дедиңиз. Ханзуу элине, өндүрүшүнө, экономикасына кыргыздар чын дилден салым кошобу?
- Албетте. Биз ал мамлекеттин жараныбыз да. Мамлекетке салым кошуу - өзүңдүн жаныңды багуу деген кеп. Жаныңды багып кетсең эле салым кошконуң ошол. Анан мамлекет берсин деп оозуңду ачып жата берген болбойт да. Салым кошкон адамдар көп. Өнөр жайы, мал багуу ж.б. тармактар боюнча аракет кылып жашаса, мамлекетке чоң салым кошот. Анан мамлекеттен да алат акысын. Ал эми башка мамлекеттик иштерде өлкө өзү каржылайт, колдойт.
- Чет жактагы кыргыздар көбүнесе "Кыргызстанда деле жашоо оор, барганда эмне" деген ойдо болушат экен. Биздин мамлекет боюнча кытай кыргыздарынын ою кандай?
- Биз жактын турмушун бул жактагы кыргыздардын көбү биле бербейт. Учурда айылдарыбыздын турмушу окшошуп кетет. Малы өзүнүн колунда, жери өзүнүн колунда. Менимче, айырмасы жок. Азырынча кытай кыргыздарынын оокаты жетиштүү. Ошондуктан киндик кан тамган кытай жергесин мамлекетим деп жашай беришет. Ал эми жашоосу өтпөй калганда көп нерселерди ойлоно баштайт да. Илгери мен келген кезде "качан качып өткөнсүңөр?" деген суроону көп беришет эле. Азыр кудайга шүгүр, мындай суроону сиздер да берген жоксуздар.
Үркүндө барган кыргыздар чачыранды жайгашкан. Кызыл-Суу автономиялуу облусунун төрт ооданында жергиликтүү кыргыздар тээ байыртан эле жашашкан. Ал эми үркүндө качып баргандар Бедел ашуусун ашып, уйгурлар жашаган жердин үстүнөн түшүшкөн. Кийин бири-бирин издеп, чогулуп, 2 миңдей кыргыз ошол кезде келген экен деп айтылып жүрөт. Бул үркүн маселесин кытайлык кыргыздар силердин басма сөз аркылуу укту. Мурда эмнеге, качан үрккөнүңөрдү билишчү эмес, эми гана билип, көрүп отурушат. Мен өзүм да билбейт болчумун. 90-жылдары эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин айтып жатпайсыңарбы. Алаамат болуп, ушунча киши өлгөнү туурасындагы маалымат кийин угулду. Ошондо үркүп барган 1-2 адамды азыр жалпы эл билет, Сагымбай Орозбакты, Казыбекти. Атургай, Токтогулдун да баргандыгы туурасында маалыматтар бар. Мына биз, Кыргызстанга келип жүргөндөр, "үркүн" деген сөздүн маанисин билип, өзүбүздүн элге тааныттык.
- Ал жактагы кыргыз туугандар мурда кандай болсо азыр деле ошондой деп ойлойсузбу? Кыргыздын улуттук оюндарын ойноп турушабы?
- Мындай оюндар айыл-кыштактардын арасында бат-бат эле өтүп турат. Ансыз жашай албайт да кыргыздар. Ачка жок болсо да атын минип алып көк бөрү тартышат. Каада-салттын баары эле ошол боюнча. Кыргызча так сүйлөшөт. Мисалы, силер музей дейт экенсиңер, бизде - ажайыпкана. Мен Кыргызстандын көп жерин көрдүм. Бизде көчмөндүк ак бозүйдө жашоо, аны менен болуу, салт-санаасын кармап жүрүү, той, өлүк узатуу - булардын баары жалпы кыргыз аттууга бир китепке жазып койгондой эле.
- Сиз жалпы журтчулук үчүн аябай чоң иштерди жасап келиптирсиз. Бу жолу да Кыргызстанга жөн келбеген чыгарсыз?
- Тил менен жумуш кылган киши тарыхты билбесе болбойт экен. Тарыхын билгенден кийин маданиятын билбесе болбойт экен. Тил, адабият, тарых үчөө илим үчүн бир жүрөт экен. Эгер мен тил илиминин грамматикасын гана изилдейм десем, улутумдун тарыхы болгон байыркы тилди изилдейм. А байыртан бери келе жаткан тил эмне болду? Мисалы, мен "Бөдке" деген сөздү талдап чыктым. Энесай-Орхон жазуусунда дүйнө боюнча талаш болуп келаткан сөз болгон. Себеби, Энесайда кыргыздардын башчысы тегереги жыгачтар менен курчалган "бөдке" деген үйдө турат деп. "Бөдкени" табалбай изилдөөчүлөр аны кытай жазмаларында "мидижи" деп которгон. Анан Радловдон берки чоң окумуштуулар да мидижинин маанисин табалбай келишкен. Ал эми чынында Энесай-Орхон жазууларындагы "бөдке" деген сөз азыркы тилде "ордо" дегенди түшүндүрөт. Мына ушуга окшогон тарыхтагы сөздөрдү билбесең, башчы кайсы жерде отурат, эмне тамак жейт, аны эмне деп атаган - мунун баарын билбесең, тилиңди жакшы тааныбайсың.
Кыргыз өз акылын өзү таап койгон калк. Баарын "Манас" деген улуу эпоско чогулткан. Азыр "Манас" эпосуна акылыбыз жетпейт. Кайра бир эпос жаратмак түгүл, жаратып койгон эпосту түшүнө албай атабыз. Мисалы, Манас баатырлыгынан да даанышмандыгы күчтүү эл башчы болгон. А кезде олбурлуу дөөлөр да болгон. Эмнеге ошолордон эле башчы шайлап алышкан эмес? Анткени алардын журт башкарууга акылы, дарамети жетишсиз болгон. Демек, кыргыз биринчи кезекте акылы менен жашаган эл болгон. Акыл болбосо нечен кылымдан бери жок болуп кетмекпиз. Канчалаган күчтүү мамлекеттер жоголуп кетти. Эпос жараткан улуттун акылы кылымдарды карытып жоголбой көбөйдү. Ушуга ар бир кыргыз өзүнүн акылын кошуп отуруп көбөйдү. "Манас" - өзүнчө бир адабият. Аны текчеге коюп коюуга болбойт. "Манас" эпосу турмушубузга кириши керек. Манастын акылын үйрөнүшүбүз керек. Ал кандай акыл? Азыр баарыбыз адам турмушун доллар менен ченеп калбадыкпы. Ал эми Манас "кемпирлер куйрук карабай, келиндер табак жалабай" калган турмушка жеткирем деген. Эл багууну төрт сап ыр менен эле айтып койгон: "Үйдө жатса эл бакмак, чаап келсе жоо чалмак - баатырлыктын белгиси". Тынчтык кезде Манас элди баккан. Ал эми "чаап келген жоону чапкан, өзү чаап барбаган" - баатырлыктын белгиси, айкөлдүктүн белгиси. "Капкайда барып эл чапмак, кагышып жүрүп мал тапмак" - кара өзгөйлүктүн белгиси. Кара өзгөйлүк - фашист деген мааниде. Дүйнө эли мына ушул төрт сап ырды укканда эле кыргыздын кандай экенин, жашоо-турмушу кандай экенин билет. Манастын негизи ушундай болгон. Башка улуттарга өзүнүн тили менен айтып берсең, "бул жөнсүз согуша бербеген, чаап келгендин сазайын берген эл экен" деп түшүнөт. Караңызчы, ата-бабабыздын акылына биздин акылыбыз жетпей турганын? Буга кимдин акылы жетти? Чыңгыздын акылы жетти. Эмне үчүн Чыңгыздын чыгармалары дүйнөгө тарады, эл тааныды? Анткени анын акылы ата-бабаларыбыздыкындай бийик болгон. Андай көрөңгө болбосо Чыңгыз ага жетет беле… Адабиятты окуп түшүнсө көп эле киши чыкпайт беле дүйнөгө таанылып. Ошон үчүн биз Манас менен Чыңгызды тереңден түшүнсөк, улуулугубузду түбөлүк сактай алабыз. Өз ордубузду таап, элди Манас, Чыңгыз менен дарылайбыз. Ошондо эсине келет кыргыз.
- ЮНЕСКО тарабынан кыргыз тили жоголуп бара жаткан 100 тилдин ичинде экени жазылып жүрөт. Буга канчалык деңгээлде ишенесиз?
- Муну кыргыз тили жоголобу деп жаш балдар эле интернетке жазып койгон. Ушуну укканда эле менин итиркейим келет. Ошончолук алсыз болуп кеткенбиз да. Өзүбүзгө ишене албай турабыз. Сен сүйлөбөсөң, мен сүйлөбөсөм, анда чындап жоголот тил. БУУ эч убакта кыргыз тили жоголсун деп жазбайт. Ушул эле сайттарда жапон балдары тилибиз жоголобу деп сүйлөшөбү? Жок. Көрбөйсүзбү? Үлбүрөп араң эле калк болуп атабыз да, качан учуп кетебиз деп турабыз. Күчтүү улут болсок, акылыбыз күчтүү болсо, ар бир киши "мен жоголсом - тил жоголот" деп ишенсе, тил эч качан өлбөйт да. Мынабул жерде куурай турат. Ал куурай шамал болсо эки жакка серпилип жыла берет. Сен өзүңдү куурайга теңебе. Карагайдай турушуң керек. Тил жок болот дегенден арданышыбыз керек. Тил качан жоголот? Өзүбүз жерип, сүйлөбөй койгондо жоголот.
Айбек СЕЙИТБЕКОВ