Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кыргыздын ырым-жырымдары:

Отту теппе, шамалды сөкпө
Асыкбек Оморов (Чын Темир)

Кылымдар бою укумдан тукумга өтүп келген бул элдик асыл сөздөр ойго жоомарт, мааниси өтө терең келип, ар бир ата-эне өзүнүн балдарына ар кандай ырым-жырымдарды үйрөтүп келишкен. Бул кыргыз ырым-жырымдары айрым бир адамдын эмгеги болуп эсептелбестен, жалпы элдик оозеки чыгарма болуп, укум-тукумга эстафета сыяктуу өз маани-маңызын жоготпой ушул күнгө чейин сакталып келет.
Улуттун уңгусу бул - тил. СССР убагында орустар өз эне тилибизди унуттурууга аркеттенишип, балдарыбызга мажбурлап орус тилин таңуулап окутуп, атургай, өз тарыхыбызды эмес, мектептен баштап институт, университеттерге чейин КПССтин (Советтер Союзунун Коммунгисттик партиясы) тарыхын окутуп келишти.
Балдарыбыз кыргыз болбой "киргиз" болуп, 74 жыл бою "Улуу орус эли" деп ураалап жашадык. Ушул инерция боюнча айрым кыргыз балдар дагы деле орусча окуп, орусча тарбияланып, кыргыз ырым-жырымдарын такыр түшүнүшпөйт. Эмесе, окурмандарыма түшүнүктүү болсун үчүн айрым ырым-жырымдан кабардар кылып кетейин.
???
Саламдашпай сөз баштаба.
???
Колуңду тамчыга жууба.
???
Темирге заара кылба.
???
Түн ичинде мал сойбойт.
???
Караңгыда кыз бала сууга барбайт.
???
Караңгыда кошунаңдан ак сураба.
???
Ооз кесир сүйлөбө.
???
Караңгыды үй шыпырба, душманыңды көбөйтөсүң.
???
Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба,
Өлүм менен той бир күндө келет.
???
Алыскы сапардан кайткан адамдын башынан үч жолу суу тегеретип, түкүртүп, идиштеги сууну сыртка төгүп, көмкөрүп, бир күнгө чейин колдонбо.
???
Баш кийимди тегеретпе.
???
Отту теппе, шамалды сөкпө.
???
Дасторконду тетири салба.
???
Бешикти өбөктөбө.
???
Бешикти эки киши көтөрбөйт.
???
Бешикти кур терметпе.
???
Бычакты нанга аарчыба.
???
Кыбыланы карап даарат ушатпа.
???
Жатаарда кыбыланы тээп жатпа.
???
Караңгыда күзгүгө каранба, чач тараба, жылдыз санаба.
???
Мылтыкты аттаба.
???
Атың аксаса, балаңдын заарасы менен бутун жуу.
???
Шыпыргы менен чаппа.
???
Тамакты дасторконсуз ичпе.
???
Сүйлөшүп жаткан эки кишинин ортосунан өтпө, жыйылган жүккө жатпа.
???
Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак менен чийип кой.
???
Боюнда бар аял капка отурбайт.
???
Жакшы адамга ит бербе.
???
Досуңдун үйүндө тырмак алба,
Касыңдын үйүндө чач алба.
???
Беймаал убакта оорулууну сурап барба, бала көрбө.
???
Бирөөнүн кайгысына кубанба.
???
Бейитти колуң менен көрсөтпө.
???
Минген атыңдын жалына бут чыгарба.
???
Тырмагыңды отко салба,
Көсө менен мал кайтарба,
Беймаалда күл төкпө, таштанды чыгарба.
???
Тулганы теппе.
???
Нанды дасторконго көмкөрөсүнөн койбо.
???
Жер таянып отурба.
(Уландысы бар)





Кулатуунун негиздөөчүсү, федерациянын президенти Темир Турусбеков жана вице-президенти Адамалы Осмоналиев
"Кулатуу" федерациясынын вице-президенти Адамалы ОСМОНАЛИЕВ:
"Кулатуу күрөшү каратэден кем эмес"
"Кулатуу" федерациясынын вице-президенти, кулатуу күрөшүнүн спорт чебери жана кулатуу боюнча улуттук категориянын калысы Адамалы Осмоналиев кыргыз оюндары башка Чыгыш улуттарыныкынан, мисалы, Япониянын каратэсинен, Тайланддын маутайынан, Кореянын таэквандосунан, Россиянын самбосунан эч кем эмесин айтып, өзүбүздү көтөрбөй жатканыбызга күйөт. Федерациянын алдыдагы койгон негизги максаты жана көздөгөнү - кулатуу күрөшүн эл аралык олимпиадалык спорттун түрүнө айландыруу.


Кыргыз каратэсин түптөгөндөр
Кыргыз улут оюндары биздин маданиятыбыздын бирден бир негизги тарбия берүү башаты болуп, жаштардын аң-сезимин өстүрүп, ден-соолукту чыңап, аскер ыкмаларын үйрөтүп, жоокерлерди даярдап жана эмгекке тарбиялаган. Улуттук оюндар: күрөш, оодарыш, эр-сайыш, ат чабышы, жамбы атыш жана башкалар кыргыз элинин каармандыгын, ынтымагын, намыскөйлүгүн аныктап, даңазалайт.
Биз көрүп-билип жүргөн эл аралык, олимпиадалык спорттун түрлөрү деле дүйнөдөгү элдердин улуттук күч оюн түрлөрүнөн пайда болгон. Кыргыз улуттук оюндарынын арасында кулатуу күрөшү 1990-жылы жаңы табылга катары бааланып, Кыргыз Республикасынын Кулатуу күрөшүнүн федерациясы расмий каттоодон өткөрүлүп, эрежеси жана ыкмалары өзгөчө белгиленип, Чыгыш эл күрөштөрүнүн түрү боюнча эксперт комиссиясы тарабынан кыргыз элинин жаңы улуттук оюну катары жарыяланган.
Европада Кулатууга кызыккан кишилер көп. Себеби алар биздин күрөштүн кыймылдарынын кооздугуна, ден соолукка пайдалуулугуна, уруп-согуп күч келтирбеген гумандуулугуна кызыгышты. "Бизге үйрөткүлө, биз да машыгабыз" деп, азыр Канадага чакырып жатышат. Мына жакында, июль айында бир жумага жөнөйбүз. Ал жактан семинар өткөрүп, кулатуунун эрежелерин көрсөтөбүз. Учурда ушуга даярдануудабыз. Биздин балдар кулатуудан бөлөк каратэ, кикбоксинг, таэквондо менен машыгышып, эл аралык жеңиштерге ээ болуп жүрүшөт.
ХХ кылымдын аягында Чыгыш өлкөлөрүнүн каратэ, ушу, таэквондо, кунг-фу оюндары дүйнө жүзүн арбап , чагылгандай тез тарап, кинофильмдер жаралып, элде кызыгуу өтө күч алды. Цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай көрүнүш кадыресе адатка айланып, мелдештер өткөрүлө баштады. А биздин Совет өлкөсүндө бул өнөргө тыюу салынып, "чоң муштум хулигандарды тарбиялаган зыяндуу илдет , кылмыштуулукту күчөткөн фактор" катары көрсөтүлүп, терс мамиле жасалды. Бул мамиле тоо булагын бүтөп, ташкындаган өжөр дайраны токтотууга далбас урган менен барабар болчу. Бирок, элди токтото алышпайт экен. Тыюу салганга карабай, Чыгыш эл күрөшүнүн түрлөрү өрт сыяктуу Ала-Тоону да кучагына алып, 1977-жылдан бери өнүгүп-өсүп келатат.
Биздин кыргыз каратэ өнөрүн алгачкы түптөгөн устаттар Эсен Исмаилов, Темир Турусбеков, Макен Исаков жана башкалар болушту. Ошолордун бири, каратэ, фехтование боюнча СССРдин спорт чебери, физика-математика илимдеринин кандидаты Турусбеков Темир Муканович өз ыкмаларын издеп, кыргыз кыртышына сиңимдүү, өзгөчөлөнгөн, кыргыз касиетин чагылдырган кулатуу күрөшүн негиздеп, түзүп, эрежесин, ыкмаларын иштеп чыгып жолго койду.
Кулатуунун эрежелери
Кулатуу "Ажыдаардын" мектеби болуп саналат. "Ажыдаар кулатуу" найзалар, союлдар жана канжарлар менен куралданган Канаттуу Жылаанды элестетет. "Ажыдаардын" түзүлүшү Канжар кол, Найзакер, Союлчу, Куш, Жаачы жана Жылаан стилдерин үйрөнүүдөн жыйынтык катары келип чыгат. Кулатуунун боорукердик принциби "Урбагын, түрткүн" деген идеяга таянат.





Бул күрөштө эки программа бар:
1. Түртүшүү
2. Мушташ жана Эр-Таймаш
Кулатуу күрөшүнүн түртүшүү эрежесинде колдор же буттар менен аттандаштын эреже боюнча уруксат болгон жерлерине тийип-түртүп, денени жабыркатпай, катуу уруп-теппей, аяп кулатат. Түртүшүү эрежесинде 6 стиль бар. Бул стилдер колдун манжалары менен түзүлөт:

1. Кылыч. Колдордун манжалары менен кылыч сыяктуу тизип, кылычтай сайып, чаап иштейт. Экинчи колду калкандай кылып коргонсо, өтө ыңгайлуу.


2. Калтек. Муштумду калтектей пайдаланып түз , жогортон, төмөнтөн түртүп муштайт.
Муштумдарды калтек сыяктуу айлантып, шамдагайлыкты көрсөтүүгө негиз бар.

3.Найза. Колдорду жана буттарды найза сыяктуу кылып , алдынан, туурасынан түртүп-сайып кулатат.


4.Куш. Беш манжа куштун канатындай кызмат кылса, үч манжа куштун бутундай чабуулга өтүп жана коргонот.Куштун тумшугу баш бармак менен аткарылат.








Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_5.htm on line 140

Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_5.htm on line 140

Warning: include(): Failed opening '0526' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_5.htm on line 140










??.??