Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Соболчак

Күнүмдүк тапкан акчаңыз канча?
Туруктуу иштин жоктугунан, ар кайсы жумуштун башын баштап жан багуунун аракетинде жүргөн замандаштарыбызга ушундай собол салдык. "Айдын мынчасында мынча маяна алат элем" деген түшүнүк түшкө да кирбей, бир күн соода кылбаса, бир күн көчөгө чыгып аракет жасабай калса чоң түйшүк тартып кала турган каармандарыбыздын арасында мектеп окуучусу да, сексендеги кемпири да бар.


Айнура, ышкын сатуучу, 37 жашта:
- Токмоктун Шамшы деген айылынан болом. Бир айдан бери ышкын сатып тирилик өткөрүп атам. Күнүнө 40 даана ышкын сатам. Эң жакшы дегенде 700 сом, болбосо 400-500 табам. Менден башка эч ким иштебегендиктен, бул акча таптакыр жетпейт. Күйөөм майып. Улуу балам да ооруп жатат. Эки уулум студент. Акчабыз жеген тамагыбыздан артпайт. Күйөөмдүн майыптыгына айына 500 сом берилет. Болгон кирешебиз ошол.


Мирбек Алиев, сатуучу, 21 жашта:
- "Кыял" базарында бут кийим сатып иштейм. Бир айда 6000ден 8000 сомго чейин акча табам. Ошондо күнүнө 300-400 сомдон айланат. Дүйнөлүк кризис, экономикалык кыйынчылык деп атышат. Мага эч нерсеси билинген жок, жашоом мурункудай эле.


Айзада, таразачы, 14 жашта:
- Таразага элди тартып иштегениме көп болду. Биз үч биртууганбыз. Улуусу менмин. Күнүгө орто эсеп менен 200-300 сом акча табам. Бир кишинин салмагын аныктоо 2 сом. Көбүнчө орустар тартылышат. Майрамдарда 500 сомго чейин табам.


Динара Акиева, Назгүл Калыева, балмуздак сатуучулар:
- Балмуздак саткандан бир күндө 200-300 сом таап, аны күнүмдүк азык-түлүккө кетиребиз. Улам тапканыбызды улам эле тамакка жок кылабыз. Квартирага да төлөш керек. Жашоо бир кыйла оордоду, эл катарында эптеп оокат өткөрүп келатабыз.


Клара, окуучу кыз, 16 жашта:
- Мектепте окуйм. Сабак бүткөнүнө байланыштуу бир жумадан бери иштеп жатам. Газдалган сууну саткандан түшкөн акча бир күндө 300 сомго чейин барат.


Эрмек, 32 жашта, тачкист:
- Лейлек районунан болом. Бир жылдан бери тачка түртүп иштейм. Жашоо оор. Эртең менен саат 6дан кечки 5ке чейин иштейм. Күнүмдүк тапкан акчам 350-400 сом болот. Бул менин үйбүлөмө кенен жетпейт.


Майрам апа, төлгөчү, 83 жашта:
- Төлгөчүлүк менен он жылдан бери иштейм. Улутум болгар. Бир күндө кудайдын берген 200-300 сомун табам. Балдарым Россияда жашашат. Эч кимге жамандыгым жок, акчаны ак эмгегим менен таап жатам.


Алымгазы, таксист, 47 жашта:
- Таксист болуп иштегениме эки жыл болду. Мурда мугалим элем, айлыктын аздыгынан таштап салгам. Эртең менен чыгып, 3-4 жолу таксовать этем. Күнүмдүк тапкан акчам орто эсеп менен 300-350 сом болот. Ал тамак-аштан ашпайт. Кээде таптакыр акча таппай калабыз. Төрт балам бар, эң кичүү кызым быйыл мектепти бүтөт. Жогорку окуу жайында окутуу да кыйын, мугалимдер акча сурайт, акчасыз окуу болбой калды. Баардык жерде жашоо татаал азыр. Мамлекеттин башында тургандар болсо элге жакшы көңүл бөлбөй, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары менен алек болуп жатышат.


Кундуз, соодагер:
- Токмоктон болом. Майда-чүйдө менен сатуучулук кылганыма 14 күн болду. Мурда айылда ашпозчу болуп иштечүмүн. Азыр үй-бүлөм менен бул жактамын. Тапканым кара курсактан артпайт. Орто эсеп менен 500 сом табам.


Акмарал, суусундук сатуучу, 17 жашта:
- "Тан", "Шоро" сатып иштейм. Айлыгым 4 миң сом. Мектепти 9-класска чейин окуп, бул жакка келгем. Ата-энем да бул жакта. Үч бир тууганбыз. Алган айлыгымды эсептегенде, бир күнгө 150 сомдон туура келет. Бул акчаны жеке өзүмө гана жумшасам, жетет.


Сатыбалды, жарчы:
- Мен элди таксиге түшүүгө үндөп иштегениме көп болду. Бул үчүн таксисттер мага акча төлөп беришет. Кирешем кардарга жараша болот. Айына 2500-3000 сом табам. Күнүнө канча болот эсептеп көргүлө. Башка жакка кетейин десем, жумуш жок. Азыр элдин көпчүлүгү жумушсуз, атургай, таксиге да аз түшүп калышты. Бишкектен Сокулукка каттаган маршруткалар мурда күнүнө төрт жолу барып келчү. Азыр эки жолу барса барат, барбаса жок.


Назгүл, 23 жашта:
- Жүгөрү кууруп, бадырак сатканыма үч айдын жүзү болду. Азыр сатып алуучулардын да саны азайды. Күнүгө 150, жакшы болуп калса 200 сомго чейин табам. Квартирага 1000 сом төлөйм. Анан кечке эле иштей бербейсиң да, эки жакка чыгасың. Айтор, өп-чап турмуш.




Токтораалы Талканбаев
Карылык

Жаңы заман келгенде,
Теңдик күчү дегенде,
Карылык келди маңдайга
Эрк кедейге бергенде.

Карылык каршы жолукту,
Жоготтум жаштык доорукту.
Кызыктуу өмүр өткөнчө
Тилеймин денге соолукту.

Өтүп барат жаштыгым,
Оболеки мастыгым.
Тамашаны кылдырбай,
Карылык кылды кастыгын.

Турамын тизе таянып,
Эки жакты каранып.
Кайран өмүр, күлгүн жаш
Өтүп барат саналып.

Турамын нерсе сүйөнүп,
Басалбаймын күймөнүп.
Бактылуу заман бу кезек,
Өтүп барат түрлөнүп.

Бара жатам картайып,
Дене-бойдон ал тайып.
Олтура албай бел ооруп,
Жатчу болдум жантайып.

Отуз эки тиш кетти,
Тиштен өткүр мис кетти.
Каршы келип карылык,
Колдон кылар иш кетти.

Тамашадан картайып,
Жатыркаган кезегим.
Таштуу жерди басалбай,
Ташыркаган кезегим.

Ар иш кылдым жаш кезде,
Балалыктан мас кезде.
Эске түшөт жаштыгым,
Бойдо кубат аз кезде.

Он беш жашым гүл эле,
Жыйырма жашым түр эле.
Отуз жашым, жолдоштор,
Канаттын күчү мүр эле.

Кырк жашымда кыр аштым,
Ыраактады сырдашым.
Көзүмө жакшы көрүнөт,
Теңтуш-курбу жылдашым.

Элүүдө жаштык эңседим,
Тиледим жандын эсенин.
Өттүбү деп жигиттик,
Айтып тилим безедим.

Алтымышка жаш чыкты,
Карылык кылды кастыкты.
Жетимишке тап коюп,
Унуттук го мастыкты.

Өтөр кызык барыңдан,
Эшит сөздү карыңдан.
Карылык башка келген соң,
Жаштар качар жаныңдан.














Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_6.htm on line 149

Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_6.htm on line 149

Warning: include(): Failed opening '0526' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_6.htm on line 149










??.??