"Көк Асаба", 26.05.09 - 7-бет: Кыргыз обону
Кенжебек Алдаяр
Кыргыз ыр жандуу эл. Эбегейсиз, ай-жылдап айтылса түгөнбөгөн улуу Манас ыр түрмөгүн жараткан, муундан муунга айтып келаткан, ырдап турган өлбөс дүйнө. Жер бетинде бир дагы улут теңдеше алгыс Жан Казынасынын эшигин ачкан.

Боогачы


Жан дүйнөбүздө, сезимибизде турган кыргыз күүлөрүнүн баркын, баасын билбей, көп учурда адашып жүргөндөй, теңдешсиз, кайталангыс кыргыз обонунун, кыргыз обончуларынын бийиктигине, анын жан ааламга саякат учурган, назик, тунук, чебер, укмуш кайруу обондорун акыл калчап баа бере албай келебиз. Бала кезимен "Манас" окуясын, кыргыз күү дастандарын угуп-окуп чоңойгондуктан, Муса Баетовдун "Алма алам" чыгармасы жана кийинки аккордеон тарткан обончулардын чыгармачылыгы анчейин көңүлүмө отурчу эмес. Ал эмес Рыспай Абдыкадыровдун обондорун чыдап уга алчу эмесмин. Рыспайдын обондорун жанындай жакшы көргөн менден он-он беш жаш улуу агаларыма ошо да ырбы, андан көрө күү укпайсыңарбы деп койсом, кысталыш абалда калышып, "күүгө сөз жетпейт, ага макулбуз, бирок Рыспай деле биздей карапайымдар үчүн жакшы" деп сөз кайрышчу.
Ал кезде жаңы гана күү чыгарып, күү десе от болуп күйүп-жанып, башка эч нерсени билгиси, уккусу келбеген атактуу төкмө Ашыраалы агам айткандай: "Комузга, күүгө сөз тийгизген кишиге Кенжебек бирди көргөзөт" дегендей эле болчумун. Андан бери нечен ондогон жылдар өтүп, кечээ болсо Ашыкебиз арабыздан бөлүнүп, мен кырчын жашымда жолуккан агалар улгайган жашка карап, а мен көз ачып-жумганча алардын ошо кездеги жашын ээлегениме ишенип- ишенбейм. Мына ошол жылдардан бери көп кыргыз тааныбаган төкмө Тууганбай Абдиев да кош айтышып кайгыртып, ал эми бүт кыргыз тааныган орустун атактуу ырчыларынын ырлары эскирип, обондорун эч ким укпай калса дагы, өзүлөрү жылдан жылга жашарууда. Эстраданы искусство же культура деп ойлогон орустардай дүйнөдө эл жок. Ырчы, композиторлорунун оголе көп ырларынын сөзү, ыры, мааниси, мазмунунан эч бир адам аздектегидей сезимди, мелодиканы, кооз кайрууну издеп таппайсың. Ошон үчүн алардын өнөр чыгармалары тез соолуп, эч кандай жемиш жарата алышпайт. Ал эми тоодон эле түшпөгөн Керим Жакшылыковдун, Нарындан чыкпаган Жумамүдүн Шералиевдин, анан бир барак сый кагазга татыбаган Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев баштаган өткөн жылдардагы көзү өткөн обончу, ырчы, чыгармачыл инсандардын өздөрү жок болсо да, алардын чыгармалары улам жаңы толгоодо, кайрууда, үндө, аспаптарда жан эриткен өзүнчө эле обон чыгармасына айланып, кыргызга эле таанылбай дүйнө кезип, атагы, кыргыз обонунун даңкы, доошу алыска тарап, кыргыз Жан Азыгынын бир бөлүгү болуп өз ордун тапты. Японбу, англичанбы, немис, француз, кимисин болбосун суктандырган, тамшандырган, таңгалдырган кыргыз обонунун дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөчө даражасы, салмактуу бийиктиги бар.
Ырдын обонго айлануусун элестетсек, жезди алтынга айландыргандай эле көрүнүш. Көп убакта ыр ыр бойдон эле ошо сөзүндө жазылган ойдун, маңыздын арасында эле кала берет. Дүйнөдө канчалаган эл, улут бар, алардын кызыктуу ырлары, хорлору түркүн түстө ырдап-чоордошот. Кыргыздыкындай обондору жокко эсе же чанда чыгат. Бул балким кадимки кыргыз элинин төкмө өнөрүндөй сейрек болуучу Кудай берген өзгөчөлүгүдүр. Биз айтып жаткан обон деген түшүнүк - ыр кайрыктарынан бөлүнүп, өз алдынча, өз бетинче, ырдан, сөздөн өткөн чыгармага айланып, же обондун күүгө окшош, күүгө жакын деген мааниси. Обон кайруулары деп терең жаңырган, чоң сезим тартуулаган чыгарманы айтууга болот. Кыргыз дастандары "Саринжи Бөкөй", "Карагул Ботом", "Аксаткын менен Кулмырза", "Кожожаш", кадимки чоң дастандар "Жаныш-Байыш", "Курманбек" эпостору таңгалыштуу бийик, Жан ааламга чабыт салдырган обон-кайрыктар менен айтылып, ырдалып келе жатат. Кыргыздын кадимки жез таңдай ырчылары Муса Баетов, Мыскал Өмүркановалардын аткаруусундагы обондорду угуп, кимдер гана муңканып тамшанбайт. Ал эми Иосиф Сталин он беш республиканын өнөр делегаттарынын ичинен Мусакеңе басып келип, "Тоо булбулу экенсиң" деп кыргыз өнөрүнө арбалган. Эгер аттанып чыгып артынан түшүп жазса, түгөнбөс тоодой сырлар кыргыз обонунда изилденбеген, айтылбаган, жазылбаган, билинбеген боюнча калып жатат. Айрыкча, элдик ырлар, элдик обондор. Алардын жаралыш тарыхын эле жазып койсо, ал жерде канча тагдыр, канча окуя, канча жашоо жатат. Элдик ырларды ыр кылып обого чыгарган алтын үндүү, көмөкөй дооштуу ырчылар суюлуп жок болуп бара жаткандай. Кыргыз обону эч көөнөрбөгөн улуу залкар дүйнө, анын ырдалбай калышы жаман. Утурумдук жылдыздыкка, күнүмдүк кызыкчылыкка берилип, жан сезимибизге мүрөк суусун тамызган обондорубузду унуткаруу, билбей, тааныбай, көрбөй, аңдабай жүрө берүү - төрөлбөй эле өлгөнгө барабар.
Арстанбек, Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул, Муса, Калык, Осмонкул, Барпы, Боогачы, Калмурат, Атай, Муса, Мыскал, Бектемир, Токтосун баштаган залкар обончулардын аттары аталбай, алардын чыгармалары элге кеңири жайылбай жатканы - биздин жан дүйнөбүздү тааныбаган чыккынчылыгыбыздын белгиси.




"Манас" - рух гүлазыгы

Сүрөтчү, промграфик-дизайнер
Майрамкул Мусабай уулу


(Уландысы. Башы №4 (13.05.09) санда)


Суу атасы Сулайман
Жерааламдын башаты
Асилинде суу болот.
Суу теңири колдосо,
Эли-журтка бак конот.
Келкели келип улустун
Малынганы май болот.
Каарына алса Сулайман
(А да түбү Кудайдан!)
Кыяндатып суу төгөт,
Жердин бетин бүт көмөт.
Топонуңду тоз кылат,
Эсирип көпкөн пендеге
Эстен кеткис иш кылат!..

Тең
Дүйнө ааламды каптаган
Эгиз күчтүн эни ушул.
Түбөлүктү как жара,
Чимирилткен тең ушул.
Бүтүн барлык тизчөгүп,
Кут уюуган жер ушул.

Умай эне
Улустун умай энеси -
Очок-оттун эгеси.
Аалам музун эриткен
Жылуулуктун энеси.
Адам кылган адамды!
Сулуулуктун энеси.
Жерааламда түгөнбөс
Тирүүлүктүн энеси.

Теңир уулу эр Манас
Тегиз кыйрап кетерде,
Теңир сүйгөн кыргыздын
Тилегинен жаралган!
Тегереткен ааламды,
Теңиримдин улуу Күн,
Илебинен жаралган!
Жердин, көктүн солк этпес,
Тирегинен жаралган -
Теңир уулу эр Манас

Семетей
Манастын уулу эр Семең -
Атадан арта туулган
Ааламды каптап сел келсе,
Кенебеген эр немең
Түптүү кыргыз журтунун
Көкөлөгөн Буудайык
Тууру болгон Семетей.
Азартүмөн жоо келсе,
Аккалпак кыргыз элинин
Туусу болгон Семетей.

Хан Теңири
Хан билиги башында
Каган Теңир турат дейт…
Адилдиктен тайганды,
Журтту бузган жалганды,
Каары анын урат дейт.

(Тексттерин жазган - Мамат Болот)