Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Улуттук күч оюн

"Кулатуу" федерациясынын вице-президенти Адамалы ОСМОНАЛИЕВ:
"Кулатуу күрөшү каратэден кем эмес"
6.Жылаан. Жылаан образына кирип, өнөгүн арбап, жалтанбай тик качырып, атаандашынын талуу жерлерине тийип-түртүп кулатат. Жылаан стилинде кармашып, күрөшүп, чалып жыгып, күрөштүн ыкмаларын колдонуп көтөрүп чаап жыгып, оорутуу жана муунтуу ыкмаларын колдонууга жол берет.
Кулатуу күрөшүнүн мелдешинде эсептер, упайлар , эрежелер чет тилдерде эмес, нака кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда орутуу же мунтуу ыкмасын колдонгон же арбын упай топтогон балбанга жеңиш берилет.

Куштай кыраакы, кабыландай шамдагай!
Бул күч оюн менен машыгуунун адам баласынын ден-соолугуна тийгизген касиети зор. Анын пайдасы - адамдын кулк-мүнөзү, жүрүш-турушу, рухий ич дүйнөсүнө да таасир берип, боорукердик сезимди, достук сезимди, атаандашын урматтоону тарбиялайт. Ыйман, калыстык канында негизделип, алсыздарды коргоп, улууну улуудай сыйлап, кичүүнү кичүүдөй урматтап, адилеттүүлүктү туу тутушат. Кулатуу өнөрү куштай кыраакылыкка, кылычтай өткүрлүккө, кабыландай шамдагайлыкка, туруктуулукка , адилеттүүлүккө үндөйт.
Эң биринчи кулатуу күрөшү боюнча мелдеш 1985-жылы Токмок шаарында жабык түрдө өткөн. 1991-жылдан бери райондук, облустук, республикалык биринчиликке мелдештер болуп келе жатат. 1996-жылы Сокулук районунда болгон. Кыргызстандын биринчилик мелдешинде Кыргыз Республикасынын "Кулатуу" федерациясынын мүчөлөрү менен кеңешип, кулатуу күрөшүнүн Түртүшүү эрежесине күрөш ыкмаларын киргизип, муунтуу жана оорутуу ыкмаларына уруксат бердик. Азыр алар Мушташ жана Эр-Таймаш версиясында пайдаланылып, колдонулуп келет. Ал эми муштум менен уруп-тебүү ыкмаларын колдонгон мелдештер ушул эле версияда 2001-жылдан баштап өтүп келатат.
1997-жылы Дене тарбия институтунда "Кулатуу" бөлүмүн ачтык. Анын программасы түзүлүп, сабактары өтүп турат. Мурда контракт түрүндө болсо, эки жылдан бери бюджетке өткөн. Балдар окуп, кулатууну өздөштүрүүдө. 12 жылдан бери адистерди чыгаруудабыз. Республиканын ар тарабында "Кулатуу" федерациясынын бөлүмдөрү бар.
2000-жылдан тартып кулатуучулар панкратион күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчилик мелдештерине катышып, өз салмактарында чемпиондук наамга жетишип, Кыргызстандын желегин бийик желбиретишти. Алар: Кубат Букабаев (2000-жыл, Астана шаары), Данияр Аргалиев (2001-жыл), Бектур Кыдырмаев (2002-жыл), Камиля Ташкеева (2002-ж.), Эмиль Токтогонов (2004, 2005, 2006-ж.ж.) Улан Шерматов (2005, 2006-ж.).
1991-жылы кулатуу күрөшүнүн Талас облустук федерациясы ачылган, президенти - Жаныбек Козубекович Орозалиев; 1992-жылы "Жекеме жеке" профессионалдар лигасы Сокулукта түзүлгөн, президенти - Таалайбек Тукешович Алишев; Сокулук райондук "Кулатуу" спорт клубунун жетекчиси - Рашид Алымбаевич Ташкеев; 1993-жылы Токмок шаардык федерациясы-нын президенттигине Кылыбек Кызалакович Сагыналиев дайындалган; Балыкчы шаардык федерациясынын президенти - Таалайбек Аскарбекович Сартбаев; 1997-жылы Ысык-Көл облустук федерациясы түптөлүп, президенти Рыспек Касымжанович Төрөгелдиев болгон; 2003-жылы Нарын облустук федерациясы түзүлүп, президенттигине Актан Асылчиевич Ажымамбетов бекитилген. 2008-жылы Кыргыз республикасынын түштүк аймагы боюнча кулатуу күрөшүнүн федерациясынын президенти болуп Ишенбай Орозбекович Шабданов, Жалал-Абад облустук федерациясынын президенти болуп Искендер Акимбаевич Анарбаев дайындалган. Азыркы убакта Балыкчы шаарынын кулатуу күрөшүнүн командасын Раимбек Ибраев машыктырып келет.
Европага сапар
Европада кулатууга кызыккан кишилер көп. Себеби алар биздин күрөштүн кыймылдарынын кооздугуна, ден соолукка пайдалуулугуна, уруп-согуп күч келтирбеген гумандуулугуна кызыгышты. "Бизге үйрөткүлө, биз да машыгабыз" деп, азыр Канадага чакырып жатышат. Мына жакында, июль айында бир жумага жөнөйбүз. Ал жактан семинар өткөрүп, кулатуунун эрежелерин көрсөтөбүз. Учурда ушуга даярдануудабыз. Биздин балдар кулатуудан бөлөк каратэ, кикбоксинг, панкратион, таэквондо менен машыгышып, эл аралык жеңиштерге ээ болуп жүрүшөт.
2007-жылдын аягында Канадада "Канада Кулатуу Федерациясы" ачылып, төрагалыкка Майк Мартелл дайындалды. Жакында эле Канада кулатуу федерациясынын төрагасы Марк Мартеллден кат алып, башка өлкөлөрдүн Чыгыш күрөш түрлөрүнүн мүчөлөрү Канададагы кулатуу федерациясына мүчө болуп кирүүсүнө макулдугун беришкенин билип, чоң кубанычта болуп отурабыз. Алар:
Америка, Канада-США, Африка, Египет, Уганда, Бангладеш, Неопал, Швейцария, Германия, Россия, Дагестан, Өзбекстан, Болгария, Сербия, Англия, Ирак. Чыгыш спортунун катарында кулатууну билип-таанып калышкандары албетте сүйүнүчтүү. Спутник телевидениесиндеги чет элдик каналдан панкратион боюнча дүйнө чемпиондору, биздин кыздар Антонина жана Валентина Шевченколор чыкканда, аларды кулатуунун чемпиондору экендиктерин жар кылышкан.
Ишеним кулабасын!
Былтыр, 2008-жылдын 12-апрелинен 19-апрелине чейин Тайландда, Банкок шаарында Чыгыш күрөш түрлөрүнүн жана мушташ искусствосунун үчүнчү эл аралык фестивалы өткөзүлгөн. Биздин кулатуу күрөшүнүн атынан Ысык-Көл облустук "Кулатуу" федерациясынын жетекчиси Рысбек Төрөгелдиев жалгыз барып катышып, панкратион күрөшү боюнча 2-орунга, кик-боксинг күрөшү боюнча 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын желегин бүт дүйнө жүзүнүн өкүлдөрүнүн астында желбиретти. Кыргыз кулатуу күрөшүнүн кулачы кең жайылып, Кудай буйруса эл аралык олимпиадалык спорттун түрүнө айланарына, Кыргызстандын Гимни дүйнө жүзүнө жаңырарына ишенем!
Бул убакка чейин каражат жагынан кыйналып, өкмөттөн, башкалардан жардам алгандан тышкары өзүбүз колубуздан келген акчабызды салып келдик. Быйыл эми чемпионатка ЖК депутаты Александр Воинов жардам берүүгө убада берди. Өзү спорттун кишиси болгондон кийин, биздин абалыбызды жакшы түшүнүп турат. Ысык-Көлдө балдар үчүн бир айлык сбор уюштуруу үчүн да мүмкүнчүлүк түзүп, каржылап жатат. Биздин федерациянын атынан А.Воиновго, кулатуу күрөшүнө көмөк көрсөтүшкөн Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт Академиясынын жетекчилигине, Кыргыз мамлекеттик спорт комитетинин жетекчилигине, Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчилигине чоң ыраазычылык билдирип кетким келет.









Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_8.htm on line 37

Warning: include(0526): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_8.htm on line 37

Warning: include(): Failed opening '0526' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kqk/09/0526_8.htm on line 37










??.??