"Көк Асаба", 26.05.09 - 9-бет:
  Акыркы коңгуроо

Ар бир жылдын ушул мезгилинин май айында улам бир муун өзүнүн балалыгына кайрылып, качандыр бир кезде жаман менен жакшыны, ак менен караны айрый албаган, чоң турмушта эмне күтүп турганын аңдабай өткөргөн окуучулук күндөрүн эскерип, айыл жытын бирге искеген, мектеп күндөрүн чогуу өткөргөн классташтары менен 10 жылдык, 20 жылдык, 30, 40 жылдыктарга чогулушуп, көкүрөктөн өчпөгөн, элестен сүртүлбөгөн күндөрүнө сүңгүшөт.
Бүгүн биз искусство таануу илимдеринин кандидаты, "Кыргыз салттуу музыкасы" фондунун жетекчиси Роза АМАНОВА менен анын 20 жылдык майрамынан кеп салып, классташтарынын, балалыгынын тегерегинде маек курдук.

Жылдыздай учкан 20 жыл…
- Турмуштан өз ордун тапкан, элине таанылган айым мындан 20 жыл мурун, дал ушул күнү мектепти бүтүп жатып кийинкисине кандай көз чаптырды экен?
- Жылуу сөзүңүзгө чоң рахмат. Бир өзгөчөлүктү айта кетейин, мен сегизинчи классты бүтүргөндөн кийин эле, 1987-жылы борборубуздагы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип киргем. Ошол себептен бүтүрүүчү катары ийги сезимдерди, мамлекеттик экзамендердеги толкундануу, бүтүрүү кечесиндеги коштошуу сезимдерин сезген жокмун. Бирок, турмуш жолу, билим алуу багытын өз классташтарымдан эрте баштадым десем туура болор. Ата-энемдин канатынын калкалоосунан эрте чыгып, ач болуп, ток болуп студенттик кыйынчылыктарды эрте жашымдан тарттым, анткени ал убакта шаарда жашаган тууган-урук деген жок эле.
20 жыл деген аралык бир топ эле убакыт. Ушул аралыкта турмушта өз ордун тапкан кыргыздын таанымал улан-кыздарынын арасында 1989-жылы Токтогул районунун Ю.Гагарин атындагы орто мектебин бүтүргөн менин классташтарым да бар экени кубантарлык. Бүгүн силерге маек куруп олтуруп, чын дилимден классташтарымды куттуктап кетким келет.
- Алар менен ушунча убакыттан кийин жолугуу алдында эмне ойлор келип жатат?
- Чынында, уюштуруу тобу алгач кабарлаганда ар кандай сезимдерге бөлөндүм. Баягы чачына ак бантик байлаган кыздардын эне болуп, жар болуп өзгөргөнүн, тентек балдардын ата болуп, үй түркүгү катары эле эмес, элдин жүгүн аркалаган жигиттерден болгонун көрүү, 22 жылдан бери көрбөгөн классташтарың менен жолугушуу кубанаарлык деп ойлойм.
- Барсамбы-барбасамбы деген жоксузбу?
- Алдынала пландалган иштерге байланыштуу барбайм деп ойлогом. Себеби, дал ушул күндөрү, 22-майдан 26-майга чейин Азербайжандын борбору Бакудагы Салттуу музыкага арналган "Мугамное искусство ХХI века" деген эл аралык илимий-практикалык конференцияга жөнөмөкмүн. Бирок, атайын 20 жылдыкты өткөрүүгө биздин классташ балдар чоң ниет коюп жаткандан кийин, төркүнгө бара жаткан кыздай эле кубаныч менен чакырууну кабыл алып, үй-бүлөөм менен бара жатам.
- Мектепке эң алгач барган күнүңүздөн кеп салсаңыз?
- Атам Аманов Асан катуу оорудан каза болгондон кийин эле үйүбүз ээнсиреп калды. Мен анда 6 жашта элем. Анан мектепке ары-бери өткөн окуучуларды карап эле, "мектепке барам" деп апамды кыйнай баштадым. Ал убакта 7 жаштан гана баштап алышчу. Айласы кеткен апам мектептин директору Рахат Ормонова менен сүйлөштү. Ал "кызыңыз жаш экен, кийин жогорку класстан чөп чабыкка барганда кыйналат" дегенине болбой эле апам өтүнүп туруп алды. Мектепке ошентип киргем. Ушундай майрам күнү, эң биринчи мугалимим болуп калган Осмонова Токтосун эжени эстеп, мен үчүн анын эмгеги өзгөчө экенин баса белгилегим келет. Ага ден-соолук каалоо менен бирге, балдарды окутууга арнаган өмүрүн жалаң жакшылыктар гана коштоп жүрүүсүнө тилектешмин. Ал эми мектептин ошондогу директору Рахат Ормоновага жүрөгүмдөгү сый-урматымды жашыргым келбейт. Рахат эженин табияттан тартууланган сулуулугу, турпаты кандай суктантса, кийин анын зор адамгерчилигине күбө болуум ого бетер эжеге болгон урматымды арттырды.
- Кичинеңизде сизди кандай тарбиялашкан?
- Айылда өскөн ар бир кыргыз баласы ата-эненин колун узартаары маалым. Жаштайыбыздан отун десе отун терип, чөп десе чөп ташыган кадимки карапайым кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам. Апам ыраматылык көңүлүнө туура келбей турган жумуш кылганымда "Өркөнүң өскүр", "Жолуң болгур" деп тилдечү эле…
- Турмуштун сабактарын үйрөнүүдө, анын ак-карасын, өйдө-төмөнүн ылгоодо сизге насаатчы болгон, кеңеш берген адам ким эле?
- Биринчи насаатчым апам болгон. "Көптүн бири катары эмес, адам катары жаша" деп көп айтаар эле. А киши согуш жылдарындагы оор тагдырды башынан өткөргөнүн, үч класс гана билим алып, латын тамгасы менен окуганын дайым узун сабак кеп кылып, билим дегенге өзгөчө мамиле кылчу. Ошол себептен билим алуу менин бирден бир тилегим да, максатым да болгон.
- "Убакыттан уттур-ганың - ырыскыдан кур калганың" дейт кыргызда. Ушул өткөн 20 жылдык убакытты сиз билип пайдаландыңызбы, же билбей пайдалан-дыңызбы?
- Чындыгында убакытты атайын болжоп пайдаланганды ойлогон деле жокмун, атүгүл мектепти аяктаганыбызга 20 жыл болгонуна классташтарым кабарлагандан кийин гана өзгөчө көңүл бурдум десем туура болор. Себеби, кечээ эле мектепти бүткөндөй сезимдемин, мезгил жана убакыт гана далилдеп коет турбайбы. Дагы бир айта кетчү сөз, биз болжоп пландаган иш-аракеттер деле сааты келгенде чечилери талашсыз. Андыктан, үй-бүлөөбүздүн амандыгын, балдарыбыздын ыйманын жана саламаттыгын тилөө менен бирге, алдыга койгон максаттардын ишке ашуусуна умтулалы.
- Азыркы мезгилде сиздин жүрөгүңүздү ооруткан көрүнүштөр кайсы?
- Ааламдашуу заманында адамдык асыл сапаттар тебеленип, материалдык байлык алдыңкы планга чыгып, адамдардын руханий жан дүйнөсүнүн жардыланышы келечекте кыргыздын байрагын көтөрөр кыргыз урпактарына кандай таасир берер экен деп түйшөлөм. "Эң башкысы, пейилиңди оңдо" дегендей, эзелтен кең пейил кыргыздын амандыгын, эсендигин тилейли, ак кар жамынган Ала-Тообуз үч кыл комузубуз кайрыган улуу кайрыктардын добушунда кылымдардын кыйырын бассын демекчимин. Жараткан жакшылыгын аябасын дегим келет.
Маектешкен
Кымбат ЖОЛДОШЕВА