"Көк Асаба", 02.06.09 - 14-бет:
  Сандан санга

Кылычбек ИСАЕВ
Кызгалдактуу талаадагы күйүт
Бой жеткен уулуна апасы экөөнүн сүйүү баянын, аягы эмне үчүн аянычтуу аяктаганын айтып берер алдында Эркин оор үшкүрүнүп алды. Анан сөздү алыстан баштады.
- Мен өзүмдүн ким экенимди, кайсы жерде кимдер менен жашап жүргөнүмдү 6-7 жашымда гана түшүнө баштадым. Жайнаган балдар-кыздар арасында чоңойуп, арабыздан кээде бир-эки баладан кетип, одуна башка жаңы балдар келип турчу. "Жетим", "жетимдер үйү" дегенди, мен ата-энеси жок бала экенимди, ата-эне эркелетет, бала эреркейт, үй-бүлө деген нерсе болот дегенди жети жашымда даана түшүнүп, ошондо жүрөгүм бир болк этип, кайгы тарттым. Ага чейин балдар арасында эң жакын Самат аттуу досум болуп, экөөбүз жанаша керебетте жатып, чогуу ойноп, чогуу жүргөндө дүйнөбүз түгөл эле. Бара-бара көп нерсени ойлонуп, экөөбүз жашоодон маңыз издеп, 12 жашыбызда жетимканадан качып чыктык. Азыркы Бишкек, ал убактагы Фрунзенин Ош базарында курсактын камын көрүп бирөөлөрдү тонодук, токмоктодук, өзүбүз токмок жедик. Кимибиз эмне тамак тапсак, экинчибизге көтөрүп келчүбүз. Жертөлөлөрдө, жылуу кудуктарда бири-бирибизге ыкташып жатып жүрдүк.
Мен ошол кезде музыка жагына шыктуу болуп, аспаптарда ойночумун, Самат болсо чымыр денелүү, менден бою узун келип, өтө намыскөй да, тамашөкөй да мүнөзү бар эле. Ал эми өңү-түсүбүз эмнегедир бири-бирибизге окшошуп кетчү…
???
Ошентип жүрүп чоңойушту. Саматтын иштеген иши контролер. Россия, Казакстан ж.б. жактан келген товар ташыган поезддерден акча жыйнайт. Анын куудуң-шудуң мүнөзүн кардарлары жакшы билишет, бирдемеден бирдеме өндүрүп, чөнтөгүнөн дегеле акча кем болбойт. Эркин болсо ресторанга ырдап иштеген күндөн тарта эл оозуна алына баштап, кай бири анын мукам үнүн, ырларын угуш үчүн гана ресторанга келишчү. Кожоюну болсо аны жоготуп албайын деп, акчаны жакшы төлөйт. Эркин кокус келбей калган убакта ресторанга келгендер нааразы болуп, кызматчылар ырчыны таап чакырып келгенге аракет кылышчу.
…Музыка жаңырып, айлана жарк-журк этип, эл алдында жашы жыйырмадан ашкан, кашы кара, мурду кырдач, бир караган кишини жылдызы менен өзүнө тарткан жигит ырдап-бийлеп жатты. Алдыңкы орундуктагы столдо төрт кыздын ортосунда жайдары олтурган бою узун жигит колундагы бокалын өйдө көтөрүп, ырдап жаткан Эркинди кыйкырып коштоп, ышкырып атты. Ырчы жигит музыка бүткөндөн кийин аларды көздөй басып келип, досунун колундагы бокалды алып ичимдикти тартып жиберди дагы, кыздарга бир сыйра көз чаптырып койду.
- Бул Эрик, менин эң жакын досум, - деп тааныштырды Самат. Анан кыздар ысымдарын айтканча эле, "кое тургула, таанышканга үлгүрөбүз" деп, сахнаны көздөй бет алып кетип калды.
- Ой, бул эмнеси, биз досуңа жакпай калдыкпы, Самат, - дешти кыздар кылыктанып. Кызып калган Самат:
- Эрикке бирөө бирдеме деп көрсүнчү, көргүлүктү көрсөтөйүн, - деп ак винодон дагы жутуп жиберди.
Анан Эркиндин сыртка кетип баратканын көрүп, аркасынан жөнөдү.
- Эрик, чачадың го, бул "чымчыктарды" ала кетпейлиби, - деди ал кыздар тарапты көздөй кол жаңсап.
- Кааласаң өзүң эс ала бер, Самат, мен үйгө кете берейинчи, - деп таксилер тарапка бет алды.
Самат ресторанга кайра келип:
- Кыздарики, столго төлөнгөн, силер менен көңүл ачуум ушуну менен аяктайт, көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат, - деп бурулуп, "кала турбайсыңбы, Сам" деп чоюла сүйлөгөндөрүнө көңүл бурбай, элдин көзүнчө кыйшаңдап бийлеп басып кетти.
Сыртта Эркин аны күтүп турган экен:
- Сени алар менен калбашыңды билгем, - деди ал. Экөө тамеки күйгүзүшүп чегишти да, таксиге түшүп квартирасына жөнөштү. Ресторандан тамактанган алар үйгө келгенде суусундук ичип гана тим болушуп, телевизор көрүмүш этип олтурушту.
- Сен сыркоолоп жүрөсүңбү, Эрик? - деди Самат үн катпай отурган Эркинди карап.
- Жок.
- Акыркы күндөрү сузсуң…
- Билесиңби, мен окшош күндөрдөн тажап кеттим көрүнөт, бир жакка барып эс алып келиш керепи деп жатам.
- Ээ, досум, дартыңдын дабасын мен билем. Сен үйлөнүшүң керек. Бир жакшы кыз менен таанышып туруп сүйүп калчы, анан үйлөнчү, анан көрөйүн турмушуңдун өзгөрбөгөнүн.
- Өзүңчү, өзүң качан үйлөнөсүң?
- Мен азыр үйлөнүп алсам далай кыздардын шору да, аларга ким барып турат, көңүлдөрүн ким ачат. Мен жалаң ошолордун тагдырын ойлоп жатпаймбы, - деди кыз жандуу Самат шуулдай сүйлөп. Экөө каткырып калышты.
"Кой, жаттык эй, кеч болуп кетти. Эртең эрте туруш керек" деп Эркин төркү бөлмөгө кирип кетти. Бул экөөнүн жатуучу бөлмөсүн көргөндөр бир аз жаман ойго кете турган. Себеби, жетимканада бала кездеринен чогуу жатып чоңойгон экөө дале чогуу жатып, бул нерсе аларга өөн учурабайт. Атанын, эненин мээримин көрбөгөн достор бири-бирине тирек болуп, кудай аларды жамандыгы менен ажыратпаса экен деп келишет.
Эртеси эртең менен Эркин Саматка кайрылды:
- Самат, бүгүн ишиңе кечирээк барсаң эмне болот?
- Ой, мен каалаган убагымда барам, эмне болду?
- Кечээ ресторанга "Ала-Арча" туристтик базасынын директору келген эле. Мени менен таанышып, убакыт таап мейман болуп кет деп бүгүнкүгө чакырган, барып келсек кантет?
- Ээ-эй ошо да кеп бекен, барабыз, машина таап келе коеюн, сен күтө тур! - деген Саматтын көңүлү ачыла түштү.
- Тез келгенге аракет кыл.
- Макул-макул, досум… Эки кыз алып алайынбы?
- Жок, Самат, ал жакта сый кишилер бар да, экөөбүз эле барабыз.
- Сүйлөштүк, - деди анын сөзүн эки кылбаган Самат.
…Шаардан чыгып, музыканын үнүн катуулата коюп, экөө Ала-Арча капчыгайы тарапка Самат таап келген машине менен кетип баратышты. Көз жоосун алган талаадан өтүп баратканда "карасаң, Самат, карасаң" деди Эркин. Рулду кармаган калыбында шалактай бийлеген Саматка алгач Эркиндин үнү музыкадан улам угулбай, эмне деп жатканын түшүнгөн жок. Ал болсо башын машиненин айнегинен чыгарып, "токтот, токтот" деп атты.
Катуу бараткан машинени дароо токтоткон досу чочуп кетти:
- Эмне болуп кетти, эми?!
Эркин кызгалдактуу талаанын кап ортосунда бараткан кызды колу менен көрсөттү:
- Самат, тээтиги кызды жеткирип койбойлубу, кызык, эмне үчүн жалгыз баратат, анан да талаанын дал ортосунда… - Эркиндин үнү аягында жай чыгып, көзүн ал жактан албай дел болду.
- Жүрү дос, барса баралы, таанышса таанышалы, жеткирсе жеткирели, сулуу дагы окшойт, - деди адатынча шуулдаган Самат.
"Гүлдүү талаада, өзү жалгыз, кызык…" деп дагы сүйлөнүп алды өзүнчө Эркин. Экөө май айынын кызгалдактуу талаасын аралап, кыздын алдын торой басышты.
- Самат, мен бул кыз менен тааныша электе эле кызык сезимде болуп жатам, - деди Эркин.
- Э-эй, биз мейманга баратабыз, ойгон, түш көрүп аткандай сүйлөнөсүң да, - деди Самат досунун бараткан жолунан айнып кетишинен коркуп.
- Кадырыңыз жан болсун, сулуу кыз, - деп алгач сөздү Эркин баштады.
Бийкеч ал тарапты карап жылмайып койду да, рахмат деген боюнча жолун улантты. Анын көз карашынан, жылмайуусунан, татынакай жүзүнөн Эркиндин жүрөгү катуу согуп чыкты. Демейде тилинен чаң чыккан Саматтан да үн чыкпай калды. Анан Эркиндин нукуганынан улам:
- Чоң кыз, бул талаада жалгыз эмне кылып жүрөсүз, бир нерсе жоготсоңуз мен таап берейин, - деди ал. Кыз унчукпай кете берди.
- Бизде машине бар, мүмкүн барчу жериңизге жеткирип коебуз,- деди Эркин.
Кыз бир азга ойлонду да:
- Мен шаар тарапка барат элем, - деди.
- Биз сизди азыр эле жеткирип коебуз, - деди кызга арбалган Самат да.
- Таанышып алсак эң сонун болор эле, - деди Эркин да сөз талашып.
- Аида.
- Эркин.
- Самат.
...Үчөө машиненин жанына келгенде Самат алдынкы орундуктун эшигин ачып, Аиданы карады. Эркин арткы орундуктун эшигин ача салды да, "отуруңуз" деди. Аида акырын келип арткы орундукка отурду. Эркин Саматты карап ийнин куушуруп, көзүн кысып койду.