"Көк Асаба", 02.06.09 - 15-бет:
  Махабат маанайы

Адашуу
… Сени тааныбай барып тааныдым. Сен экениңди билгенден кийин жүрөгүм "болк" деп, оозума кептеле түштү. Качандыр биз кезде жолугаарыбызды сезип-билип, атургай айтчу сөздөрүмдү да даярдап жүрчү элем. Тойдон жолугуп, анын үстүнө экөөбүз тең кыз тарап болуп, бир дасторконго отуруп калганыбызды карабайсыңбы.
Өзгөрүпсүң... Жок, баягыдай эле экенсиң. Болгону көздөрүң эле мурдагыдай балбыл жанбай, мени күнөөлөгөндөй тиктейт. Эркек эмессиңби, менден биринчи өзүңдү колго алып, эч нерсе болбогондой, отургандар менен тамашалаша кеттиң. Мени жазалайын дедиңби, жаныңдагы өзүңө куп жарашкан келинчегиңе улам үйрүлүп, эркелетип, сенсиз өткөн азаптуу күндөрдүн арманынан жаңы арылып келаткан жүрөк дартымды козгоюн дедиңби, баягы мен билген, мен көргөн, мен сүйгөн күлкүңдү жаңырта бердиң.
Сенин алдыңда опол тоодой күнөөм бар экенин билем. Акчага, мансапка азгырылган мен мындай сезим жашоодо бир эле жолу келерин анда кайдан билдим. Мындан көп жыл мурун сенин "кетпечи, таштабачы мени" деп ыйламсырап, жалдырап суранган кезиң менен өзүмдүн азыркы супсак, көңүлсүз, эч кимге кереги жок турмушумду элестетип алып, жүрөгүм тилинип кетти. Тойдун акырына чейин чыдай алган жокмун...
Менин кечирим суроомдун сага зарылдыгы деле жок окшойт. Антсе да, кечирип кой. Сен ордуңду тааптырсың, мен болсо али адашып, алп турмуштун азабынын чеңгелинде жүрөм...
Алтынай, Бишкек





Кыйырдан берки...
Кыргыз батасы
(Ай жаңыргандагы бата)
Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Жегилик дан,
Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге жемиш,
Жетимге жеңиш,
Жөөгө - улоо,
Жалкоого - мээнет,
Жалгызга - эрмек,
Иштерманга - кут,
Сараңга - жут,
Ушакчыга - уу,
Ак ниетке - туу,
Баарыга кайыл заман көрдүм.
Айдан аман, жылдан эсен бололу.
Келерки ушу күнгөчө
Өсүп-өнүп тололу.
Бакалга - тар,
Букарга - бай Ай бол!
Оомийин!..





Накыл
Эмне өлбөйт?
Жээренче Чечен (XIV-XV)
- Ээ, чеченим, бул дүйнөдө үчөө: агып жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды нурга бөлөгөн күн өлбөйт дейт, чынбы?
- Жок, алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын ак басат - өлбөгөндө не болду? Арылдап аккан дайра жок булактын көзүн муз басса, суу өлбөгөндө не болду? Асманда булут ойноктоп, нурду жерге жеткирбейт - күн өлбөгөндө не болду?
- Андай болсо атасы өлгөн не болот?
- Атасы өлгөн аскар-зоосу ураган менен тең болот. Куудай сакалын агартып, кузгундай көзүн кызартып, кыйналганда дем берип, төрдө отурса атакең - аскар-зоо болбогондо не.
- Энеси өлгөн не болот?
- Энеси өлгөн - элин жоо чапкан менен тең болот. Каргадайдан чоңойтуп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, көлөкөңдөн айланса - эл болбосо не болот.
- Баласы өлгөн не болот?
- Өзөгүн өрт алган менен тең болот. "Ата" деп турса келгенде, "атаке" десе өлгөндө, жүрөгүңдү жылытып, эркелеп турса көргөндө - өзөк болбой не болду. Өрттөнгөн өзөк - тукум жок, өчкөнү болот отуңдун.
- Катыны өлгөн не болот?
- Аял - эрдин учса канаты, консо куйругу болот. "Эр эгиз" деп эрди-катынды айтат. Атасы өлсө - жетим дейт, баласы өлсө - какбаш дейт, катыны өлсө - жесир дейт. Карыганда жесирликти аял-эркекке бербесин.





Түш жоруу
Жүзүм
Түшкө кирген кара жүзүм кайгы-муңду билдирет. Ал эми ак жүзүм ырыскы-насиптин белгиси.
Шыпыргы
Түшүндө шыпыргы алган адамга жакшы кызматкер, жардамчы келет. Өз үйүн түшүндө шыпырса, мал-дүйнөсү бөөдө ысырап болот. Бирөөнүн үйүн шыпырса, андан көп мүлк ага келет.




Макал-лакаптар
Мага да, сага да маанилүү

Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
???
Ишенбегин тоодо жүргөн кайыпка, сырыңды айтпа акылы жок зайыпка.
???
Кардалдуу жерде карындашың болсо, кара жерде кемең жүрөт.
???
Шумкар баласы саркыт койбой жем жебейт,
???
Жетесинде тойбогон тоймоюнча кел дебейт.
???
Эсирген серке аскадан секирсе, артындагы аксак койлор ташка жанчылар.




Пайдалуу кеңештер
Чач түшпөсүн, кумурска каптабасын!
Жайдын аптабында суусунуңузду газдалган суусундуктар менен ар кыл ширелерден көрө, бал кошулган кара чай, көк чай, минералдык жана ашкана суулары жакшы басат.
???
Ашкере терчилдигиңиз-ден жапа чегип жүрсөңүз, сууга түшөрдө суу толтурулган ваннага бир бөтөлкө пиво кошуп, 5-10 мүнөт жата туруу пайдалуу.
???
Йоддун тагын нашатыр спиртинин жардамы менен кетирүүгө болот. Ал эми суу кошулган нашатыр спирти айнектеги май тактарды кетирет.
???
Кумурскалардан арылуу үчүн алардын уясына туз сээп койсо болот. Мындан тышкары, курт-кумурсканын бул түрү петрушканын, пияз, чесноктун жытын "сүйбөйт".
???
Чачыңыз түшүп тынчыңыз-ды алса, күнүгө кечкисин 5 мүнөт башыңызга массаж жасаңыз. Бул үчүн, манжаларыңызды олив майы менен лимон ширесинин аралашмасына малып алууңуз керек. Ал эми эртең менен чачыңызды тароодо катуу таракты пайдаланууңуз кажет.





Табитиңиз ачылсын!
Америка салаты
200 г картошка, 200 г помидор, 200 г сельдерей, 100 г пияз, 3 жумуртка, 4 тамчы уксус, 40 г суу май.
Сууга бышырылган картошканы тазалап, төрт бурч кылып туурап, ага помидор, сельдерей, пияз, жумуртка кошуп, туздап, уксус кошулган май менен аралаштырып коюңуз.

Анекдот
Акча+ абышка
Эки айымдын сүй-лөшүүсүнөн:
- Айи-ий, ушундай карган чалга кантип тийип алдың, ыя?
- Алтыным, сен акча алып жатканда алардын кайсы жылы басылып чыкканын сурабайсың да, туурабы!..

Жарыя! Жарыя! Жарыя!
Курулуш мекемеси бардык курулуш иштерин, евро оңдоо жумуштарын тез, сапаттуу аткарат. Тел.: 57-45-87; 0 772 41-13-57;
0 773 66-30-95;
???
Ар кандай жүктөрдү жүктөйбүз, түшүрөбүз.
0 555 20-74-60
???
Кирпич сатылат.
54-45-87, 0 773 66-30-95
???
Эки тоннага чейин жүк ташыйбыз.
0777 97-77-06