"Көк Асаба", 02.06.09 - 2-бет:
  Анкета-сурак

"Абай менен оорулуумун"
1. Аты-жөнүңүз - Турсунбек Акун уулу.
2. Туулган жылыңыз - 1959-жыл, 18-июль.
3. Жерлигиңиз - Нарын, уруум - моңолдор.
4. Кызматыңыз - КРнын Акыйкатчысы.
5. Кыргыздын тарыхындагы сизди күйүндүргөн нерсе - Үркүн, репрессияда кыргыз элинин кырылышы, андан кийинки жерлерибиздин таратылышы.
6. Саясатты таштап салгыңыз келген учур болду беле? - Мен өзүмдү толук кандуу саясатчы деп эсептебейм. Бирок, баштаган ишимди токтотпой, ага баш-отум менен кирген адаммын.
7. Саясаттын сизди иренжиткен көрүнүшү - Саясатчылардын турук-суздугу.
8. Кыргыз элинин баалуулугу эмнеде? - Намыскөй, ак ниет, бетке айткан адилдигинде.
9. Өзүңүздөгү оң сапаттардын бири - Душманымдын ийгилигине кубана алам. Ак ниетмин.
10. Башкаларга акыл-насаат үйрөткөндү жактырасызбы? - Аябай жакшы көрөм.
11. А укканды жактырасызбы? - Жактырам.
12. Журналисттердин сиздин кыжырыңызга тийген сапаты - Киндиктен ылдый түшүп кетиши.
13. Алгачкы айлыкты кандайча тапкансыз, эмнеге коротконсуз? - 3-курста окуп жүргөндө эт комбинатында тери иштетүүчү бөлүмдө иштеп, 170 рубль тапкам. Балдар-кыздар болуп Алматы шаарына барып эс алып келгенбиз.
14. Окуучу кезиңизде кайсы атактуу адам же чыгарма менен оорудуңуз эле? - М.Ауэзовдун "Абай жолу" романындагы Абай менен азыркыга чейин эле ооруйм.
15. Жактырган тарыхый инсаныңыз - Манас, Махатма Ганди, Ата Түрк.
16. Хоббиңиз - Комуз чертем, Манас айтам, жөө басам, тоого чыгам.
17. Дүйнөңүз кыйналганда бугуңузду кимге төгөсүз? - Досторум бар. Ошолор менен сырдашам.
18. Элиңизге жасаган кайсы иш үчүн өзүңүзгө ыраазысыз? - Демократиянын желаргысын, анын ичинде сөз эркиндиги, адам укугу деген түшүнүк-идеяларды биринчилерден болуп жайылтканыма.
19. Кыргыз кыз-келиндерине кандай сыпаттама бересиз? - Келбеттүү, акылдуу, тамаша-чынды ажырата билген кичипейил.
20. Үй тиричилигинде мык-балка кармабаганыңызга канча болду? - Жаш кезде колумду балка менен чаап алгам. Ошондон бери таптакыр кармаган эмесмин.
21. Баарынан эсте калган туулган күнүңүз кайсы? - Өтө деле барктап туулган күн өткөргөн эмесмин. Бирок, былтыр атамдын 80 жылдык тоюна туш келип калган туулган күнүмдө досторум бозүйдөн ак калпак, чепкен кийгизгендери мага абдан чоң таасир тийгизген.
22. Балдарды тарбиялоодогу негизги принцибиңиз - "Баланы жашынан" деген принципти карманам. Негизинен уул үйдүн кожоюну болуш керек деп эсептейм.
23. Жактырган афоризм-иңиз - "Турмуш - татаал, анын жолу - катаал. Жеңил эмес, татаалга матал".
24. Бардык көйгөйлөрдөн чарчаганда, жандүйнө эс алуусун эңсегенде эмне кыласыз? - Ала-Арчага, Кой-Ташка чыгып келүүнү ойлонуп коем. Бирок бул тилегим чанда эле аткарылат.





Кыргызга түшкөн кыргыз сынак
Кечээ президенттикке талапкерлердин бири Ж.Сүйүналиев тил сынагынан өттү. Бүгүн комиссия мүчөлөрү эс алып, эртең, 3-июнь күнү дагы бир талапкер, кесиби боюнча инженер-механик Аскарбек Абышевди сынга алышат. Ал эми буга чейин президенттикке талапкерлер Кутманбек Эшенбаев менен Азамат Уламаев экзаменден өтпөй, жарыштан четтетилишкени белгилүү.

БЭК катчысы дайынсыз
Бириккен Элдик Кыймылдын 31-майга пландаштырган Курултайы өтпөй калды. Кыймылдын лидерлери менен мүчөлөрү Түпкө жетпей эле жолдон милиция кызматкерлери жана башка уюшкан топтордун каршылыгына туш болушкан. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүндө, атайы Курултайга деп Кочкор, Тоң, Балыкчыдан келаткан делегаттар жолдон өтө алышпай, Балыкчы шаарына чогулууга аргасыз болушкан. Ал эми учурда БЭКтин жооптуу катчысы, Курултайдын өтүшүнө жоопкер Асанбек Сарыбаев 30-майдан бери дайынсыз болууда.

Бабалар баскан жолду улап…
Өлкөбүздө жана дүйнөдө жүрүп жаткан коомдук-саясый өзгөрүштөр көпчүлүктү ойго салууда. Деги эле өнүгүүнүн нугу туурабы, бараткан багытыбыз аныкпы, койгон максатыбыз дайынбы - деген суроолор өзүнөн өзү туулууда.
Мындай коомдук системадагы туташ кризистин учурунда жол издөө кадыресе көрүнүш. Жакында жыл башында түзүлгөн "Улуттук кайра жаралуу тилектештигинин" кезектеги жыйыны болуп өттү. Ал иш-чарага кыргыздын оң, сол, ичкилик канаттарынын аттуу-баштуу инсандары А.Матубраимов, Д.Сарыгулов, К.Дүйшөбаев, С.Кайыпов, Ж.Сатыбалдиев, О.Каратаев, А.Жакшылыков, Т.Калматов, А.Алымбаев, А.Усупбаев, К.Кошалиев, Ш.Медетбеков, М.Дыйканов ж.б. 150гө жакын адам катышты.
Кыргыз тарыхы жөнүндө баяндаманы тарых илимдеринин доктору О.Каратаев, кыргыздын улуттук философиясы жөнүндөгү баяндаманы Кыргыз-түрк университетинин ректору, профессор С.Кайыпов жасады. Улуттук тилектештиктин беш ай ичиндеги жасаган иштери жана келечектеги иш-максаттары жөнүндө анын жооптуу катчысы К.Кошалиев маалымат берди.
Кызуу талкуунун учурунда тарыхый негизге таянып, кыргыздын өзүнүн коом түзүү, башкаруу системасына өтүү зарылчылыгы айтылды. Так айтканда төмөнкү катмардагы калың эл менен иштеген бий институттун калыбына келтирүү аркылуу уруу ынтымагы, үч канатты жандандырып, жыйынтыгында Элдик Курултайды орнотуу маселеси мезгилдин кечиктирилгис талабына айлангандыгын белгилешти.
Бул жолу жолугушууну уюштуруу жоопкерчилигин сол канаттын Базыс уруусу өзүнө алып, аны салтка ылайык жогорку деңгээлде өткөрүштү.