"Көк Асаба", 02.06.09 - 9-бет:
  Улут уңгу

Жыпар ЖЕКШЕЕВ:
"Идеяны тапмайын, идеологияны тутантыш кыйын"
КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын башкы катчысы Жыпар Жекшеев менен учурдагы улут абалы, "издеткен" идеологиясы, мекенчилдик ж.б. боюнча сөз козгоп, маек курдук.

- Патриоттуулук бул кыргыз элинин мурдагы жашоосуна кайтышы керек дегенди билдиреби же биз кандайдыр бир жашоо маңызын түзүшүбүз керекпи?
- Мезгил эч убакта бир жерде токтоп турбайт. Улутчул болуунун жакшы да, жаман да жагы болот. Улутубуздун миңдеген жылдардан бери келе жаткан баалуу каада-салтын бүгүнкү заманбаптагыдай колдонуп өнүктүрүү - улутчул болуунун жакшы жагы. X же V кылым болобу, мезгилге такалбай, аны заманга ылайыктап шартташыбыз керек. Кыргыздын эч убакта кор болуп тебелендиде калбай турган, көзгө көрүнбөгөн материясыз руханий, маданий баалуулуктары бар. Биздин каада-салтыбызды мезгил көзөмөлдөй албайт. Ал кыргыздын ички руханий дүйнөсүндө сакталып келген. Мисалы, улууну урматтоо, меймандостук ж.б. баалуулуктар. Мына ушулар чыныгы кыргыз экенибизди далилдеп, ген аркылуу ичибизде сакталат.
Биз бир түшүнүктү элдин аң-сезимине жеткиришибиз керек. Кыргыз деген улуу, байыркы эл болгон. Биз ошол улуу элдин урпактарыбыз. Биздин маданиятыбыз, жашообуз, тарыхыбыз, философиябыз большевиктердин көтөрүлүшүнө окшоп 17-жылдан кийин пайда болгон эмес. Ушул түшүнүктү коомчулукка жайып, азыркы "киргиздердин" көзүн ачып, жаштарыбызга үйрөтүшүбүз керек. Улуттук сезим болмоюнча идея да жаралбайт. Ал жаралса да элге чоң таасир бербейт. Сөздүн жакшы маанисинде өзүбүздү, жаштарыбызды улутчулдукка, мекенчилдикке тарбиялообуз зарыл. Азыркы ааламдашуу заманында кыргыздар жок болуп кетүү коркунучунда турабыз. Андыктан, каада-салтыбызды жандандырып, калыбына келтирип, улуттук нукту көздөшүбүз керек. Ал эми илим өнүккөн сайын, эл чоң ийгиликтерге жетишкен сайын үрп-адаттарыбыздын терс жактары өзүнөн өзү эле иргелет.
- Кыргызстанда идеология жана өзөк жок дегенге кошуласызбы?
- Идеология жаралыш үчүн улуттук аң-сезим бийик болуп, улуттук идея болушу зарыл. Улуттук идеяны терекке салыштырсак, идеология анын бутагы, жалбырагы. Идеянын өзүн тапмайын, идеологияны тутантыш өтө кыйын. Биз адашып келе жатабыз.
Мен АКШга барганда бир нерсеге таңгалдым. Ар бир америкалык өзүнүн иштеген жерине, үйүнө мамлекеттик желегин илип коюп, ошону менен сыймыктанат экен. Аларды желек ил деп кыстаган деле киши жок. Бул патриоттуулук сезимдин жетип турган чокусу да. Ар кошкон эл болсо да, идеология аркылуу ар биринин кан-жанына сиңген нерсе. Мен "патриоттуулук духтун мынча күчтүү болушуна кантип жетиштиңер?" десем, бир сенатор: "Бизде үч принцип бар. Биринчиси - биз ар бир америкалыкка эркиндик беребиз, экинчиси - ар бир америкалык жеке менчикке ээ болот, үчүнчүсү - салык төлөө милдети баарына жүктөлгөн. Биз ушул үч принципти карманабыз, башкасы менен мамлекет өзү камсыз кылат" деп жооп берди.
Ал эми Кытайдын өкмөт, мамлекет башчысы менен жолугуп "Ушунча миллиарддаган элди кантип бекем кармап, өнүктүрүп атасыңар, сырыңар эмнеде?" деп сурасам, "Кытайды кармап турган 2 устун бар. Биринчиси - социализм, экинчиси - рынок" деп жооп беришти. Мен таңгалып, "рынок болсо, анда капитализмге кирип кетесиңер да" десем, "Биз үчүн социализм ылайыктуу" дейт. Андан тышкары, Кытайда үч принцип бар. Биринчиси - стабилдүүлүк, аябагандай бекем туруктуулук. Экинчиси - реформа. Күнүгө токтоосуз иштеп, жумушту мезгилге ылайыкташтырып, өз убагы менен ишке ашырат. Үчүнчүсү - "идея болушу зарыл, ошондо гана өнүгөбүз" деген түшүнүк. Демек, эки ири державанын тең идеясы үч принциптен турат. Ал эми бизде идеология деп Манастын жети осуятын мектептерге жазып койдук. Сөздүн ачыгы - бул бизге жакшы сиңбей жатат. Бул Акаев учурунда табылган. Азыр идеология таппай, улам ойго келгенди айтып жатабыз. Айтайын дегеним, адегенде өзөктүү сөздү камтыган үч идеябыз болушу зарыл. Ал сөз ар бир кыргыздын жүрөгүн ээлеп, дилине сиңип, коргошундай уюп турушу керек. Мына ошол үч идеяны тапканда идеологияны иштеп чыксак болот.
- Мурунку муун менен кийинки муун саясатчыларынын айырмасы болобу?
- Саясат - бул мамлекетти башкаруу. Сен саясатка аралашпасаң, саясат сени кууп жетип, шилиден кармайт деген сөз бар. Күнүмдүк жашообуздун өзгөрүп турушу, "мен оңдойм, мен кыйратам" дегендин өзү саясат болуп атпайбы. Демек, биз эч качан саясаттын агымынан кутула албайбыз. 80-жылдардын аягында, 90-жылдардын башында кыргыз улутунун аң-сезими буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге өскөн. Биз канчалаган курултай, митингдерди өткөрдүк. Ошондо орусча сүйлөгөндөрдү эл трибунадан кууп түшкөн күндөр болгон. Көптөгөн өкмөт башчыларыбыз, чоң-чоң инсандарыбыз кыргызча билбей жүрүшүп, андан кийин кыргызча сүйлөп калышты. Ошондогу элге эч кандай акча бөлүнбөсө да, өз алдынча айылдардан келишип, жумалап катышып беришчү. Алыскы Алайдан келгендер бар эле ошондо. Театр имараттарына эл батпай калчу. Андагы элдин умтулуусу башка болчу.
Ал эми азыркы рынок шартындагы саясатчылардын жүргүзгөн иши башка. Азыр митингге катышкан ар бир делегаттын жолун каржылап, жаткан жерин белендеп, жардам беришиң керек. Мына ушундан эле саясат деген канчалык өзгөрмөлүү түшүнүк экенин көрүп турабыз. Бардык мезгилдердеги саясатчылар бийлик үчүн күрөшкөнү менен, доорго жараша алардын ыкмасы өзгөрүп турат.
- Кыргызстанда мөңгүлөр эрип баратат. Биздеги мөңгүлөрдүн эриши дүйнөлүк суу циркуляциясынын начарлашына апкелет. Мисалы, Арал деңизи соолуп, Казакстандын бир чети кургап баратат. Буга кандай чара көрүүгө болот?
- Мен Мароккодо өткөн SSK уюмунун конференциясына катышып келдим. Бул уюм Араб мамлекеттеринде ЮНЕСКОнукундай эле милдетти аткарат. Ошол жерден мен өзүм үчүн чоң ачылыш жасадым - Батыш маданиятына каршы курч көз караш аябай күч алып бара жатыптыр. Бул эртедир-кечтир Батыш менен Чыгыштын тирешүүсүнө алып келерин, Борбордук Азия алкагында географиялык шартыбыз менен суу циркуляциясына кыргыз мөңгүлөрү да таасир этерин ойлодум.
- Улуттук маданиятыбызга ЮНЕСКО таасирин тийгизип жатат дегенге кандай карайсыз?
- ЮНЕСКО - бул бириккен улуттар уюмунун бир бутагы. БУУ дүйнө жүзүндөгү согуш, тынчтык маселелеринин тегерегинде чечим кабыл алуу менен алектенсе, ЮНЕСКО согуштун чыкпашын көзөмөлдөйт. Ал эми согуш эмнеден чыгат? Бири-биринин маданиятын билбегендиктен, билүүнү каалабагандыктан улуттар арасында кагылышуу болот. Андыктан, ЮНЕСКО кандай гана эл болбосун, анын маданиятын сыйлап, тилин, каада-салтын, улуттугун өнүктүрүүнү максаттайт. Экинчиден, глобалдашуу заманында ар бир элдин баалуулугун, өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүгүн, маданиятын сактап калууну көздөйт.
- Азыркы учурда улуттук оюндарыбыз жеке кызыкчылыктын негизинде өтүп жатат. Муну "Кыргыз оюндары" деп мамлекеттик деңгээлге көтөрүүгө болобу? Буга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетеби?
- "Улуттук оюндун олимпиадасы" деп жаңылык киргизсек болот. Кыргыздын кандай гана керемет оюндары бар! Азыр анча-мынча жерлерде өткөрүлүп жүрөт. Бирок бул, албетте, жетишсиз. Унутулуп бараткан оюн түрлөрүн жандандыруу, улуттук оюндарыбызды калыбына келтирип, элге кеңири жайылтууга убакыт келди. Бул мамлекеттен көп деле каражатты талап кылбайт. Спорт агенттиги, коомчулук тарабынан демөөрчүлүккө алынышы керек.
Учурда кыргыз маданиятын камтыган улуттук оюнубузду таанытуу долбоорун иштеп аткан бир адам бар. Анда кыргыздын руханий абалы, спорту, этнографиялык жагдайы, жашоосу камтылган. Кыргызды чет мамлекеттерге таанытып, алардын бизге болгон кызыгуусун жаратууну көздөп жүрөт. Бирок, көйгөй келип кайра эле каражатка такалат. Бул чоң даярдыкты талап кылчу иш-чара.
- Сиз кыргыздарга дайыма кыргызча сүйлөйсүзбү?
- Мен өзүм орусча окугам, аттестатты Россиядан алгам. Албетте, кыргыз болгондон кийин ар убак кыргызча сүйлөөгө аракет кылам. Кээде гана орусча сүйлөөгө туура келип калат. Кубанычбек Орозбаев деген генерал бар, азыр пенсияга чыкты. Убагында Коргоо министрлигинде орун басар, Акаевге кеңешчи болуп иштеген. Бала кезинен баштап Россияда жашап, билимди да ал жерден алган. 2-3 жылда бир Кыргызстанга келип кетер эле. Келген сайын таптак кыргызча сүйлөп, бир орусча сөз аралаштырчу эмес. А биздин бул жактагы чала кыргыздар "орусча окуп калдым, орус балдар менен чоңоюп калдым" деп орусча сүйлөгөндө күйбөгөн жериң күл болот. Алар намысы жок байкуштар, болбосо улутуна кызыгат эле да.
- Маегиңизге чоң рахмат!
Айбек СЕЙИТБЕКОВ