"Көк Асаба", 09.06.09 - 14-бет:
  Эх, сүйүү

Маршруткадагы маектер
"Пикетчилер барбы?"
240-маршрутка. Ушул маршрутка менен Чүй көчөсүндө келаткам. Бир маалда айдоочу "Оштуктар барбы?" деп калды. Оштук болгонумдан таңдана ал жакты карап калдым. Көрсө, Ош базарынан түшчүлөрдү сурап атыптыр. Андан ары жүргөндөн кийин "Ырчылар барбы?" деди. Филармонияга келгенибизди көрүп, жүргүнчүлөрдүн баары каткырды. Ала-Тоо аянтына жеттик. "Пикетчилер барбы?" деди айдоочу. Арабыздан бир-экөө "Бар" деп кыйкырып коюшту. Анда шопур: "Секиргиле жерге" деп дагы бир ирет элди күлдүрдү.
Кыздарды 10 метрден алган жыт
220-маршрутка. Артымда эки жигит сүйлөшүп келаткан. Анан бири айтып калды:
- Билесиңби, былтыр Ата-Түрк паркынан сени Урмат деген досум менен тааныштырбадым беле. Жакында ал Россиядан келгенде атыр ала келиптир. Жыты укмуш эми, 3,5 миң рубль турат дейт. Сом менен 5 миң болот ко, - деп. Анда экинчиси:
- Бул жакта бар бекен ал? - деп сурады.
- Көздү жумуп алып алайын деп супермаркеттердин баарын кыдырсам да таппай койбодумбу. Аны таап себинсем көчөдөн кыздарды 10 метрден алмак, ошого кызыктым эле, - деди беркиси атырды таппай койгонуна өкүнүп.
"Осторожно!"
144-маршрутка. Айдоочусу орус эле. Бир кыргыз келин түшүүгө камынып алдыга өттү да, шопур жакты карап "Осторожно" деди. Айдоочу келинди бир карап алып, кайра жол жакты карады да, эмне үчүн осторожно дегенине түшүнбөй айдап кете берди. Келин үнүн катуурак чыгарып, дагы бир жолу "Осторожно!" деди. Түшүнбөй калган айдоочу келинди бир карап, анан маршрутканы жайлатып барып токтоду. Түшө турган жеринен бир топ өтүп кеткен келин айдоочуну акшыя карады да, жерге түшүп баратып:
- Давно надо было осторожно! - деди жини менен.
Жигиттеринен баш айланып
138-маршрутка. Бир жума мурун кыздардын "шустрилигине" баа бердим. Артымда олтуруп келатышкан. Жигиттер тууралуу бир топ кеп кылышты. Бирөөсү өзгөчө көп сүйлөп атты.
- Кечээ Куба келиптир. Ушул күздө үйлөнөлү дейт. Ойлонбой туруп эле макул деп койсом, сүйүнгөн боюнча кетти. Баягыда айтпадым беле биздин мурдагы кошуналар деп. Крутой немелер. Апасы "Кызың чоңойсо бизге бер" дей берчү. Куба как мужчина мага жакпайт, бирок, каалаганымды аткарып жашайм дейт. Максат дагы быйыл үйлөнөбүз деген, аны менен ушунча жүрүп алып кандай шылтоо таап таштап кетеримди билбей жатам.
"Сдачи дай!"
14-автобус. Бул номердеги автобусту айдаган айдоочулардын бири дайыма шат жүрөт. Жүргүнчүлөрдүн чоң-кичинесине карабай тамашалаша берет. Бир курдай Кара-Жыгач конушунан эл көп түшүп, акча кайрып бергенге жетишпей атты. Бир маалда эшик оозунда турган жаш бийкеч "Менин сдачимди бербейсизби?" деди. "Сен эмне бердиң эле?" десе. Тиги кыз жаман көзү менен карап, "алдагы акча меники болчу" деди шопурдун колундагы Курманжан Датканын сүрөтү түшүрүлгөн 50 сомдукка каш серпип. "Омей, - деди анда айдоочу, - бул жерде сенин сүрөтүң болбогондон кийин кайдан билейин сеники экенин".
"Ким эле жыргап жатыптыр!"
155-маршрутка. Энеси кызына айтып келатат: "Айланайын, эки жыл болду турмуш курганыңа, ортодо бир балаңар турат, эми ажырашып кайда барасың? Күйөөң ичпей калаар, эмне десе дей берсин. Мен тий деген эмесмин, аны өзүң тандап тийдиң, эми чыда. Ким эле жыргап жашап жатыптыр. Күйөөңдү жакшылап конторолдоп, ичирбей карап, көп сүйлөбө. Кайнежең болсо кобра экен, урушса теңелбе, чыдап жашап тур. Бир-эки жылда тамыңар бүтсө көчүп чыгып кетесиңер".
Маршруткадагы маектерди тыңдаган
Айбек СЕЙИТБЕКОВ




Кылычбек ИСАЕВ
Кызгалдактуу талаадагы күйүт
Зуулдап бараткан машинедеги эки жигит жаңы таанышкан кызды чочутуп албайлы деп абайлап сүйлөп, тамаша сөздөн чалып, аны көңүлдүү кепке тартып алышты. Токтоо мүнөздүү Аида бул жигиттердин жаман адамдар эмес экенин түшүнгөнсүдү. Эркин болсо бу сулуунун эмне үчүн гүлдүү талаада жалгыз жүргөнүнө дале кызыгып, таңкалып, Аидадан дагы бир жолу сурады. Ал болсо ууртунан жылмайып коюп, ойлуу көздөрүнө сыр катып эч нерсе деп жооп бербей койду. Мейманга бараткан жолдорунан артка кайткан жигиттер шаарга жете келишти да, кафеге кирип отуралы деп Аиданы араң көндүрүштү. Көлөкөдөн орун алган бак-шактуу кафеде үчөө көңүлдүү отурушуп, Самат менен Эркин өздөрү жөнүндө жашырбай тааныштырып, жетимканадагы окуяларынан айтып беришип, Аиданы зериктиришкен жок. Кафеден соң алар машине менен шаарды кыдырып, паркта сейилдешип, анан Эркин иштеген ресторанга алпармайын бүгүн сени кое бербейбиз дешти.
Үчөө ресторанга келип, Самат тандаган столдон орун алышты. Анан эки жигит кожоюн менен учурашканы анын бөлмөсүн көздөй басышты. Баятан өз ичиндегисин тиги кыздын көзүнчө сыртка чыгара албай жаткан Эркин:
- Самат, мен Аидага ашык болуп калдым окшойт, - деди толкунданганын ката албай.
- Мага да абдан жакты бул кыз… - деп жообун узатты досу да.
Буга чейин башка жигиттер менен мамиле түзүп сүйлөшпөгөн Аида да бул учурда өзүнчө сезимге туш болуп, эки жигитти өзүнчө талдап, эмнеге буларга мынча ишенип чогуу күн өткөрүп атканына түшүнбөдү. Саматтын бой десе бою, келишкен өңү-түсү, тамашакөйлүгү, ички дүйнөсү жакты. Ал эми Эркин сөздүн ордун таап сүйлөгөн, кыялкеч, токтоо жан экен. Экөө машиненин арткы орундугунда чогуу олтуруп келатканда анын көздөрүнөн оттуу сезимди, кандайдыр бир жылуулукту, жакындыкты сезген.
…Аздан соң жигиттер ресторандын кожоюну менен чогуу келишип, Аиданын жанына олтурушту. "Силерди бүгүн мен өзүм коноктойм" деп кожоюн официанттарына дүйүм тамактардан, кымбат баалуу винодон заказ кылып, өзүнүн марттыгын бул татына кыздын алдында көрсөткүсү келди да, өзү сөз баштады.
- Аида, бүгүн Самат менен Эркин сага окшогон мейманды алып келгенине кубанычтамын. Бул эки жигитти тең мен абдан жакшы көрөм. Кемчиликтерин көрсөм көзгө сая эле айтам, жакшы жери, айтканымды түшүнүшөт. Элдин баары менен эле олуттуу мамиле кармай бербейм, аз бирок саз досторум бар. Ал эми бул экөөнө ишенгеним үчүн, ыпластыктан алыс балдар болгону үчүн колуман келген колдоомду кылып жатам. Эркин менин уулумдай эле болуп калды. Кабагы бир аз бүркөлсө эле сарсанаа болуп кетем. Үйлөнөөр убагы деле келип калды. Ошол күн келсе бир катуу тойлойт элек, - деп, андан ары каалоо-тилегин айтып, биринчи тостту көтөрдү. Анан "силер келердин алдында эле кеткенге камынып аткам, быйыл отуз жылдыгыбыз экен, классташтарым менен уюштуруу иштерине чуркап, ошол жакка шашып жатам, силер кечиңерди көңүлдүү улантып, жакшы отургула" деп ордунан турду. Эркин аны сыртка узатып чыкканда "Жакшы кыз окшойт, Эркин. Мен сага ылайык көрүп турам" деп колун кысып коштошту да, баятан күтүп калган шоопуруна "кеттик" деди.
Аида, Самат, Эркин үчөө бир топко чейин кеп салышып, винодон ичип олтурушуп, жигиттер бир аз кызып калышты. Эркин ошондо гана "эми маалы келди, убакыт да болуп калды" деп сахнага туруп жөнөдү. Анын үнүн, ырларын жакшы көргөн ресторандын дайымкы кардарлары Эркинди көргөндө кол чаап жиберишти. Ал микрофонду колуна алып:
- Кутмандуу кечиңиздер менен, биздин урматтуу коноктор! Ар бир күнүңүздөр, ар бир кечиңиздер жүрөккө жагымдуу ыр менен коштоло жүрсүн. Биздин ресторанга келгениңиздер үчүн чоң рахмат! Ал эми бүгүнкү кечибиздин алгачкы ырын досум Самат экөөбүздүн кымбат мейманыбыз, татына жүздүү кыз Аидага арнаймын, - деди.
Эл алдында өзү тууралуу сөз болуп кеткенине Аида уяла түштү да, бирок, кандайдыр бир бактылуу көз ирмемдин кучагында калып, Эркиндин жылдыздуу жүзүнө тигилип, үнүнүн мукамдуулугуна суктанды.
- Сөзүм жок ыр курайын десем дагы,
Кечээги мүнөзүм жок канымдагы.
Кокустан маңдайымда пайда болдуң,
Жөн жаткан жүрөгүмө бүлүк салып, - деп Аидага арнап обон созгон Эркин үч-төрт ырдан кийин тигилердин жанына келип олтурду да, кыздын жүзүнөн көздөрүн албай карап тура бергиси келди..
???
Ошол күндөн тартып Эркиндин жашоосу өзгөрдү. Көңүлү ачылып, Аидага деген арзуусу күчөп, сүйүүнүн күчүнө таңгалып жүрөгү алып-учат. Таңдан кечти күтөт, кечтен баштап таңды күтөт. Экөө ар бир күндү чогуу өткөрүп, Аиданы үйүнө чейин узатып баргандагы коштошуу ага ушунчалык оор келип, жүрөгүндөгү жалын күчөй берди. Аида да Эркиндин карамдуу, аяр мамилеси, анын ырлары, ага кылган жылуу мамилеси, арнаган сүйүүсү жок өзүнүн жашоосун элестете албай калды. Самат болсо өзүнчө бушайманга түшүп, эмнеси болсо да арманда калбайын деп, Аидага ичиндегисин төгүп алууну чечти:
- Аида, мени түшүн, менде эмне жүрөк жок бекен. Сени Эрик экөөбүз чогуу жолуктургандан баштап эле ички дүйнөм аңтарылып, бир башкача болуп жүрөм. Албетте, экөөңөргө бакыт гана каалайм. Бирок, эми сендей кызга жолугамбы-жокпу, андай кыз дегеле дүйнөдө барбы, билбейм, ошон үчүн көкүрөктөгү сөзүмдү айтып алайын. Мен сени чын жүрөгүмдөн сүйөрүмдү, качан жана кайда болбойун унута албасымды биле жүр. Эрик экөөңдүн сүйүүңөрдү билип туруп ушинтип айтканыма кечирип кой, бугум өзүмдө калбасын…
Аиданы майда калтырак басып, бала кезден ынак чоңоюшкан эки достун ортосунда калганына, мындан аркы булардын достугуна санааркап, өзүн күнөөлүдөй сезди.