"Көк Асаба", 09.06.09 - 7-бет:
  Салттуу музыка - жан дүйнө азыгы

Замирбек Баялиев,
манасчы, "Кыргыздын салттуу музыкасы"
коомдук фондунун аткаруучу директору
Ыр менен келип дүйнөгө
Ыр менен кеткен калкыбыз

Кылымдарды карыткан, кыргыз элинин заманына жарашкан залкар таланттары, тагдырынан тандалган өнөрпозпоздору - өмүрүн өнөрү менен камчыланып, жашоого ак жарык чачып, улуттук дөөлөттүн туу чокусу болгон улуу өнөрдүн жамалын күнгө күйгүзбөй, таманын жерге тийгизбей кастарлап, комуз, чопо чоор, кыл кыяк, сыбызгы ж.б. улуттук аспаптар менен ойнолгон күүлөрдү аздектеп, "Манас" баш болгон улуу эпос, дастандарды жан сүрөп угуп, баалап, барктап, бир да кылым жоготпой, боегун өчүрбөй, чыпчыргасын коротпой, урпактарына улуу мурас калтырып кетти.

Дал ошол жан дүйнөнүн азыгы болгон улуттук дөөлөттөрүбүздү төкпөй-чачпай кийинки урпактарга жеткирип берүү бүгүнкү доордун, бүгүнкү замандын, бүгүнкү муундун мойнундагы парзы. Анткени, ата-бабаларыбыз бүгүнкү урпактарына улуттук дөөлөттүн уугун уурдатпай, керегесин кемитпей, түндүгүн түшүрбөй, коломтонун чогун өчүрбөй, чамгарагын бүтүн кылып, уюп жаткан улуу кенчти жеткирди. Бул оңой-олтоң эле келе калган жок. Ар түркүн доорлорду, сыноолорду, кызыл кыргын, кара сүргүн замандарды, ашуусу бийик тоолорду, эчен дөбө, эчен сай-белестерди башынан кечирди. Урпактары үчүн каруусун казык, жанын азык кылып, болгон мүмкүнчүлүгүн, акыл казынасын, турмуштук тажрыйбасын жумшап, ар бир кылымдын залкарлары, баатырлары, таланттары өздөрүнүн салымдарын кошуп, аракетин кылып келди. Башкасын айтпаганда да, мындан тогуз кылым мурда Кет Бука бабабыз "Сак болгун" деген ыры менен бүтүндөй кыргыз журтчулугуна коңгуроо какты. Айтылган сөзгө так, ыр маанисиндей сак болуп, тогуз кылым ата-бабаларыбыз жашап, керээз сөзүн актап өттү. Андыктан, улуттук дөөлөттүн уугун узартып, керегесин кеңейтип, коломтонун чогун өчүрбөй, чамгарагын бүтүн кылып, түндүгүн бийик көтөрүү ар бир кыргыз жаранынын милдети. Кыргыздын сай ташындай салмактуу манасчылары, комузчулары, төкмө акындары, композиторлору, ырчы-чоорчулары элибиздин жүзү болуп, дүйнө элдерин тамшандырып, нур бүткөндөй жанып келет. Башка элдердин кызыгуусун жараткан, суктанычын арттырган манасчылык өнөр башка бир да элде кездешпейт. Улуу манасчы Саякбай Каралаев бир эпизодду 33 обон менен айткандыгын адистер белгилешет. Учуру келгенде бул өнөргө өзүнчө токтолорбуз. Бул өнөр кудайдын бир гана кыргыз элине берген шыбагасы, энчиси, ырыскысы, эч ким тартып алгыс ыйыктыгы жана аманаты. Манасчылык менен акындык өнөрдүн дүйнөлүк деңгээлде кадыр-баркы чоң болуп, ЮНЕСКОнун материалдык эмес, руханий байлыктарына ээ болуп, "шедевр" деген статуска арзыганы бекеринен эместир.
Кыргыз жарык дүйнөгө келгенде бешик ырында термелип, оо дүйнөгө кетип жатканда кошок ырына чейинки жашоо шартында, салттуу музыкасы, тарыхы, дүйнө таанымы терең камтылган. Менин айтайын дегеним, ырга ышкыбоз, ыр жандуу кыргыз жашоосун кыл кыяк, комуз, чопо чоорсуз, салттуу музыкасыз, укканда алай-дүлөй түшүргөн керемет күчкө ээ болгон манасчылык өнөрсүз элестетүү мүмкүн эмес. Бул багытка өмүрүн арнаган өнөрпоздорду, залкар таланттарды, эмгеги сиңген инсандарды, адистерди учуру келгенде өз-өзүнчө сөз кылууга жетишербиз. Жакында Кыргыз Республикасынын маалымат жана маданият министрлиги "Кыргыздын салттуу музыкасы" жумалыгын жар салып жана "Кыргыздын салттуу музыкасы" коомдук фондунун төрайымы Аманова Роза Асановна координаторлук кылып, тиешелүү адистер топтолуп өткөргөндүгү салттуу музыка сүйүүчүлөрдү бир топ шыктандырып, үмүтүн жандырып койду. Демек, ата мурасын билбей калуу - бул сан миң жылдык жан дүйнө азыгынан, бабалардын ырыс-кешигинен, рух-дүйнөсүн өн кур жалак калуу дегендик.
Байыркы өткөн заманда,
Башында турчу башчыбыз.
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Топтоп чалгын чалчубуз.
Караңгыда жол жүрсөк,
Нур бүткөндөй жанчубуз.
Сабаша турган жоо болсо,
Бээжинге чейин барчубуз.
Кытайга чебин курдуруп,
Кылымга кеткен даңкыбыз.
Баатыр эл деп аталып,
Бараандуу болгон баркыбыз.
Ата Журттун алдында
Төбөсү ачык көк урсун,
Төшү түктүү жер урсун
Эзелтен биздин антыбыз.
Ыйман-ызаат, нарк-насил,
Баарын камтыйт салтыбыз.
Кыл кыяк, комуз, чопо чоор,
Угуп моокум канчубуз.
Акыйкат, калыс сөз айтып,
Жар чакырган жарчыбыз.
Кызыр даарып кыргызды,
Кудайдан аян алчубуз.
Кымындай кезде мал жайып,
Манасты айткан малчыбыз.
Күн-түндөп айтса Манасты
Айрандай уюп калчубуз.
Керемет сырын көргөндө,
Жөн эле эстен танчубуз.
Сан миң жылдын тарыхты,
Ыр менен айтып салчубуз.
Ыр менен келип дүйнөгө,
Ыр менен кеткен калкыбыз.
Коңгуроо кагам журтума,
Улуу Манас рухуна
Бүгүн биригели жалпыбыз.




  Кыргыздын ырым-жырымдары

Асыкбек Оморов (Чын Темир)
Жаман түш көрсөң, сууга айт
Буга чейинки сандарыбызда кыргыздын ырым-жырымдары тууралуу байыртан бери адамдардын турмушунда колдонулуп келген ар кандай багыттагы жашоо стилин чагылдырып келдик. Бул ырым-жырымдар кылымдар бою атадан балага оозеки айтылып сакталып келген. Аларды жөнөкөй адамдардан эл башкарган бий, болуш, хан, каган, атургай императорлорубузга чейин ыйык тутуп, өз жашоолорунда колдонуп келишкен. Буга бир мисал келтирели: Мевераннахр империясын түзгөн жана башкарган кыргыз урууларынын бири, барлас уруусунан чыккан Аксак Темир (Темирлан) өз империя башкаруу принцибинде атайы ырым кылып, армиясынын он башын 12 кишиден түзгөн. Ошондо 10 он башы бириккен жүз башы 100 кишиден эмес, 120 жоокерден турган. Ал эми 10 жүз башыдан турган миң башысы 1200 жоокерден түзүлгөн. Себеби, Аксак Темир жылдын бир бүтүндүгү 12 айдан турушун, күндүн 12 сааты, түндүн 12 сааты, астрологиялык жылдызчалардын 12 аты, адамдын жашоосунда мүчөлүк жылдын 12 жылда бир келиши, Чыгыш календары боюнча жылдар 12 жаныбар менен аталышын эске алып, ушулардын бардыгы ааламдын бир бүтүндүгү катары деп өзүнчө ырым кылып армиясын түзгөн. Чындыгында Аксак Темир түзгөн армия анын көзү өткүчө жер жүзүндөгү эч бир армиядан жеңилген эмес.
Эмесе, гезиттин бүгүнкү санында да кыргыздын ырым-жырымдарын уланталы:
Жакшы адамга ит бербе
???
Эгер таманга, колтукка без чочуса, эгиз төрөгөн аялга үч жолу ачкарын эмдетип койсо болот.
???
Кайчыны эшиктин башына илбе.
???
Жуунгандан кийин колуңду силкпе.
???
Агып жаткан сууга түкүрбө же какырба.
???
Колго суу куйган адамды "өмүрлүү бол!" деп алка.
???
Жаман түш көрсөң сууга айт, суу менен кетсин.
???
Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.
???
Отко суу куюп өчүрбө.
???
Түндөсү суу куюлган идишти ачык койбойт.
???
Жолго кир сууну төгүүгө болбойт, же тебелендиге кирдин суусун чачпа.
???
Үйүңө мейман келсе, колуна жылуу суу куй.
???
Чөмүч менен итке аш куйба.
???
Наристе баланы күзгүгө көргөзбө.
???
Адамга бычак кесебе, анты болот.
???
Жаш баланын салмагын айтпа, татына дебе.
???
Акты "куу" дейт,
Ак жылкыны "боз ат" дейт.
???
Кишиге артыңды салба.
???
Түндөсү түш жорубайт.
???
Таң азандан турсаң, ырыскыңдан куру калбайсың.
???
Баланын ыйманын жашынан тиле,
Чоңойгондо тилесең кеч каласың.
???
Жайнамазды, супараны тепсебейт.
???
Бышкан ашты таштаба, жолуң болбойт.
???
Нанды тегерете сындырбайт, тең бөлүп сындырат.
???
Тамактардын арасынан оболу нанды ооз тий.
???
Күйгөн отко түкүрбөйт.
???
Шыпырынды жерге отурбайт.
???
Бир үйдө эки адам удаа тырмак албайт.
???
Отту бутуң менен ичкерилебе.
???
Колуңду артыңа алып баспа.
???
Мүрзө аралап өтөөрдө келме келтир, күндүз куран окуп өт.
???
Аял киши мандаш токунуп отурбайт.
???
Алган чачыңды тебелендиге таштаба, мөмөлүү дарактын түбүнө көөмп кой.