Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кыргыздын ырым-жырымдары

Асыкбек Оморов (Чын Темир)
Бата берилбей, бала кан кусту
Кыргыз эли Азиядагы 4 элдин бири болуп, ондогон кылымдардан бери жашап келген эл. Ислам дини киргенге чейин кыргыздар күнгө, отко, сууга, табигаттын аймактарындагы өзгөчө жаралган бак-дарактарга ушул убакка чейин мазар кылып сыйынып, аларды ыйык тутуп келет. Кыргыздын ар бир ырым-жырымы элдин салттык каадасында сакталып калган окуя.

Шумерлердин заманынан бери келинди отко киргизүү ырымы каада-салт катары ушул убакка чейин унутулган жок. Кыргыздын үйбүлөсү жаңы келин алып, тиешелүү ырым-жырымдарын жасагандан кийин отко киргизүү аземин өткөрүшчү. Ал күнү келин сырттан отун апкелип, бозүйдүн ичине коломтого атайын от жакчу. От күйүп бүткөндөн кийин бозүйдүн оң жагында отурган кайненеси туруп, келиндин тутам болуп өрүлгөн чачын уулунун узун кемселинин этегине байлап койчу. Андан кийин жигит этегине чачы байланган келинчегин жаргылчак боюнча коломтону 9 жолу айланып, бозүйдүн улагасына жакын төр жакты карап турар эле. Эмне үчүн "9" деген суроо жаралышы мүмкүн. Себеби, кыргыздар байыртан эле "7" жана "9" сандарын ыйык тутуп келишкен. Тогуздап малдан "кун", "калың" төлөп келишкен, тогуз коргоол ойношот, сүттөн жалпы "ак" деп тогуз түрлүү тамак жасашкан, ж.б.
Андан кийин келиндин кайненеси коломтого жакын басып келип, эңкейип оттун бир чымчым күлүн алып келиндин чекесине сүйкөп, "маңдайың жарык болсун" деп, анан "денең ичке болсун" деп, мурдунун кырына сүйкөп, анан "ичкен тамагың таза болсун" деп этегине сүйкөп, "эл алдында жүзүң жарык болсун" деп эки бетине сүйкөп койчу. Ушундан кийин бозүй ичинде тамак ичүү башталып, кан чыгарылып союлган малдын эти желип, ошону менен жаңы келген келинди отко киргизүү аземи бүтөр эле.
Ал эми көзү өткөндөргө үн чыгаруу салты кыргыздарда 16 кылым мурун пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин өз күчүн жоготпой келет.
V кылымда Эдил баатыр (Атилла) атабыз 453-жылан жылында Түндүк Италиядан өз жерине жеңиш менен кайтып келатканда жолдон гректер 15-аялы катары бир сулуу кызын тартуулашат. Гректер "түн ичинде Эдил баатыр суусап суусун сураганда ушул винону бересиң" деп уу кошулган винону беришет. Атайы кыз тартуулашканынан шек санабаган Эдил баатыр винону тартып жиберет. Эртеси башы айланып ооруйт. Ал эми гректер Эдил баатырды винону ичери менен өлөт деп ойлошкон. Дароо көз жумбаганынын себеби - кыргыздын баатырлары жаштайынан уу коргошун ичип, денесин көндүрүп коюшкан.
Эдил баатыр эртеси өзүнүн аскер башчысы Төлөк мырзаны чакыртып (анын кошумча аты "Ыңырчак" болгон, себеби салмагын ат, төө көтөрө албагандыктан, дайым шүдүңгүт өгүз минип жүргөн), "Менин көңүлүм айланып жатат, тезирээк элге жетели, өз жеримен топурак буюрсун" дейт да, "эгер жолдон көз жумсам, элиме керээз сөзүмдү айта бар" дейт. "Мен согушуп элдин баарын жеңдим, жеңилүү эмне экенин билген жокмун, артымда өзүмдөй бир да баатыр даярдаган эмес экемин. Элдин миң баатыры болуп бир төбөлү болсо - ал элдин ырысы, эгер элдин бир баатыры болуп, миң төбөлү болсо - ал элдин шору. Эми элимдин мындан ары миң баатыры болбосо да бир баатыры жок кандай абалда жашаар экен" деп, жолун жолдоочу баатыр даярдабаганына өкүттө калган экен.
Бардык тарых булактарында Эдил баатырды Римде өлгөн дешет, бул туура эмес. Эдил баатыр өз мекени болгон кыпчак талаасына келатып, Закавказье тоосунда көз жумган. Ошондо Төлөк мырза (Ыңырчак) Эдил баатырдын акыркы керээз сөзүн кыргыз элине айтып келгенде чогулган элдин баары кыйкырып-өкүрүп, өксүп, жалгыз сүймөнчүк баатырын жоктоп ыйлаган экен. Ошол күндөн баштап ушул күнгө чейин, дээрлик 1546 жыл кыргыз элинде адам көз жумса, аялдар бозүйдүн ичинде кошок кошуп, эркектер сыртында өкүрүп келген улуттук салттын бир түрү болуп калган.
Кыргыздын ырым-жырымына дагы бир мисал. Илгери бир байдын жалгыз оорулуу баласы болгон экен. Бай бир күнү үйүнө конокторду чакырып калат. Келген коноктор бир топко отуруп, эт бышып, колго суу куюларда, "элден бата алсам айыгып кетермин" деген ой менен байдын уулу кулдун колунан суу менен дагараны ала коюп, элди тегерете суу куюп чыгат. Бүткөндөн кийин "ай, аттиң ай, бир да киши менин өмүрүмө байланыштуу сөз айтпай койбодубу" деп, кан кусуп, ошо жерден көз жумган экен.
(Уландысы 9-бетте)








кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
21-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Тушоо бейишим кесилди.
Канаты жайылсын!
2-бет
"22-апрель - Лениндин туулган күнү" дечү элек…
3-бет
Жаргылчак
4-бет
Көрөңгө
5-бет
Мамат Болот, жазуучу:
"Бизди каалагандай эксперименттешти"

6-бет
Саясатка таза бороз салгысы келгендер
7-бет
Саясатсыз саябан
9-бет
Поэзия
10-бет
Соболчак
11-бет
Эсен болуп, эстей жүр!
12-бет
Майдан
13-бет
Данияр исанов
Изденүү

14-бет
Таяк менен урба,
тарбия сөз менен ур

15-бет
Чачыла










??.??