Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Дартына даба тапкандар

"Салмагым 84 килограммдан 72ге түштү"
Урматтуу окурмандар! "Актыктын" жаратуучусу Баатырбек Исмаиловго сурооңуздар болсо, редакциянын (0 312) 65-39-63, 0770 30-80-49 телефондоруна чалыңыздар. Сиздерди кызыктырган суроолорго жоопторду гезиттин 16-марттагы санынан окуйсуздар.


Дамира Оморбекова
(тел.: 0 772 688980):
- Ашказаным ооруп, күчтүү тамак ичсем эле аш кыла албай аябай кыйналчумун. "Актык" суусундугун ичкениме эки ай болду. Кудайга шүгүр, азыр тамак сиңирүүм жакшырып, ашказаным оорубай калды. Үйдөн жолдошум, балдарым болуп баарыбыз ичип атабыз.

Бакбү Алымова,
54 жашта
(тел.: 0 778 276296):
- Кан басымым 200гө чыгып, боорум, өтүм ооруйт. "Актыкты" элден угуп ичкениме бир эле жума болду. Бирок, оозум кургабай, боорумдун сайгылашып ооруганы басылып калганы байкалууда.

Роза Калыбаева,
56 жашта
(тел.: 0 772 833584):
- "Актыкты" иче баштаганыма эки ай болду. Колдорум ооруп, уйкум качып, түнү менен кыйналып чыкчумун. Азыр кадимкидей уктап жакшы болуп калдым. Баламдын бетине да тоголок өсүндү бар болчу. "Актык" ичкенден бери анысы да кичинеден азайып баратат.

Бурул Байбосунова,
56 жашта
(тел.: 0 777 603044):
- "Актык" суусундугун өткөн жылдын ноябрь айынан баштап ичип атам. Анын организмди тазалоочу касиети бар экенине ынандым. Сөөк ооруларынан, гипертониялык оорулардан айыгып, кан басымым калыбына келерине, ашыкча салмактан кутулаарыма ишенимим күч.

Кенженасым Куртубаев,
56 жашта
(тел.: 0 772 173528):
- Бир жарым жылдан бери кант диабети менен жүрөк кан тамыр ооруларынан запкы тартып келгем. Дары ичип, ооруканага жатып дарыланып жүрчүмүн. "Актык" иче баштаганыма бир айдын жүзү болду. Өзүмдү кадимкидей жеңил сезип калдым.

Раиса Туткучева
(тел.: 0 777 509149):
- "Актык" суусундугунун таасири мага бир айдан кийин билине баштады. Полиартрит оорусу менен ооручумун. Мындан тышкары, өтүмө таш толуп, жүрөгүм айланып турчу. Кант диабетинен улам суусай эле берчүмүн. Азыр суусаганым, жүрөгүмдүн айланганы басылып жакшы болуп калдым.

Сабиракан Каратаева,
49 жашта
(тел.: 0 553 080461):
- "Актыкты" ичкениме төрт ай болду. Кан басымым жогору болгондуктан дайыма күчтүү дарыларды ичип жүрчүмүн. Сол бөйрөгүмө кум толуп, начар иштечү. Азыр дары ичпей, өзүмдү бир топ эле жеңил сезип калдым. Салмагым 84 килограммдан 72 килограммга түштү. "Актык" адамдын канын тазалап, шлак-микробдорду айдап чыгып ден соолукту чыңайт экен. Болгону аны өз өлчөмү менен туура ичүү керек.

Жылдыз Жукешова,
19 жашта
(тел.: 0 551 890491):
- Ашказаным ооруп, майлуу, күчтүү тамак иче алчу эмесмин. "Актыкты" ичкен эки айдан бери диета кармабай, өзүмдү жакшы сезип калдым. Аталган суусундук иммунитетти да көтөрөт экен. Тамакка табитим ачылып, жегенимди жакшы сиңирип калдым.




  Бата

Баатырбек ИСМАИЛОВ
Жараткан Эгем. Аллахтын ээси, Бийликтин Ээси, Байлыктын Ээси, Тынчтыктын Ээси, Биримдиктин Ээси, Куттун Ээси, Өмүрдүн Ээси, Өзүңө табынып, Өзүңө сыйынам. Сенин ысымың ыйыкталсын бардык элде, бардык тилде, бардык дилде, бардык жерде.
Байыркыда эле бар болгон, азыр да бар болуп турган, келечекке түбөлүк бар болгон ээлигиң менен бизди баталуу кыл.
Менин ысымым менен аталган менин элим моюн сунса, тооба кылса, табынса, күнөөлөрүнөн баш тартса, токтотсо, анда мен алардын үнүн Көктөн угуп туруп күнөөлөрүн кечирип, элимди оорудан, жеримди дарттан айыктырам деген сөзүңдү кабыл кылам, элиме эм деп, шыпаа деп жарыялайм. Даңкталганга, ыйыкталганга жалгыз Өзүң гана татыктуусуң. Сенсиз биз өзүбүз эч нерсе кыла албайбыз. Өзүңдө Ал, Өзүңдө Ла (бийик, Көк), Өзүңдө Ак, Өзүңдө Бий, Өзүңдө Бай, Өзүңдө Кут, Өзүңдө Сак, Өзүңдө Бар, Өзүңдө Тынч кыла көр. Көктөгү Сенин Ээлигиң, Адилеттигиң келсин.
Өзүңдөн адаштырган, ээн баштык кылган жашоодон, тилек-ниеттерден сакта, корго. Элимдин байыркыда адашкан, жоготкон Актыгын келтиргениңе, жан дүйнө туңгуюгунан куткарып, өзүң шыпаа, эм болгонуңа, ырайымыңы төгүп турганыңа ыраазычылыкты Өзүңө айтам. Даңкталсын Сенин демиң, Даңкталсын Сенин ысымың.
Суук сөздөрдөн, ичи тар көрө албастыктан, текебердиктен, караңгы түркөйлүктөн, кайдыгерликтен сакта. Дилибизде Сенин жарыгың, даңкың, ыйыктыгың Ээлик кылсын. Элиме береке, куткаруу (кут+көрүү) келтире көр. Өзүңө табынып, өзүңө сыйындым. Манас рухтун ысымы менен
Ээ+Ман… (Оомийин…)




  Ден-соолуктун булагы -

"Актык"
"Актык" суусундугу деңиз деңгээлинен 2500-3000 м бийиктикте Алай, Тянь-Шань жана Памир тоо кыркаларында өскөн таза чөптөрдүн тамырларынан, таза сүткө өзгөчө ыкма менен ачытылып, кыргыздардын байыркы дары-дармек жасоо өнөрүнүн керемети менен даярдалат.

"Актыкты" даярдоодо атайын тандалган булактын суусу колдонулат. Бул ичимдик зат алмашууну жакшыртып, денени туздардан тазалап, ден-соолукту калыбына келтирет. Зат алмашууну жөнгө салууда, денени тазалоодо өтө керектүү болгон минералдык туздар, органикалык кислоталар жана белоктор "Актык" ичимдигинде мол камтылган. Аны даярдоодо туз колдонулбайт. "Актыкты" ичүүдөгү көп жылдан берки байкоолордон төмөнкү оорулардын айыгышы байкалды:
1. Денеде зат алмашуу жакшырып, жеңилдеп, организмдин тазалануусу жана муун ооруларынын кетиши байкалат, ашыкча заттар денеден заара, тер аркылуу чыгат.
2. Кан тазаланып, кычкылтек менен байып, кандагы гемоглабин, аз кандуулук жөнгө салынат.
3 Кан басымы жөнгө келет (төмөнкү, жогорку).
4. Жүрөк ооруларынан арылтат.
5. Ашказан жана ичегилердин иштешин жандандырып, жакшыртат.
6. Аллергия, бронхит, астма, экзема, тери псориазын айыктырат.
7. Кандагы холестеринди азайтып, боорду тазалап, дене шишиктеринин тарашын (холеститит, гепатит түрлөрүнүн айыгышын), бөйрөктүн, боор, өттүн таштардан тазаланышын камсыз кылат.
8. Кант диабетинен айыктырат.
9. Тилинген, кесилген, күйгөн жерлерди тез сакайтат (ичкенден тышкары эки маал, эртең менен жана кечинде күйгөн жерге сыйпап туруу керек).
10. Ууланганда, өзгөчө арактан ууланганда денени тез тазалап, ич өткөктү токтотот.
11. Денени электро-магниттик толкундардан, радиациянын терс таасирлеринен тазалайт (мобилдик телефон, компьютер, телевизор, электр иштердин терс таасирлери өзгөчө экени белгилүү).
12. Дене ашыкча туздар, уулануулардан тазалануу менен бирге "Актыктан" күч-кубат топтой алат (өзгөчө эркектердин бел күчүн калыбына келтирет), тукумсуздукту айыктырат.
13. Косметикалык жактан терини жумшартып, бырышты азайтып жана бетке чыккан бүртүктөрдү, безеткилерди тазалайт (бетке эртели-кеч сыйпоо зарыл).
14. Ашыкча салмакты азайтат, жетишсиз салмакты көбөйтөт (мында, суусундукту кандайча ичүү керектигин эске алыш керек), эстутумду жакшыртат.
15. Кош бойлуу аялдар үчүн өтө пайдалуу.

ИЧҮҮ ШАРТЫ:
күнүнө үч маал, тамак ичээрдин алдында 30-40 мүнөттөн мурун 100-200 гр. ичүү керек, балдар үчүн 50-100гр. Күн суук тартканда, суукчан адамдар жылытып ичүүсү талапка ылайык.

ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИЛЕЙ КЕТҮҮЧҮ ЖАГДАЙ:
"Актык" чаңкоону кандырган суусундук. Анын ден-соолукка эч кандай зыяндыгы жок. Оорулуулар үчүн гана эмес, ден соолугу таза адамдар үчүн, бөбөк балдар үчүн да дайыма ичип жүрсө теңдешсиз өмүр булагы. Тамакты сиңирүүдө, ичтейди (табитти) ачууда мүмкүнчүлүгү өтө жогору. "Актык" патенттелген, сертификаты бар.





кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
"Актык" суусундугунан
айыккандардын пикири
2-бет
Комуз күүлөрү нотада
3-бет
Улуу дастан касиети
4-бет
Философско-религиозная система кочевников:
Тенгрианство

5-бет
Эл биримдиги жана курултай
Эмил Каниметов,
философия илимдеринин кандидаты

6-бет
Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Кыргызга деген кырк сөз

7-бет
Таттыбүбү жана Динара
Ракыя ЖУСУПОВА,
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы

8-бет
Жаз-майрам, аял-майрам…
Айымдарга

9-бет
Саймадагы түпкү башат
10-бет
"12 жашымда "Кудайга жалынып "ыйлачумун"
11-бет
"Бул бала "Карамолдо экен"
12-бет
Возможность или неизбежность
14-бет
Дартына даба тапкандар
15-бет
Багы?ды ачсын балкитеп!
16-бет
Көөдөндө










??.??