Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Көөдөндө

Эркинбек ШЕЙШЕНБАЕВ
???
Өмүр ыры жаңы бойдон дайыма,
Мен эскирген кийимдей
чоочун болдум жашоого.
Бүт бардыгын батырган
жалгыз түндү,
Жутуп алды жымжырттык...
Биротоло тунжураган дүйнөнү
жүрөгүмө батырдым.

Афоризмдер
Бийлик
Бийликтин максаты - бийлик.
Жордж Оруэлл,
англис жазуучусу
Саясат
Акчага каршы акчасыз күрөшүү мүмкүн эмес.
Жон Стейнбек
Согуш
Согуш - бул акыры жеңишке жеткирүүчү кыямат-кайым.
Жорж Клемансо


  Табитиңиз ачылсын!

Жазгы салат
5 помидор, 3 бадыраң, 200 г капуста, 1 банка жүгөрү, 100 г болгар калемпири (туздалбаган), ашкөк, петрушка, майонез же каймак. Жашылчалар жаш, жаңы болуусу абзел.
Жалпак төрт бурч формасында тууралган жашылчаларга ашкөк менен петрушканы кошуп, туз сээп, майонез же каймак менен аралаштырып коесуз.

  Икая

Үч башка адам
Индиянын падышасы Акбарга чылкый алтындан жасалган үч опокшош кичинекей белек, ага кошо тиркелген кат келет. Катта ар бир алтын фигуранын өзүнчө белгиси, баалуулугу бар экени айтылат. Падыша кеңешчилерин чакыртып, ар биринин өзгөчөлүгүн табууну буюрат. Көпкө чейин убара тарткан кеңешчилер салмагын, узундугун, алтындын сапатын текшерип отуруп, сырткы да, ички да айырмачылыгын табышпай, айлалары кеткенде алакандарын жайышат. Бир гана Бирбал аттуу даанышман өжөрлөнүп, изденип отурат. Акырында фигурадагы кулактардан көзгө араң көрүнгөн кичинекей көзөнөк таап, ичке алтын жипти андан өткөрөт. Биринчисинде жип биринчи кулактан кирип, экинчисинен чыгат, экинчисинде - ооздон, үчүнчүсүндө - жүрөктөн чыгат. Ушундан кийин ал Акбар падышаны карап:
- Табышмактын жандырмагы жанды. Биринчиси - бир кулагына сөз кирсе, экинчисинен чыгып кеткен адамды түшүндүрөт; экинчиси - айтылган нерсени угуп-укпай, түшүнүп-түшүнбөй туруп башкаларга бежиреген адамды; үчүнчүсү - уккан сөздү эске тутуп, жүрөгүнөн өткөргөн адамды түшүндүрөт. Бул үч белектин эң баалуусу - ушул үчүнчүсү, - дейт.




  Жан дүйнөдөгү туюм

Тирүүлүктүн таңы…
Ушул кезге чейин жымжырттыкты элес албаптырмын. Капырай, ушунча да ээндик, боштук болот экен ээ? Мындайда Ай да, Жылдыз да тирөөч болот окшобойбу. Айланадагы жымжырттыктан, караңгылыктан коркуп кележаттым. Мен жалгыз эмес элем, аң-чөнөктөрдө делдектеп кетип, эч нерсе көрүнбөсө да кылчак-кылчак артыма каранып, жолдошумду тырыша колтуктап алгам. Эмнегедир ал дагы үнсүз. Айыл ичиндеги мүрзөнүн жанынан өтүп бараттык, "агасын, энесин эстеп келатат го" деп божомолдоп мен дагы үндөбөдүм...
"Эки-үч сааттан кийин жаңы Күн чыгат. Көрсө, таң сөгүлөөр алдында табият ушунча түнөрүп, кыйналат турбайбы. Табиятта деле төрөлүү болот тура" деп кыялымда узун ойго түшүп алыпмын. Асман ушул айылга гана көмкөрүлгөн казандай желкеден басып, алдыдагы кадам таштай турган жериң көрүнбөйт. "Көзгө сайса көрүнгүс" деген сөз ушундан улам айтылса керек. Демейде ызы-чуу түшүп үргөн иттерге, кээде түн ортосунда деле эриге кыйкырып калчу короздорго эмне болгон? Ушундай жымжырттыкта бакырсаң кандай үн чыгаар экен, ай-аалам жарылып кеткидей болсо керек. Демейде жылт-жулт этип туруучу көл да караңгынын кучагында, атүгүл дайыма күүлдөп туруучу толкундун да дымы чыкпайт. Жүрөгүм коркунучтуу жымжырттыктан жыйрылып чыкты. Жетер жерибиз жылып кеткенсип же жол арбыбайт...
Короого кире бергенде гана алдыбыздан үрүп чыккан иттин үнү айлананы жаңыртып, коркунучту айдап жибергендей жеңилдей түштүм. "Алымбектикинде эле калып калалы десе болбойсун, аябай корктум" дедим үйгө кирип алып. Көзүм илине түшүптүр, аңгыча "Өш-ш!" деген аялдын үнүнөн чочуп ойгондум. Терезеден чыгыш тарапты карасам, Көл кылаасынын табият сулуулугу чалкып жатыптыр. Жанагы коркунучтуу жымжырттыктан суурулуп чыкканыма сүйүнүп, тирүүлүктөн кабар берип үрүл-бүрүл атып келаткан таңга суктандым. Жарыкчылыкты көргөнүмө тобо кылып, анын баркын сезгенсидим. Жымжырттыкты айылдын бака-шака турмушу тебелеп кетти...
Дариха МАМБЕТОВА





  Жылдыздар төлгөсү

Март айы
Кой: Сөздөн ишке өткөнүңүз дурус. Жаңы долбоорлордун, алгы ой-тилектердин ишке ашышы үчүн ийгиликтүү учур. Букачар: Өзгөрүүнү өзүңүз кааласаңыз гана ишиңиз алдыга жылат. Жакындарыңыздан көңүлүңүз калышы мүмкүн. Эгиздер: Чыр-чатактуу ай. Мындан улам жакын адамдарыңыз менен пикир келишпестиктер пайда болот. Бөйөн: Ийгиликтүү мезгил. Айдын аягында гана ишмердүүлүгүңүздө кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Арстан: Бардык аракеттериңиз оңунан чыгат. Ишмердүүлүгүңүз үчүн жемиштүү учур. Бийкеч: Мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана билсеңиз көптөгөн бийиктиктерди багынта аласыз. Тараза: Жемиштүү ай. Досторуңуздун жардамы менен жашооңузга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизсеңиз болот. Чаян: Турмуштук көйгөйлөр оң жагына чечилип, аракеттериңиздин үзүрүн көрө баштайсыз. Жаачы: Көпчүлүк менен иштөө, жаңы адамдар менен таанышуу ишмердүүлүгүңүздү жаңы деңгээлге көтөрөт. Текечер: Күтүүсүз окуяларга бай мезгил. Үйбүлөлүк көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл буруу керек. Суу пери: Ишке, жеке турмушуңузга карата өзүңүзгө койгон талап катуу болот. Жаңы адамдар менен таанышуулар күтүлөт. Балык: Жашооңуздун бардык чөйрөсү үчүн ийгиликтүү ай. Ишмердүүлүгүңүзгө көбүрөөк көңүл бурганыңыз оң.





Улуу сөздөр
Көп нерсени эмес, керектүү нерсени билген - даанышман.
Эсхил
Адамдар көп учурда билбегенинен эмес, билем деп ойлогонунан улам жаңылышат.
Жан Жак Руссо
Жашоодо дүйнөгө түркүк боло тургансыган зыкым адамдар да, эртең өлүп калчудай болгон ысырапкорлор да бар.
Аристотель
Бакыттын эртеңи да, кечээгиси да жок. Бүгүнкүсү гана бар. Ал да болгону бир көз ирмем.
И.Тургенев
Ойлонбой туруп сүйлөө - мээлебей туруп атканга барабар.
Мигель де Сервантес




Пайдалуу кеңештер
Гүлдү аспирин же туз салынган сууда узак убакытка чейин сактоого болот. Мында 3 л сууга 1/2 аспирин же 1 л сууга 8 г туз кошулат.
???
Үшүк чалган картошканы алгач муздак сууда кармап, андан соң 1 чай кашык ашкана уксусу менен туз кошулган кайнап жаткан сууга салып бышырсаңыз анын жагымсыз даамы жоголот.
???
Күзгүнү, клавишаларды, алтын жалатылган рамаларды тазалоодо сүттү пайдаланууга болот.







кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
"Актык" суусундугунан
айыккандардын пикири
2-бет
Комуз күүлөрү нотада
3-бет
Улуу дастан касиети
4-бет
Философско-религиозная система кочевников:
Тенгрианство

5-бет
Эл биримдиги жана курултай
Эмил Каниметов,
философия илимдеринин кандидаты

6-бет
Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Кыргызга деген кырк сөз

7-бет
Таттыбүбү жана Динара
Ракыя ЖУСУПОВА,
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы

8-бет
Жаз-майрам, аял-майрам…
Айымдарга

9-бет
Саймадагы түпкү башат
10-бет
"12 жашымда "Кудайга жалынып "ыйлачумун"
11-бет
"Бул бала "Карамолдо экен"
12-бет
Возможность или неизбежность
14-бет
Дартына даба тапкандар
15-бет
Багы?ды ачсын балкитеп!
16-бет
Көөдөндө










??.??