Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Философско-религиозная система кочевников:
Тенгрианство
Улан ОРОЗБАЕВ, выпускник факультета философии
"Тенгрианство как философско-религиозная система кочевников". Сама тема уже накладывает на меня большую ответственность, ибо мне суждено написать о духовном светоче народов, гены которых текут в моей крови и в какой-то мере сформировали меня, как человека и не только меня, а всё человечество, ибо это духовное наследие послужило основой для возникновения всех последующих мировых религий и философии начиная с Буддизма и заканчивая Исламом. А еще мне предстоит написать о своих прадедах - кочевниках и раскрыть суть их Бытия, чтобы мы лучше поняли суть Тенгрианства и Великий Дух Благородных Кочевников, а также генезис Мировой культуры, начавшейся с культуры кочевых народов.
"Первым ввел отличие культуры от цивилизации И.Кант, чем существенно прояснил эту проблему. Ранее под культурой в отличие от природы понимали все созданное человеком. Так ставил вопрос, к примеру, И.Г. Гердер, хотя уже тогда было ясно, что человек немало в своем творчестве делает не просто плохо, но даже совсем плохо. Позднее возникли взгляды на культуру, уподоблявшие ее идеально функционирующей системе и профессиональному умению, но не учитывающие, что профессионально, т.е. с большим умением, иные могут убивать людей, однако никто не назовет это злодеяние феноменом культуры. Именно Кант разрешил данный вопрос, причем гениально просто. Он определил культуру как то и только то, что служит благу людей или что в своей сущности гуманистично: вне гуманизма и духовности нет истинной культуры.
Исходя из своего понимания сути культуры, Кант со всей четкостью противопоставил "культуре умения" "культуру воспитания", а чисто внешний, "технический" тип культуры он назвал цивилизацией. Дальновидный гений мыслителя провидел бурное развитие цивилизации и воспринимал это с тревогой, говоря об отрыве цивилизации от культуры: культура идет вперед гораздо медленнее. Эта явно пагубная диспропорция несет с собой многие беды народам мира: цивилизация, взятая без духовного измерения, порождает опасность технического самоуничтожения человечества" .
Кант был прав в том, что обозначил культуру как духовное начало. Ибо сейчас технократы и цивилизованные государства наотрез отказываются признавать культуру древних кочевых народов, считая её варварством. Вот и думайте теперь: кто варвар? Европеец-технократ или великодушный кыргыз с индейцем? Для обывателя конечно последние, кыргыз и индеец варвары, но для Канта именно великодушные, благородные, высоконравственные и простодушные кочевники вместе с североамериканскими индейцами вероятно показались бы более культурными. И технократы-европейцы вместе с капиталистами США пытаются еще научить нас культуре. Дедушка Кант, наверное, от увиденного перевернулся бы в гробу и раскритиковал бы технократическую и капиталистическую цивилизацию в очередной раз издав какую-нибудь "Критику технократо-капитализма". Слава Богу за него Маркс с Энгельсом постарались, хотя их критика капитализма носит скорее политико-экономический характер, нежели духовно-культурный. Но не в этом суть.
В современном мире роль кочевников на становление общечеловеческой культуры намеренно принижена и почти сведена на нет из-за господства земледельческих и оседлых цивилизаций, которые, в конечном счете, в какой-то мере трансформировали весь мир. Представители оседлой интеллигенции заявляют, что мол кочевники не оставили памятников культуры. И здесь видимо проблема в разном мировоззрении кочевников и оседлых цивилизаций. Оседлые народы под культурой чаще понимают материальные атрибуты: храмы, мечети, памятники, скульптуры, здания, книги и т.д. Кочевники же под культурой понимают больше духовные атрибуты: мудрость, гармонию с природой, благородность духа, возвышенность устремлений, мораль, нравственность и т.д. Это легко объясняется тем, что кочевники часто переезжали из одного места в другое и для них не было смысла в строительстве храмов, зданий и т.д. Жилища кочевников соответствовали укладу их жизни - это были легко собирающиеся и разбирающиеся юрты. А у оседлых народов же напротив замечаем привязанность к определенному месту и клочку земли.
Наследие кочевников - это великий благородный Дух человечества, который дал мощнейший импульс для духовно-культурного развития всего человечества. Мировоззрение кочевников, как я упомянул выше, в корне отличается от мировоззрения оседлых народов. Кочевники старались жить в гармонии с Природой, ибо Природа для них - это не просто материя, а нечто живое, одушевленное, кормящее человека и дающее ему условия для жизни, поэтому кочевник считал Природу своей Матерью, называя её "Жер Эне", что можно перевести как "Матушка Земля", а Отцом своим считал Верховного Бога "Тенгира" или "Тенгри".
(Продолжение в след. номере)




  Эл келечеги эмнеге жараша?

ЖОЛУ КАТУУ КЫРГЫЗ
же бук чыгаруу жыйыны кимге керек?
Тек гана бук чыгармай, көксө суутмай жыйындардын кимге кереги бар? Мүмкүн бирөөлөргө кереги бардыр, элге, эл келечегине кереги жок.

(Башы 2-бетте)
Америкадагы индей урууларында калп айтуу, алдоо - киши өлтүргөнгө тете кылмышкерлик делип эсептелет экен. Бул жагынан биздин ата-бабаларыбыздагы "Уят - өлүмдөн катуу", "Сөзүң өлгөндөн көрө өзүңдүн өлгөнүң артык", "Эл караган бетим жер карабасын" деген нарк-насилинде тутуп атпайбы, элибиздин элдик келечеги.
Адамзат тарыхында, дүйнөдөгү элдердин бардыгында эл башчылык - эң ыйык жоопкерчилик. Бийлик бийигиндеги адамдын элине айтар сөзү, иштер иши - элдин элегинде. Эгерде ал адамда элинин элдик касиетин, нарк-насилин, мүдөөсүн, келечегин туя билген, көрө билген көсөмдүк, тереңдик, даанышмандык касиет болсо, ошонун өзү - элге бакыт, ошого карап эл түздөнөт, сыймыктанат, таасирленет, тазаланат. Баары эл башчылык дааналык, иш дааналык, сөз дааналык аркылуу.
Ал эми бийлик башчы элинин жандүйнөсүн туя албаса, сөзүнө тура албаса, калыс, адилет болбосо, жакшылыгынан жамандыгы, тескерилиги көп болсо, элин айла-амал менен башкаргысы келсе, алдаса, анда ал - элдин шору. Бул жерде айтылгандын экөөнө тең дүйнөдө мисал көп. Аларды тизмелеп айтып, сөздү узартуунун зарылчылыгы жоктур. Түшүнгүсү келгендер ансыз деле түшүнөр.
Түркиянын мурдагы президенти, ыраматылык Тургун Озал элине: мынабул иштер аткарылды, бүткөрүлдү, а булардын оңу келбей, орундала элек деп өлкөдөгү абалды, келечекте иштелчү иштерди, ой-максаттарды маалымдоо каражаттары аркылуу байма-бай айтып турчу экен. Бир эле ушунун өзү жалпы элдик биргеликти, эл менен бийлик ортосундагы бир бүтүндүктү жаратпай койбойт. Орус элинен чыккан ойчул Михаил Бахтиндин минтип айтканы бар: "Бөлөк-бөлөк бөлүкчөлөр мейкиндик жана мезгил жагдайында тыш жагынан гана биригип, ички биргелик жок болсо, ал деген - механикалык бир бүтүндүк. Анын бөлүкчөлөрү жанашып турганы менен, баары бир өз-ара жат". Эл менен бийликти, учур менен келечекти иш дааналык ички мазмун гана бириктире алат. Элге эл башчылык дааналык керек.
"Элибиздин келечеги - касиетинде". Ушул бир ооз сөздө баары айтылып тургандай сезилет. Элибиздин элдик касиетин сактай албасак, келечек жок. Эл тагдырына жоопкерлерде ушуга түшүнүгү, ниети канчалык, маселенин оңуна келиши ошого жараша.
Азыркы кыргыз турмушунда эмне көп? Жыйын көп, реформа көп, курулай бүйүр кызытма сөз көп, үзүр жок, өзөк көңдөй. 20 жыл аралыгында нечен миңдеген жыйындар өткөрүлдү. Ошондон өлкөбүз өнүгүп, телегейибиз тегиз болуп, жашообуз жакшырдыбы? Жок. Андай болгон соң андай жыйындардын, тек гана бук чыгармай, көксө суутмай жыйындардын кимге кереги бар? Мүмкүн бирөөлөргө кереги бардыр, элге, эл келечегине кереги жок. Өнүгүү деген эл кызматындагылардын эс-акылына, билимине, элине күйүмдүүлүгүнө, калыстыгына, адилеттигине, коомдогу акыйкаттыктарга жараша. Эгер ушулар жок болсо кандай гана жыйындар өткөрүлбөсүн, алардын баары кезектеги көңүл жубатма айла-амал, убакыт жана каражат коротмо болуп кала берет.
Швеция өнүккөн өлкө. 1930-жылдары дасыккан адистер "Экономика менен социалдык чөйрөнүн үзүрлүү айкалышуусу", "Аткарымдуу суроо-талап жана иш жагынан толук камсыз болуу" жол-жоболорун иштеп чыгып, өлкө ошол негизде ошондон бери өнүгүү өңүтүнөн тайыган жок. Терең изилдөө иштерин жүргүзгөн ал адистердин эмгеги "Экономиканын стокгольмдук мектеби" делип аты калды, тарыхта. Бир даары Нобель сыйлыгына арзыды. Хаммаршельд кийин БУУнун генералдык секретары болду. Тагдыры ошол экен, авиакырсыктан өмүрү кыйылды.
Айтайын дегеним, өлкөбүздүн өнүгүү негиздерин аныктоо кесипкөй, дасыккан, такшалган, көптү билген адистердин иши. Ошого жарачулар барбы? Бар. Иштелип чыгып, сунушталган да учур болгон. Бийлик аны тоготкусу келген жок.
Алгачкы мамлекет башчыбыз өлкөдөгү чачкын абалды кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүк сыяктуу көрсөткүсү келип орусчалап: "через хаос образуется новое качественное состояние" деп айтчу. Качан токтойт ал хаос, качан түзүлөт ал киши айткан "сапаттык жаңы абал"? 23-марттагы курултайдан кийинби?.. Же андан алты күн мурда өткөрүлчү курултай керекке жарайбы?.. Айтор, Кыргызстан курултайлардын, жыйындардын, Кайрылуулардын, бирөлөөрдү мактап- жактоолордун, дагы бирөөлөрдү көз көрүнөө жаманаттылоолордун, соттоолордун, куугунтуктоолордун, атып жок кылуулардын өлкөсү болуудан арыла албаса, анан акыры не болуп тынаар экен? Турмушубуздагы, жандүйнөбүздөгү хаостордон качан тазаланар экенбиз? Көңүлгө тынчтык бербеген көйгөйлөрдөн качан жана канткенде арылабыз? Кыскасы, кыргызча айтканда, жолубуз катуу эл экенбиз да…
Не болсо да, бу жердеги кеп башында айтылган "Элибиздин келечеги - касиетинде" деген бир ооз сөз баарынан бийик туруп аткандай сезилет мага. Ушул ураан элибизге Көк Асаба туу болуп берсе экен дегим келет.







кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
"Актык" суусундугунан
айыккандардын пикири
2-бет
Комуз күүлөрү нотада
3-бет
Улуу дастан касиети
4-бет
Философско-религиозная система кочевников:
Тенгрианство

5-бет
Эл биримдиги жана курултай
Эмил Каниметов,
философия илимдеринин кандидаты

6-бет
Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Кыргызга деген кырк сөз

7-бет
Таттыбүбү жана Динара
Ракыя ЖУСУПОВА,
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы

8-бет
Жаз-майрам, аял-майрам…
Айымдарга

9-бет
Саймадагы түпкү башат
10-бет
"12 жашымда "Кудайга жалынып "ыйлачумун"
11-бет
"Бул бала "Карамолдо экен"
12-бет
Возможность или неизбежность
14-бет
Дартына даба тапкандар
15-бет
Багы?ды ачсын балкитеп!
16-бет
Көөдөндө










??.??